Ислам дүйнөсү

​Казактар латын алфавитин жактайт, бирок президенти сунуштаган тамгаларды каалабайт

18 января 2018 г. 18:14 1258

Казакстандын 26 жылдан берки жалгыз президенти Нурсултан Назарбаев улам күчтөнүп келе жаткан Орусияны обочо кармай алды. Геополитиканын бийик толкундарынан ийгиликтүү буйтап, Москва, Пекин жана Вашингтон менен достук алакасын сактап келет. Бирок бул карт саясатчынын таланты казак алфавитине келгенде аксап калгандай

Казактар учурда тилине ылайыкталган кириллицаны колдонушат. Бул советтик башкаруунун мурастарынын бири. Өткөн жылдын май айында Назарбаев кирилл тамгасынан латын арибине өтөбүз деп жарыялаган. Ал муну «ата-бабаларыбыздын гана каалоосу эмес, жаш муун үчүн келечекке жол» деп түшүндүргөн.

Бирок дайыма чоочун жазууну колдонуп келген тилде жаңы алфавитин киргизүү да маселе жаратты.

Президенттин жаңы арип дебаттарына кызуу катышканы жана ал боюнча сунушу өлкөдө болгон чоң жана майда маселенин баары 77 жаштагы кишиге же анын атынан сүйлөгөндөргө байланып калганын айдан ачык көрсөттү.

«Бул биздин мамлекеттин эң чоң көйгөйү. Эгер президент бирдеме деп айтып, же кагаз майлыкка бир нерсе жаза салса, баары кол чабышы керек», - дейт былтыр тил реформасы боюнча комиссияга кирген саясат таануучу Айдос Сарым.

Анын айтымында Назарбаев Казакстанды региондун туруктуу жана өнүккөн өлкөсүнө айлантканы үчүн мактоого татыктуу, бирок «тил чиновниктер үстөмдүк кылбачу кылдат маселе».

Эгемендик алып, улуттук аң-сезимди калыптоо аракетиндеги көп мамлекеттердей эле Казакстанда да тил оорчунду маселе. Бул өлкөдө көп кишилер, анын ичинде казактар дагы эле орусча сүйлөшөт. Бирок 1991-жылы эгемендик алгандан бери Москванын саясий жана маданий үстөмдүгүнөн Астана барган сайын ырааттуу баш тартып келе жатат.

Билим берүү жана мамлекеттик башкарууда орус тилин жылдырып, казакчаны негизги тил кылып алды. Чет тил окутууда англисчени орус тили менен теңеп, казак тилинде тасма жана телеберүүлөрдүн күчтүү агымын жаратып, унутулуп бара жаткан көчмөн салттарын тирилте баштады.

Казакстанды Орусиядан толугу менен көз-карандысыз кылып, дүйнө коомчулугуна кошот деген максатта 2025-жылы латын алфавитине өтүүнү да көбү колдошту. Негизги нааразылыкты Москвадагы Орус православ чиркөөсү менен Казакстанда жашаган орустар билдирди.

Бирок президенттин октябрдагы чечими андан да катуу нааразылык жаратты. Анда кесипкөйлөрдүн пикири эске алынбай туруп, башка элдерде жок казак тыбыштары үчүн апострофтор колдонулган.

Мисалы жаңы алфавит боюнча Казакстан Республикасы – Qazaqstan Respu'bli'kasy деп жазылмакчы.

Адатта казак президентине ачык каршы чыккандар жокко эсе, бирок бул маселеде Назарбаевге туш-тараптан сын айтылды.

Жаңы алфавитте түрк тилиндегидей апострофтун ордуна умлаут (тамгага куйрукча кошуу) колдонууну сунушташкан лингвисттер бийликтин жазуу ыкмасын жагымсыз жана так эмес деп президенттин идеясына каршы чыгышкан.

Кай бирөөлөр апостроф колдонулса гууглдан казак сөздөрүн табуу жана Твиттерге хэштег коюу мүмкүн болбой калат деп арызданышкан.

«Биз өз тилибизди жаңылайбыз деп жатып, интернеттен кол жууп калганы турабыз», - дейт Сарым.

Казак кинорежиссёру Сакен Жолдас президенттин идеясын шылдыңдаган видеоролик тарткан. Аны казак тилин көрксүз жана ыңгайсыз балдыроого айлантчу даяр рецепт деген.


«Ал мындай үрөй учурган пикирди кимден алганын билген киши жок, - дейт былтыр Казакстанга барып келген Мичиган университетинде эл аралык мамиледен сабак берип, түрк тили боюнча изилдөө жүргүзгөн Тимур Кочаоглу. – Казак интеллектуалдарынын баары күлүп, муну кантип окуса болот деп сурап жатышты». Анын айтымында бул жазууну окуйм дегендин көзү талыйт.

Алфавиттин айынан Назарбаев менен анын мамлекетти башкаруу ыкмасы сынга кабылды. Ал оппозицияны көтөрө албайт, бирок коомчулуктун маанайына көз салып турат. Ажонун пикиринен баш тартуусу тууралуу белги берген сенаттын төрагасы, Назарбаевдин жакын кишиси Касым-Жомарт Токаев акыркы чечим кабыл алына электигинен улам, басма сөздө апострофторду колдонуу «али эртерээк» деген.

Казак жазуусу илгертен бери көйгөйлүү маселе. Казактар мусулман болгондуктан кылымдар бою араб арибин колдонуп келишкен.

Өткөн кылымдын башында кыска мөөнөт латын алфавитин колдонгон. 1917-жылкы революциядан кийин орус коммунисттери да бул идеяны колдошкон.

