Орусия

​Давос-2018. Трамптын соодасы өтө баштагансыды

31 января 2018 г. 20:10 1168

Давостогу Бүткүл дүйнөлүк экономикалык форумда Трамп дүйнөнү бөлүп-жарбаган жакшы сөз сүйлөдү

Дональд Трамп АКШнын президенттигине шайланганда мен ал туура бир нерсе кылаары менен сөзсүз жазып чыгам деген убада бергем. Мына эми ошол убадамды аткармай болдум. Өткөн жумадагы Давостогу Бүткүл дүйнөлүк экономикалык форумда Трамп жакшы сөз сүйлөдү. Сөзү жетишээрлик ачык, акылдуу жана компромистүү, дүйнөгө кунун артуу көз-карашында эмес, кеңири кең пейилдик угулду. Бул кайрылууну, жалпысынан Трампка шектүү караган америкалык бизнес-лидерлер да, башка өлкөлөрдөн келген катышуучулар да жакшы кабыл алгансыды.

Эгер аталган кайрылуу Трамптын жаңы саясий мамилесинин белгиси болсо, бул алдыга карай чоң кадам болмокчу. Бирок Трамптын маселеси баарына маалым, эртеңки таң атканда ал мунун тескерисин ойлонуп калышы мүмкүн.

Президент Трамп үч бөлүктөн турат. Трамп-1 – бул цирк: твиттер, орунсуз талаптар, реалити-шоуга окшогон кайрылуулар. Трамп-2 – бул азчылыктарга карай бетти жыйыштырып койгон өзүн көрсөтүү жана ооз көптүрүү, пресса жана сот системасына тийишүү. Трамп-3 – бул салыктарды кыскартуу, экономиканы эркин агытуу (дерегуляция) жана агрессивдүү сырткы саясаттан турган республикалык партиянын күндемин жылдырган катардагы республикачыл президент.

Кытай, Орусия, Түркия жана Индия озуп чыккан дүйнө кандай болмокчу?

Анын маскарапоздугуна жатып алып күлүп, ооз көптүрүүсүнөн үрөйүбүз учушу керек, бирок биз Трам-республикачылды колдошубуз шарт. Бул анын сөзүндөгү бардык идеяларын колдогонумдан эмес. Мен салыктарды кыскартуу каржы жагынан жоопкерчиликсиз кадам деп ишенем. Ал инвестициялардын жетишсиздигине алып келип, мамлекеттик ресурстарды жакырлардан бардарларды көздөй агызып, бюджетте олчойгон тешик ачат деген ойдомун.

Экинчи тарабынан караганда бизнести агытуу ыкмасы ирилешкен татаал мамлекет үчүн олуттуу административдик реформа болушу мүмкүн. Трамптын саясаты жана аны колдогондордун кайрылуулары бизнестин мамлекетке ишенимин арттырганы шексиз. Бул болсо Обама учурундагы Улуттук экономикалык кеңештин мурунку жетекчиси, экономист Лоуренс Саммерс айтмакчы, эң арзан экономикалык түрткүнчөк.

Трамптын саясаты тууралуу эмне деп ойлосоңуз да, республикачыл президент катары ал америкалык системаны жок кылбастан, ага иштеп жатат.

Балким президенттик макамдын оордугу жана милдетин аткарууга байланыштуу маселелер Трампты соолуктуруп, жоопкерчиликтүү жолго салгандыр. Бирок Трамп болгону ушул учурда кеңешчилерин бир аз уга турайын деп да чечиши мүмкүн. Ал Давосто да адатынча прессага бир тийишип өтүп, калп жана адаштыруучу билдирүүлөрдү жасап жиберди.

Бүткүл дүйнөлүк экономикалык форумдагы маанай кызыктуу көрсөткүч. Бул бизнес-лидерлердин жакшыларынын форуму. Мындан сырткары ага коммерциялык эмес социалдык жана саясий уюмдардын, ЖМКнын да өкүлдөрү катышат. Форум чынында эле глобалдуу. Ал бүткүл дүйнөдөн элдерди бир да башка конференция тарта албаганчалык көп тартат.

Быйылкы Давосто оң маанай өкүм сүрдү. Дүйнө дайыма боло бербегендей таң калычтуу удаалаш өсүү үстүндө. АКШнын экономикасы ыкчамдоодо, Европа ырааттуу калыбына келүүдө, күтүүсүздөн Жапониянын экономикасы да акыркы жети чейректе токтоосуз өсүп келе жатат. Кытай лидерликте, бирок Индия да өсүүдө. Латын Америкасы да, Африка сыяктуу эле бир аз ийгилик көрсөткөнсүйт. Акция, облигация, кыймылсыз мүлк жана мунай бул өсүштү чагылдырып турат.

Албетте оң маанай да бир аз чочутат. Анткени 2008-жылкы глобалдык төмөндөө алдында базардагы «жакшы маанай» элдердин эсинен али кете элек. Дүйнө экономикасы учурда жетиштүү деңгээлде туруктуу көрүнгөнү менен глобалдык саясат алапайын таппай турган кез. Кошмо Штаттары калыптап, баштап келе жаткан дүйнө тартиби аксап кирди. Сахнага жаңы өлкөлөр чыга баштады. Бирок бул режимдин көбү либералдуу эмес, битир жана өзүмчүл. Глобалдык иштерде негизги орундарды Кытай, Орусия, Түркия жана Индия ээлегенде дүйнө кандай болот?

Мында Кошмо Штаттарынын мүмкүнчүлүгү менен АКШ президентинин ниети өтө маанилүү. Эгер ушундай абалда АКШ президенти менен анын администрациясы кол куушуруп отуруп калса, даана көкөтөйдүн ашы башталып кетиши мүмкүн. Эгер президент дүйнөнү душмандай көрүп, демократиялык баалуулуктарга кайдыгер карап, оңду-солду өзүнүн кыйындыгын көрсөтө баштаса өтө катаал болот. Трамп өзүн өткөнкү жумадагы Давостогудай алып жүрсө гана биз жеңил үшкүрүнүп алсак болот.

Мен Трампты актагым келбейт. Бирок көп нерселерге көз жүгүрткөн соң, Трамп адаттагы президенттей жүрсө, Кошмо Штаттары менен дүйнө жакшырат деп ишенем.

Фарид Закария, The Washington Post, АКШ