Борбор Азия

​Дизель бензинге каршы. Кимиси абаны көбүрөөк булгайт

23 января 2018 г. 10:54 1569

2016-жылга салыштырмалуу былтыр дизель менен иштеген автоунааларды сатып алуу 17 пайызга кыскарган

Анын негизги жүйөөсү катары дизелдин айлана-чөйрөгө терс таасири, б.а., табиятка зыяндуулугу айтылган.

Дизель чыгаргандар болсо заманбап кыймылдаткычтар аябай таза иштээрин айтышып, өкмөт менен айлана-чөйрөнүн тазалыгы үчүн күрөшкөндөрдү күнөөлөшөт.

Чын эле дизель кыймылдаткычтар бензин менен иштегендерден кооптуубу же аларды пресса эле жаман көрсөтүп жатабы?

Азыраак, бирок начарыраак

Бир өңчөй айтуу кыйын дейт бейтарап эксперттер. Баары автоунаанын маркасына жараша болот.

Дизель болобу, же бензин болобу, экөө тең майды күйгүзүү аркылуу химиялык кубатты механикалыкка айландырат, бирок муну эки түрдүү жол менен ишке ашырат.

Дизель азыраак май күйгүзгөндүктөн, ошондой эле кубаттагы бензин кыймылдаткычка караганда атмосферага азыраак көмүртек кош кычкылын (СО2) чыгарат. Бирок дизелден чыккан көөнүн майда бүртүкчөлөрү ден соолукка өтө зыяндуу келет.

«Алар өпкөнүн түпкүрүнө чейин кирип, өпкөнү дүүлүктүрүп, ал жерден кычкылтекке кошулуп канга да кирип кетиши мүмкүн. Бул айрыкча инсульт, жүрөк талмасы жана астмасы барлар үчүн өтө коркунучтуу», - дейт Саутгемптон университетиндеги абанын уулуу заттар менен кирдөөсүн изилдеген Мэтью Локхэм.

Бирок заманбап дизелдерге атайын чыпкалар коюлат.

«Чыпка көөнүн майда бөлүкчөлөрүнүн 99%ын кармап калат, ошондуктан учурдагы дизелдердин мындай көйгөйү жок», - дейт заманбап көз карандысыз Emissions Analytics изилдөө борборунун башчысы Ник Молден.

Ал жетектеген изилдөө тобу заводдун ичиндеги атайын стенддерде сынак жүргүзүп, уруксат кагазын алган унаа чыгаруучулардан айырмаланып, кадимки жолдогу унааларды тестирлегени менен белгилүү.

Көө бүртүкчөлөрүнөн сырткары дизель кыймылдаткычтар азоттун кош кычкылын да чыгарат. Бул зат өпкөгө дайыма кирип турса, анын иштешин начарлатып, аллергияга алып барат.

Сүйүнүчтүүсү, заманбап технологиялар мында да жакшы натыйжага жетишкен. 2015-жылдан бери күчүнө кирген Евро-6 табият стандарты бул мөөнөттөн кийин чыккан дизель унаалардын түтүнүндө азот кош кычкылын эки эсе кыскартуусун талап кылат.

Британ автоунаа чыгаруучулар жана сатуучулар ассоциациясы жалпысынан алганда айлана-чөйрөгө тийгизген терс таасири боюнча заманбап дизелдер менен бензиндер бирдей эле деген пикирде.

Emissions Analytics тобу абал так ушундай деп айтуу кыйын дейт. Анткени заводдогу стенддик сыноолорго караганда азоттун кош кычкылы жолдо 15 эсе артат. Эксперттердин баамында бензин кыймылдаткычтар баары бир тазараак, бирок унаанын моделине карай өзгөрөт.

«Эгер эң «таза» 10 пайыз дизел менен эң «кир» 10% бензин кыймылдаткычты алсак, албетте биринчиси бир топ эле жакшы көрүнөт», - дейт Ник Молден.

Евробиримдикте чыккан жаңы кыймылдаткычтардын экологияга тийгизген таасирин реалдуу шарттарда текшерүү талабы былтыркы сентябрдан баштап коюлду. Эксперттердин айтымында бул чыныгы абалды көрсөтөт.

Бензин кыймылдаткычтардын үнөмдүүлүгүн арттыруу максатында өндүрүүчүлөр түз бүркүү технологиясын кеңири колдоно баштаган. Бирок бул ыкма табият үчүн зыяндуураак.

Демек эки түрдүү кыймылдаткычтын ортосундагы таймаш токтобой уланууда.

bbc.com. russian. features