Борбор Азия

Ташкент менен Астана: афган талаасына экөө кантип батышат?

30 января 2018 г. 17:58 1955

Эксперттердин айтуусу боюнча, Өзбекстан региондук саясатта чоң секирик жасап, Казакстанды Борбордук Азиядагы лидердик ордунан сүрө баштады. Бул жерде негизги ролду афган багытындагы саясат ээлейт

Өзбек дипломаттары 2018-жылдын январында Ташкентте Афганистан боюнча эл аралык үлкөн конференция уюштуруп гана тим болбой, февралда афган өкмөтү менен «Талибан» кыймылын сүйлөшүүгө чакырууну көздөп турганы да белгилүү болду. Муну менен бирге байкоочулар мындай сүйлөшүүнү Казакстан да өз аймагында өткөрүүнү сунуштаганын, бирок Өзбекстан алардан бул демилгени тартып кеткенин айтышууда.

Ташкент Афганистан үчүн төлөмдү азайтты

Ушуну менен бирге өзбек бийлиги афгандыктар менен да, ылайыгы келген эл аралык демөөрчүлөр менен да Афганистандын Өзбекстан менен чектешкен аймагында жайгашкан Балх провинциясынан Ирандын чегарасында жайгашкан Гератка чейин темир жол курулушу тууралуу жигердүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Бул сүйлөшүүлөрдүн маалында Ташкент кабулдук шериктерине бир кадам жасап, Өзбекстан аркылуу өтчү афган товарларына кошулчу төлөмдү ылдыйлатты. Бул тууралуу маалымат 22-январда афган борбору жактан келди. Анткени менен афган аймагы аркылуу өтчү темир жол долбоору Астанада да бар. Алар анда ирандык инфраструктура менен Түркмөнстан аркылуу Афганистандын аймагынан өтүү мерчемин кароодо.

Кыскасы сырткы саясаттын афгандык багыты боюнча Ташкент Астананы сүрүп баратканы талашсыз дейт азыркы Афганистанды иликтөө борборунун (ААИБ) кызматкери Андрей Серенко. «Жол башчысы алмашкандан бери Өзбекстан Ислам Каримовдун убагындагы өзүнүн жолун өзү бөгөп алган туңгуюктан чыгуунун аракетинде. Бүгүнкү Мирзоевдин командасынын афган багытындагы иштери Өзбекстандын жаңы саясий тарыхында буга чейин кездешкен эмес. Бул регионалдык саясаттагы секирик. Афганистан мамилеси боюнча да, андан да кеңири караганда, алыскы чет өлкөлөр менен түзүлчү мамиледе да чоң секирик», - дейт Серенко.

Каримовдун темир пардасы жана Иранга карай темир жол

«Каримов Афганистанда Өзбекстан Ислам кыймылы (ӨИК) түптөлгөнүн эсинен чыгарбагандыктан бул мамлекетти бир гана коркунуч тарачу аймак деп эсептеп, дайыма темир парда саясатын карманчу. Кокус аябай эле зарыл болуп калса, терең күрсүнүү менен кичине гана ача калаар эле», - дейт ААИБдин эксперти.

Өзбекстандын биринчи президентинен айрымаланып, Шавкат Мирзоев Афганистандан бир гана коркунучтун очогун эмес, чоң мүмкүнчүлүктөрдүн ресурсун да көрүп, ачык саясат жүргүзүүгө өттү. Бул жерде кеп бир гана катуу дүң болгон афган көйгөйүнүн айынан бекинип алган Өзбекстандын өзүн эркиндикке чыгаруусунда эмес, кеп геосаясий дымакты өнүктүрүүдө да болууда деп сөзүн улайт Серенко.

«Бир канча кадыр-барктуу эксперттердин айтуусу боюнча, Өзбекстанды региондо ишке ашып аткан бардык инфраструктуралык долбоорлорго киргизүү үчүн Шавкат Мирзоев Кытай, Иран жана башка чоң оюнчулар менен да иштешүү аракетинде. Өзбектердин эң дымактуу долбоору – бул Ирандын деңиз портторуна жеткире турган транспорттук коридор болуу. А бул маселе Афганистан менен мамиледе жаңы багытка түшүүнү талап кылат», - дейт ААИБдин эксперти.

Ташкенттин Афганистанга тынчтык орнотуу тажрыйбасы

Ал 2010-жылдардын орто ченинен тартып Афганистанга байланыштуу мамилелерде постсоветтик өлкөлөрдүн ичинен Казакстан лидерлик кылып келгенин эскерет. «2011-жылы Казакстандан Кабулга элчи болуп барган Өмүртай Битимов дароо ал жакта жигердүүлүк көрсөтүп, Афганистанда казакстандык экономикалык долбоорлорду, гуманитардык жардамдарды, коопсуздук көйгөйлөрү боюнча Кабул менен Астананын бирдиктүү аракеттерин баштаган. Анткени менен азыр Өзбекстандын сырткы саясаттагы парадигмасы алмашып, Битимовдун командасынын жалгыз ээлиги күчүн жоготту», - дейт Андрей Серенко.

Анткени менен ташкенттик саясат таануучу Юрий Черногаев Ташкенттин Афганистан мамилесиндеги шектенүүсү дале күчүндө деп эсептейт. Биринчи эле кезекте расмий Кабул менен талиптердин ортосундагы чыныгы келишимге жетүү маселеси турат. Шектенүүнүн негизги себеби, «Талибандардын» кайсы лидери кыймылды даана жетектээри белгисиз экендигинде.

