Кытай/Индия

А эгерде...

29 января 2018 г. 17:00 1024

Албетте, Норман менен Ливи кечигип атышкан эле. Поездге шашкан сайын эң акыркы мүнөттөрдө сөзсүз бир нерсе кармай берет эмеспи. Ошондуктан вагондо бош орун издеп табуу кыйынга турду. Андыктан тээ алдыдагы аркасы вагондун жүрүшүнө каршы коюлуп, дубалына такай орнотулган орундукка барып отурууга туура келди. Норман жүктөрүн текчеге жайгаштыра баштады, Ливи болсо бир нерсеге кыжыры келгендей бети бырыша түштү.

Эгер дагы бирөөлөр келип маңдайдагы орунга отуруп калса, тээ Нью-Йоркко чейин бир канча саат жиндилердей болуп оңтойсуздана тиктешип жүрүп отурмай, андан көрө гезитке үңүлүп, ошонун далдоосунда барган жакшыраак. Башка бош орун табылып калабы деп вагондорду аралап жүрө бергенден да пайда чыкпайт.

Норман мындайга кабак-кашым да деген жок окшобойбу, Ливинин бираз жини келип кетти. Негизи экөөнүн ою дайыма эле бир жерден чыкчу эле. Дал ушул себептен Норман ушуга чейин өзүнө туура жубай тандап алганынан бир да жолу шек санаган эмес.

- Экөөбүз бири-бирибизге дал келебиз, Ливи, эң негизгиси ушул, – дей берчү. “Кандайдыр бир баш катырмада бир бөлүкчө жалгыз гана бир жерге дал келип турса, башка бөлүкчөнүн кереги жок. Ал такыр туура келбейт. Дал ошол сымал мага дагы сенден башка бирөө туура келбейт.”

Аялы болсо күлүп:

- Эгерде сен ошол күнү трамвайга түшпөгөндө биз экөөбүз такыр жолукмак эмеспиз. Анда кантмек элең?

- Бойдок болуп жүрө бермекмин. Ошол күнү болбосо да, башка күнү баары бир Жоржетта аркылуу сени менен таанышмакмын.

- Анда баары башкача болмок да.

- Жок. Ушундай эле болмок.

- Жок, андай болмок эмес. Жоржетта сени мени менен баары бир тааныштырмак эмес. Ал сени өзү үчүн чоттоп жүргөн, анан өзүнө атаандаш издемек беле. Ал андай киши эмес.

- Койчу, тамашаңды!

Бир канча суроодон кийин Ливи дагы сурады:

- Уксаң да, Норман, а эгер сен ошондо бираз кечигип кийинки трамвайга отурганыңда эмне болмок?

- А эгер бардык балыктардын канаты чыгып, бийик-бийик тоолорго учуп кетишкенде эмне болмок? Биз анда жума күндөрү эмне жемекпиз?

Бирок алар ошондо так ошол трамвайга олтурушкан, анан балыкка канат чыкпаганы үчүн беш жылдан бери чогуу түтүн булатышып, ар апта жума күндөрү балык жешет. Чогуу жашап атышканына беш жыл толгону үчүн майрамдап коелу деп, бир жумага Нью-Йоркко баратышкан болчу.

Кайра эсине эми келгендей:

- Анча жакшы эмес орунга отуруп калдык да, ээ?

- Ооба, бирок азырынча маңдайыбызга отурар киши деле көрүнбөйт, жок дегенде Провиденске чейин эч ким тынчыбызды деле албайт.

Бирок мындай ой Ливини жубаткан жок, бекеринен кабагы түйүлүп калган жок да: ары жактан кичине тоголок киши басып келе жаткан болчу. Каяктан чыга калды мунусу? Поезд Бостондон Провиденсти карай чыгып, орто жолго жетип калган. Эгер бул киши жанараакта башка жерде отурган болсо, кайра эмне орун которуп атат кычап? Ливи боек кутучасын алып чыгып, күзгүсүнө карана баштады. Эгер кодого көңүл бурбай койсо, балким ары кетип калар. Анан Норман менен поездге чуркап келе жатканда бираз уйпалана түшкөн кара коңур чачын оңдой, күзгүдө өзүнүн көк көздөрүн жана болпойгон эриндерин каранууга өттү. Норман анын эриндери ар дайым өбүүгө ылайыктуу экенин айта берет.

Өзүнө кайра-кайра карай, анча деле жаман эмес деп ойлоп койду.

Ушинтип болгон соң башын өйдө көтөрсө жанагы киши маңдайындагы орунда отуруптур. Ал киши да карап турган экен, ылжая жылмайып койду. Жылмайганынан бети бырыша түштү. Башындагы баш кийимин шашыла чече калып, кичинекей кара жашигине сала калды. Ошол замат чөлдөй какыраган такыр башынын тегеретесинде таажыдай болуп ак чачтары көрүндү.

Ливи жооп катары эрксиз жылмайып, көздөрү кайра жанагы кара жашикке илинип, жүзүндөгү жылмаюусу учуп кетти. Норманды акырын чыканактан түртүп койду.

