Орусия

Жакынкы Чыгыш АКШнын айласын кетирди: Кытай мындан кантип пайдаланып кете алат

30 января 2018 г. 16:12 1656

Кытай мамлекети тарабынан каржыланган Guancha (察者网) сайтын Шанхайдын стратегиялык изилдөө институту колдойт. Анда Кытай жана дүйнө жөнүндө макалалар чыгат. Сайт орчундуу маселелер боюнча кытай өкмөтүнүн расмий көз-карашын чагылдырып турат. Бул макалада Жакынкы Чыгыштагы Орусия колдогон шиит жана АКШ жардамдашып жаткан сунний мусулмандар тирешинде Кытай кайсыл тарапка тартышы керектиги айтылган. Макала кыскартылып, учурдагы Сирия конфликтине тиешелүү жерлери гана берилди. Орусча толук котормосун бул шилтемеден окусаңыз болот

Буга чейинки биполярдык дүйнөдө эки блокко ажыраган мамлекеттер арасындагы тирешүү жүрчү. Учурдагы эки уюлдук дүйнөдө блоктор эмес, эки ири мамлекеттин күрөшү өкүм сүрөт. Америка кошмо штаттары (АКШ) дүйнө боюнча көп жана эки тараптуу блокторду түзсө да, Кытай мындай блокторго кирбээрин ачык айтты. Ал Орусия менен да, Евробиримдик жана АКШ менен да өнөктөштүк мамиле түзмөкчү.

Салттык биполярдык системада башынан бери баш тарткыс, улам күчөгөн курал жарышы өкүм сүрүп келген. Каршылаштардын мамилеси дүйнөлүк система толугу менен урап түшкөнгө чейин начарлап кете берген. Жаңы өңүттөгү эки уюлдук дүйнөдө Кытай АКШнын куралдык артыкчылыгына басым жасабайт. Кытай эл республикасы (КЭР) менен АКШ өз ара ишеним, коопсуздуктарды алдын алуу жана кризистерди көзөмөлдөөгө негизделген жаңы өңүттөгү аскердик мамилеге өтмөкчү.

Орусиянын Жакынкы Чыгыш иштерине кирип баруусунун натыйжалуулугу буга кетирген чыгымдары, өлкө ичиндеги абалы жана дүйнө коомчулугунун колдоосуна байланыштуу. Орусиянын Жакынкы Чыгышта күчтөнүү аракеттерин Сирия менен Ирандан башка эч ким колдогон жок. Орустардын экономикалык абалы да бул умтулууну турмушка ашырууга күч бере албайт, мындайда күчтүү каалоо гана жетишсиз. Орусия бул аймакта барган сайын чакырылбаган конокко айлана баштайт, анткени Жакынкы Чыгышка кайтуусунун негизги максаты батыштык санкциялардын басымын азайтуу гана болчу.

Жакынкы Чыгыштагы күчтөрдүн жайгашуусуна келсек, ал жерде АКШнын таасири азайып, Кытайдыкы күчөйт. Балким Орусия менен Кытай АКШнын үстөмдүгүнө чогуу каршы туруп, кайра биполярдуу атаандашуу пайда болушу мүмкүн. Анын бир тарабында АКШ, экинчи тарабында Кытай менен Орусия болот. Чындап келгенде жакынкы чыгыштык маселелер боюнча КЭР менен Орусия федерациясынын (ОФ) туурлары КЭР менен АКШныкына караганда жакыныраак.

2017-жылдын 13-апрелинде америкалыктар тарабынан сириялык авиа базанын бомбаланганы муну ого бетер айкындады. 2017-жылы 20-23-майда Дональд Трамп Жакынкы Чыгышты кыдырып, Сауд Аравиянын борбору Эр-Риядда араб жана исламдык мамлекеттердин лидерлери менен жолукту. 7-июнда катардык дипломатиялык кризис чыгып, Жакынкы Чыгыштын эки уюлга ажыроосу ого бетер айкындалды. Сауд Аравиясы баш болгон АКШ колдогон суннийлер жана Орусия колдогон, башында Иран турган шииттерге ажырады. Кытай исламды кармангардын эки тобу менен тең достук мамиледе болгону менен, АКШга кашы глобалдык стратегиялык тирешүү КЭРди Орусияны көздөй түртөт. Орусия да Америка баш болгон батыштык басымга каршылык көрсөтүү үчүн өз кезегинде Кытайга ыктайт.

«Шанхай кызматташуу уюмунун (ШОС) Жакынкы Чыгышты көздөй кеңейип, Иран жана Түркия менен мамиле түзгөнү» бул аймакка келгенде орус-кытай мамилелерин тыгыздаштыраарын көргөздү. Иран ШОСтун байкоочу мүчөсү, Кытай анын бул уюмга кирүүсүн колдоорун билдирди. Сауд Аравиясы менен Ирандын тирешүүсү балким барган сайын АКШ жана Кытайдын таасирдүү «агенттеринин» кармашына айланышы мүмкүн.

Бирок эгер борборлорунда бул эки өлкө турган биполярдык дүйнө пайда болсо, бардык мамлекеттер туңгуюкка кабылып, бейтарап калуу, же Кытайга жакындоо, же АКШ менен болуу маселеси баарынын күндемине келет.

Мунун баары Кытайдын жакынкы чыгыштык стратегиясына таасир этет. Жакынкы Чыгышта АКШ менен Кытай «шахмат» ойногонго өтөт.

Лю Шэнсян, Ху Сяофэн, Гуаньча, Кытай