Ислам дүйнөсү

Панданы сактагың келсе, пандадай ойлон

27 января 2018 г. 16:32 971

Operation Migration уюмунун генералдык директору Жо Дафф жумушка униформа кийип чыккан жалгыз экокоргоочу эмес. Бирок, демейде кайсы бир топко таандык экенин көрсөткөн бозомтук түстөгү шым менен футболканын ордуна кийген кийими ага америкалык турналардын бири болууга жардам берет.

Мындай карасаң ал катардагы канаттуунун костюму деле эмес. Бул кийимдин максаты – аны кийген кишини турнадай көрсөтүү эмес, болгону анын турналарды жапайы табиятта жашоого көндүргөн киши экенин жашыруу.

Костюмдун көпчүлүк бөлүгү эч нерсеге окшобогон, кийген кишини башынан балтырына чейин жапкан ак мүшөк. Волонтерлор костюмдун ар бир бөлүгүн программага ылайыктап жасашат.

Бетти жашыруу үчүн болсо ак пластик курулуш шлемин колдонушат. Анысы ак чүпөрөк менен жабылып, көрүү жана дем алуу үчүн тешиктер жасалган. Бул костюмда эч кандай жарашыктуулук жок жана жайдын ысык айларына анча ылайыктуу эмес.

«Америка турналары бүткүл өмүрүн сазда өткөрүшкөнүнө карабай, аппак болуп жүрө беришет. А биз 10 мүнөттө шалтактап чыгабыз», - дейт Жо Дафф, Operation Migration экокоргоочу уюмдун гендиректору.

Бул костюмдар турналар кишинин келбети кандай болоорун байкабашы үчүн атайын калың материалдардан жасалып, жыл бою колдонулат. Бир колуна адам терисин көргөзбөй турган кара колгап костюмга кошо тигилген. Бир колунда болсо америка турнасынын башы кептенген куурчак. Чоң ак мүшөк эмес, так ушул нерсе канаттууларды таасирлентет.

Негизи жашырынган кишилер аркылуу америкалык турналар гана жапайы табиятка кайтып аткан жок. Калифорниялык кондорлорду, сапсандарды, иймек баштуу гавайдык чымчыктарды реинтродукциялоо күрөшү (жапайы жаныбарларды ар кандай себептер менен жоголуп кеткен аймактарга кайра көндүрүү) ошол канаттуулардын башы кептенген кол куурчактар менен, а кай бирде кадимки эле костюмдар менен ишке ашчу.

Монтерей Бей океанариумунда иштегендер мухит кундуздарынын балдарын өстүрүш үчүн Дарт Вейдердин келбетине түспөлдөшкөн (кино каарман) костюм кийишет. Интернетте болсо килейген башы бар, агала жумшак костюм кийген кишилердин панданын балдарын көтөрүп жүрүшкөнү тууралуу толтура сүрөттөр, тасмалар жүрөт.

Мындай костюмдар тек гана кызыктуу көрүнүш үчүн эмес, алар биздин табиятка кылган мамилебизди да көрсөтөт. Биз жоголуп бараткан жарыбарлар, же канаттуулардын маселесин чече албашыбыз (же чечкибизи келбеши) мүмкүн. Бирок ушул жасаган тырмактай жакшылыктарыбыз мурунку чоң акмактыктарыбыздын ордун басат деген үмүттө жапайы жаныбарларга эненин ролун ойноп койобуз. Кана, панданын мамалагы менен түшкөн сүрөтүңүздү көрсөтө коюңуз да «табият талкаланып баратат» деген чыңырыгыңызды басыңыз.

National Geographicтин оринтологу 1937-жылы «Америка турналары тукум курут болууга өтө жакындагандыктан, бир күнү аны таппай калышыбыз мүмкүн», - деп жазган. Бою бир жарым метрдей келип, канаттары эки метрден ашык керилген, кара шыйрактуу, кызгылт жолчосу бар кара баштуу аппак канаттуу Түндүк Американын эң узун жаныбары деп эсептелет.

19-кылымдын орто ченинде 1500төн турган үйүрү бар турналар жыл сайын Канаданын түндүк жагынан Мексиканын куймасына чукул жылуу аймакка учуп өтүшчү. Алардын кыйкырыгы бир канча чакырымга созулган саздардын учу-кыйырын жаңыртып турар эле. 1940-жылдардан тартып алардын үнү угулбай, айлананы мемиреген тынчтык басты. Америка турналарынын үйүрү болсо 21ге чейин эле канаттуудан курулуп калды.

