Кытай/Индия

Акындар менен желмогуз: Франкенштейнге 200 жыл

18 января 2018 г. 19:09 642

Адабият менен кинематографиядагы «хоррор» агымынын башаты болгон романды жаза баштаган кезде Мери Шелли болгону 18де эле

Мери Шеллинин (Уолстонкрафт Годвинде туулган) «Франкенштейн, же азыркы Прометей» аттуу романы 200 жыл мурун жарыкка чыккан. Негизи новелла катары эле жазыла баштаган чыгармадагы башкы каармандын аты кийин жалпы мааниге өтүп кетти. Баса, бул көпчүлүк адашып ойлоп жүргөндөй желмогуз-гомункулустун аты эмес, тескерисинче так ошол желмогузду жасап чыккан окумуштуу Виктор Франкенштейндин аты. Ал эмес романды бир да жолу окубагандар да керек болсо так ушул Петербург менен Архангельскте башталган чыгармадагы Франкенштейндин атын билишет.

«Өзгөчө тайманбас, өкүм, зирек кыз. Билимге умтулуусу күч, баштаган ишин таштабаган өжөр», - деп жазат кызы тууралуу белгилүү англис журналисти жана философу, анархисттик, атеисттик көз караштардын жактоочусу радикал Уильям Годвин. Атасынын камкордугу, энесинин үлгү болуусу менен Мэри ал кездин кыздарында кездешпеген өтө жогорку билим алган. Белгилүү феминист жана жазуучу апасы кызы туулгандан көп өтпөй эле бул дүйнө менен кош айтышкан. Бирок Мери анын китептерин, айрыкча «аял укугун коргоо» аттуу феминисттик философиянын эң алгачкы чыгармасын окуп чоңойгон.

Натыйжада кыздын көз карашы да атасын курчаган интеллектуалдардын жана эркин ойлонгондордун таасири менен түптөлдү. Анын алгачкы сүйгөнү да акын, философ жана радикал Перси Биши Шелли болгон. 16га чыкканда чыгармачылык менен сүйүүнүн эркиндигин болушунча татып, кумарына батыш үчүн сүйгөнү менен үйүнөн качып кеткен. Ал эми азыркы адабият менен кинематографиядагы «үрөй учуруу» жанрынын башаты болгон «Франкенштейнди» жаза баштаган кезинде ал болгону 18де болчу.

Доордун романы

Женевалык жапжаш студенттин өлүк денени коркунучтуу желмогузга айлантуусу тууралуу жазылган бул чыгарма эки жылдан кийин анонимдүү жарыяланган. Бирок ал адаттан тыш тири шумдукту, сырдуу окуяларды жана мистиканы камтыган биринчи көркөм чыгарма эмес болчу. Доордун чыгармасы болушунун себеби – илимий фантастикалык болушунда эле. Анткени анда баш каарман ар кайсы өлүк денелерден жыйналган жасалма кишини «илимий» тажрыйбалар аркылуу тирилтип алат.

Романдын баш каарманы студент Виктор Франкенштейн эч бир этикалык түшүнүктөр менен чектелбеген билимге умтулат. Бирок, бул чектен ашкан дымагы кандай коркунучтуу жолго түшүп кеткенин ал кеч байкады. Эми ал катасын оңдоого аябай кеч болуп калган. Анын колунан жасалган аты белгисиз, эч кимге кереги жок жана элдин баарына жек көрүнгөн желмогуз бүткүл жашоо милдетин Франкенштейндин мойнуна жүктөдү.

Франкенштейн менен анын желмогузу контекстте адам уулу Кудайдын милдетин аткара албайт деген диний этиканы чагылдырса, жалпы максаты – окумуштуулардын ачылыштарынын кесепети алардын мойнунда дегенди билдирген.

«Көз алдыма окульттук илимге берилген, өң алеттен кеткен купкуу окумуштуу тартылды. Ал өзү чогултуп алган жаратыкка үңүлүп туруптур. Андан кийин киши келбетиндеги ырайы суук фантомду көрдүм. Аңгыча кандайдыр бир өтө кубаттуу кыймылдаткычты иштетип ийди эле, жанагы түрү суук жаратыкта жашоонун белгилери пайда болду. Анын кыймыл аракети эпсиз, алсыз эле. Бул өтө үрөйдү учурган көрүнүш болчу. Андан да коркунучтуусу - киши уулунун Жараткан түзүп койгон механизмди бузуу үчүн жасаган бардык аракетинин натыйжасы болмок», - деп жазат Мэри Шелли.

