Борбор Азия

«Деңиз ташбакалары»: Кытай чет элде билим алган жарандарын кайтарууда

29 января 2018 г. 18:43 2349

Кытай чет элде окуган өзүнүн жарандарын гана мекенине кайтарып аткан жок. Алар жогорку окуу жайларды бүтүргөн чет элдиктерди да өз жээгине тарткысы келет. Ошондуктан 2017-жылы кытай компанияларында иштегиси келген башка өлкөлүктөргө жеңилдик көрсөтүү үчүн виза мыйзамын өзгөрттү

Мурда чет элдик кадыр-барктуу окуу жайларга окуганы кеткендер ошол бойдон кыйлага чейин калат деп ойлошчу. Азыр болсо кытайлык бүтүрүүчүлөрдүн көбү ата-мекенине кайтып келүүдө жана алардын көпчүлүгү Уолл-Стриттеги, же Кремний өрөөнүндөгү маянасы чоң кызматтардан Пекиндин, Шанхайдын же Шэньчжендин келечеги үчүн баш тартып коюуда.

Мындай иероглиф 海归 менен белгиленген «деңиз ташбакасы» деген сөз Кытайда илгертен бери колдонулуп келет жана ал бир канча жыл чет элде окуган кишилердин кайра кайтып келүүсүн билдирет. Негизи, сыртка кеткен студенттердин көпчүлүгү ошол жакта эле калчу. Улуттук илимий фонддун 2013-жылдагы билдирүүсү боюнча, Америкада докторлук даражага жеткен (PhD) 92 пайыз кытай бүтүрүүчүлөрү окууну бүткөнүнө беш жыл болсо деле АКШда жашоосун улантышчу.

"Деңиз ташбакалары» аталган кишилер кытайлык компанияларда илими жагынан да, чет жерлерде жүрүп алган тажрыйбасы жагынан да аябай бааланат. Бирок, андайларды тартуу оңойго турчу эмес. Кытайлык студенттердин көбү окуусун аяктагандан кийин деле чет элде калууну тандаары иликтөөлөр аркылуу белгилүү болгондуктан, мекенине келүүгө макул болгондорду кармап туруу үчүн өтө чоң айлыктар менен кошумча бонустар убадаланчу.

Кайрылуу

Эми болсо агым кадимкидей өзгөрдү. Мындан беш жыл мурунку өкмөттүк статистиканын эсеби боюнча, чет өлкөлөрдө кытайдын 339700 студенти окуса, алардын 186200ү окуусун аяктаган соң мекенине келүүнү чеччү. Демек, алардын жарымынан көбү кытайдан башка өлкөдө калууну тандачу. Ал эми 2011-жылга салыштырмалуу, 2016-жылы өлкө сыртында окугусу келген кытайлык студенттер 37,61 пайызга өссө, алардын Кытайга кайткысы келгендери 56,96 пайызды түзгөн.

Студенттер дагы эле чет өлкөлөрдө окуганга аракет кылышат. Анткени, статистика боюнча чет элдик окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү жергиликтүү окуу жайларды аяктагандарга караганда көбүрөөк акча табат. Бул ажырым азыр кыйла азайганы менен, али да чоң айрыма бар. Жалпы жонунан Кытайда жаш адистердин айлык маянасы бир топ төмөндөгөнү менен, кытайлык студенттер бир канча себептерден улам дагы эле кайтып келүүдө.

Биринчи себеп – бул кытай экономикасынын бекемделиши, айрыкча технологиялык тармактагы жетишкендиктер. China Dailyнин билдирүүсү боюнча, 2016-жылы IT-тармактагы өндүрүм Кытайда 10 пайызга өскөн. Акыркы жылдары жалпы ички дүң өндүрүм (ИДӨ) өсүшү жайлаганы менен, Tencent жана Alibaba сындуу ири технологиялык компаниялар өсүү жолунда. Азыр бул эки компаниянын акчалай наркы триллион долларды чапчыйт.