Норман газетадан башын көтөрдү. Жоон каштары капкара болуп каардуу да, коркпой кое албайсың. Бирок ал каштарынын алдынан кара көздөрү баягыдай эле мээрин төгө, тамашалагандай карап турду.

- Эмне болду? – деп сурады Норман. Маңдайда отурган кишиге караган жок.

Башын ийкеп, андан кийин эмнеге таң калып жатканын акырын колун жаңсап, көрсөткөнгө аракет кылды. Бирок тиги былчык неме андан көзүн албай карап тура берди, а Ливи болсо Норман эмне болгонун түшүнө албай тиктеп тура бергендиктен өзүн жинди немедей сезип кала берди. Айла жок аны өзүн көздөй тартып, кулагына шыбырады:

- Көрбөй атасыңбы? Карасаң тээтиги жашигиндеги жазууну...

Өзү да кайра карап чыкты. Чын эле, жаңылбаптыр. Жазуу анча даана көрүнбөсө да, карарган жашикке жарык кыйгачынан тийип андагы из жаркырай, атайын жоон тамгалар менен “А эгерде...” деп жазылып турган экен.

Тиги киши кайра жылмая калды. Шарт башын ийкей бир канча жолу жашиктеги жазууну, андан соң көкүрөгү көздөй сөөмөйүн жаңсап койду. Норман келинчегине бурулуп, акырын айтты:

- Аты ошондой окшойт.

- Ушундай дагы ат болмок беле? –деп каршы чыкты.

Норман газетасын ары бүктөп койду.

- Азыр көрөбүз. – Тигини көздөй эңкейип – Кечиресиз, Эгер мырзасызбы?

Тиги да бардыгына даяр кишидей карай калды.

- Саатыңыз канча болду, айтып коесузбу?

Кодо төш чөнтөгүнөн килейген саатын алып чыгып көрсөтө калды.

- Чоң рахмат, Эгер мырза! – деди да, аялына кайрылып, - Мына көрдүңбү?

Кайра гезитине кайрылайын деп атканда, тиги киши алдындагы жашигин ача баштады да, Норман менен Ливинин көңүлүн өзүнө бура эки-үч жолу сөөмөйүн өйдө көзөдү. Узуну эки карыш, туурасы бир жарым карыш, калыңдыгы эки сантиметр келген күңүрт тарткан айнек пластинка алып чыкты. Пластинканын четтери бираз кыйгач тартып, бурчтары жумуру, бети болсо жапжалпак эле. Зымдан жасалган тирегичин алып чыкты да, ага пластинкасын бекем орното салды. Анысын алдына жайгаштырып бүткөн соң сапарлаштарына мактангансый карады.

Ливи таң кала:

- Карасаң, Норман, тасмага окшош экен!

Норман жакын эңкейди. Кайра тиги кишиге карай:

- Мунуңуз эмне? Жаңы чыккан сыналгыларданбы?

Тиги киши башын чайкады. Дал ошондо Ливи:

- Норман, биз экөөбүз турбайбызбы!

- Кандайча?

- Эмне көргөн жоксуңбу? Мына дал баягы трамвай. Тигине баягы мен үч жыл мурун ыргытып жиберген эски баш кийимиң менен акыркы орундуктарда отурасың. А биз Жоржетта экөөбүз трамвайдын ортосунан басып келе жатабыз. Килейген бир катын жолду тосуп алды. Тигине, карасаң! Биз экенбиз! Тааныган жоксуңбу?

- Көздү алдаган бир балекет го? – деп күбүрөнүп койду Норман.

- Бирок көрдүң да ээ? Эмне үчүн “А эгерде” деп жатса, ушундан турбайбы, көрсө! Азыр бул шумдугуң бизге эгер... эгерде трамвай бурулуштан катуу бурулбаганда эмне болмок, ошону көрсөтүп берет.

Ал кымынчалык да шек санаган жок. Ичинен толкунданып турса да, ойлогон ою даана чыгарынан шек санаган жок. Күңүрт тарткан айнектин бети карарып, күндүн кечки жарыгы да басаңдап, вагондогу элдин түшүнүксүз ызы-чуусу да тынчый баштады.

Ал күн соп-сонун эле эсинде! Норман буга чейин Жоржетта менен тааныш эле, андыктан аны көрөрү менен орун бошотуп берер кезде бурулушка жеткен трамвай катуу силкинди да, Ливи өз боюн кармай албай Нормандын алдына барып жыгылды. Кызыктай да, күлкүлүү да көрүндү бирок акырында майнап чыкты да. Иттей уялганынан Норман эптеп эстүүлүк кылып жооткоткон соң, андан кийинки маек өзү эле башталып кетти. Алар Жоржеттанын тааныштырып отурганына деле муктаж болушкан жок. Трамвайдан түшкүчөктү Норман Ливинин кайда иштерин дагы билип алган эле.