Франкенштейндин «төрөлүшү»

Мэри Шелли романды жакшылап иштеп чыккан соң, 1831-жылы өз атынан чыгара баштаган. Чыгарманын жазылуу жагдайы кокустан эле пайда болгон десек да болот. Жазуучунун айтуусу боюнча, ал чыгарманын өзөгүн түшүндө көргөн. Буга кошумча болгон негизги себеп болсо индонезиядагы вулкан менен англис акыны лорд Байрон болгон.

1815-жылы индонезиялык аралда адамзат тарыхындагы эң ири вулкан атылган. Малай архипелагынын эң бийик чокусунда жайгашкан Тамбор вулканы өтө көп убакытка чейин магма чогултуп отуруп, акыры атылып чыгып, айланасындагы жандуу-жансыздын баарын кырып, глобалдуу аномалияга алып келген. Анын сапырылган күлү күндүн бетин жаап калгандыктан, укмуштай суук болуп, түшүмсүздүк эң төмөнкү чегине түшкөн. Натыйжада 1816-жыл «вулкандуу кыш», же «жайы жок жыл» деген ат менен тарыхта калган.

Так ушул суук, ачарчылык каптаган жылы швейцардык Ривьерага жаш англичандардын тайпасы келип, календарда жай мезгили болуп турганына карабай күн бою төрт дубалдын ичине камалып, очокту тегеректеп отурууга туура келген. Индонезия вулканынын туткуна айланган достордун арасында Перси Биши Шелли, анын сүйүктүүсү жана келечектеги колуктусу Мэри, акылман лорд Жорж Байрон менен анын кош бойлуу жубайы, Мэринин аталаш сиңдиси Клэр Клермонт жана досу, жазуучу, дарыгер Жон Полироди бар болчу.

Жаштар керээли кечке немистердин жомокторун, көрүмчүлөр менен каргышка калгандар тууралуу аңгемелерин окушчу. Акыры алар бардык коркунучтуу чыгармаларды окуп бүтүрүшкөн соң, лорд Байрондун сунушу менен өз алдынча чыгарма жазууга киришкен. Ошентип так ошол муздак жайда дүйнөлүк адабиятка өтө чоң салым кошулду.

Жон Полироди көркөм адабият тарыхына биринчи жолу вампир түшүнүгүн киргизип, «Вампир» деген аталыштагы новелла жазды. Мэри Годвин болсо өзүнүн «Франкенштейнин» баштады.

Рейндеги сепил

1831-жылы Мэри Шелли романды өз аты менен жарыялап, кеңейтилген кириш сөзүнө чыгарманын жазылыш жагдайына байланыштуу түшүндүрмөлөрдү киргизди. Бирок китеп чыгып кетери менен эле дуулдаткан сын-пикирге кабылган жок (ал адабияттагы шедевр эмес эле). Анткени менен андагы окуянын жүрүшү элдин көңүлүн бурду. Натыйжада романды мисалга тартып, өнүктүрүп жана экрандаштырып жүрүп отурушту.

1823-жылы «Франкенштейнди» биринчи жолу театрга чыгарышса, 1910-жылы анын кинотасмасы тартылды. Желмогуздун салтка айланган келбети болсо британдык актер Борис Карлофф аркылуу пайда болуп, 1931-жылы Жеймс Уэйлдин режиссерлугунда тартылды жана хоррор тармагында шедеврге айланган тасмага айланды.

Мэри Шеллинин адабий мурасын иликтеген кай бир адабиятчылардын айтуусу боюнча, англис жазуучусу өзүнүн башкы каарманын Орто кылымдарда алхимикалык лабораторияга айланган Рейндеги немис сепилинин урматына койгон. Бул сепил тууралуу кептерди Мэри швейцариялык Ривьераны саякаттап жүргөндө укса керек.

Элла Володина, Deutche Welle