Батыш

​«Туура тамактануу» тармагы катуу өсүп жатат. Анын илимий негизи барбы

25 января 2018 г. 10:54 698

«Велнес» деп аталып, туура тамактануу эрежелерин да камтыган сергек жашоону ыктагандар эмненин аркасынан сая түшүп алышканын билгиңиз келсе...

Кызыгып калганыңызды аңдаары менен «велнес» деп аталган азык-түлүк саткычтар жаныңызды койбой аркаңыздан ээрчип алат. Аларды көрүп, буга чейин «арыктагыңыз келсе менден башка эч кимге кайрылбаңыз» дегендер аз келгенсип, эми булар да келдиби деп кыжырланасыз.

Wellness деген англисче сөздү Инстаграммдын издөө терезесине терсеңиз балп этип 15 миллиондон ашык натыйжа чыга келет. Демек велнес индустриясы шумдуктуудай өсүп жатат. Бирок анын пайдубалында илимий изилдөө, же кандайдыр бир негиз барбы?

Бул концепция жер-жемишти көп жеп, азыктардын бир нече тобунан толугу менен баш тартуу жана андан да радикалдуусу, жашоонун өзгөчө ыргагына өтүү сыяктуу түрдүү нерседен турат.

Алардын жашоосун диета десеңиз бул тармакта иштегендердин көбү жаман көрүп, жактырбайт.

Бирок «Акыркы 2000 жылдагы диеталардын тарыхы» аттуу китепти жазган Луиз Фокскрофт булардыкы диетанын так эле өзү деген ишенимде.

«Учурда түрдүү коомдук тайпага багытталган толгон-токой диета бар. Велнести диета дешеби же дешпейби, ал болгону сергек жашоонун ар тараптуу түрүн сунган эле тармак, - дейт Фокскрофт айым. – Сизге жашоонун кандайдыр бир өзгөчө режимин сунушташат. Арык жана келбеттүү болушуңуз керек дешет. Баары барып «ден-соолук – бул арыктык» деген принципке такалат».

Учурда сергек жашоо тренди талап кылган товарларды өндүргөн сан жеткис ишканалар күнү-түнү иштеп жатат.

Суусундук чыгарган Botanic Lab компаниясынын негиздөөчүсү жана мүдүрү Ребекка Холл он жыл мурун инвестициялык банкир болуп иштеген. Ал жаңы кирешелүү базар пайда болгонун угаары мнен өзүнүн фирмасын ача салган.

Мисалы Botanic Labдын Refuel («кайра кубаттануу») аттуу суусундугунун бири кара түстө. Анын этикеткасында (даяр болуңуз, азыр жарнак тилиндеги сөздөр кетет) «иштетилбеген камыштын күчтүү таасирлүү активдешкен медициналык көмүрү жана чийки юдзунун цитрус курамынан турган аралашма» деген удургуган фраза бар.

Адамдар мындай суусундуктарды ден-соолугун тыңыткан эң жөнөкөй ыкма катары сатып алышат. Мисалы таза абада дайыма аткарылган физикалык машыгууга караганда оңой болуп жатпайбы!

«Баары тең тез иштеген жөнөкөй нерсени каалашат. Сиз адамдарга ашыкча машакаттан жана аракеттен арылткан бир нерсе сунуштасаңыз – бул сонун. Биз дал ушуну кылып жатпайбызбы», - дейт Холл айым. – Бул суусундуктар чын эле ишке жарайт. Аларды Британиянык бир топ спорттук командалар спортчуларын машыгуудан кийин кайра тез калыбына келтириш үчүн колдонушат. Шекери жана кайра иштетилген кошулмалары бар нерселерди эч ким каалабай калды».

Велнес тажатып, кишилер сергек жашоонун башка ыкмаларын тапканда эмне болот?

«Велнести жактагандардын ортосунда бир кызык аша чапмайлар бар. Ар жума сайын бир шумдук супер азык жөнүндө угабыз, - дейт Ребекка Холл. – Бирок сергек жашоону толугу менен камтыган велнес турмуштан чыгып кетпейт деп ойлойм. Инсан узак жашагысы келгендиктен түбөлүк жашоонун суусундугун издей берет. Бул өзүнө жакшыраак азык, жакшыраак жашоо ыкмасын издегендер баары бир пайда боло берет дегендик».

Велнес жана анын ишканалары сансыз азык жана товар сунуштап жатканын көрүш үчүн Лондондогу Stylist Live көргөзмөсүнө барыш керек. Анын 200 стенди, ондогон бакылдаган далдалчысы жана 20 миңден ашык көрүүчүсү бар.

Көргөзмөгө катышкан LA Brewery компаниясынын негиздөөчүсү Луиз Авери велнесчилердин сүйкүмүнө дароо татыгандардын бири.

«Комбучу (чай козукарын суусундугу) байыркы Кытайда 2 миң жыл мурун эле ичилчү. Бул сергиткен жакшы суусундук. Ошондуктан мен комбучуну заманбап алкоголсуз суусундук катары иштеп чыктым, - дейт Авери айым. – Анда эч кандай ашыкча нерсе жок, эң жөнөкөй табигий азыктар гана».

Башка компаниялар азыктарынан бир нече кошулмаларды алып салганы менен мактанышат. Жейми Кибл глютен (бириктиргич) колдонулбаган тоок этинен колбаса чыгарган Heck Sausages компаниясында иштейт.

Бул организми глютенди көтөрө албаган, оор генетикалык ооруларга чалдыккан кишилер алган азык.

Бирок мындайлар жер жүзүндө жашаган калктын бир пайызына да жетпейт. Анан Heck Sausagesтин калган колбаса менен сосискаларын ким сатып алышы керек?

Калганын Кибл сыяктанып, бир күнү эртең менен тура калып эле глютениңди жегим келбейт деп чечкендер алат.

«Мен глютенди көтөрө албагандарга кирбейм, бирок аны менен азыктангым келбейт, анткени мен өзүмдү бир аз башкача сезем, - дейт ал. – Азыр баары глютенди душман санап калышты, анан албетте, тамак жегенде андан качканга аракеттенишет».

«Таза тамактануу» (clean eating) – да модага айланган термин. «Велнестин» ичиндеги дагы бир модалуу концепт. Ал боюнча сиз бир аз гана иштетилген азыктарды жешиңиз керек.

Акылга сыярлык сыяктуу, бирок аркасынан кууп кетпесеңиз эле.

Бул концептти сындагандар да бар. Алар анын ден-соолукка байланышы бар экенине анча ишене биришпейт. Лондондо Hear Me Raw (Чийки мени угуп койгула) аттуу шоунун алып баруучусу Даниэлла Айзекс «таза тамактануу» тажрыйбасы менен бөлүшөт.

Айзекс убагында бул концепцияны өтө жактырчу. Аны «таза тамактануу» концепти жашоону көзөмөлгө алганга мүмкүнчүлүк бергени, системдештиргени, кандайдыр бир режимди карматканы менен кызыктырчу.

Натыйжада ал тамактануусунан глютен, шекер, сүт азыктары менен этти толугу менен алып салган.

Бирок акыры ал мындай жашоодон баш тартып, ал тажрыйбасы жөнүндө: «Албетте велнесте жакшы нерселер көп, бирок сергек жашоо модалуу азыктарды керектөө коммерциясына, индустриясына айлангандан баштап, чын эле сергек өмүр сүрүүбүзгө тиешелүү биз берген суроолорго жооп бере албай калат» дейт.

Элизабет Хотсон, The Business of Wellness, BBC Capital Business Daily