Жоржетта ошондо ачуулуу көздөрү менен карап, коштошуп атканда эптеп өзүн кыйнай жылмайганы ушул күнгө чейин Ливинин эсинде. Ошондо:

- Кыязы Норманга жагып калдың окшойт.

- Койчу ай, тамашаңды, - деп койгон. – Жөн гана сылык-сыпаа киши экен. Бирок жүзү жарык, жылдызы бар жигит экен, ээ?

Жарым жылдай өткөн соң баш кошушту.

Мына эми азыр көз алдында ошол трамвай, трамвайдын ичинде Норман, Ливи өзү жана Жоржетта. Кылкылдаган поезддин добушу, кайдадыр шашкан дөңгөлөктөрдүн такылдаган үнү ойлор менен алышып, өткөндөрдү эскерип отурганда таптакыр тынчып калды. Мына ал тарактаган тар трамвайдын вагонунда. Жоржетта экөө вагондун ичине кирип келишти.

Ливи вагондун ичинде кээ бирөө отуруп, кээ бирөө туруп алып эки жакка бирдей, бир кызыктай ыргакка баш ийип бараткан андан башка кырктай жүргүнчүгө окшоп, трамвайдын күүсү менен кошо термелип келе жатты. Анан:

- Жоржи, сага бирөө кол булгалап атат го, таанышың эмеспи?

- Магабы? – Жоржетта башын аркага буруп, кокустан баш баккансып карай кетти. Жаанын кылындай керилген узун кирпиктери кылак эте түштү. – Ооба, бирок анча деле тааныш эмеспиз. Эмнеге кол булгады экен?

- Жүрү, көрөлү ким болду экен? – дей салды Ливи, жан кире түшкөнсүп, аз да болсо ичинен какшыктагансып. Жоржетта тааныш жигиттерин өзүнүн менчиги сымал эч кимге көрсөтпөшүн баары эле жакшы билгендиктен, ушундай учурларда жинине тийип койгондон ырахат алса болот. Анын үстүнө бул тааныш жигитинин орою деле жаман эместей.

Ливи жол баштап, Жоржетта болсо моюнунан жетелеген иттей элди аралай алдыга жылды. Ошентип, тиги жаш жигиттин жанына жетип калганда бурулушка жетип келген трамвай катуу чайкала түштү. Ливи бар күчү менен карманчу илмекке жетейин деп күчкө салып колун сермеди. Эптеп, колунун учу менен бирөөнө араң жетип, жыгылбай калды. Бир топко эсине келе албай турду. Жанараакта эле колуна жете турчу бир да илмек жок болуп тургансыды эле, кандайча карманып калганы кызык болду. Ливи эмнегедир физиканын бардык мыйзамдары боюнча сөзсүз жыгылып калышы керек экендигин сезип турду.

Жаш жигит ага көңүл бурган жок. Ал акырын жылмайып, Жоржеттага орун бошотту. Анын каштары башкалардыкына окшобой, тың жана айтканы өкүм кишидей көрүндү. Мм, кандай болсо жагымдуу жигит экен деп ойлоп калды Ливи.

- Жок, жөн эле коюңуз, -- дей калды ошондо Жоржетта. – Биз азыр түшүп кетебиз, эки эле аялдама калды.

Трамвайдан түшүп калышты. Ливи:

- Биз азыр Сечке соода кылганы бармак эмес белек?

- Барабыз азыр. Бул жакка кире кетиш керек болчу, анымды унутуп калып эле... Азыр бат эле чыгабыз, сары санаа болбо.

- Кийинки станция – Провиденс – деп калды радиодон.

Поезд акырындап, өткөн-кеткендин баары күңүрт айнектин аркасына кирип жок болуп кетти. Тиги киши дагы деле экөөнө жылмайыңкы карап турду.

Ливи Норманга кайрылып, бираз санааркап турганы көзүнөн билинип турду:

- Мен көргөндү сен да көрдүңбү? – деп сурады ал.

- Саатка эмне болгон? – деп суроо узатты Норман. – Бат эле Провиденске жетип калдыкпы? Кызык? – Саатына карады. – Чын эле жетип келиптирбиз го?! – Ал да кайра Ливини көздөй бурулуп – Бул жолу жыгылып калган жоксуң го?

- Демек, сен да көргөн турбайсыңбы? – деп, оозу мурчуя кетти – Жоржетта дайыма ушинтет! Жанагы аялдамадан такыр түшпөш керек болчу, сен экөөбүз таанышып калышыбызды каалаган жок ал! Ага чейин бири-бириңерди жакшы эле тааныйт белеңер?

- Жок, анча деле эмес. Кээде көрүп калчумун да, орун бербей койсоң жаман ойлойт го деп туруп кеттим.

Ливи жактырбагансып, дагы мурчуя кетти. Норман анысына күлкүсү келди.

- Болбогон нерсе үчүн кызгана берген болбойт да, жанбиргем. Мейли эми сен айткан чын болсо деле эмне айырмасы бар? Сен мени карап, жалдырап өтүп кеткениңди байкабай калды дейсиңби, кандай болсо да баары бир сени менен таанышуунун эбин тапмакмын.

