Кытай/Индия

​Энесин издеген уул. Ислам Каримов Британияда саясий башпаанек сурады

31 января 2018 г. 13:39 5541

Бул өткөн постсоветтик республикаларды жетектегендердин урпактарынын алгачкы эскертүүчү нааразычылыгы

Мында Өзбекстандын мурунку президентинин урпактарынын бири Ислам Каримов-небере тууралуу сөз болмокчу. Анын британ бийлигине кайрылгандыгы тууралуу Би-Би-Си маалымат агенттигине шилтеме берип, «Фергана.ру» билдирди.

30-январда белгиленген чоң-ата Ислам Каримовдун 80 жылдыгына төп келип калбаганда, бул кабар балким мынчалык ызы-чуу жаратпайт эле. 1989-жылдагы Советтик доордон бери Өзбекстанды кайыштыра башкарып келген биринчи президенти юбилейине бир жарым жыл жетпей каза болгон. Расмий билдирүүлөр боюнча ал 2016-жылдын 3-сентябрында күтүүсүздөн бул дүйнөдөн үзүлүп кеткен.

Анын кетиши жумурай журтка табышмак бойдон калды. Ислам Каримовдун өлгөндүгү тууралуу имиштер августтун аягынан баштап тарай баштаган. Бирок 1-сентябрда Өзбекстандын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгы белгиленмекчи болгондуктан, Ташкенттин жакшылары элинин майрамдык маанайын бузбайлы дешти. Аны президентсиз, майрамдык салютсуз өткөрүштү.

Мааракеден эки күн өткөн соң гана өлкө жетим калгандыгын жарыялашкан...

Бирок калк дароо мураскер тууралуу кабар алды. Ал 13 жыл премьер-министрлик кызматын аркалаган Шавкат Мирзоев болчу. Шавкат мырза постсоветтик Өзбекстандын экинчи президенти болуп 2017-жылдын январында шайланды. Ошондон баштап Каримовдун элесине шек келтирилбестен, каримовдук башкаруунун натыйжаларын толугу менен көздөн кайра өткөрүү башталды.

Каримов төрөлгөн Самаркандда даңгыраган күмбөз тургузулуп, СССР убагында жетектеген Кашкадарыяда 30-январда эстелиги ачылды. Өзбекстанда болсо кеңири жаңылануу башталды, бирок ал карама-каршылыктар менен коштолууда...

Өзбек тарыхында ар кыл тартышылчу из калтырган, андыктан дүйнөнүн көп жеринде диктатор атыккан чоң атасынын эскерүү маарекесин Каримов-небере эмнеге бузду?

Жооп баарына белгилүү сыяктуу. Дүйнө салган президенттин улуу кызы, Каримов-неберенин энеси Гүлнара Каримованын тагдыры. «Өзбек канбийкеси» акыркы жылдары атасынын касабына кабылган. Ал башында бир да жолу расмий ырасталбаган үй камагына алынган. Мирзоев Ташкенттеги тактыга биротоло бекип алган соң, былтыр гана өткөн президенттин улуу кызына эки кылмыш иши ачылганын расмий билдирилди. Гүлнара Каримова Өзбекстанды 1 млрд долларлык чыгымга кабылтканы үчүн 5 жылга кесилген. Мындан сырткары Европанын бир нече өлкөсүндө ага таандык 1,5 млрд долларлык мал-мүлккө сот опус кылып, тыюу салынган.

Британиядан саясий башпаанек сураган, мурунтан бери Лондондо жашаган Ислам Каримовдун адаш небереси өзбек бийлигинин өзүнө эмес, энесинин абалына көңүл бурдургусу келип жаткандай. Гүлнара Каримова убагында Өзбекстандын тышкы иштер министринин орун басары, өлкөнүн Испаниядагы элчиси кызматын аркалап, белгилүү саркеч кийим-кече менен парфюм бренддеринин ээси, Борбор Азиянын атактуу VIP-ханбийкеси болгон...

Каримовдун небереси Исламга кайткан болсок, анын Батыштан саясий башпаанек суроосу, мурунку постсоветтик республикалардын башкаруучуларынын урпактарынын алгачкы эскертүүчү нааразычылыгы сыяктуу көрүнөт. Эгер мындай нерсе мурун болсо да, коомго ачык жар салынчу эмес.

Аркадий Дубнов, echo.msk.ru