Ал эми анча чоң эмес технологиялык стартаптар боюнча айта турган болсок, венчурдук капиталдын мамлекетке агымы уланууда. Prequinдин жакынкы убактарда берген отчетуна караганда, былтыркы жылы Кытайга 65 млрд доллар көлөмүндө венчурдук (пайдасына гана эмес, жоготуусуна да катышкан) инвестиция кирген. Бул бир жыл мурунку ушул айга салыштырмалуу 35 пайыга көп болуп, Кытай бир гана Түндүк Америкадан кийинки экинчи орунду ($77 млрд) ээлейт.

Экинчи себеп – «бамбук шыбы» деп аталган теория. Кытайлык бүтүрүүчүлөр чет өлкөлүк компанияларда жумуш тапканы менен, жетекчилик кызматтарга жеткендери өтө аз. Бул термин биринчи жолу Жейн Хюндун китебинде «Бамбук шыпты талкалоо: Азиаттар үчүн карьералык өсүш» («Breaking the Bamboo Ceiling: Career Strategies for Asians») деп колдонулган жана ал тегин жерден жазылган эмес.

Коммерциялык эмес Ascend компаниясынын 2015-жылкы иликтөөсү боюнча, беш ири технологиялык компанияда (Google, HP, Intel, LinkedIn жана Yahoo) азиаттар менен азия тектүү америкалыктар жалпы кызматкерлердин 27 пайызын түзсө, алардын болгону жарымдайы гана жетекчилик кызматтарда иштешкен.

Кытайлык студенттердин кайра кайтуусундагы эң акыркы себеп – бул ата мекенин сагынуу сезими.

Үйдү карай жол

Мындан бир канча жыл мурун эле Кевин Дяо өзүнүн АКШдагы жашоосуна толук канааттанчу. Нью-Йорктогу университетти финансы жана экономика боюнча кош даража менен бүтүргөн соң, Уолл-Стриттеги инвестициялык банктан тез эле жумуш тапты да, жылына миллиондогон юандарды таба баштады. Бирок, кандайдыр бир нерсе аны мекенди карай тартып кетти.

«Эгер мен Уолл-Стритте калсам, балким эң сонун болду дегенде кайсы бир банктын башкаруучу директорлугуна жетмекмин, - дейт 29 жашар бизнесмен Forbesке маек берип жатып. – Бирок Кытайда баары башкача. Абал укмуштай тез өнүгүп баратат жана мүмкүнчүлүктөр аябай көп».

Ал Пекинге келгенден көп өтпөй тобокелге салды да, 2015-жылы активдерди көзөмөлдөөчү Meixin Finance компаниясын ачты. Өткөн жылы ал Korea Investment Partnersтон «он миллиондогон доллар» инвестиция тартканга жетишкен. Эми болсо Кытайдын чет элдик инвестицияларга тойбой турган табитин кандыруу максатында чет элдик долбоорлор менен колунда бар байларга жана ата мекендик инвестициялык институттарга көпүрө болууну көздөөдө.

Тармакты кеңейтүү

Бирок Кытай бир гана өзүнүн бүтүрүүчүлөрүн тартууну көздөгөн жок. Ал мындан сырткары чет элдик бүтүрүүчүлөрдү да өз жээгине алып келүүнү каалоодо. Натыйжада 2017-жылы кытайлык компанияларга чет элдик адистерди тартуу үчүн жумушчу визасын жеңилдетүү боюнча реформа жасашты. China Dailyнин билдирүүсү боюнча, Кытайда иштеген чет элдиктердин саны 2000-жылдан 2010-жылга чейинки убакта үч эсе өсүп, 220000ге жеткен.

Мындан сырткары, университеттер да чет элдик студенттерди тартуу максатын көздөөдө. Жакында эле Кытай 2020-жылдары студенттер үчүн Азиядагы эң талап кылынган өлкө болууну мерчемдеп турганын айткан. Ал кездерге чейин кытайлык жогорку окуу жайларда 500000 чет элдик окуп калышы керек.