Орусия

​1990-жылдан бери кубулган кылмыштуулук. Бийлик күнөөлүүбү же коомбу

22 января 2018 г. 11:31 1163

Кылмыштуулук – коомдук көрүнүш. Ал укук органдарынын кандай иштегенине гана байланыштуу эмес. Кылмыштуулуктун өйдө-төмөнү эң биринчи кезекте коомдун жана мамлекеттин абалынан көз каранды. Ал таалим-тарбия, экономикалык абал жана мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугуна жараша өзгөрүп турат

Совет доорунда албетте кылмыштуулук төмөн болчу. Бирок ал кезде кылмыштар азайтылып эсептелген. Себеби социализм орногон соң коомдо кылмыш кылууга эч кандай негиз калбайт деген идеология бар болчу. Ошондуктан бир нече он жылдык өткөн соң кылмыштуулук өзүнөн-өзү жок болуп, коммунисттик партиянын жетекчилери бир күнү түрмөдөн чыккан акыркы уурунун колун кысып, абактарды жабабыз деп ойлошкон.

Бирок бул доктрина туура эмес чыгып, Совет доорунда да кылмыштуулук өсүп, падыша убагындагы эски уурулардын ордуна жаштар келип, өспүрүмдөрдүн арасынан да ууру-кески чыга баштаган. Ушундан улам ички иштер органдарына кылмыштуулукту жок кылуу талабы коюлган. Тартип сакчылары болсо улам көбөйүп бара жаткан кылмыштарды партиялык жетекчилерден жашыра баштаган.

Ушундан улам Советтер Союзу ураганына карабай, кылмышты күч органдары азайтышы керек деген чала пикир сакталып калган. Андан бери 30 жылдай өтсө да, жабыркаган тараптан кылмыш ишин козгоодон баш тартуусун суранган милициялар тууралуу материалдар медиага чыгып келүүдө. Быйылкы кылмыштуулук былтыркыга караганда азыраак көрүнсүн деп статистика менен ойноо азыр деле бар.

Эл өссө да, бийликти төңкөрсө да былк этпеген кылмыштуулук

1990-жылдардан бери Кыргызстан боюнча жылына 35-37 миң кылмыш катталат. Ички иштер органдарынын жетекчилери бул сандын чегинен чыгып кетпегенге аракеттенишет.

Калк өсүүдө, коомдук экономикалык абал жакшырган деле жок, жумушсуздук, жакырчылык, ички жана сырткы миграция кылмыштуулуктун көбөйүүсүн шарттайт. Болгон оордук милицияга жүктөлгөндүктөн, алар статистиканы «оңдоп-түзөп» турганга мажбур. Натыйжада биз Кыргызстандагы кылмыштуулуктун чыныгы абалын көрө албай келебиз. Кайсыл кылмыш канчалык өсүп жатканын билбесек, аны айыктыруу диагнозун да коё албайбыз. Туура чечимдерди кабыл алуу да оор.

35-37 миң кылмыш катталганы менен анын көбү сотко жетпей, 5-6 миңи боюнча гана укуктук өкүм чыгат. Бул жерде кылмыштуулукту азайтуунун эң негизги талабы – жаза алуу. Б.а., «колу менен кылганды, мойну менен тартуу» принциби ишке ашпай калууда.

Укук толук корголбой калгандыктан, жазасын тартпаган кылмышкер өкүнбөй туруп кийинки кылмышка баруудан кайра тартпай калат. Ушундан улам «милиция, прокуратура, сот органдарына ишенесизби?» деген суроого жарандардын көбү «жок» дешүүдө. Ишеним өтө төмөн.

Эң жогорку бийлик эки жолу төңкөрүлгөн мамлекетте кылмыштар отуз жылга жакын убакта 35-37 миңден ашкан жок деш туура эмес. Мисалы 2005-жылкы ыңкылаптан кийин талап-тоноочулук болгонун баарыбыз билебиз. Ага кылмыштуу топтор да катышкан. Алар да бийлик алмаштырууга катышкандыктан, бир нече объект бул топторго талоонго берилген. Демек төңкөрүштүн акысын кыйыр түрдө кээ бир бизнесмендер өтөп берген.

Кылмышты болгондой каттоонун пайдасы

Башкаруунун учурдагы ыкмасы ички иштер органдарынын натыйжалуулугун төмөндөтүп келет. Мисалы АКШда кандайдыр бир аймакта кылмыш аз каттала баштаса, кийинки жылы полистерди кыскартышат. Ошондуктан ар бир кылмыш, майда-чүйдө дебей катталат. Мына ушуну менен кылмыштуулуктун абалы даана көрүнөт. Эгер кандайдыр бир кылмыш арта баштаса, тиешелүү полис тармагына кошумча штат, унаа жана башка жардам берилет.

Кылмыштуулуктун артышына полисти эч ким күнөөлөбөйт. Анткени ууру-кескилик бул социалдык көйгөй. Укук коргоо органдары кылмышты каттап, анын себеби эмес, натыйжасы менен күрөшөт.

Биздин бийликке туруктуулукту орнотуу, сынга кабылбоо жана кезектеги шайлоодо макамын сактап калуу үчүн өлкөнү башкарган кезинде кылмыштуулуктун азаюусу, же жок дегенде көбөйбөөсү керек.

Эгер кылмыштуулуктун чыныгы статистикасы болсо, чакан ресурстарды эффективдүү колдонсок болот. Мисалы Нарын облусу сыяктуу кээ бир аймактарда калктын саны азайып кеткен, бирок милициянын штаты менен каржысы советтик доордогудай эле калган. Эгер кылмыштуулук Чүй облусу менен ири шаарларына агып келгенин көрсөк, кызматкер менен каржы ресурстарын ушул жакка буруу керек.

