Орусия

​Анкара-Сирия-Африн. «Улуу шахмат тактасынын» пешкасына айланып бара жаткан түрк бийлиги

26 января 2018 г. 18:20 1519

Таййип Эрдоган баштаган түрк өкмөтү эзелки өнөктөшү АКШга кыянаттык кылып, Орусия, Иран жана Сирия жетекчилигине жаккан ишке бел байлады. Өткөн кылымдардын жер басып алмай, «башкаларды» кырмай саясатына өттү. Мунун себеби эмнеде?

Мамлекеттердин үч тобу

Америкалык стратег Звигнев Бзежинский жер жүзүндөгү эң чоң кургактыкта жайгашкан Евразия континентин «Улуу шахмат тактасы» деп атаган. Эң көп калкы жана экономикалык мүмкүнчүлүгү бар бул континентке өкүмүн жүргүзгөн күч жер жүзүн көзөмөлдөйт деген ой айткан.

Стратегдин баамында жер жүзүндөгү мамлекеттер үч негизги топко бөлүнөт.

Биринчиси «геостратегиялык борборлор». Алардын күчү жер жана калкына байланыштуу, б.а., жүз миллиондогон калкы менен маанилүү геостратегиялык аймакта жайгашкан мамлекеттер. Бул өлкөлөр өнүгүү аракетинде болбосо, калкы менен жери экинчи топтогу мамлекеттердин олжосуна айланат.

Экинчиси «геостратегиялык аракеттеги мамлекеттер». Мындай мамлекеттер «улутунун үстөмдүгүн орнотуу, динин же идеологиясын жайылтуу, экономикасын күчтөө максатында» геополитикалык аракеттерге өтөт.

Үчүнчүсү «тутанткыч (катализатор) мамлекеттер» же «талаш (томпон) аймактар». Бул ичинде элдешкис топтору бар болгондуктан, геостратегиялык аракетке өткөн мамлекеттердин бири-бири менен күч сынашуусуна эли-жерин садага чапкан өлкөлөр.

Түркия Сирияга ким катары кирди?

Учурдагы Түркия жогоруда сыпатталган үч түрдүү мамлекеттин кимиси катары сириялык күрддөрдүн бир бөлүгү жайгашкан Африн аймагына кирди?

Азыр 79 миллион калкы бар Түркиянын 20 пайыздан жогорусу күрддөр. Бул перс тилдүү, көпчүлүгү сунний мусулманчылыкты карманган эл жашаган өлкөнүн чыгыш тарабы тынч эмес. Бир нече чоң айылы менен шаарлары террорго каршы аракеттер шылтоосу менен талкаланган. Көбүнчөсүн күрддөр түзгөн Калктын демократиялык партиясынын (КДП) эң күчтүү 9 депутаты баш болгон 2 миңге жакын мүчөсү түрмөдө.

Акыркы бир жылда эле 60 миңден ашык журналист, аскер, полис, сот, прокурор, адвокат, мугалим жана ишкер камакка алынып, толуп кеткен түрмөдөн ууру-кескилер бошотулган. Ушундан улам дүйнөдөгү эркиндикти өлчөгөн рейтингде Түркия 10 жылда 36 даража төмөндөп, быйыл «эркин эмес» мамлекет деп таанылып, эң кооптуу өлкөлөрдүн катарына кирди.

Өз жаранын гана эмес, өлкөсүнө келген, же иштеген чет элдиктерди да камагандыктан туризм тармагы дээрлик токтоп калган. Түрк өкмөтү 2017-жылкы бюджетин 46,9 млрд лира (12,7 млрд $) карыз менен жаап, мамлекет катары сырттан 12 пайыздык кредит алганга, салыктын түрү менен көлөмүн көбөйтүүгө мажбур. Мисалы литри 110 сомдон ашкан бензин жана 90 сомдон жогору көк майдын наркынын эң аз дегенде 61 пайызы салыктан турат.

Президенти Таййип Эрдоган баш болгон эң жогорку макамдагы бюрократтар эл аралык укукту да бузуп, паракордукка белчесинен баткандыктан, эптеп бийликте калуу үчүн башка мамлекеттерден каржы милдеттенмелерин алганга мажбур. Ошондуктан айласы түгөнүп бара жаткан түрк президенти дүйнө лидерлери менен бирге сүрөткө түшүп калуу үчүн АКШдан 10 млрд долларга согуш учактарын, Орусиядан 2,5 млрд $га ракета, Франциядан 6,5 млрд $га уй этин алмай болду.

Азыр миллиондогон кишиси качып, жүз миңдеген эли согушта курман болгон Ирак, Сирия жана Йемен Бзежинскийдин теориясы боюнча «талаш аймакка» айланган «тутанткыч мамлекеттерден».

Учурдагы Түркияны шахмат тактасындагы фигураларга окшотсоң, ал падышалык кыялына алдырган, бирок пешкадан башка эч бирине тап бере албаган, чектүү жүрүш жасай алган орто фигура сыяктанат.

Эски кылымдын оюнчулары катарына

21-кылымдын ири оюнчулары АКШ, Евробиримдик жана Кытай. Алар 19-20-кылымдардагы улутчулдук жана жер басып алуу согушун жүргүзбөйт. Бул үчилтик технологияларды ыкчам жаңыртуу аркылуу экономикалык бакубаттуулугун арттырып, башка өлкөлөрдүн калкынын көңүлү менен акыл-эсин басып алууга өткөн.