Кийин казак, кыргыз, өзбек жана Советтер Союзунун башка түрк тектүү элдеринин арасында түркчүлүк маанай тарабасы үчүн жана орус маданиятын жайылтуу максатында кирилл арибин киргизүү буйругу келген. Түрк элдери бири-биринин тилин жеңил түшүнүп, бирдиктүү аң-сезимде болбошу үчүн кирилл алиппесинин 20га жакын версиясы иштелип чыккан дейт Кочаоглу.

Казакстанды эгемендүүлүккө алып келгени менен ири орус азчылыгынан чочулаган Назарбаев казак улутчулдарынын латын алфавитин жандандыруу талабын болушунча кечеңдетип келген. Өзбекстан жана Азербайжан сыяктуу өлкөлөр кирилл арибинен небак эле баш тартышкан.

«Биз баарыбыз урап бара жаткан Советтер Союзунан кайтуу үчүн өз мамлекет жана маданиятыбызды курууну каалаганбыз, - дейт алматылык Тил таануу институтунун директору Анар Фазылжанова. – Бирок саясий өңүттөн алганда Казакстанда алфавитти алмаштыруу оорураак».

Анткени менен акыркы 20 жылда орустун көбү көчүп кетип, саны калктын 40 пайызынан 20%ына түшкөндүктөн, демографиялык абал казактар тарапка ооду. Ошентип Назарбаевдин кириллицаны жоюу мүмкүнчүлүгү пайда болду.

«Кириллица орусиялык баскынчылык саясаттын бир бөлүгү болчу, ошондуктан көбү латиницанын киришин империяга каршы кадам катары кароодо», - дейт белгилүү казак саясий баяндамачы Досым Сатпаев.

Орус православ чиркөөсү менен орус улутчулдар бул демилгени Батыш тарапка оогондук жана орус маданиятына чабуул катары карап, каршы чыгышкан. Байланыштары күчтүү эксперттердин айтымында, орус парламенти Назарбаевди улуу саясий ишмер деп мактаган соң, кириллицаны калтыруу боюнча “ишеничтүү” суранып, түрдүү этникалык топтор арасында тынчтыкты сактап калган лидер катары тарыхка кирүү тууралуу билдирүү даярдап жатканын айтышат.

Апрелде Назарбаев Коомдук аң-сезимди модерндештирүү программасын ишке ашыруу комиссиясын түзгөндөн баштап латын арибине өтүү тездеген. Ал комиссияга казак тыбыштырын жазуу системасын иштеп чыгуу тапшырмасы берилген топ да кирген.

Казак тилиндеги тыбыштардын көбүн кошумча белгисиз кирилл же латын ариптери менен берүү мүмкүн эмес. Анда латын алфавитине “тильда” аттуу тамгага кошулган ишарат, же ичке үндүү тыбыштарды билдирген белгилери бар түрк тилинин эрежелерин алуу, же башка фонетикалык белгилерди ойлоп табуу каралган.

Августта тилчилер түрк үлгүсүнө негизделген алфавитти сунушташкан. Бирок президенттик администрация стандарт клавиатурада түрк стилиндеги тамгалар жок деген жүйө келтирген.

Ушундан улам Алматы тил институтунун директору Ерден Кажыбек баш болгон тилчилер ангисче «ch» жана «sh» сыяктуу эки белги менен бир тыбышты билдирген диаграфтарды колдонууну сунуштаган.

Бул президенттин жанындагылардын көңүлүн кыска мөөнөткө бурган, бирок 27-октябрда Назарбаев апострофту колдонуу тууралуу токтомун чыгарганда андан баш тартылган.

Назарбаев сунуштаган алфавитте апострофтор тыбыш үчүн, же созулма үндүүнү билдирүү үчүн колдонулат.

«Муну уккан окумуштуунун баары нес болуп калды», - дейт Кажибек. Президенттин сунушу тууралуу алдын-ала уккан соң, ал жетекчиликти айнытуу үчүн дароо Казакстандын борбору Астанага барган. Бирок ага апострофтор калат дешкен.

Назарбаев эмне себептен түрк тилинин фонетикалык белгилерин колдонгусу келбегендиги туралуу бир эле түшүндүрмө берген. Сентябрда президент: «Компьютерден терүүгө мүмкүн болбогон эч кандай кайырмак менен ашыкча чекиттин кереги жок», - деген. Андан кийин казактын өзгөчө тыбыштарын жазууга диагрфтарды колдонуу да англисче окуганда башаламандыкка алып барат, анткени алар башка тыбыштар үчүн колдонулат деп наалыган.

Бирок кээ бирөөлөр мунун башка себебин айтууда. Назарбаев «Казакстан түркчүлүктү колдоп, Орусиядан алыстады» деген бардык божомолдон качкысы келет. Анткени түрк биримдиги падыша доорунда да, совет убагында да орус бийлигин чочутуп келген.

Андан сырткары, тактан түшсө, же өлүп калса аркасынан эмне деп эскерет деген президенттин жаш курагына байланыштуу маселе да олуттуу болушу мүмкүн.

«Президент аркасында калчу мурас жөнүндө да ойлонот. Ошондуктан тарыхта жаңы алфавит түзгөн киши катары калгысы келет, - дейт латиницага кирүүнү колдогон, бирок президенттин версиясына каршы чыккан Сатпаев. – Бирок, биздин президент филолог болбогону чоң маселе».

Эндрю Хиггинс, The New York Times, АКШ