Орусия

​Инсандын күнөөсүздүгү жана бийликтин күнөөлүүлүгү. Сөз эркиндиги ким үчүн кандай?

25 января 2018 г. 16:52 703

Сөз эркинидигине эки тараптуу караш керек. Бийлик менен журналисттер жана башка маалымат таратуучулар сөзгө ар кандай баа берип келет

Күнөөсүздүк презумпциясы – бир күнөөсүз киши адилетсиз айыпталгандан көрө, он күнөөлүүгө жаза берилбей калганы артык деген принцип. Аткаминерлердин «сөз үчүн» башкаларды куугунтуктаганы саясий маданиятынын пастыгынан, кээ бир учурда кем акылдыгынан да болуп келет.

Чиновник коомдун жалданган кызматкери болгондуктан, сындагандарды укук менен куугунтуктабай, эл алдында актанып туруусу милдеттүү экени бийликтегилердин мээсине отурбай жатат.

Кыргыз Республикасы көз-каранды соттор жана укук коргоо органдары менен бийликти сындагандардын оозун басуу мүмкүн болбогон өлкө.

Бийликтегилердин бир аз саясий маданияты болгондо, алар сынды да ийгиликтерин көрсөтүп, коомдун колдоосун күчөтүү үчүн өз кызыкчылыгына иштете алышмак. Сын пикирден улам «намысынын» дүүлүгүп кеткени өздөрүн кожоюн сездирген бай-манаптык оорудан дагы эле арыла албай жатканын ашкерелеп турат.

Аткаминерлер сотко берген сайын коом алардын «акыр-чикир» иштерин ого бетер чукулагысы келет. Жан үрөп, коомго ак кызматын өтөп аткан кишинин таарынганга убактысы жок, кыла турган иши чач-кирпигине чак келбейт.

Журналисттерге келсек…

Экинчи тараптан караганда, сөз эркиндиги муунтулуп жатат деген журналисттердин жалпы эркиндик жана анын ичинде сөз эркиндиги тууралуу туура эмес түшүнүктө экени көрүнүп турат.

Эркиндик – бул коопсуздуктун кепилдиги эмес, бул тобокелдик. Сөздү, айрыкча сын сөздү айтуу – бул дайыма тирешүү, керек болсо укуктук жана физикалык куугунтуктоо жагдайында иштөөгө даяр болуу дегендик.

Журналистика эзелтен эң кооптуу кесиптерге кирет. Бир нече кесиптешин арам кекиртек система куугунтуктаса тымпыйып отуруп калган журналисттер мен үчүн кулап кетип бир жерин оорутуп алгандан коркуп, эч качан тоого чыкпаган альпинисттерге окшойт.

Балким бизде эч кандай журналистика жоктур. Сөз эркиндиги сөздөн, туура сөздөн башталат. Мында биз журналисттердин кесипкөйлүгүнө жана жарандык журналистика маселесине келип такалабыз.

Бийликтин каталарын ашкерелеген кандай гана журналист же активист болбосун укуктук системанын алкагында куугунтукталган бутага айланат. Анткени бийликке каршы иликтөө көбүнчөсүн кыйыр факттарга негизделет. Кылдатсыздыгынан, же кокустуктан улам ашкере болгон бийликтин кыянаттыгынын, же кылмышынын түз далилин табуу оор. Албетте журналист андай мүмкүнчүлүктү сая кетирбейт.

Адатта кылмыштуу бийликтин изине түшкөн журналисттер түз далилдик күчкө бириккенде гана жеткен түрдүү кыйыр далилди ар кайсыл жактан топтоп, көптөгөн далилдерден бирдиктүү окуя курап чыгат.

Коомдук иликтөөчү мында инсан алдын ала күнөөсүз (күнөөсүздүк презумпциясы) жана мамлекеттик бийлик алдын ала күнөөлүү (күнөөлүүлүк презумпциясы) экенин билиши жана бул эки түшүнүктүн өз ара алакасын жакшы айырмалашы керек. Ар журналист муну ар кандай түшүнөт. Ошондуктан журналисттердин бир эле факт боюнча материалдарынын ишенимдүүлүгү, кесипкөйлүк чынчылдыгы жана куугунтуктоого себеп берүүсү да ар түрдүү болот.

Бул кадимки футболдогудай, топ кээде дарбазадагы торго урулат (иликтөөгө коомчулук ишенет), бирок ага чейин далай топ дарбазадан сыртка тебилет (коомчулук иликтөөгө анча ишенбейт). Дарбазага топ канча көп тебилсе, гол да ошончо көп болот. Ошондуктан бийликке сын көз-карашы бар журналисттердин активдүүлүгүн арттыруусу учурдагы ит жыгылыш абалынан чыгуунун бирден-бир жолу.

Кыргызстан ачык маалымат булактары жетишсиз деп арызданганчалык жабык мамлекет эмес. Калкыбыз да тилин агыткандан эрикпейт. Ошондуктан куйма кулак журналист шектүү тенденцияларды байкай алат. Бийлигибиз болсо уурдабай калганчалык абийирдүү эмес. Андыктан коомдук сынчылар бийликтегилердин уурулугун коомчулукка жеткире албаса, буга бийлик күнөөлүүбү, же бийликти сындагандар күнөөлүүбү?

Күнөөсүздүк презумпциясы жөнүндө кеңири

Кылмыш кодексинде күнөөсүздүк презумпция принциби иштейт. Ал боюнча кишинин күнөөсү эч кандай күмөн калбагандай далилдениши керек. Күнөөсүздүк принциби боюнча, бир күнөөсүз инсанга адилетсиз айып тагылгандан көрө, он күнөөлүүгө жаза берилбей калганы артыгыраак. Анткени бир да күнөөсүз киши адилетсиз айыпталбаган жана ошол эле убакта бир да кылмышкер жазасыз калбаган сот менен камсыздоо мүмкүн эмес.

Ошондуктан күнөөсүздүк презумпциясы далилдөөнүн сапатына жогору талап коёт. Бул принциптен улам күнөөлүү кызматкер, криминал төбөлү же арам кекиртек чиновник түрмөдөн кутулуп кеткени менен, карапайым калк да бийликтин зомбулугуна кабылбайт.

Бийлик менен коомдун алакасы иштеген мындан башка бардык тармакта бийликтин КҮНӨӨЛҮҮЛҮК принциби иштейт. Бийликтин КҮНӨӨЛҮҮЛҮГҮ, мамлекет коомго кызмат кылуу үчүн жалданган аппарат деген түшүнүккө негизделет. Ошондуктан коомчулук, ЖМК, жарандык активисттер күмөн санап, мамлекеттик бийликтин өкүлдөрүнө кине коюшса, алар актанып, өздөрүнүн кылмыш менен иши жок момун экенин далилдеши керек.

Бул бири-бирине карама-каршы сыяктуу көрүнгөн принциптер ырааттуу иштешип кете алышат. Мисалы мамлекеттик кызматкер күнөөсүздүк принцибинин жогорку талабынан улам кылмыш жазасынан буйтап кетсе да, коомчулук алдында актанууга милдеттүү. Эгер анын ишенимдүү далилдери жок болуп, коомдук пикир аны актабаса, аткаминер кызматынан кетиши керек. Башкача айтканда саясий өңүттөн «жанын кыйуусу» шарт.

Нурбек Токтакунов, precedentinfo.kg