- Ой, сен мени көзүңө да илген жоксуң го?

- Убакыт тар болуп калбадыбы...

- Анан кантип таанышмак элең?

- Билбейм. Баары бир бир айласын тапмакмын. Койчу эми, ушул нерсе үчүн талашып-тартышып отурабызбы?

Поезд Провиденстен өтө берди. Лили дагы эле тынчый албай турду. Тиги киши да алардын шыбырашканына кулак төшөй, жылмайганын токтотуп, тиги экөөндө эмне жөнүндө кеп болуп атканын түшүнгөнсүп карап отура берди.

- Дагы ары жагын көрсөк болобу? – деп кайрылды Ливи.

- Токточу, эмне кыласың аны? – деп кесе сүйлөдү Норман.

- Трамвайда жыгылып кетпегенимде биз үйлөнгөн күн кандай болмок, ошону көргүм келип атат.

Норман тажагандай кабагы бузула түштү.

- Укчу мени, эми ушу да туурабы? Балким биз дал ошол эмес, башка бир күнү баш кошкон чыгарбыз.

Бирок Ливи:

- Көрсөтүп кое аласызбы, Эгер мырза?

Тиги киши башын йикеди.

Күңүрт айнек кайрадан жандана, бираз жаркырай түштү. Анан чачыранды түстөр жарык белгилерге, адамдардын даана, так караанына айланды. Ливинин кулагына чын-чынында эч кандай музыка ойнобосо деле, музыкалык аспаптардын үнү угулгансыды.

Норман жеңилдегенсип дем алды:

- Мына көрдүңбү, ордумда эле турам. Мына биздин тоюбуз. Ыраазысыңбы?

Поезддин дүрүлдөгөнү токтоп калды да, Ливинин үнү өзүнө угулду:

- Ооба, сен го ордуңда экенсиң. А менчи?

Ливи чиркөөнүн эң акыркы орундуктарынын биринде отурган экен. Алгач ал бул тойго такыр келгиси келген эмес. Акыркы убактарда ал өзү да себеби эмнеде экенин билбей, Жоржеттадан алыстай баштаган болчу. Анын турмушка чыкканы жатканын, албетте Норманга да, тааныштарынан капысынан угуп калган. Жарым жыл мурун Норманды трамвайдын ичинде көргөн күнү даана эсине түштү. Көрсө, Жоржетта Ливини атаандаш деп санап, эптеп анын жолун тосконго шашкан тура. Андан кийин Ливи бир канча жолу Норман менен жолукса да дайыма Жоржетта кошоктошо жүрүп алып, бетме-бет сүйлөшө алган эмес.

Эмнесине таарынмак элең, Жоржетта аны менен биринчи болуп таанышкан да. Бүгүн ал мурункуга караганда сулуу да өңдөнүп турат. А Норман ансыз деле келишимдүү жигит болчу.

Ливи жашоодо чоң ката кетирип алгансып көңүлү чөгүп, бирок кандай ката кетирип алганын так биле алган жок. Жоржетта аны көзүнө илбегенсип, элди жара аралап баратты, көп өтпөй Ливинин көздөрү Нормандыкына чагыла түштү да акырын жылмайып койду. Ал да жооп катары жылмайып койду окшойт.

Алыстан ага дин кызматкеринин “Куш бооңор бек болуп, кармашкан колуңар үзүлбөсүн!” деген сөздөрү угулду.

Кайра дөңгөлөктүн үнү. Бир аял кичине баласы менен ортодогу баскылык аркылуу поэздин ыргагы менен кошо чайпалып, өз ордуна келе жаткан экен. Вагондун орто жагында, тээ төрт секелек кыз отурган жерде катуу каткырык жаңырып жатты. Алардын жанынан кондуктор бир сырдуу ишке башы каткандай шашып өтүп кетти.

Ливи буларга такыр маани берген жок, ал ошол отурган жеринде катып калгансыды.

Ал кыймылдабай бир чекитке тигилип отура берди, терезеде болсо бак-дарактар ачык-жашыл башаламан тилкеге тизилип, телеграф карагайлары жарышка түшкөндөй көзгө урунат.

Араң эсине келип:

- Демек, ага баш кошкон турбайсыңбы?

Норман ага тике карады да, эрини дирилдей кетти. Жай гана:

- Булардын баары калп да Оливия. Жубайым сенсиң, эсиңе келчи, суранам.

Ливи шарт ага бурула:

- Ооба, сен мени менен баш кошконсуң... анткени, мен сенин астыңа жыгылып кеткенмин. А эгер мен жыгылбаганымда сен Жоржетта менен баш кошмоксуң. А эгер ал сага турмушка чыгууну калабаганда, сен дагы башка бирөөнү таап алмаксың. Алдыңан ким чыкса ошону алмаксың. Мына сага сенин баш катырмаң!

