Батыш

НАРЫН КАЗЫЯТЫ КАЙРЫМДУУЛУК КАТАРЫ 50 ҮЙ-БҮЛӨГӨ АЗЫК-ТҮЛҮК ЖАНА 5 ҮЙ-БҮЛӨГӨ 5 БООЗ УЙ ТАРАТТЫ

17 января 2018 г. 13:29 332

Кечээ, 16-январь шейшемби күнү Нарын казыяты Нарын шаарынын хатибияты менен биргеликте Нарын шаарындагы жардамга муктаж 50 үй-бүлөгө наркы 3000 сомду түзгөн азык-түлүк баштыгын жана бирден кап ун таркатты. Жана ошондой эле Нарын шаарынын, Нарын районунун жана Ат-Башы районунун тургундары болгон 5 үй-бүлөгө мал кылып багуу шарты менен 5 бооз уй (жаз туут) сатып берди. Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга азык-түлүктөр үйлөрүнө жеткирилип берилди.

«Жолдошум кайтыш болуп калганына 8 жыл болгон. Берген жардамыңыздарга чоң ырахмат. Кудайым силерге ыраазы болсун. Бул уйду туудуруп, буюрса мал кылып алалы деп турабыз», – дейт уй берилгендердин арасынан Жалгыз-Терек айылынын тургуну, көп балалуу эне Айнагүл Сатылганова.

Нарын шаарынын баш имам-хатиби Оруналиев Азатбек кайрымдуулук иштери тууралу төмөнкүлөргө токтолду;

- Бул кайрымдуулук иши Нарын казыятынын жана демөөрчү ага-эжелердин демилгеси менен ишке ашууда. Демөөрчүлүк кылган адамдардан Аллах Таала ыраазы болсун. Баштыкка май-чайынан тартып, күрүч, этине чейин салганга аракет кылдык. Нарында жардамга муктаж адамдар көп. Азык-түлүк баштыктары чектелүү болгондуктан алардын баарына тарата алган жокпуз. Буюрса, эмки кайрымдуулукта бул жолу жардам албагандарга басым жасап, кезек менен көмөк көрсөтөбүз.

Эскерте кетсек, ушул сыяктуу материалдык жардамдар социалдык коргоо мекемелеринде жана казыятта тизмеде турган жарандарга берилип келүүдө.

Нарын казыятынын басма сөз кызматы