Борбор Азия

Бегемот эффекти. Бир компания бүтүндөй шаарды өзгөрткөнү менен жыйынтыкка өзү канааттанбай калды

31 января 2018 г. 18:32 1116

Ири компаниянын офиси шаарга эмне алып келет? Жакшы жактары толтура. Amazon жылына $100 000 маянасы бар 50 000 жумуш ордун түзүп, чакан соодагерлердин соодасын арттырып, инвестициянын агымын күчөтүүнү убада кылат

«Газпром» деп аталган шаарда жашоону каалагандар көп эле табылат деп ойлойсузбу? Сентябрь айында америкалык интернет-гигант Amazon жаңы чордон-батири үчүн жер издей баштаганда, Атлантанын чеке белиндеги Стоункрестин бийлиги 140 гектарды компанияга берүүнү сунуштады. Ал жерди алса компания Amazon аттуу кадимкидей шаарча курмак.

Жакын арада Орусиянын да ири компаниясы орун алмаштырмай болуп, «Газпромдун» артынан көптөгөн ортомчулар Москвадан Питерди карай агыла баштады. Газ байлыгын бекем кармаган жеке базарлардын башка жайга көчүүсү эмитен эле кыймылсыз мүлктүн бааларына таасирин тийгизди. «Ведомости» гезити берген маалымат боюнча, Петербургдагы кеңсе (офис) базарынын жарымынан көбү 2016-жылдан тартып «Газпромго» өтө баштаган.

Ири компаниянын офиси шаарга эмне алып келет? Жакшы жактары толтура. Amazon жылына $100 000 маянасы бар 50 000 жумуш ордун түзүп, чакан соодагерлердин соодасын арттырып, инвестициянын агымын күчөтүүнү убада кылат.

Америка ЖМКлары Джефф Безос 1994-жылы өз гаражында түптөгөн Amazonду behemoth деп тергешет. Бүгүнкү күнү бул дүйнөдөгү эң ири онлайн-дүкөн. 2011-жылы Amazonдун АКШда эле 30 000 кызматкери болсо, 2016-жылы алардын саны 180 000ге жеткен. Натыйжада Сиэтлдеги чордон кеңсеси көк тиреген имараттарды куруп, бүтүндөй райондорду реконструкциялоо менен тынымсыз кеңейип отурган. Бүгүнкү күнү Amazon шаардын 33 имаратын ээлеп турат.

Мындай ылдамдыктагы өсүш кыймылсыз мүлк базарында таасир бербей койгон жок. Сиетл кризисти жеңил аттап өттү. Эгер 2012-жылы жогорку деңгээлдеги кеңселердин ар бир бешинчи чарчы метри бош турса, азыр Savills агенттигинин маалыматы боюнча, анын болгону 10 пайыздайы гана кардар күтүп турат. Ошол эле маалда Сиэтлдеги А класс даражасындагы 20 пайыз кеңсе Amazonдун колунда. Анткени менен компания өзүнө-өзү зыяндуу шарт түзүп алганын түшүндү.

Дагы бир көйгөй – эмгек базарынын өтө жагымдуу болуп кетүүсү. Вашингтон штатынын эмгек менен камсыздоо кызматынын билдирүүсү боюнча, Джефф Безостун компаниясында азыр 6250 жумуш орду ачык. (Amazonдон кийин эле штаттык жумуш берүүчү саламаттык сактоо системасы 5600 орунга жумушчу издейт). Компанияда иштегендерге эң сонун шарттар түзүлгөн. Мисалы алардын жумушуна итин ээрчитип келүүгө да укугу бар жана бүгүнкү күнү 1200 киши ошол укугун колдонот. Сан-Франциско менен Кремний өрөөнү азырынча жогорку технология тармагында маяна берүү жагынан Сиэтлден алдыда келетканы менен, ачылган жумуш орду жагынан, жылдан-жылга төмөндөп барат, а Сиэтлде болсо тескерисинче бул көрсөткүч өсүүдө жана Savillsтин маалыматы боюнча, жалпы АКШнын 13 пайызын түзөт.

Ошентип кыймылсыз мүлк базары менен эмгек базарынын ортосунда кыпчылып калган компания жаңы кеңсе чордонун издей баштады. Бирок, шаар менен штаттын бийлиги үчүн Безостун жаңылыгы чаламандын так түшүндө түшкөн чагылгандай эле болду. Оппозиция жергиликтүү өкмөттүн салык саясатындагы «жалкоолугун» айыптады. Amazonдун чечиминен кийинки натыйжа менен ага жеткирген себептери тууралуу уу-дуу дагы эле уланып келет.

Нааразы болгондордун пикири боюнча, хайтек тармагы боюнча адистердин өтө көп маяна алганынан улам турак-жайлар катуу өсүп кеткен. Вашингтон графтыгынан чыккан Crosscut басылмасынын маалыматы боюнча, Сиэтледеги көпчүлүк үй-жайы жоктор – булар сырттан Amazonго иштегени келгендердин айынан кыймылсыз мүлктүн баасы өсүп кетип, натыйжада турак-жай алууга күчү жетпей калган жергиликтүү калк экен. Онлайн-гиганттын кызматкерлери менен катардагы жашоочулардын тапкан маянасындагы айрыма өтө чоң.

Анткени менен мындай көйгөйлөргө карабай ири онлайн-соодагерди өз аймагына жайгаштыргысы келгендер да көп. Мисалы, АКШ, Канада жана Мексиканын 238 шаары компаниянын аймак тандоо конкурсуна катышуу арызын берип, салык боюнча жана инфраструктура боюнча жеңилдиктерди алдыртан эле сунуштап жиберишти. Жеңүүчү ушул 2018-жылы жарыяланат.

Ал эми «Газпромду» тууруна кондуруу үчүн Петербург эч кандай деле катаал тандоодон өткөн жок.

Мария Абакумова, Forbes Contributor