Саздарды кургатуу, пестициддерди кеңири колдонуу жана албетте айоосуз аңчылык кардай аппак канаттууну кырып түгөттү. Турналардын коркунучтуу абалда калышы коомчулукка таасир этип, бир канча убакытка чейин көбөйүшсүн деп жайына коюшту.

Анткени менен жумурткадан чыккандан тартып 4-5 жылда араң тукум улоо чагына жеткен, болгондо да бир жайда араң бир балапан чыгарган канаттуунун бул түрү өтө жай көбөйүп жатты. 1960-жылдардын ортосунда биологдор америка турналарын көбөйтүү үчүн колдо багуу сунушун киргизди.

Бирок, андан кийин колдо өстүрүлгөн канаттууларды кайра жапайы табиятка аралаштыруу маселеси пайда болду. 2001-жылы Operation Migration уюму америка турналарын атайын костюмдардын жардамы менен тарбиялоо программасын иштеп чыкты.

Анда канаттуунун жарык дүйнөгө келгенден тартып, жылуу жактарга учканына чейинки ар бир учурун коштоп турууну мерчемдешкен. Эгер сиз буга чейин «Үйүңөргө учкула» (1996) аттуу тасманы көргөн болсоңуз, анда бул ыкманы билет экенсиз. Турмуштагы тажрыйбасы тасманын негизи болгон Билл Лишман 1980-жылдары колдо чоңойгон кара өрдөктөрдү жер которууга үйрөткөн. Ал канаттууларга өзүн энесиндей кабыл алууга көндүрүп, андан кийин өтө жеңил учактын жардамы менен жер которуу багытын көрсөткөн.

Ал кездерде коммерциялык фотосүрөтчү болуп иштеген Дафф 1933-жылы Лишманга биринчи жолу кара өрдөктөрдү алыска учурууга жардам берген. Кийин бул жер которуу ишке ашкан соң, алар канадалык турналар менен, андан кийин ак куулар менен иштөөнү улантышкан. Бирок канаттуулар жер которууну ийгиликтүү ишке ашырышканы менен, алар кайра эле колдо көнгөн адатын ташташкан эмес. Кишилер канада турналары өздөрүн тааныбашы үчүн пончо (баш чыккыдай тешиги бар төрт чарчы плащ сындуу кийим) кийишчү. «Бирок, баары бир канаттуулар алданган жок», - дейт Дафф.

Киши баласы алар үчүн тамак берүүчү нерсеге айланып калгандыктан, канаттуулар мектептин бакчаларына, түрмөлөрдүн спорттук аянттарына, ал тургай кулпунай талааларына конуп алышчу. Канада турнасынын кай бир түрлөрү бир жарым метрдей келип, кандайдыр бир коркунуч жаралса курч тумшуктары, тырмактары менен чабуул койот.

Ушундан улам адистерде канаттуулар түшүнбөй тургандай кылып жардам берүү зарылчылыгы туулду. Турналар адам уулуна көз каранды болбошу керек жана кокус талаа-түздө жолугуп калса кишиге жолобошу керек. «Мына ошентип толугу менен костюм кийүү идеясы пайда болду», - дейт Дафф.

Бул костюмдар канчалык ишеним туудурду? Канаттуулар чынында эле кишини турнадай ойлоп калыштыбы? Дафф бул тууралуу кызыктуу бир окуяны эскерет.

Ал бир жолу костюмун кийип алып турналардын сазына барса, жанына картаң канаттуулардын бирөөсү келип конот. Мындай картаңдар жаштарына өтө катаал мамиле кылгандыктан, Дафф коргонуу үчүн алдыга кадам таштады. Тигил турна өзүнүн үстөмдүгүн билдирмекке буттары менен жер тепкилеп, канатын каккылады. Дафф да анын кылыгын кайталады. Буту менен жер тээп, костюмун борсойтуп көптүрүү үчүн колдорун жайды.

Ошондо тиги турна ого бетер катаал айбат көргөздү. Мунусу пассивдүү-агрессивдүү кылык болуп, изилдөөчүлөр аны «кыжырга тийүү ыкмасы» деп аташчу. Тагыраак айтканда, турна каршылашына артын салып, жөн гана жер чукуп ойноп аткандай түр көргөзөт. Мунусу «Сен түккө турбаган немесиң. Сени менен ишим да жок» дегендегиси. Ошентип атып ал 45 мүнөттөн кийин гана учуп кетти.

