Орусия

Түркияда «жазасыздык» токтомунан кийинки талаш-тартыш: жеке куралдануу көбөйүүдөбү

17 января 2018 г. 20:27 2930

«Акыркы үмүтүбүз сотто болчу. Бирок мыйзам өкүмүндөгү токтом (МӨТ) менен укуктук жолубуз да жабылды. Бул бизге урулган акыркы сокку болду. Дагы бир жолу кордолдук»

15-августтагы «төңкөрүштө» Богазичи Көпүрөсүндө өлтүрүлгөн Аба күчтөрү окуу жайынын 21 жашар окуучусу Мурат Текиндин эжеси 696-номурдагы мыйзам өкүмүндөгү токтом (МӨТ) кабыл алынышы менен бүтүндөй үй-бүлөнүн үмүтү жалп өчтү.

«Башыман ылдый кайнак суу куюп жибергендей болдук. Айтаарга кеп таппай калдым. Кантип ушундай болсун деп аттык. Өлкөбүздө адилетсиздик болгонун билчүмүн, бирок жок эле дегенде инимди өлтүргөндөрдү жазалашат го дегем. Адилетсиздик мынчалык чекке жеткенине ишенген эмесмин», - дейт ал.

Мехтап Текин бүгүнкүгө чейин эки жолу доо арызы каралбай калганын, соттордун, тергөөчүлөрдүн «Бизге да балээ болот» деп ишти карагысы келбегенин, акыры эч айла таба албай калышкан соң, алдыда Европалык адам укуктары сотуна баруудан башка жол калбаганын айтты.

Текин МӨТ чыккан соң ар кандай коркутуулар жазылган өтө көп кат келгенин да айтты.

«Бир тууганыма жалаа жабышканы үчүн мен арыз жазган кишилер да бар болчу. Ошолор ушул МӨТтөн кийин мага кат жиберишиптир. «МӨТ бизди коргойт», «МӨТтөн жеп алып отуруп каласың го» дегендей каттар экен. Ушунтип жыргап атышат. Биз аларын да тергөөчүгө бердик.

Эми эмне болоорун чынында эле билбей калдым. Инимди өлтүргөндөр тасмаларга деле түшүп калыптыр. Биз аларды да көрдүк. Эми эмне болот? Элдин баарын өлтүрүп коюшса деле мыкаачыларга чара көрүшпөйбү? МӨТ бизге дагы бир жолу сокку урду. Эми кимге арызданабыз?».

«Албетте, аларды коргош керек»

696-МӨТ чыккан 24-декабрдан тартып ушул кезге чейин талаш-тартыш уланып келет. Анткени ушул МӨТ аркылуу 15-июлда «төңкөрүштө» кызмат кылган расмий кызматкерлерге берилген кечирим эми жарандарга да берилди.

«Расмиятта болуп-болбогонуна, расмий милдети бар же жок экенине карабай, 15/07/2016да жүзөгө ашкан төңкөрүш аракети жана террордук чабуулдар менен андан кийин уланган окуяларды токтотуу аракетинде болгон кишилер үчүн да биринчи беренедеги өкүмдөр колдонулат» деп жазылат.

Бул деген катардагы жарандарга да укуктук жана материалдык жаза катары эч кандай суроо-сопкут болбойт деген кеп.

696-МӨТ чыккандан кийин Калктын өзгөчө кыймылы (КӨК) куралдуу элдик кошунунун башкы жетекчиси Фатих Кайа 15-июлдагы «төңкөрүшкө» каршы көчөгө чыгып, куралсыз жаш аскерлерди өлтүргөн эл тууралуу кеп кылып жатып «албетте бул кишилерди да коргошубуз керек» деди.

КӨКтүн борбору Трабзондо жолукканыбызда Кайа: «Сизге кимдир бирөө ок атып атса, сиз ага гүл суна албайсыз да. Балким ошол күнү өзүңүз каалап-каалабай туруп, ошол кездин катаал маанайы менен кылмыш кылып ийгендирсиз. Эми аны азыр жазалоо албетте туура эмес. Аларды коргоого алышыбыз керек. Болбосо эртең дагы эле ушуга окшогон окуя болсо ким көчөгө чыгат? Андай иштерди кылган кишилерди жазага тартсак, эртең дагы бир окуя болсо майданга ким чыгат? Эч кимди таппай каласыз», - дейт.

696-МӨТтүн 121-беренеси менен өкмөттү колдогон жарандардын көчөгө чыгуусун оңойлоштуруу, келечекте боло турган жарандык иш-чараларды жана бул иш-чараларда жасала турган кылмыштарда аларды актоо максаты барбы деген суроолор өтө көп суралууда.

«Террорго байланышы жок кишилер сарсанаа болбосун»

Бирок өкмөт анча кайгыра турган нерсе деле жок дейт.