- Кокуй... кудай урбадыбы мени! – жай, ар бир сөзүн баса-баса айтты да, кулак тарабы тармалдашкан чачын сылап отуруп калды. Айласы кеткенден ошенткендей да көрүндү мунусу. – Уксаң мени, Ливи. Болбогон бир сыйкырдын айынан ушунча ырылдашкан туура эмес да. Кылып-жасабаган нерсе үчүн мени күнөөлөгөнүң болбойт го.

- Ошондой эле кылмаксың.

- Каяктан билесиң?

- Өзүң көрбөдүңбү.

- Болбогон бир калпты эле көрдүм... гипноз болсо керек. – анан ачуудан буулуккан үн менен маңдайында отурган кишиге: - Жоголуңузчу бар, Эгер мырза! Барыңыз! Пайдаңыздан зыяныңыз! Алдагы шумдугуңуз менен кошо терезеден ары ыргытып ийе электе көзүмө көрүнбөй кетип калыңыз!

Ливи аны акырын чыканакка түртүп койду.

- Жөн, кокуй! Эл эмне дейт?

Тиги киши кымырылып, кара жашигин аркасына ката бүрүшүп отуруп калды. Норман ага, кайра Ливиге, андан соң баскылыктын ары жагындагы орундуктарда ага жактырбагансып көз салып отурган кары аялга карады.

Кызарып кетип, дагы бир ачуулу сөздү үңгүрөнүп калды. Нью-Лондонго чейин кулак-мурун кескенсип, жада калса аялдамаларда дагы сүйлөшүшкөн жок.

Поезд Нью-Лондондон өткөнүнө он беш мүнөттөй болуп калганында Норман үн салды:

- Ливи!

Ал жооп берген жок. Тек гана терезеге тигилип, бирок айнектен башка эч нерсени көрө албай отура берди.

- Ливи, - деп кайра кайталады. – Ливи! Эми жооп берип койсоң боло!

- Эмне болду? – деп күңкүлдөп койду.

- Укчу мени, эми болбогон нерсе го. Ушул шумдуктун баарын кантип жасап, кантип көрсөтүп атканын билбейм, бирок ушуга чейинки көргөнүбүздө кымындай чындык бар болсо да баары бир жөнү жок күнөөлөп атасың. Эмне үчүн ортосунан токтотуп койдуң? Мейли чындап эле Жоржетта менен баш коштум дейли, а сенчи? Эмне өмүр бою жалгыз бой калмак белең? Балким жанагы жашиктен көргөн менин тоюма чейин эле турмушка чыгып кеткендирсиң, кайдан билем? Балким ошону үчүн Жоржетта менен үйлөнгөндүрмүн.

- Турмушка чыкпай эле тургам ал кезде.

- Кайдан билмек элең?

- Бир айласын тапмакмын. Ал кезде эмнени ойлонуп жүргөнүмдү өзүм билбей анан...

- Анда кое туруп, бир жылдан кийин чыкмаксың турмушка.

Ливинин ачуусу улам күчөп баратты. Жинденүүгө себеп жок экенин анча-мынча сезип турганы менен жубай алган жок. Теңирден тескери ызасына чыдай албай баратты.

- Эгер сен айткандай бирөөгө тийген болсом, ал сенин ишиң эмес.

- Ооба, албетте. Бирок бул биз жасабаганыбыз үчүн жоопту эмес экенибизди тастыктайт да, туурабы?

Ливи жиндене мурдун чүйрүп, бирок жооп кайтарган жок.

- Бери карасаң, - деп сөзүн улады Норман. – Эсиңдеби, өткөн жылы Жаңы жылды Винниникинде тостук эле го. Көп конок келип, аябай шаңдуу отурган элек, эсиңдеби?

- Кантип эстебей коеюн? Үстүмө шаркыратып коктейль төгүп салбадың беле!

- Анын буга тиешеси жок, анан коктейл деле анча көп төгүлгөн эмес. Айтайын дегеним, Винни сенин жакын таанышың эмеспи, аны менен көптөн бери, экөөбүз үйлөнө электе эле достошуп жүргөнсүңөр.

- Анан?

- Жоржетта да аны менен дос болчу, ээ?

- Ооба.

- Эми мындай. Сен да, Жоржетта да менин кимге үйлөнгөнүмө карабай баары бир Жаңы жылды Винниникинен тосмоксуңар да. Азыр ошол кечени карап көрөлү, эгер мен Жоржетта менен үйлөнүп калганда, сен ал жерге же жигитиң, же күйөөң менен келмексиң.

Ливи тайсалдай кетти. Чын-чынына келгенде дал ушул нерседен коркуп аткан.

- Эмне тобокелге салуудан коркуп турасыңбы?

Дал ошол жерде Ливи чыдабай, актана кетти:

- Коркпой этпей эле турам! Турмушка чыксам чыккандырмын! Сен деп эле өтүп кетишим керекпи бул жашоодо? Жоржеттанын үстүнө коктейлди төгүп салганыңда кантер экен, ошол кызык. Ал бети жок элдин алдында сенин абийириңди айрандай төккөндөн кайра тартпаса керек. Мен аны билем да. Ошондо көрөрсүң, кимдин-ким экенин!

