Ара жолдогу мамлекет

​Жерде 20, асманда 21-кылым. Украина менен Орусиянын дрондорунун кармашы

24 января 2018 г. 12:26 2281

Киевдин жеке менчик гараждары менен үйлөрүндө карапайым ойлоп табуучулар орусиялык согуштук машинага каршы бел байлады

2014-жылы Донбасcта согуш башталганда Украинанын бир да учкучсуз учкан аппараты (УУА) жок болчу. Өлкөнүн чыгышындагы өкмөткө моюн сунбаган топторду жоём деп аттанган Украинанын армиясына каршы эми жаңыланып баштаган орус армиясы согушка кирди.

Эки бир-тууган элдин ортосунда тынчтык жакында орношу али арсар. Бул катаал убакта өз колу менен УУАларды кураган жарандар Украин армиясын XXI кылымга жетелеп кирди.

Быйыл төртүнчү жылын толтурчу согушта карапайым калктан чыккан ойлоп табуучулар башка бир да мамлекетте жок согуштук дрондорду чыгарып, аларды колдонуу ыкмасын улам жаңылап жатышат.

Украин аскерлерин башкарууга жардамдашкан, «Дельта» компьютердик борборунда кеңешчи катары иштеген АКШнын Кургакта согушкан улуттук гвардиясынын подполковниги Тай Шепард украиндер согуштун улам жаңырган шарттарына ыкчам ыкташууда дейт. «Бул уюм түптөлгөндөн берки эки жылда алар чалгындоо үчүн алгач колдонушкан дирижаблдер менен шарлардан баш тартып, ата-мекендик УУАларды курууга өтүштү. Иш нөлдөн башталган», - дейт ал.

«Дельта» борборунда украиналык аскер окуу жайлары менен академиядан атайын тандалып алынган 40 киши иштейт. Дрондор менен көзөмөлдөөчү камералар жыйнаган маалыматтар украин Генералдык штабында түз көрүлүп туруусун камсыздоо алардын негизги максаты. Жыйналган маалыматтын бир бөлүгү америкалык аскердик атташелерге берилет. Алар Орусиянын согуштук мүмкүнчүлүктөрүн анализдешет.

«Украиндер УУАларды иштетүүнүн түрдүү ыкмаларын жакшыртууга дайыма баш оорутушат, - дейт подполковник Шепард. – Кээ бир чакан дрондору биздин УУАлардан да өтүп кетет».

Украинанын мээси

«Биздин мээбиз Украинанын негизги күчү – дейт «Укроборонпром» мамлекеттик компаниясынын чет элдик инвестициялар боюнча мүдүрүнүн орун басары Денис Гурак. – Математика, физика, машина куруу – бул биздин негизги потенциалыбыз».

Гурактын айтымында, Украинанын согуштук тармагы мамлекеттин ичиндеги өзүнчө мамлекет. «Дрондор сонун мисал, - дейт Гурак. – Мен АКШ менен Кытайдан башка эки жылда өзүнүн УУАларын чыгарып баштаган бир да мамлекет билбейм».

Украинанын учак, танк, курал-жарак чыгаруу сыяктуу салттык тармактары аксаганы менен, УУА куруу гүлдөп өсүп жатат. Анткени ал оор жана татаал өндүрүш жабдыктары менен чоң каржыны талап кылбаган компьютердик программалоо жана инженердик иш менен байланышкан тармак. Бул жагынан болсо Украина жаман эмес.

Көз ачылганда

2014-жылдын жазынан баштап маалымат технологиялар боюнча окуу жайларды бүтүргөн украиндиктер жаңы иш табышты. Армиясы сокур болуп калганын көргөн авиамоделдөө сүйүүчүлөрү, коммерциялык дрон саткандар жана жеке ойлоп табуучулар гараждарына барып УУАларды жасап киришкен.

Ошондой компаниялардын бири «Мэтрикс Ю-Эй-Ви». Аны Юрий Касьянов түзгөн. Ал чыгарган «Командор» аттуу дронду 50 жашар Андрей Пуляев иштеп чыккан. Калган кесиптештеринин баары 20 жаштардагылар. Алар чакчалекей түшкөн бөлмөдө баш көтөрбөй иштешет.

Пуляев бала кезинен тик учактарды жакшы көрчү. Жаштайынан авиамоделдөө клубунун мүчөсү катары Советтер Союзун түрө кыдырып, Чыгыш Германия менен Прибалтикадагы таймаштарды утуп жүргөн. 19 жашында кадимкидей тик учакты өз колу менен курап чыккан.