Адам менен канаттуунун үйүр алышуусу турналар эч качан башка бир нерсенин костюмун кийбегени үчүн ишке ашат. «Мен болгону дагы бир америка турнасымын да, - дейт Дафф. – Бир кызыктай келбетим канаттуулардын мени кабыл алуусуна жолтоо болгон жок. Анткени мен так ошолордой эле кыймыл-аракет кылам». Ал муну ар кайсы диалектиде сүйлөшкөн кишилер менен салыштырат. «Канаттуулар биздин башкача сүйлөп атканыбызды билет, бирок ортобуздагы окшоштуктарды да байкайт».

Монтерей Бей океанариумунда кай бир түрлөрдү сактоо жана көбөйтүү иши алгачкы 15 жылда ийгиликке жеткен жок. Ал жердин жаныбарлары кишилерге ушунчалык көнүп калышкандыктан, табияттын кучагында өз алдынча жашап кете албай калышты. Деңиз кундуздарынын 50дөй баласы акулалар менен штормдун айынан энесинен ажырагандыктан ушул жерге туш болушкан.

Жаныбарлардын балдары менен иштеген адис Сандрин Хэзан кызматкерлер бала жаныбарлар менен өтө көп чогуу болуп ийишкен деп эсептейт. «Маселе бир гана жаныбарларды бөтөлкө менен тойгузуп, беткапсыз бакканда эмес. Алар суу матрастарында, же бассейндерде кундуздун балдарын кучактап алып уктап да ийип атышпайбы», - дейт ал.

Бул мезгилдер 1984-жылы ачылгандан тартып, 1990-жылдары жабылганга чейин программада иштегендер үчүн эстен кеткис учурлар эле. Бирок, мындай мамиле жаныбарларга жакшы натыйжа берген жок. «Адамдарга таптакыр көз каранды болуп калышыптыр» деп баса белгилейт Хэзан.

Ал кезде кундуздарды табиятка чыгаруунун 67 пайызы ийгиликке жеткен эмес. Себеби, киши колунда чоңойгон немелер жапайы түрлөрү менен мамиле кыла албаганы аз келгенсип, башка кишилерден да качпай коюшту. «Алардын көбүн кайра алууга туура келди. А кээ бири болсо ошондон нары жоголуп, өлүп калды», - дейт Хэзан. Чынында жаш деңиз кундуздар башка деңиз кундуздарын тааныганы менен, мунусу аларга эч кандай жардам берген жок. Кишилердин жакшы ой менен кылган иштери алардын өздөрүнө таандык өзгөчөлүктөрүн жок кылып салды.

Бул маселени чечүү үчүн жаныбарларга жасалган мамиле өзгөрдү. 2001-жылы суррогат эне программасы киргизилди. Анда бир канча бала жаныбарды бир ургаачы жаныбарга көндүрүп коюшчу да, ал ошол балдардын энеси болуп калчу.

Иштин жүрүшүндө иликтөөчүлөр бала жаныбарлар кишиге өтө тез көнүп, жакын сезип алышаарын байкашты. Мына ушундан кийин гана келбетти өзгөртүү керектигин түшүнүштү. «Биз деңиз кундуздарындай кийинели деп ойлогон жокпуз. Биз алар эмеспиз, жаныбарлардын балдары да муну түшүнөт», - дейт Хэзан. Мына ошентип жытты баса турган мээлей, ширеткичтин бет кабы жана нейлон пончодон турган костюм пайда болду. Беткап, кара пончо жана мээлей кийген кызматкер коркунучтуу көрүнөт. Бала жаныбарлардын жумшак түктүү териси менен синтетикалык костюмдун айрымасы асман менен жердей.

Бул өзгөрүү ушунчалык ийгиликтүү болгондуктан, түштүк калифорниялык Элкхорн Слауда деңиз кундуздардын саны 20дан 150гө жетти. «Алардын түрү көбөйүп баратат. Бул биздин программанын натыйжасы. Биз эми деңиз кундуздарын койо бере турган башка жерлерди издеп атабыз», - дейт Хэзан.