Кабул бийлигинин мүмкүнчүлүгү канчалык экени белгисиз. «Жолугушуулар менен конференциялар афган жакшылары бир консенсуска келе алганда гана таасир бере алат. А азыр болсо президент Ашраф Гани Балхтын губернаторун иштен алам десе, тиги ордунан кетпей койгону аз келгенсип, борбордук бийликке каршы элин көтөрүп чыгам деп коркутуп отурат. Демек бул Гани эптеп жазга чейин президенттик тагында отура алабы дегендик», - дейт Черногаев.

«6 кошуу 2» тобу жана Афганистан боюнча Ташкент декларациясы

Ошол эле маалда Өзбекстан бийлиги Ислам Каримовдун тынчтыкка чакыруу тажрыйбасын да унуткан жок. «1999-жылы Ташкентте «6 кошуу 2» тобунун жолугушуусу өтүп, натыйжада Афганистан конфликтин жумшак көзөмөлдөө принциптери тууралуу Ташкенттик декларация кабыл алынган. Кезинде Ислам Каримов муну арача түшүүдөгү эң чоң ийгилик деп эсептеген болчу. Бирок арадан толук бир жума өтөөрү менен талиптер декларацияга койгон колун унутуп таштап, Афганистандын түндүгүн карай чабуулга өтүштү да, Амударыянын Термез аймагындагы жээгине өтүп алышты», - деп эскерет саясат таануучу.

Анткени менен февраль айында Ташкентте өтчү Афганистан боюнча иш чара өтө маанилүү экенин Юрий Черногаев да тастыктайт. Афганистан шарт түзүп берип жатканда Шавкат Мирзоев өзүн региондогу тынчтыкка чакыруучу катары көрсөтүп алат чыгаар.

Бул тармактагы Казакстан менен атаандашуу маселесине келе турган болсок, Черногаевдин эсеби боюнча, Кабул менен талиптерди жолугуштурууну уюштуруу жаатында Ташкент Астананы сүрүп чыккан жок, тек гана талиптер өздөрү өзбек аянтын тандап алды. Аларды да түшүнсө болот. Бул аймакта афгандык саясий ишмерлердин көбүнүн ар кандай багыттагы жеке жана соодалык байланыштары бар. Демек, Казакстанга салыштырмалуу Өзбекстанда өтчү сүйлөшүүлөрдүн айланасындагы абалды байкоо мүмкүнчүлүктөрү да эсепке алынган.

Кокус АКШнын жоокердик транзитинен Пакистан баш тартсачы?

Өзбекстандын Афганистандагы логистикалык долбоорун баалап туруп Андрей Серенко Ташкент менен Астананын позициясындагы жалпы багытты мындай белгилейт: Каспий аркылуу өтчү транзитте бир гана Батышка, же бир гана Орусияга көз каранды болуп калбаш керек.

«Бул жерде Өзбекстан менен Казакстандын ортосундагы атаандашуу - кимиси биринчи муну ишке ашыраарында. Өзбек тарап бул оюнга Казакстандан кечирээк кирди. Ошондуктан ал Каримовдун убагында колдон чыккан убакытты толуктоо үчүн жандуураак кетип баратат. Шавкат Мирзоевдин администрациясы Афганистан аймагына байланыштуу эл аралык долбоорлорду Кабулсуз чечүүгө болбой турганын билип, алар менен келишим түзүү аркылуу Казакстандан озуп өткүсү келет», - дейт ААИБдин эксперти.

Ошол эле маалда DWнин маектеши региондо оюн жүргүзүү үчүн Астананын колунда өтө күчтүү көзүр бар экенин эскертет. Бул АКШ менен Пакистандын ортосундагы мамиленин аябай сууп кетишине байланыштуу. «НАТОнун жүктөрүн өз аймагы аркылуу Афганистанга киргизүүгө Пакистан тыюу салып коюушу толук мүмкүн. АКШга болсо өзүнүн аскерин жабдып туруш үчүн кошумча транзиттик байланыш керек. Азыркы убактагы Американын Орусия менен байланышын эске алганда, АКШга бир гана Бакудан Каспий аркылуу өтүп, андан нары Казакстан менен Түркмөнстан аркылуу сапарын улоо туура келет. Нурсултан Назарбаевдин Америкада кандай шаң-маанайда жана саясий жогорку деңгээлде кабыл алынганын карап туруп, Вашингтон Казакстанга канчалык кызыгып турганын байкоого болот», - деп түшүндүрөт Серенко.

Бирок, Афганистанга Казакстан аркылуу өткөн күндө деле, баары бир географиялык жактан Өзбекстан керек болуп калат. «Ушундан улам бул долбоорго эки мамлекет бирдей деңгээлде катыша алат. Айтмакчы, бул абал Ташкент менен Астананын Афганистан боюнча жүрүшүндө (ал тургай бүткүл региондун жүрүшүндө) кандайдыр бир пикир келишпестикке эмес, тескерисинче бир ыргакка келтирет. Анан калса Мирзоев азырынча өзүн сырткы саясий контрагенттер менен сүйлөшүүдө өтө жумшак рычаг катары көргөзүүдө», - деп кошумчалайт Андрей Серенко. А Юрий Черногаев болсо, азырынча Казакстан менен Өзбекстандын жол башчыларынын жеке мамилесинде сейрек кездешүүчү жылуулук турат дейт. Муну өзбек ТВларынын репортаждарынан да байкоого болоорун билдирет ал.

Виталий Волков, Deutsche Welle