Ислам дүйнөсү

Мектепке чейинки курактагы балага китепти кантип тандайбыз?

19 января 2018 г. 12:40 2477

Мурдагы макалада жаңы төрөлгөндөн баштап балага китеп окуу мектепте жакшы окушуна себеп болооруна токтолгом. Ал макаладан кийин окурмандардан ар кандай ой-пикирлер айтылды. Бирок мени эң көп “Китеп окууну түшүндүк. Бирок тагыраагы кайсы китепти окуганды сунуштайсың?” деген суроо ойлондурду. Себеби, бул да башыман өттү. Ошондуктан бул макалада мектепке чейинки балага кандай китепти тандап окуу керектигине жана кантип окуу жөнүндө сөз болмокчу. Ар кимдин ар кандай көз карашы болгондуктан, китеп аттарын так атабоону чечтим.

Эмне окуш керек?

Улуу уулум төрөлөөрдө кыргызча китептерди көрсөм эле сатып ала берчүмүн. Алган китептерим жаңы төрөлгөн балама ылайык эмес экенин кийинчерээк аңдадым. Балам чоңойгуча дагы көп бар го деп аларды тууган-туушканга белек кылып жибергем. Андан бери 5 жылдын жүзү болду. Улуу балам 4,5, кичинеси 2,5 жашта. Китеп тармагын бир аз билгендиктен, 5 жыл аралыгында кыргызчага которулган китептер көбөйдү деп айта алам. Америкалык авторлордун чыгармалары кыргызчага которулуп келүүдө. Түркчө китептер да кыргызчага которулуп сатылып жатат. Типографияларда балдарга арналган китептер көп басылып жатканын көрүү кубандырат. Китеп дүкөндөрдө балдарга арналган китептер (орусча көбүрөөк) турган болсо, демек сатылууда деп түшүнүү керек. Сатылбаган китеп текчеде турбайт эмеспи. Мектеп курагына чейинки балдарга кыргызча китептердин саны жетиштүү деңгээлде болбошу мүмкүн. Бирок жылыш бар. Анан кыргызча болбосо да боло берет деген ата-энелер да болушу мүмкүн. Ошондуктан китеп барбы, жокпу дегенден көрө, кандай китеп, кантип тандаш керек деген суроого жооп издейли.

Биринчи китептин сыры!

Балаңызга китеп тандаарда биринчи критерий - китептин балаңыздын жашына жана деңгээлине ылайыктыгын караңыз. 1 жаштагы балага 5 жашар баланын деңгээлиндеги китепти алып албаңыз. Ал деле жаман эмес. Бирок азыркы учурга керектүүсүн алганыңыз оң. Сыйкырдуу курактагы (0-36 ай) балага сүрөтү көп, тексти экинчи планда калган китеп оң. Бирок андан кийинки периоддо (36-66 ай курак) тескерисинче, т.а., текст көбүрөөк, сүрөт экинчи планда болуш керек. Бул куракта сүрөттүн (визуалдык) ордун текст (аңгеме, жомоктор) алат. Ошондуктан сыйкырдуу куракта эч тексти жок деле китеп боло берет. Балаңызга сүрөттү көрсөтүп, диалог түрүндө китеп окуңуз. Биринчи 6 ай үчүн тандалган китеп калың картондон болгону оң, себеби ал китеп акыр аягында баланын оозуна бараарын унутпаңыз. Кыжалат болбоңуз, балаңыз китеп жеген (тыткан) бала болсунJ. Алгачкы китептин ак-кара болгону ыңгайлуу деп айтылат. Себеби, 0-6 ай курактагы балада түстөрдү айырмалоо жөндөмү жок болот экен.

Жакшы китеп суроо суратат!

Айлардын өтүшү менен баланын өнүгүү деңгээлине жараша жана баланын көңүл буруу потенциялына карап башка китептерге өтүңүз. Бул учурда да китептин бетинде сүрөт менен 2-3 сүйлөмдү ашпаган тексттер керек. Суроо суратпаган китеп (өзгөчө алгачкы 3 жыл үчүн) жакшы китеп саналбайт. Жакшы китеп сиз менен балаңыздын ортосунда суроолор аркылуу диалог курууга себепчи болот. Китеп аркылуу балаңызга сүйүүңүздү билдирип, сезимдерди бөлүшөсүз.

Баланын фантазиясын өнүктүргөн китеп!