Анан Ливи колдорун төшүнө кайчылаштыра кармап, өзүнө ишеничи кайтып келгенсип көздөрүн алдыга бурду.

Норман дагы маңдайында отурган тиги кишиге бурулду, бирок сурап убара болгон жок. Ал эчак эле күңүрт айнегин даярдап отуруп калган экен. Батып бараткан күндүн нурлары терезеден кыйгачтап тийип, тиги кишинин таз башынын айланасындагы ак баскан чачтар мала кызыл тартып турду.

- Даярсыңбы? – Нормандын үнү чыңала түшкөндөй чыкты.

Ливи башын ийкеди да, алар кайрадан дөңгөлөктүн күлдүр-шалдырын укпай калышты.

Ызгаардан кызара түшкөн Ливи кире бериште туруп калды. Ал эми гана үстүндөгү карлар жаңыдан эрий баштаган пальтосун чечип, жылаңач колдору дагы деле үшүп турду.

Аны өкүрүп-бакырып “Жаңы жылың менен!” – деп тосуп алышты, ал да ары жакта болушунча дарылдап аткан радиодон үнүн болушунча чоңураак чыгарып жооп кайтарды. Босогодон эле Жоржеттанын өткүр үнүн угуп, аны көздөй бет алды. Жоржеттаны да, Норманды да көрө элегине бир айдан ашып калган.

Жоржетта кылыктанып бир кашын серпип – мындайды өтө жакында эле адатка айландырып алган – анан сурап калды:

- Оливия, өзүң эле келдиңби?

Жанында отургандарга бир сыйра көз салып, кайра Ливини карап калды. Ливи көңүл кош жооп кайтарды:

- Дик бираз кечирээк келет го. Жумушу бар экен.

Анткорлонгон жок, ага чындап баары бир болчу.

- Кантсе да Норман биякта, - деп жалжайып, жылмайып калды Жоржетта. – Андыктан, бирөөнү издеп ээрикпестирсиң. Мурун мындайга алдырчу эмес элең го.

Ошондо, Норман ашканадан чыгып келди. Колундагы шейкердеги (ар түрдүү ичимдиктерди аралаштырууга ылайыкталган идиш) коктейлге аралашкан муздар сүйлөгөн сөздөрүнө жараша бир ыргак менен тыкылдап келатты.

- Эй, жыргалбайлар! Келгиле, мундан жутуп жибергиле! Мен жасаган бул дары суудан жыргап, токтоно албай каласыңар! Оо, Ливи!

Иттей сүйүнүп жылмайып, ага карай басты.

- Көрүнбөй каякта жүрдүң? Көрө элегиме жүз жылдай болуп кетти го! Эмне болду? Дик сени бөлөк көздөрдөн ыраак кармайын дегенби?

- Норман, куйчу мага, - деп шарт айтты Жоржетта.

- Ляпбай, - деп ага карабай туруп жооп кайтарды Норман. – А сагачы, Ливи, куяйынбы? Азыр бокал таап келе калайын.

Бурулары менен балээнин баары башталды.

- Акырын! – деп кыйкырып ийди Ливи.

Ал азыр эмне болорун көрүп турду, жада калса качандыр бир убакта дал ушундай, артка кайтаргыс, качып кутулгус учур болгондой бүдөмүк сезим пайда болду. Нормандын буту жердеги килемге чалынып, тең салмакты кармай албай, талтаңдап барып, шейкерди колунан чыгарып ийди. Шейкер колунан ыргып барып, идиш толо муз аралаш коктейл Ливинин үстүнө куюлуп жатып калды.

Ливи дем ала албай калды. Баары тынчып, ошондой жагымсыз бир канча мүнөттүн ичинде ал эсине келгенге аракет кылып, а Норман болсо кайра-кайра катуулап:

- Кудай ургурдуку! – деп кайталай берди.

Жоржетта камаарабагансып:

- Ий, кокуй! Жаман болбодубу! Бирок, көңүлүңдү түшүрбө, Ливи, мындайлар боло берет да турмушта. Көйнөгүң деле анча кымбат эмес окшойт. Эч нерсе болбойт.

Ливи шарт бурула, бөлмөдөн чыгып кетти. Мына эми ал жатак бөлмөдө, эч ким жок, үндөр да угулбайт. Төшөктүн үстүндөгү коноктордун пальтолорунун арасынан өзүнүкүн издей баштады. Артынан Норман кирип келди.

- Ливи, кечиресиң! Анын айткандарына көңүл бурбай эле кой. Мен кантеримди билбей калдым. Албетте, көйнөктүн акчасын мен...

- Эч нерсе болбойт. Сенде күнөө жок. Үйгө барып, кийимимди алмаштырышым керек.

- Кайра келесиң да, ээ?

- Билбейм. Келбейм го.

- Токтой турчу, Ливи...

Ливинин ийнине Нормандын ысык алаканы тийди...