«Бүгүнкү күнү жапайы табияттын көпчүлүк жеринде абал өтө кейиштүү», - деп эсептейт чоң пандаларды жана алар жашаган аймактарды коргоо иши менен алектенген Panda Mountain уюмунун түптөөчүсү Марк Броуди. Ал пандалар жоголуп бараткан түрлөрдү сактап калуу ишинде кишилерге үмүт берет деп ишенет.

1963-жылы Кытайда киши колунда эң биринчи чоң панда туулгандан тартып, пандаларды коргоо программасынын адистери ушул тартынчаак жаныбарлардын көбөйүүсү боюнча экспертке айланышты. 2017-жылы Кытайда колго багылган 42 чоң панда туулуп, рекорддук көрсөткүчкө жетти. Биринчи жолу 2006-жылы колдо өскөн панданы жапайы табияттын койнуна койо беришти. Бирок 10 айдан кийин Сян-Сяндын өлүгү табылды.

Бир канча жылдан кийин азаттыкка чыгарууга чейин программанын адистери табиятка койо бериле турган жаныбарлар менен иштөө маалында костюм колдонмой болушту. Пандалар көбүнчө көрүнүшкө эмес, жытка көңүл бурушкандыктан, адистер костюмдарына панданын тезегин же заарасын жугузуп алышчу. 2016-жылдын аяк ченинде 7 чоң панда азаттыкка чыгарылды.

«Пандаларды көбөйтүү программасындагы ийгилик көрүнүп калды», - дейт Броуди. Колго багылган пандалардын саны 520 болсо, табияттын кучагындагылары 2000ден ашат. «Чоң пандаларды коргоп, алардын жашоо аймагын калыбына келтирүү үчүн өтө көп аракет жумшалды». Соц тармактарда жүргөн панда костюмундагы кишилердин сүрөттөрү табиятты коргоочулар тууралуу сөз менен айтып жеткиргенге караганда оңой жана таасирлүү.

«Алтынчы кырылуу» (The Sixth Extinction) китебинде Элизабет Колберт жаныбарларды сактап калуу үчүн колдон келген иштин баарын кылууга чакырат. «Бир эле түрдүн жок болуп кетүүсүнөн пайда болгон оору ушунчалык күчтүү болгондуктан, биз кериктерге ультра үндөр менен иликтөө жүргүзүп, каргаларды дүүлүктүрүүгө чейин барабыз» дейт ал.

Биз жетим калган деңиз кундузу тууралуу ойлоно алабыз жана ошондуктан аны куткарабыз. Бирок, титикактык ышкырчаакты (бырыш-тырышы көп кебетесинен улам «баштыкча бака» деген ат менен көбүрөөк таанымал) сактап калуу үчүн кандайдыр бир костюм кийүү зарыл экенин билип турса да мындай кадамга бара турган кишинин табылышы кыйын.

2013-жылы Табиятты коргоонун эларалык бирикмесинин ошол кездеги жетекчиси М. Санджян National Geographicте ушул тууралуу ойлорун айткан. «Биз сактап калгыбыз келген түрлөр кандайдыр бир схемага эмес, сезимдерге, психологияга же улуттук деңгээлге жараша тандалат» дейт ал. Биздин турмуш дагы бир гипермаркетти куруу үчүн кургатылган сазга, бамбук токоюна же таза сууга анча тыгыз байланышкан эмес. Ошондуктан бул көйгөйлөргө таасир берүү үчүн кийиле турган бирден-бир костюм бул биздин күнүмдүк кийимдерибиз.

Алардын ишиндеги эң чоң ийгилик – бийликтин жогорку даражадагы өкүлдөрү пандалардын табият койнунда жашап кетүүсү үчүн дагы эмнелер керек деп ойлонуп баштаганында деп эсептейт Броуди. Мисалы, 2017-жылы Кытайда пандалар үчүн Йеллоустон улуттук паркынан үч эсе чоң корук салуу мерчемделди. Мына ушундай жол менен генетикалык ар түрдүүлүк күн көрө турган аймак түзүлмөкчү.

Бул чоң пандалар үчүн аябай сонун жаңылык. Бардык реинтродукция программаларын биздин жок болуп бараткан жаныбарларды коргоо аракетибиз шыктандырат. Өзүбүз талкалаган табияттагы тукум курут болуп бараткан жандыктардын түрлөрүн сактап калам деп жүргөн кишилердин ар кандай жаныбар келбетиндеги костюм кийип жүргөнү кандай таң калычтуу.