Керектүү кен байлыктары бар же ал байлыктарды ташып келчү аймактарды ээлеген өкмөттөрдү карызга акча берүү аркылуу багынтканга аракет кылышат. Такыр болбой калды дегенде гана согуш отун тутандырышат. Ошондо да орустарга окшоп согуш отуна өз аскерлерин киргизбестен, эки-үч ортомчу аркылуу курал сатып, болбой калды дегенде гана согуштук кеңешчилерин жиберет.

Түркия жакында аскерин киргизген Сирияда чоң оюнчулардан АКШ менен Орусия бар. Экөө тең каалаган убагында Сириянын аймагында бир да учак учуртпай коё алат. Башкача айтканда бул азаптуу өлкөдө согуш отун чоңойтуп, же басаңдатып койчу кудуретке ээ.

АКШ согуштук кеңешчилер менен чектелген. Анын кызыкчылыгын коргогон жердеги согушкерлер дал ошол Түркия каршы аттанган сириялык күрддөр. Ошондуктан АКШнын түрк бийлигине айткан сөздөрү күн санап калемпир-мурчка айланып бара жатат. Бирок Анкарага каршы күрддөрдү куралданткандан башка күчтүү чара көрө албайт. Себеби Түркия аскер саны жагынан НАТОнун АКШдан кийинки эле мүчөсү.

Орусия жерде өз аскерлери, жеке менчик фирмаларга катталган жалданма орус согушкерлери, Иран колдогон ливандык Хезболлах шия согуштук тобу, ирандык согушкерлер жана Сириянын куралдуу күчтөрү менен бирге согушууда. Москва-Тегеран-Дамаск тобуна Африн аймагындагы күрддөрдүн башкаруусу анча жага бербейт. Ошондуктан түрк армиясына бир белгилүү убакыт ичинде, бир белгилүү чекке чейин кирүүгө уруксат берилген.

Демек учурдагы Таййип Эрдоган баштаган түрк өкмөтү эзелки өнөктөшү АКШга кыянаттык кылып, Орусия, Иран жана Сирия жетекчилигине жаккан ишке бел байлады. Өткөн кылымдардын жер басып алмай, «башкаларды» кырмай саясатына өттү. Мунун себеби эмнеде?

Түрк өкмөтүнүн кыянаты

2002-жылдан бери бийликтеги Таййип Эрдоган баш болгон өкмөт АКШнын аркасынан суу куйганы биринчи кыянаттыгы эмес. Убагында Сириядагы бардык тараптар менен мамилесин бир нече жолу 180 градуска бурган.

Сириянын президенти Башар Асадды убагында «менин бир-тууганым» деген Эрдоган бир нече жылдан кийин «Асад бийликте калбашы керек» деп көгөргөн, бирок учурда орус жана ирандыктарга моюн сунуп, Асаддын бийликте калып-калбашы маселе эмес дегенге өттү.

Орусия менен өнөктөшүп, өзөктүк электр станциясы менен газ түтүктөрүн салган түрк өкмөтү орус учагын атып түшүрүп, «дагы атканга даярбыз» деп эрдемсинген. Сирияда террорчуларды колдогонун жана алардан алган мунайды сатканын жарыялайбыз дегенде орустар кайра ажырагыс дос болду.

Иранга эң жакын өнөктөш болуп, мунайынын каражаттарын түрк банктарына салдырып, он миллиарддаган долларды жеп салып, учурда Тегерандын оозун карап отурат.

Сириялык күрддөргө убагында ирактык күрддөрдүн согуштук оор техника жана курал жарактарын өз аймагы аркылуу ташытып, жетекчилерин кызыл килем төшөп тосуп сыйлаган. Эми алар террорчу атка конуп, Анкара колдогон согушкерлер Афринди «акыркы күрд калганча тазаламай болдук» деп сүйүнчүлөп жатат.

Демек түрк бийлигине учурда бир да тарап ишенбейт.

Түрк бийлигинин максаты

Түрк бийлигинин максаты, албетте, бийлигин сактап калуу. Бул максатты эч ким аша чабуу дебейт. Бирок кимдин бийлигин жана эмне берип деген жагынан маселе бар.

Таййип Эрдогандын партиясына түрк калкынын 30 пайызынын тегерегиндеги караңгы диндчилдер добуш берет. Бирок жалгыз өкмөт түзүүгө бул жетишсиз. Ошондуктан 2019-жылы (балким андан да эрте) түрк улутчулдарынын добушун да алуу зарыл. Ушул себептен улам «чакан согуш» керек.

Ички саясаттагы каталарын жашыруу үчүн «ыңгайлуу» сырткы душмандарды колдонуп келген Орусия менен Иран түрк бийлигинин бул аракетин түшүнүү менен кабыл алат. Айрыкча паракорлукка кокосуна чейин баткан Эрдоган бул дүйнөлүк жана регионалдык оюнчулар үчүн азырынча пайдалуу.

Түрк бийлиги чакан согуштан кийин өз аймагындагы 3,5 млн сириялык качкындардын өз өлкөсүнө кайтуусуна шарт түзөм дегени да жакшы иш. Буга Сирия өкмөтү да, бул өлкөдө геосаясий максаттарын ишке ашырып жаткан оюнчунун бири да каршы эмес.

Бирок бул жердеги негизги маселе түрк бийлигинин ишенимге татыбагандыгында болуп жатат. Аны менен бир да орто жана узун мөөнөттүк стратегияны ишке ашыра албайсың. Ошондуктан анын аракети «пешка жүрүшүнө» чейин кыскартылды жана убакты-сааты келгенде учурдагы түрк бийлигинин саясий келечеги азыр пешка көрүнүп жаткан ирак-сирия-түркия күрддөрүнө «салынып» берилиши мүмкүн.