МӨТтөрдү токуп жаткан президент Таййип Эрдоган жетектеген АК партиянын башкы жетекчиси Жевдет Йылмаз: «Террорго тиешеси болбогон жарандар сарсанаа болбосун» деди. АК партиянын басма-сөз катчысы Махир Үнал да бул токтом бир гана 2016-жылдагы 15-16-июль окуяларын камтыырын айтты.

Анткени менен бул токтомго каршы чыккандар дагы эле токтой элек.

ЖХП (Элдик республика партиясы) партиясынын пресс-катчысы Бүлент Тезжан бул токтом куралдуу топ түзүү менен барабар экенин билдирсе, IYI партиясынын лидери Мерал Акшенер да бул мыйзамга каршы пикирин айтып, келечекте ички согуштарга себеп болот деп эскертүү берген.

Аскердик формачан, курал-жарак көтөргөн кишилер репортаж берди

Акшенер Токат менен Конйа аймактарында да куралдуу машыктыруу лагерлери ачылганы тууралуу кеп бар экенин айтты эле, өкмөт анын калп экенин билдирип, катуу каршы чыкты.

696-МӨТтүн мынчалык катуу талашка түшүшүнүн дагы бир себеби, кайсы бир курал сатуу фирмасында иштейбиз деген аскердик формачан, курал-жарак кармаган кишилер бийликти жактаган каналга маек берип, ал тасма интернетте кызуу талкуу жараткан.

Ал интервьюда куралчан кишилер акыркы жылдары курал сатып алуу оңойлошконун айтып, 15-июль капилеттен болуп кеткенин, эми мындай окуялар үчүн керектүү чаралар көрүлгөнүн билдиришкен.

Ушул кабардан кийин ошол кишилерге жолугуу максатындагы өтүнүчүбүзгө курал фирмасынын жетекчилиги макулдук берген жок.

Бул талаш-тартышка улай, аты эле кыйла шек жараткан Калк Өзгөчө Кыймылы (КӨК) фонду да парамилитардык (жарым-жартылай куралданган жарандар) түзүмдүн мисалыбы деген суроо бир канча жолу берилди.

ЖХПнын Мерсиндеги эл өкүлү Фикри Саалар: «JİTEM аты-жыты чыкпаган уюм болчу. Бирок, атактуу уюмдардын ичине кирчү. Эми болсо эч бир мыйзамдуу органга баш ийбеген КӨК сыяктуу биримдиктер пайда болгонун көрчү болдук. Эртең дагы бир ызы-чууда булар эл алдына чыгып, киши өлтүрөт да, кайра суудан кургак чыгып кутулушат», - деди.

«20 миллионго чукул курал бар»

КӨКтүн башчысы Фатих Кайа болсо Бибисинин Түркия контентине берген маегинде мурда полициянын өзгөчө бөлүгүндө 10 жыл кызмат кылган офицер экенин айтып, азыркы өздөрүнө коюлуп аткан шек-шоораттын баарын калпка чыгарды. КӨК АК партиянын кошумча күчү эмес экенин, ал тургай курал-жарактары да жок деп билдирди.

Мыйзам боюнча 21 жашка чыккан ар бир Түркия жараны буга чейин «6136-берене: Атылуучу Куралдар боюнча» мыйзамына ылайык жазаланбаса, керектүү күбөлүктөрдү толтуруп, ден соолугун текшерткен соң беш жыл курал алып жүрүүгө уруксат алат.

Коопсуздук Башкармалыгынын Өзгөчө коопсуздук бөлүм башчысынын жеке куралдануу боюнча 2017-жылкы отчетунда Түркияда куралга уруксат алуучулардын азая баштаганы, 2017-жылдын сентябрына чейин 63 миң 453 даана курал көтөрүү уруксат берилгени көргөзүлгөн.

Ошону менен бирге, күбөлүксүз курал менен жасалган кылмыштар күбөлүктүү курал менен жасалган кылмыштардан алты эсе көп экени да айтылган.

1993-жылдан бери жеке куралданууга каршы күрөшүп келаткан Үмүт фондунун жетекчи бөлүмүнүн мүчөсү Айхан Акжан Түркияда болжол менен 20 миллиондой кишиде курал-жарак бар болсо, алардын болгону 2,5 миллионунда курал алып жүрүү уруксаты бар дейт.

Акжан: «Уруксатыз курал алып жүрүүдө деле анчалык оор жаза берилбейт. Жарандык укук боюнча, акчалай эле айып тартылат. Анысы деле курал алып жүрүүдөн айныта тургандай деңгээлде эмес. Анан калса атышуулардан кийин уруксаты жок куралды бат эле жок кылып ийишет. Күбөлүгү бар куралдарда балистикалык экспертизадан кийин күнөөлүү киши бат эле табылып калат», - деп түшүндүргөн.

Анткени менен акыркы үч жылда жеке куралдануу аябай көбөйүп баратканын, айрыкча пневматикалык курал сатууда чоң айрымачылыктар бар экенин байкаган Акжан.

Транспорт, деңиз жолдору жана байланыш министри Ахмет Арслан ноябрь айында интернет аркылуу курал-жарак сатууну көзөмөлдөй турган мыйзам үстүндө иштеп атканын айткан.

