Орусия

​Демократияны кебез менен муунтканда

19 января 2018 г. 19:47 738

Учурдун диктаторлору буга чейинки заалым башкаруучулардай ачык зомбулук менен репрессияларга барышпайт. Бирок алардын кесепети ого бетер коркунучтуу

2017-жылы дүйнөдөгү демократиянын жылдан-жылга алсырап баратканына он эки жыл толду. Freedom House уюмунун быйылкы баяндамасы боюнча, дүйнөдө саясий укук жана жарандык эркиндиктен тайыган өлкөлөр демократия бар мамлекеттерге караганда эки эсе көп деп билдирилген. Орусия, Кытай жана АКШ сыяктуу дүйнөлүк дөөлөттөрдө, Венгрия жана Польшадай жаңы демократияларда, Түркия, Венесуэла, Египет жана Кения сыяктуу регионалдык дөөлөттөрдө демократия алсырап бара жатат.

Эркиндиктин чегинүүсү Американын саясий жана интеллектуалдык лидерлерин анча кабатырлантпаганы таң калтырат. АКШнын өзү коркунучтуу чекке келген мамлекеттердин арасына киргени балким америкалыктарды чочутаар. Бирок Кытай, Орусия, Иран жана Венесуэланын эл аралык майдандагы тоң моюндугу ички саясатындагы зомбулукка таянганын азырынча эч ким ойлонгусу келбейт. Андан да жаманы - дүйнөдө демократиянын катуу алсыраганын билгендер да көбүнчө абал анча деле коркунучтуу эмес дешет. Алар бул оюна эки жүйөө келтиришет.

Биринчиден – мындай адамдар Орусия, Кытай, Египет жана Сауд Аравия сыяктуу мамлекетердеги абалга туура баа бербегендиктен, алардын акыбалы XX кылымга караганда жакшыраак дешет.

Экинчиден – Орусия, Венгрия, Түркия жана Египеттеги шайлоо бурмаланганын моюндаганы менен, атаандаштык эл аралык бардык эреже-талаптарга жооп берген күнү деле Путин, Орбан, Эрдоган жана Сиси баары бир утуп чыкмак, оппозициясын эч ким адилетсиз мыйзамдар менен муунтуп, апачык куугунтуктаган жок дешет.

Келиңиздер, бул эки пикирге тең терең үңүлүп көрөлү.

Мурунку диктатордук бийликке мүнөздүү зомбулукту, массалык басмырлоону жана тоталитардык ыкмаларды заманбап авторитардык мамлекеттер, албетте, көп колдонбойт. Учурда кишилер топ-тобу менен камалган лагерлер жок. Ыңгайсыз кишини жетекчилик макамдан кетирүү үчүн атайын соттор уюштурулушу мүмкүн, бирок айыпталган адамдын мээсин чыгара атуу жок. Кытайдан башка жерде акын жана жазуучуларды чыгармасы үчүн абакка солошкон жок. Дүйнөдө маданий ыңкылаптар токтогон.

Учурдагы авторитардык системалар мурункудан куу, зомбулугу жашыруун болуп калды. Андан да шумдугу глобалдык экономикалык жана дипломатиялык системага ыкташып алышкан. Алар көп пикирдүү сыяктуу көрүнгөнү менен плюрализмди коргогон сот, кийин масс-медиа, акырында жарандык коомду токтобостон жок кылып кете беришет.

Учурдун жеке бийликчилдери зомбулукка барбастан көзөмөл жүргүзүүнү жактырышат. Бирок таяктоо жана өлтүрүүлөр алардын айныгыс куралы. Мыкаачылыкты чектүү, кылдат тандап жана жашыруун колдонушат. Кимдир бирөөнү өлтүртүшкөндө буйрукту ким бергени олуттуу териштирилбейт. Мындай иштердин бети ачылбай, сырдуу жана түшүнүксүз бойдон кала берет. Мунун баары авторитар бийликке каршы чыгып, анын караңгы булуң-бурчтарын жарытам дегендер үчүн ачык сабак болуп калат.

Орусияда акыркы жылдары өлтүрүлгөн журналист, оппозициячыл саясатчы жана жарандык коомдун активисттеринин узун тизмеси пайда болду. Бирок эң начар жагдай ал жакта деп айта албайсың. Генерал Сиси бийликке келген Египеттеги төңкөрүштө коопсуздук күчтөрү бир эле күндө 800 нааразы кишини атып салган.