Жогорку бийликке кошумча ресурс бергиле деп кайрылууга Бишкек жана башка ири шаарлардын жетекчилигин турмуш өзү мажбурлап келет. Бирок мунун баары абал чектен чыгып, аны колго алуу мүмкүн болбой баштаганда ишке ашат.

Район жана облустук деңгээлдеги милиция жетекчилигине кылмыштуулукту кандай болсо, ошондой көрсөтүү зыяндуу. Анткени ал үчүн жемеленет, ишин билбеген адис катары макамынан да алынышы мүмкүн.

Криминал менен саясат

1990-жылдардын аягында депутаттар жана башка саясатчылар Рыспек Акматбаевдин туулган күнүнө белек-бекчек алып барганы гезиттерге чыккан. Ошол кезден баштап кылмыш төбөлдөрү кээ бир саясатчылар менен эриш-аркак болуп калган.

Укук коргоо системасы аксаган жерде криминал адилеттүүлүктү орнотууга киришет. Мамлекеттин жараны соттон, же милициядан туура кызмат ала албаса кылмыш төбөлүнө барып, тез жана салыштырмалуу адилеттүү натыйжа алат. Калк кылмышкерге ыраазы болуп, мамлекет элин криминалга уттура баштайт.

Бара-бара криминал мансап күтүп, бизнес иштетип, кайрымдуулук кылып элге аралашып кирет. Бул жерде кримтөбөл, жоомарт киши жана чиновниктин ортосундагы чектер өчүп, жаштар аларды үлгү тута баштайт.

Криминалга жалдыроо

Андан кийин аткаминерлер кылмышкерлердин колу менен кылмыштуулукту чектеген болбогур саясатты башташат. Анын ордуна криминалдын кандайдыр бир ишин бүтүрүп берүү керек болот.

Мындай болбогур иштер 90-жылдары башталып, тамырлашып кеткен. Азыр саясат менен кылмыш төбөлдөрүнүн байланышын үзүү өтө оор. Бул үчүн мамлекет жетекчилигинин эбегейсиз саясий эрки керек. Мындай көнүмүш илдеттен баш тартуу, бул байланыштарды тамыры менен жулуп, тазалоо зарыл.

Шайлоодо криминал колдонулган болсо да саясатчылар менен кылмыш төбөлдөрү муну эч качан моюнуна алышпайт. «Бул мүмкүн эмес» дешээри бышык.

Криминал 30 жылдан бери өзүн кылдат актап келип, учурдун аткаминерлери алар менен мамиле түзүүдөн, бирге сүрөткө түшүүдөн кайра тартпайт. Орусияда да кримтөбөлдөр кайрымдулук кечелерин уюштуруп, ага көрүнүктүү маданият ишмерлери келип, Москванын бир кездеги мэри Лужков да катышкан.

Ар бир өзүн сыйлаган саясатчы кылмыш төбөлү периштедей көрүнсө да, андан алыс турганы жакшы.

Криминал жана укук коргоо органдары

Депутат Сурабалдиеванын "Кримтөбөлдүн абактан чыгуусуна кээ бир депутаттардын тиешеси бар" дегени – милиция, прокуратура жана сот органдары кылмыштуу топтордун басымы алдында экенин көрсөтүп турат. Демек, криминал кандайдыр бир конкреттүү укук коргоо кызматкеринин талуу жерин билет.

Убакты-сааты келгенде ошол эле Батукаевдин Кыргызстандан кандай чыгып кеткендиги тууралуу баардык маалымат ачыкка чыгат. Мында мамлекеттик органдардын көбү басым алдында калганы шексиз, бирок ким, кандай басым кылганы али белгисиз.

Дарыгер анын ичээр суусу аз калды деген чечим чыгарган. Кимдир бирөөлөрдүн суранычы болгон. Анан чындыкка окшогон жомок документтер даярдалып Орусияга салып жиберишкен. Кийин ал куландан соо болуп чыга келди.

Ушундан улам бардык постсоветтик мамлекеттердей эле, Кыргызстан да торолуп бутка турууга байланыштуу ооруларга кабылып жатат десек болот. Карасаң, бардык өлкөнүн кылмыштуулукка тиешелүү бирдей көйгөй жана жаралары бар.

Бул этаптан баарыбыз өтүшүбүз керек. Мен бийликке кылмыштуулук пайдалуу деп эсептебейм. Союз урагандан кийинки 27 жылдан бери башкаруунун кээ бир ыкмалары иштен чыкты. Учурда эскирген, болбогур башкаруу системасы иштеп келет. Мында мамлекетти башкарып жаткан биринчи адамдардын саясий эрки керек. Алар бул эскирген система менен тажрыйбаны талкалашы зарыл.

Азыр мамлекеттик кызматкердин баары эле бул системаны көрүп, анын иштен чыкканын түшүнүп турат. Бирок кимдир бирөө бул ишти баштап, башында турушу шарт. Бул боюнча так көрүш жана так көрсөтмө болбогон соң эч ким башын канжыгага байлагысы келбейт.

Бир туруп кандайдыр бир кримтөбөлдү араб мамлекеттеринен кармап алып келишет. Кайра карасаң эле аны чыгарып жиберишкен. Мындай башаламан, багытсыз аракеттер милиция, коопсуздук, прокуратура кызматкерлерин эки анжы ойго салууда.

Жетекчиликтин пикири чөптүн башындай кичине желден эле ары-бери оой берсе, аркасында кайсыл жигит туруп бермек эле.

Аскар Жакишев, Нарын Айып берүүсү