Балаңыз 3 жаштан өткөндөн кийин окуяларды жомоктоштуруу, аңгемелештирүү маанилүү. Бир беттен кийинки бетке уланган аңгемелер, жомоктор бул курак үчүн төп келет. Бул жагынан баланын фантазиясын арттырган жомоктор тандалып окулат. Мындайча айтканда, баланы космоско учурган китеп. Сыйкырдуу курактагы (0-36 ай) балдар үчүн китеп аз болушу мүмкүн, бирок 3-6 жаштагы балдар үчүн китепти кеңири табасыз. Бир нерсени эске алып коюу керек. Бул куракта турмуштун сабагын берүүдөн алыс китептерди тандаңыз.

Турмуш сабагын берген китеп начар китеп!

Китеп тандап атканда балдарга турмуш сабагын үйрөткөн китептен алыс болуңуз. Негизги максат, китептеги аңгеменин соңунда месседж берүү, же турмуш сабагын үйрөнүү эмес, шаңданып, ырахат алып, жагымдуу убакыт өткөргөнчө баланын сөз байлыгын кеңейтүү. Шашпай туруңуз, убакты сааты келгенде балаңыз үйрөнүшү керек болгон “турмуш сабактарын” ансыз деле үйрөнөт. Бир канча жылдан кийин болсо окуй турган китебин өзү тандап калат. Бирок ага чейин китепти сүйүп, достошушу керек! Мектепке чейинки курактагы балага эң жакшы “сабак” - бала менен китептер аркылуу жагымдуу убакыт өткөрүү. Китеп менен өмүр бою уланчу мамилеге фундамент даярдаңыз. Аягы месседж, же турмуштук сабак менен бүтчү китеп баланын китеп окуу арзуусун жок кылышы мүмкүн. Жомок, же аңгеменин аягы ачык типтеги суроо менен бүтүп, баланын өз алдынча ойлонуусуна түртүшү керек. Түшүнүктүү эле болду окшойт. Аңгеме, же жомок, турмуштан сабак алуу эмес, баланы кыялданууга (фантазиясын өөрчүтүүгө) түртүшү зарыл.

Китеп окуп жатканда китепке эмес, балага караңыз.

Нью-Йорк университетинен Dr. Gigliana Melzi мындай дейт: “Китеп окуу эмоцианалдык иш. Жаңы төрөлгөн бала эмне окуганыңызды, эмне сүйлөгөнүңүздү түшүнбөшү мүмкүн. Бирок балаңыз сиз менен эмоцианалдуу байланышып жатканын байкайт. Китеп окуу эмоционалдуу байланыш курууда маанилүү. Китеп окуганды китеп окудум деш үчүн эле аткарып жатсаңыз, же балага карабай эле китеп окуп жаткан болсоңуз, туура эмес кылып жатасыз. Балага китеп окуп жатканда сүрөттөрдү сүйлөтүш керек. Бул сүйүү менен, жагымдуу үн менен, ыргак менен окуу деген сөз. Китеп окуп жатканда китепке эмес, балага карап окууга шартталган ыкма. Кеп ансыз деле ичинде тексти аз (0-36 ай үчүн) китептер жөнүндө болуп атпайбы. Текст жок, бирок ар бир бетте диалог боло турчу толтура материал бар. Бул диалог кээде сүрөткө жараша чыгарылчу калбаат үн менен башталса, кээде жай ыргак менен кетет. Бала чоңойгон сайын аңгемеге улай суроолорго өтөт. Максаты жөн эле монолог түрүндө китеп окуп коюу эмес, бала менен маектешүү.

Канча мүнөт китеп окуш керек?

Өзгөчө жаңы төрөлгөн бала менен китеп окуу кыска болот. Алгачкы айларда бир канча мүнөт менен чектелгени оң. Биринчи жылдын аягында 5 мүнөт, же максимум 10 мүнөт окуш керек. Бала чоңойгондо китеп окугусу келгенин билдирип, ишарат кылат. Бул ар бир баланын кызыгуусуна байланыштуу экенин эреже катары кабыл алыш керек. Кээ бир баланын кунт коюусу (концентрациясы) 15 мүнөткө жетет. Кээ бири 5 мүнөткө жетпей тажап кетиши мүмкүн. Тагыраак айтканда, ар бир баланын уникалдуулугун унутпай, өзгөчө экенин эске алып, ошого жараша иш кылыш керек. Эмесе сизге да, мага да ийгилик!