Саясий туткундар ХХ кылымдын диктатураларынын дагы бир мүнөздүү өзгөчөлүгү болчу. Коммунизм урап түшкөн соң абийир туткундары чанда кезигип калган. Аларды Кытай, Куба, Орто Чыгыш жана Борбор Азиянын кээ бир өлкөлөрүнөн гана тапса болот эле. Бирок акыркы жылдары Түркия менен Египетте миңдеген саясий туткун пайда болду. Кечээ эле демократиясы менен сыймыктанган Венесуэлада алардын 400ү бар. Мурунку Советтер Союзунун аймагындагы эгемендүү мамлекеттерде саясий туткундар брежневдик доордон да көп.

Учурдун диктаторлору жалпыга маалымдоо каражаттарын (ЖМК) куугунтуктоону күчөттү. Оппозициялык, же тарапсыз медиа жабылууда же өлкөнүн жетекчилигине жакын адамдарга сатылууда. Орусия, Венесуэла, Египет жана Венгрияда ЖМКда көп пикирдүүлүк дээрлик калган эмес. Интернеттеги эркиндик бара-бара басаңдап барат. Бийликтин прессасы болгон мүмкүндүгүн жалаага жана каралоого жумшап, сындагандарды ойсоктогон маскарапоз, же коркунучтуу саткын катары көрсөтөт. Оппозицияны тыштагы бирөөнө же өкмөттүк эмес уюмдарга сатылган марионетка деп атайт. Же аларды сырттан келген, «аялдар менен балдарды зордуктап, жергиликтүү маданиятты жер менен жексен кылчу» келгиндерге теңешет. Кабарды жасалмалап, бийликке ылайыктуу дүйнө тааным калыптаган ЖМК советтик доордогу прессадан да жаман.

Ооба, учурдун жеке бийликчилдери зомбулук жана ачык куугунтуктоону анча колдонушпайт. Бирок Пиночет, Черненко жана Хоннекерлерге караганда акылдуураак, куураак жана сабырдуураак. Алар күч колдонбой иш кылууга аракеттенишет. Кандайдыр бир коркунучту сезээри менен аскерлерди, жашыруун полистерди жана жалданма канкорлорду колдонот. Банкрот мамлекетке айланган Венесуэла учурдагы автократиялардын эң жеңили болчу. Бирок президент Мадуро бийлик колдон чыгып бара жатканда ХХ кылымдагы түштүк америкалык диктатуралардын арбактарын пир тутту. Бийликтен кол жууп калуудан жана өз элине каршы кылмыш үчүн жоопко тартылуудан корккон башка диктаторлор айныбай ушул жол менен кетээринен кимдир-бирөөнүн күмөнү барбы?

Өлкөнүн демократиясын кыйраткан диктаторлор эркин, таза жана адилеттүү шайлоодон жеңип чыгалат беле? Ооба, жекечил башкаруучулардын көбү алгачкы чоң жеңишке мыйзамдуу эле жетишкен. Эрдоган да Орбан сыяктуу атаандаш шайлоодо бир нече жолу жеңген.

Бирок биринчи шайлоо көбүнчөсүн бул мамлекеттин акыркы адилеттүү атаандашуусу болот. Уткан партия бийлигин бекемдеп, аны чексиздикке чейин сактап калуу жан-алакетине түшөт. Шайлоо мыйзамдарына бийликтеги партияга ылайыктуу өзгөртүүлөр киргизилет. Бийлик ЖМКны колго алып, аны үгүт жашигине айлантат. Сот бийлиги өкүмдарлык кылган топтун кол баласына айланат. Мамлекеттин текшерүү мекемелери шайлоодо мыйзамды бузду деген шылтоо менен опозициялык партияларга олчойгон айып пул салат. Сынчыл масс-медиага катуу соттук жазалар берилет. Катардагы шайлоочусу, же лидери болобу, оппозициянын баарын желмогуз көрсөтүлүп, «жасалма поляк», «тетири венгр» же «америкалык империализмдин малайлары» аталат. Мамлекет бийликтеги партияны колдоого болгон мүмкүнчүлүгүн жумшап, белек-бекчек таратып, өкмөт башчыларын теледен түшүрбөй, тарапташтарына жеңилдик жана артыкчылыктарды карап баштайт. Мамлекеттик буйрутмалар бийликтеги топ менен байланышы бар байларга берилип, алардын салыгы жеңилдеп, каршы тарапка жакындарга ал мамиленин тескериси кылынат.

Заманбап авторитардык чөйрөдөгү шайлоолор «бир адам - бир добуш - бир жолу» деген идеалдан өтө эле алыс. Бул аябай татаал, кылдат, демек, өтө куу жараян. XXI кылымдын жекечил башкаруучулары шумпайлыгы жана чеберчилиги менен атаандаштарындай эле демократпыз деп ишеничтүү айта башташат. Кимдир-бирөөлөр олуттуу киришип, бул жалгандын бетин ачмайынча, демократия чегинип кете бермекчи.

Арч Паддингтон, The American Interest, АКШ