Коопсуздук башкармалыгы да уруксаты жок курал сатуу маселесин токтотуу үчүн RTÜK менен чогуу иш баштап, спутник антенналары аркылуу иштеген жана аңчылык куралдары тууралуу көрсөтүү берген беш каналды жапкан.

Айрыкча интернет аркылуу пневматикалык курал саткан 100дөн ашык сайтка кирүү чектелген.

Стамбул Эминөнүнөн аңчылык мылтыгын, же курал-жарак аксессуарларын сатып алсаң болот

Академиялык Курал Окутуу борборунан Жем Орчун: «Аңчылык мылтыктарын, сайсыз мылтыктарды, үнү жок куралдарды өлкө боюнча ээн-эркин сатууга мыйзамда уруксат берилген. Азыр интернет аркылуу деле мындай курал-жаракты эч кыйынчылыксыз сатып алсаңыз болот», - деген.

Мындан сырткары интернеттен мурун колдонулган, же аткезчилик менен кирген куралдарды саткан сайттарды да тапсаң болот.

Ал сайттарда баалары ТL (түрк лирасы) менен, же доллар менен берилген, 10-15 миң долларга чейин турган ар кандай моделдеги тапанчалар, мылтыктар турат.

Түркияда мыйзам боюнча тапанча сатуу мамлекеттин көзөмөлүндөгү Машина жана Химия Индустриясы (MKE) уюмунун сатуу бюролору аркылуу жүргүзүлөт.

Анткени менен, мисалы Стамбул Эминөнүнүн Мержан Йокушундагы дүкөндөрдөн деле аңчылык мылтыгын, же курал-жарак аксессуарларын сатып алууга болот.

Соодагерлер курал сатуу 15-июлдан кийин укмуштай күч алганын, бирок акыркы убактарда гана жакшы өтпөй калганын айтат.

Бул жерде кур дүрмөт тапанчалардын баасы 120 менен 200 лиранын тегерегинде болсо, аңчылык мылтыгы 700-750 лирадан баштап, 2500 лирага чейин чыгат.

Мейдан аңчылык уюмунан Исмаил Торун курал алгысы келгендер интернет сайттарын, же болбосо аткезчилик жол менен курал сатуучуларды оңой эле табышкандыктан, ошолор менен иш кылышат дейт.

«Аткезчилик менен курал сатуу деген нерсени эми токтотсок деле болот. Жарандар «Ой мен тигил жерден оңой эле сатып алмакмын, мени эмне эле убара кылып атасың?» деп нааразы болушу мүмкүн», - деп кошумчалайт Торун.

Стамбулдун дагы бир жеринде аңчылык мылтыгы менен иштеген киши менен жолукканыбызда ал мындай куралдарга күбөлүк алуу деле оңой экенин айткан. Жашыруун камера менен тартып отурганыбызда ал «Бир күндө бардык керектүү документтерди даярдап койсо болот» деп сүйлөдү.

Үмүт фондунан Айхан Акжан Түркияда ансыз деле курал алып жүрүү адаты бар экенин айтып, «ат, аял, курал» деген макалды эскертти.

Фонд катары аскер, полис жана жандармдардан сырткары катардагы жарандардын курал алып жүрүүсүн, жок эле дегенде метрополитендерде такыр тыюу салынуусун каалаган Акжан, буга жетүү чараларын төмөнкүдөй тизмектеди:

-Курал алып жүрүү уруксаты 21ден 25 жашка жогорулатылсын;

-Уруксат мөөнөтү эки жылга кыскарсын;

-Жубайынын да ыраазычылыгы алынсын;

-Экиден ашык курал алууга уруксат берилбесин;

-Окутуу жана машыктыруу мажбур болсун.

«Түркияда «төңкөрүш» аракети болду. Ошондон баштап укмуштуудай коркунуч жана кооптуулук заманы башталды. Эми карапайым калк дагы куралданса жакшы болуп кетчүдөй аракет кылып атышат. Бул өтө коркунучтуу эмеспи.

Көзөмөлсүз жана коркунучтуу тайпалар бар. Көпкөн топтор бар. Өкмөткө, мамлекетке өзүн атап койгондой болуп, өздөрүн кудум бул өлкөнүн кожоюнундай сезип жүрүшөт. Мына ушул кишилер 696-МӨТтү бетине кармап күнөө кылышы мүмкүн. Ошол күнү буларды көзөмөлдөй албай каласыңар.

Өкмөт буларды колдобошу керек эле. Шарт түзбөшү керек эле. МӨТтү сөзсүз чектебесе болбойт. 12-сентябрдан, 60-жылкы көтөрүлүштөн (буга чейинки көтөрүлүштөр тууралуу айтылууда - Саресеп) мурда да мындай окуялар болгон. Бул чектөөлөрдү койгула. Болбосо акылга сыйбай тургандай кан төгүүлөр болуп кетиши мүмкүн», - дейт Айхан Акжан.

Селин Гирит, Бибиси, Түркия