«Командордун» келишимдүү сөлөкөтүндө ракеталарды багыттаган темир орнотулган. Атырылган мотоциклдей үн чыгарган 10 дилдиреги бар бензин кыймылдаткычы GPS навигация менен башкарылат. Пуляев жарадар аскерлер менен согуш майданына кан ташыган жана өрт өчүргөн мындан да күчтүү дрондорду иштеп чыккысы келет. «Бирок Америка бизге күчтүү кыймылдаткыч саткысы келбейт», - дейт кытай иероглифтери бар эки моторду көрсөткөн фирманын кожоюну Касьянов.

«Украина жогорку сапаттагы тетик жана жабдыктарды сатып ала албагандыктан, мындан ары алдыга жылышы кыйын», - дейт «IHS Jane's» согуштук аналитикалык фирмасынын учак аналитиги жана УУАлар боюнча эксперт Беатрис Бернарди. «Украиндер бар болгон мүмкүнчүлүгүн жакшы колдонуп келишет, - деп кошумчалайт ал, - бирок алардын УУАлары курал ташуу жагынан анча заманбап эмес. Ошондуктан көбүнчөсүн чалгындоо жана байкоодо колдонулат».

Касьянов болсо: «Биздин дрондор орустардын брондолгон унааларын талкалаган ракета ташыйт. Биз жерибизди оңой эле бошотуп алабыз. Эгер согуш тутанып кете берсе биз «Командор» менен согушабыз. Андан көп-көп чыгарабыз», - деп көгөрөт.

«Катана»

«Мэтрикс» фирмасы согуштук дронго караганда көбүк сымал жеңил материалдан турган, канаты бир жарым метр келген «Катана» менен сыймыктанат. Аты өзүнө анча жарашпаган, жапончодон которулганда кылыч деген маанидеги «Катана» Канада гранттынын эсебинен чыгат. Ал бир нече түрдүү камера ташый алат. Ошондуктан баасы камерасы менен бирге беш миң доллардын тегерегинде.

«Мэтрикс» фирмасынан «Катананы» колдонууну үйрөнгөн улуттук гвардиячылар алар менен бирге согуш майданына аттанышат.

Азыр «Мэтрикстин» УУАлары согуш талаасынын үстүнөн учуп, сүрөт жана видео тартып, флэшкартасына сактайт. Алар кичине келип, үнү да анча катуу чыкпай, 300-400 метр бийиктикте гана учкандыктан, атып түшүрүлүүдөн эмес, батарейкаларынын отуруп калуусунан, же башкаруу сигналы орустар тарабынан басылып, аппарат флэшкартасы менен бирге жоголуп кетүүсүнөн чочулашат.

«Катанага» окшогон дрондор замбирек, танк жана жапырт аткан реактивдүү системалардын жайгашкандыгы тууралуу чалгындоо маалыматын жыйнап, кээде түз эфирде берип турушат.

Дрондордун салгылашы

«Дельта» борборунда иштегенден бери Шепард бул согуштун кантип өзгөргөнүн көрдү. «Жер адаттагыдай окоп согушуна окшоп турат, - деп баяндайт ал. Жерди казып кирип алгансың, замбиректер таймашы, тараптар аймакты басып алып, кармап туруу аракетинде. Асманда болсо таптакыр башка оюн. Ал радиоэлектрондук таймаш. Радиотолкундарды тартып алуу, аларды басуу, дайыма көзөмөлдөө, бутаны түрдүү системалар менен таап чыгууга байланыштуу «Жылдыз согуштарына» жакын тирешүү».

Офицер мындай тирешүүнү экрандан далай жолу көрдү. «Аскерлердин атышканы, жер титиреткен замбиректердин атканы, бири-бирин аткылаган танктар, дрондордун аба чабуулу. Анда колдонгон тактика шумдук. Бир учкучсуз учак эмес, түрдүү тактикалык ыкмаларды колдонгон, биринин артынан бири тизилген УУАлар. Анда түрдүү куралдар колдонулат. Бул өтө кызык», - дейт подполковник Шепард.

