Батыш

​Орус жигитин карабай калыштыбы? Топ-топ кытай Орусияга аял алганы баратат

29 января 2018 г. 14:38 4385

Орус басылмаларындагы «Орусияда жигиттер жетпей калып, кытайдын эркектери бизге аял алганы келүүдө» деген макалалар катуу талкуу жаратты

«Свободная Азия» радиосунун билдирүүсү боюнча, «Московский комсомолец» гезити нике агенттиктери жар издеген кытай эркектери үчүн Орусияга турларды уюштуруп жатат деп жазылган. Кытай эл республикасынан (КЭР) келген күйөө колунда бар, катыны жок жана ийгиликтүү болушу керек.

Азыркы кабарлар мурунку көптөгөн окуяларга негизделип отуруп, бул феномен 2016-жылы пайда болду деген жыйынтык чыгууда. Анда Елена аттуу нике агенттигин негиздеген келин атайын трансулуттук тур уюштуруп, Орусияга сегиз кытай алып келип, аларды өлкөнүн ар кайсы жеринен жыйналган 25 орус кызы менен жолуктурган. Коноктордун эң кичүүсү 25, эң улуусу 46 жашта болгон. Баары тең албетте колунда бар, катыны жок жана ийгиликтүү Пекин, Шанхай, Шэнчжень жана Гонконгдон келген жигиттер. Натыйжада беш жуп кол кармашып, үчөө Хабаровскилик кыз менен, калганы башка аймактагы сулуулар менен колтукташкан.

Бирок бир жуп баш кошпой калган. Маша аттуу орус кыз Бээжиндик жигит менен бир нече убакыт сүйлөшүп жүргөн соң чогуу түтүн булатуудан баш тарткан. Ал муну: «Ал мени менен аябай сылык мамиледе болду, мени сыйлачу. Бирок маданий айырмачылыктардан сырткары бир нерсе да маанилүү болушу керек, менимче. Ал менден сулуу куурчак эле көрдү, бири-бирибиздин тилибизди түшүнбөгөнүбүз да мамилени тереңдетүүгө тоскоолдук жаратты», - деп түшүндүргөн.

Бул билдирүү да орусиялык жана кытайлык интернет колдонуучуларынын арасында кызуу талкууга түрткү берди. КЭРдик бир колдонуучу: «Мен баары бир ишене албайм. Бай турган, ийгиликтүү бойдокторду Кытайда колуңан жула качат. Алар кантип бойдок калмак эле?», - деп таң калган. Башкалары: «Жакшы жашаган эркек Кытайда капыстан бойдок калыппы, Орусияга аял издеп барыппы? Өтө таң калыштуу...», - деп какшыктаган. Бирок ишенгендер да болду. Алар орус кыздарынын сулуулугу бир башкача дешет.

Орусияда «эркек жетишсиздиги» темасы өйдө-төмөн талкуланган кезде, «жалгыз бой эркек кризиси» Кытайда небактан бери эле бүйүрдү кызыткан талкуулардан. КЭРдин Улуттук статистика борборунун 2015-жылкы маалыматы боюнча, 1980-жылдардан кийин туулган 136 эркекке 100 аял туура келсе, 1970-жылдан кийинкилерде болсо 206 эркекке 100 аял туура келет. Ошентип Кытайда эркек менен аялдардын ортосунда олуттуу дисбаланс бар.

Акыркы 20 жылда Кытай «жалгыз бой эркектер» кризисине алып келген дүйнөдөгү эң ири гендердик дисбалансы бар өлкө. Бирок бойдок эркектердин көбү айылдык тургундар. Кээ бир жакыр тоолуу өрөөндөрдө толугу менен эркектер жашаган айылдар бар. Алар албетте Орусияга аял үчүн бара алышпайт.

Орус интернет колдонуучулары да «уюштурулган үйлөнүү» бар экенине анча ишене бербейт. Алардын бири Орусияда «эркек аз, аял көп» деген маалымат туура эмес деген ойдо. Анын баамында бул Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки көйгөй болгон, азыр болсо 30 жашка чейинкилерде аял-эркек жалпысынан бирдей эле. Башка да комментерийлер болду. Мисалы, «Орусияда эркектер аз эмес, бирок бардар жана ийгиликтүүлөр чын эле жетишсиз» дегендер...

The Epoch Times, Кытай-АКШ