Operation Migrationдин программаларындагы ийгиликтерге карабай, 2016-жылы АКШнын жапайы жаныбарларды жана балыктарды коргоо кызматы жоголуп бараткан түрлөр боюнча мыйзамын колдонуу менен жер которгон жаныбарларды коштоп жүрүү ишин токтотту (анткени менен чоң турналар менен жер которгон балапандарды өстүрүү үчүн дагы эле костюмдар колдонулуп келет).

Ушундан улам Operation Migration өзүнүн сайтында «Мамлекеттик кызмат аба кемеси менен коштоп жүрүү ыкмасын «жасалма» деп тапкандыктан, костюмчан кызматкерлер өстүргөн бардык турналар эртелеп үйрөнүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калды» деп жазган.

Кеп куурчактар менен тарбияланган калифорниялык кондорлордун жүрүш-турушунда көйгөй пайда болду. Алар башка канаттууларга көп кызыкпай, кишилерге эле жакындай беришти. Natureга берген интервьюсунда биолог Марк Уоллес: «Колдо багылган жаныбарларды үйрөтүү бул чыныгы көйгөй. Жапайы чоң жаныбарлар бала жаныбарларды үйрөтчү убакыт болот, бирок ага чейин биз да аралашпасак болбой атпайбы» дейт.

Мындай карасаң баштан-аяк костюм кийген кишилердин жаныбарларды кайрадан жапайы кылып тарбиялоо үчүн табигый процесстерге аралашып жүргөнү кызык эле көрүнөт. Бул кудум эле үй-бүлөлүк кинонун бир сюжетине окшойт. Көктө учуп бараткан турналар менен катарлаша учуп бараткан кишилердин тасмалары кандай таң калычтуу жана жүрөктү элжиреткен көрүнүш. А эгер так ушул сезимдердин туулушу программанын эң негизги ийгилиги болсочу?

Эгер абалды жалпы жонунан карасак, бул адистер эчак жеңилүү абалына жеткен күрөштө жан алакетке түшүүдө. Ал эми алардын абалды оңдоо үчүн жасаган аракети – бул биздин аталарыбыздын колу менен жасалган улуу жоготуунун күнөөсүн кичине жеңилдетүү гана. Мааниси жок кырып-жоюу жөндөмү бизге бабалардан мурас калып келатканы айдан ачык.

Деңиз кундуздары көзөмөлдөөчү жаныбарлар. Алардын саны жалпы экосистемага таасир берет. Негизи алар деңиз кирпилери жана деңиз өсүмдүктөрү менен тамактанган омурткасыз жандыктарды жейт. Ошондуктан кайсы жерде деңиз кундуздары жок болуп кетсе, ошол жерде деңиз өсүмдүктөрү да жок калат.

Керек болсо кундуздар кыргынга учурабаган аймактарда деле алардын жашоосу коркунучта. Алясканын түштүгүндө деңиз кундуздарынын өтө чоң тобу жашайт. Бирок адамзаттын кесепети (Эксон Валдез танкеринен төгүлгөн мунайдын айынан алардын саны дароо 4000ге түшүп калган) менен жырткычтардын (касаткалардын) көбөйүүсүнөн кундуздар 1980-жылдардагы жалпы санына салыштырмалуу эки эсе азайган.

Мына ушундай экологиялык алаамат аркылуу үйрү тобу менен кыргынга учуратуунун жанында биздин бирин-экин сактап калуу аракетибиз эч нерсеге татыбайт. Америка турналары көктө каалгып учуп, бамбук токойлорунда пандалар тоголонуп, Тынч океандын жээктерине кундуздар кылактап чыга калып, деңиз үлүлдөрүн кубанычтуу чукулап жеп жүрүшкөнүн келечекте көрөм деп кыялданбай коюу кандай кыйын. Ал эми бул кыялдарды ишке ашыруудан баш тартуу анык акмактык болмок.

Жаныбарларды сактап калуудан баш тартуу – бул азыр баарын туура кылсак абалды оңдоп кете алабыз деген үмүттү талкалоо дегендик. Биз костюмдарды кийип алып аралашып, жаныбарларды алдаган жокпуз, биз өзүбүз келтирген зыяндарды оңдой алабыз деп өзүбүздү алдап атабыз.

Туве К. Данович (Tove K. Dan)