Дрондордун учушу үчүн GPS системасы же радиобелгилер керек. Ошондуктан орусчул көтөрүшчүлдөр жана украин аскерлери бири-бирине радиотоскоол коюп, байланыш жабдыктары боюнча курал атаандаштыгына өткөн. Шепард бул согушту инновациялардын инкубатору деп атайт. «Орустар бул согушту тактикалык ыкмаларды жакшырткан машыгуу майданы катары колдонууда. Мунун байкоо жана сыноо үчүн аябай ыңгайлуу экенин көрсө болот. Алар тажрыйба алып, сабак чыгарып, бул жердеги жаңылыктарды Сириядай жерде колдонуп, ого бетер жакшыртып алышууда», - дейт ал. Украиндерди уюштуруу жагынан аркадан колдогон Кошмо Штаттары да байкап, окуп жатат.

Stratfor компаниясынын жетекчи аналитиги Омар Ламрани: «Мен Украинанын алсыз жактарын толуктаган чет элдик колдоо керек деп ойлойм. Маалыматтарды жиберүү жолдору, байланыш жабдыктары, УУАны башкаруу сигналын басуу, байланышты үзүү сыяктуу душмандын радиоэлектрондук чабуулунан коргоо жагынан мисалы АКШ жардам бере алат. Украина УУАлар базары үчүн таң калычтуу ачылыш болду. Ал заманбап согуш майданы канчалык татаалдашканын көрсөттү. Орустар чакан согуштук системаларды колдонуу жана аларды жок кылуу жагынан канчалык озуп кеткенине Кошмо Штаттары таң калды», - дейт.

Шепарддын айтымында украин менен орус дрондору душмандын аймагында байкоо гана жүргүзбөстөн, сокку да ура алат. «Учуп чыгып радиосигналды эле баскан аппараттар бар. Кээси байкоо жүргүзөт. Бирок бомба таштаган да дрондор чыкты», - дейт ал.

Учкан «Фурия»

Украин өндүрүүчүлөрү дрон-камикадзелерди да иштеп чыккан. Бир нече саат учуп жүргөн соң аларды бир бутага түшүрүп, жардырышат.

«Атлон Авиа» фирмасынын негиздөөчүлөрүнүн бири Артем Вьюнник буга нааразы: «Генералдык штабга барган сайын «Силер качан камикадзеге окшогон бир нерсе чыгарасыңар?» деп сурашат. Биз башынан муну каалаган эмеспиз. Адам өлтүргүбүз келген эмес». Анын компаниясы буталарды чалгындаган жана замбиректердин соккусун багыттаган «Фурия» аттуу учкучсуз учак чыгарат.

Вьюнник инженер да, техник да эмес, ал акчанын жытын жакшы сезген тубаса бизнесмен. Ага кызык болгондуктан дрон чыгарууну колго алган. Учурда ал кызыгуусу гүлдөгөн компанияга айланды. Анын айтымында армияга «эмне чыгарсаң да, баары керек».

Вьюнник менен өнөктөштөрү жөнөкөй катардагы УУА чыгаргысы келбейт. Ошондуктан «Атлон Авиа» замбиректердин огун асмандан багыттаганга адистешкен алгачкы компания болмокчу.

«Артиллерия үчүн өзгөчө программа керек, - деп түшүндүрөт Вьюнник. – Советтик стандарт боюнча улам багыттап барып бутаны талкалоого 300 снаряд каралган. Дронубузду колдонуу менен биз бир жолу аттырып, алты замбиректи бир бутага багыттап туруп, экинчи атыш менен аны жок кылабыз».

«Атлон Авианын» компьютердик программасы XXI кылымдан болгону менен, украин армиясы өтмүштө калган сыяктуу. «Дельта» борбору «Фуриялар» жыйнаган маалыматты салыштырып, аларды согуш майданындагы аскерлерге бериши керек. Бирок андай болбой жатат дейт Вьюнник.

2014-жылдан бери украин карапайым демилгечилердин учкучсуз учкан аппарат чыгарган өндүрүүчүлөргө айлануусу согуштук дрондорду чыгарууда жана аларды колдонуу тактикасында ыңкылап жаратышы мүмкүн. Анын мөмөсүн дүйнөнүн бардык чакан өлкөлөрү колдоно алат.

«2014-жылга чейин биз бир да учкучсуз учак чыгарган эмеспиз. Эки жылда Украина согуштук дрон чыгара баштады, - дейт мамчиновник Гурак.

Күчтүү душман менен согушкан чакан мамлекет жоокерлерин колдой турган робот армиясын чыгара алаарын Украина бүт дүйнөгө көрсөтүп жатат.

Джон Уэндл, Smithsonian, АКШ

Макала кыскартылды. Толук орусча версиясын бул шилтемеден окуңуз