Буга чейин байланып чыга албай калган чалмакей желеден бошонгонсуп, ичиндеги кандайдыр бир кызыктай оор жүктөн кутулгансый түштү, анан...

... анан кайра дөңгөлөктөрдүн такылдаган үнү угулду.

Баары бир жанагы күңүрт тарткан айнекте баары ал ойлогондой болуп кеткен жок. Күүгүм түшүп калыптыр. Вагондо шамдар жагылыптыр. Бирок кеп мында эмес. Ичтен азапка салган, буулуктурган сезим акырындап жок болуп бараткансыды.

Норман колдору менен көзүн аарчыды.

- Эмне болду, ыя? – деп сурады Норман

- Жөн эле, бүттү, - деди Ливи. – Күтүүсүз жерден.

- Нью-Хейвенге келип калыптырбыз, - деп аң-таң сүйлөнүп калды Норман. Саатын карап, башын чайкап койду.

Ливи нааразы болгондой:

- Сен коктейлди мага төгүп салдың го...

- Эми эмне кыл дейсиң, ошондой болуп калбадыбы.

- Мен сенин аялыңмын. Бул сапар коктейль Жоржеттага төгүлүшү керек болчу. Кызык...

Бирок Ливи негизи Норман анын аркасынан келип, ысык алаканы менен ийининен кармаганын ойлонуп атты.

Көздөрүн ага карай буруп, иттей сыймыктангансып:

- Мен турмушка чыкпаптырмын! – деди.

- Ооба чыкпаптырсың. Демек, Дик Рейнхардт менен сүйлөшүп жүргөн экенсиң да?!

- Ооба.

- Балким ошого турмушка чыгам деп жүргөн эмес белең?

- Кызгана баштадыңбы?

Норман алактап калды.

- Эмнеге кызганмак элем? Күңүрт айнектин айынанбы? Жок, ай!

- Дикке үч уктасам да турмушка чыкпасам керек.

- Билесиңби, ушинтип бүтүп калганы чатак болду да. Дагы бир нерсе болушу керек эле... – Тып токтоп, кайра сөзүн жай бүтүрдү: - жанагы коктейль ошо жердегилердин кимимсине болсо да төгүлө берсин, бирок жалгыз гана сага төгүлбөшүн каалабагансыгандай болуп турам.

- Жоржеттагачы?

- Аны ойлогон да жокмун. Сен эми албетте буга ишенбесең керек.

- А эгер, ишенсемчи. – Ливи ага карады. – Норман, ката менден кетти. Келчи, чыныгы жашоо менен жашайлы. Бул болмок, ал болмок эмес деп тагдырыбыз менен ойнобой эле коелучу.

Бирок Норман Ливинин колун шарт кармады да:

- Жок, Ливи. Эми бир жолу, акыркы жолу. Дал азыр эмне кылып жүрмөкпүз, көрүп алалычы. Так ушул учурда. Эгер Жоржетта менен баш кошконумда, азыр экөөбүз эмне кылып жүрмөкпүз?

Ливи коркуп кетти.

- Койчу, Норман, кереги жок.

Колуна шейкерди кармап алып, жанында турган Жоржеттаны байкабай жалгыз ага гана суусагандай күлгүн карап турганы эсине түштү. Жок, ал андан ары эмне болгонун билгиси келбейт. Бардыгы азыркыдай, чыныгы, мына азыркы жакшы турмушундай кала берсин.

Нью-Хейвен артта калды. Норман кайра баштады:

- Ливи, мен көргүм келип атат.

- Эми, сен каалап атсаң, анда...

Ичинен өчөшкөндөй бул өтө деле маанилүү эмес деп ойлоп отурду. Бул эч нерсени өзгөртпөйт, эч нерсе өзгөрүп кетпейт. Кош колдоп аны чыканагынан өйдө кармап алды. Анын колун бекем кысып, тигил жакта эмне гана көрсөтүлбөсүн, баары бир жалгыз жанбиргесин эч кандай сыйкыр андан тартып ала албайт деп ойлоду.

- Кана алдагы шумдугуңузду ойнотуңуз эми, - деди Норман маңдайында отурган тиги кишиге.

Вагондун чырактарынан түшкөн саргылт жарыктан баары жай болуп аткандай сезилди. Акырындан кандайдыр бир жел булуттарды айдап кеткенсип күңүрт айнек жаркырай түштү.

- Токтосоң, мунусу эмнеси? – деди Норман. – Экөөбүздү эле көрсөтүп жатат го, дал азыркыдай.

Жаңылбаптыр. Поезддин вагонунун алдыңкы орундуктарында эки кымындай караан отурат. Караандар улам чоңоюп, кеңейип... алар менен биригип кетти. Нормандын үнү тээ алыста жаңырыктап жоголуп баратты.

- Дал ушул поезд, - деп сүйлөп баратты. – жанагы арткы терезедеги жараканын да дал өзү экен...

Ливинин сүйүнүчү коюнуна батпай баратты.

