Батыш

​«Араб жазынан» Израиль утту

22 января 2018 г. 10:15 1051

Өткөн жылдын декабрында Тунисте нааразычылыктар башталды. Мына ошол президент Бен-Алинин салтанаты бүтүрүп, араб дүйнөсүн толкуткан жана бир нече өкүмдардын алмашуусуна алып келген окуяга быйыл жети жылы толду. Тарыхта бул окуялар «араб жазы» деген ат менен калды.

2017-жылдын декабрында Тунисте кайра массалык нааразычылыктар башталды. Бул ирет Тунис бийлиги дароо жооп кайтарып, негизги оппозициялык саясатчы менен бирге миңден ашык митингчини камап, нааразылыкты тутантпастан өчүрүп калганга аракеттенди.

Нааразылыктар жети жыл мурункудай эле жарандардын көпчүлүгү оор экономикалык абалда кала бергенинен улам башталды. Айрыкча жаштардын жагдайы начар.

Араб дүйнөсү бул он жылдыктын башындагы окуялардан эч кандай сабак албаган сыяктуу. Анда да ыңкылапты учурдагы абалына нааразы, келечектен үмүтү үзүлгөн жаш муун тутанткан. Нааразылыктар кайра эле араб дүйнөсүнүн салыштырмалуу бакубат өлкөсү Тунисте башталганын баса белгилеш керек. Анткени Тунис ошол кездеги ыңкылап толкунуна карабай, саясий туруктуулугун гана эмес, аксак-тескек да болсо демократиялык башкаруусун да сактап кала алган бирден бир араб мамлекети болгон.

«Араб ыңкылабы» башталганда нааразы топторго колдоо билдирүү керек деген чакырыктар Израилде да ташталган. Бирок Израилдин ал учурдагы кийлигишпөө саясаты туура болгону азыр билинип калды. АКШнын президенти Дональд Трамптын иерусалимдик декларациясына байланыштуу окуяларды мисалга алсак болот. Египет бийлиги жалпыга маалымдоо каражаттарына Иерусалим жана Израил менен араздашуу темасын кылдат чагылдыруу керектиги тууралуу буйрук берген. Ошондуктан Каир өз калкынын көңүлүн Иран менен тирешүүгө бурган. Сауд Аравиясы да ушундай жол тутунган.

«Араб жазы» күтүүсүздөн Израил менен сунний мамлекеттердин алакасын бекемдеген. Араб төбөлдөрү мындан кийин израилдиктердин палестиндер менен араздашуусун чечүүнү өздөрүнүн негизги маселеси катары карабай калышты.

Эяль Зисер, Israel Hayom, Израиль