Ислам дүйнөсү

​Улут жана арак. Орусияда мастар азайды

30 января 2018 г. 13:45 1373

Орусия тууралуу кеп козголгондо, ал жактын суугунан сырткары, арак менен башка спирттик ичимдиктерди суудай ичкен аракечтер көп деген ой келет. Орусиянын биринчи президенти Борис Елцин аракка тоюп алып көпүрөдөн дайрага учуп түшүп, чөгүп кете жаздаганы жөнүндө окуя бар

Бирок эми доор алмашкан сыяктуу. «Коммерсант» гезитинин электрондук нускасынын маалыматы боюнча, Саламаттык сактоо министри Вероника Скворцова Гайдар форуму-2018 иш-чарасынын алкагындагы расмий нанүштө маалында Орусияда алкоголь ичүү 80 пайызга кыскарганын сүйүнчүлөгөн.

Ошол эле убактар кандайдыр бир спорт түрү менен машыккан орусиялыктар 40%га көбөйгөн. Андан сырткары чылым чеккендер 22%га кыскарган.

Саламаттык сактоо министри конкреттүү сандарды бербегени менен орусиялыктардын спирт ичимдиктерин ичүүсүн азайтуу тенденциясы бар экенинен күмөн жок. Роспотребнадзордун маалыматы боюнча, 2009-жылы бир орусиялык жылына 15 литр спирттик ичимдик ичкен, бирок 2016-жылы бул цифра үчтөн бирге кыскарып 10 литрге түшкөн. Ошол эле убакта алкоголго байланып калдым деп бейтапканага кайрылган орусиялыктар 24%га азайган.

Учурда Орусиянын өкмөтү «Трезвая Россия» аттуу алкоголго каршы компания жүргүзүүдө. Спирттик ичимдиктерди жарнамалоого тыюу салынган. Кийин өтө арзан арак сатылбай, алкоголду сатуу жайлары менен убагы да кыскартылган. Мындан сырткары балакатка жете элек балдарга спирттик ичимдик сатууга катуу тыюу салынган. Мындай комплекстүү саясат натыйжа берип баштаганы көрүнүп турат.

Киёси Ота, 47 News, Жапония