- Батыраак Нью-Йоркко жетсек болот эле! – деди ал.

- Бир саатка жетпей барып калабыз, жанбиргем, - деп жооп берип атат Норман. – Бир өөп алайынчы, - бир да мүнөт күткүсү келбегендей, тимеле кучактай калыш үчүн учуп бараткандай колдорун жая салды.

- Ии, кокуй, кой! Эл эмне дейт?

Норман отуруп калды:

- Такси менен эле барганда болмок экен.

- Бостондон Нью-Йорккобу?

- Ооба. Азыр экөөбүз жалгыз отурмакпыз.

Ливи күлүп жиберди.

- Махабат дегенде өрт кишини туурасаң күлкүлүү көрүнүп калат экенсиң.

- Туураган жокмун, - Нормандын үнү олуттуу чыгып, акырын гана – Билесиңби, кеп эми дагы бир саат күтүп отурууда эмес. Мен азыр беш жылдан бери күтүп жүргөндөй болуп турам.

- Мен дагы.

- Эмнеге сен экөөбүз мурдараак жолуккан жокпуз? Канча деген убакыт бекер өтүп кетти.

- Байкуш, Жоржетта, - деп үшкүрүнүп калды Ливи.

Норман кол шилтеп койду.

- Аны аяп эмне кылмак элең? Биз жаңылып калганыбызды дароо эле түшүнгөнбүз. Ал менден кутулганына сүйүнүп жүрөт.

- Билем. Ал сени барктай албаганынан байкуш деп жатам да.

- Көрөбүз эми, сен менин баркыма жете алар бекенсиң? Жерге, сууга тийгизбей барктап, жок дегенде ошонун жарымы болсо да, мен сени барктаганымдай барктай алсаң...

- Эмне барктабай койсом мени менен да ажырашып кетесиңби?

- Эми, антпейм, өлсөм да антпейм, - деди Норман.

- Кызык, - деп калды Ливи. – Эгерде баягы Жаңы жылда үстүмө коктейль төгүп салбаганыңда, сен менин аркаман чуркап келип эч нерсе айтпаганыңда мен эч нерсе билмек эмесмин. Анан баары башкача болмок да... тап-такыр башкача.

- Болбогон кеп. Баары эле ушундай болмок. Балким анда болбосо да, башка бир жерден...

- Ким билет... – деди Ливи акырын.

Ошол поезддин дөңгөлөктөрүнүн үнү азыркынын үнү менен алмашып кетти. Терезеден ар жерде шам-чырактардын жарыгы көрүнүп, ар түрдүү үн угула баштады – бул Нью-Йорк болчу. Вагон ичи кымгуут түшүп, жүргүнчүлөр жүктөрүн жыйнай баштады.

Көпчүлүктүн ичинде жалгыз гана Ливи отурган жеринде катып туруп калды. Анан Норман аны акырын ийинден кармап койду. Ливи акырын назарын ага буруп:

- Сен айткандай баш катырманын баары ушундай бүтөт тура.

- Ооба.

Ливи аны колунан кармады.

- Баары бир жаман болуп калды. Бекер эле баштаптырмын мунун баарын. Биз экөөбүз бири-бирибизге таандык болгон соң, бизден башкалары дагы бири-бирине таандык тура, андыктан турмуш кандай гана багытта акпасын, баары бир эң аягында бири-бирибизге таандык болот турбайбызбы. Ошондуктан, кандай болсо да баш оорутуп кереги жок экен. Болгонуна каниет кылуу керек турбайбы. Түшүнүп атасыңбы?

Норман баш ийкеди.

- Баары бир толтура “эгер”, “балким” деген ойлор бар дечи, - деп улады Ливи. – Бирок баары бир андай учурда эмне болорун билгим да келбейт. Мындан кийин “А эгерде”, “балким” деп такыр сүйлөбөйм да, оюма да албайм...

- Болду эми, жанбиргем! – деп күлүмсүрөдү Норман. – мына пальтоң.

Анан жүктөрүнө кол сунду. Ливи бир кезде:

- А эгерде мырза каякка кетти? – деп сурап калды.

Норман шашпай башын бурса эч ким жок. Экөө тең вагонду жакшылап карашты.

- Балким ал башка вагонго түшүп кеткен го? – деди Норман.

- Эмнеге? Антсе баш кийимин таштап кетмек эмес да, - Ливи ийилип, орундуктан баш кийимди алайын деди эле:

- Кайсы баш кийим? – деп сурады Норман.

Ливи ийилген боюнча баш кийимди таппай калды.

- Ушул жерде эле турбады беле? – деп Ливи түздөнө кетти. – Норман, а эгер...

Норман сөөмөйүн анын эриндерине такай калды.

- Берекем...

- Кечиресиң, - деди ал. Кел жүктөрдү, жардамдашайын.

Поезд Парк-авеньюнун астындагы туннелге кирип кетти да, дөңгөлөктөрүнүн үнү угулбай калды.

Автор: Айзек Азимов

Англис тилинен которгон: Азат Жапарбек