Батыш

​Freedom House: Кыргызстанда оппозицияга кысым, шайлоодо адилетсиздик

17 января 2018 г. 11:57 507

Эл аралык Freedom House укук коргоо уюму 195 өлкөдөгү жарандык жана саясий эркиндикке байланыштуу ар жылкы баяндамасын чыгарды. Быйылкы баяндаманын аталышы: «Дүйнөдө эркиндик – 2018: демократия кризиси» деп аталат. Анда Кыргызстан 37 упай алып, «жарым-жартылай эркин» мамлекеттердин катарында калган.

Баяндамада эркиндик деңгээли 100 упайлык системага жараша өлчөнөт. Эң жогорку упай 100, эң төмөнү – 0.

Изилдөөнүн авторлору акыркы 12 жылда дүйнөдөгү эркиндик барган сайын төмөндөп баратканын белгилешкен. 71 өлкөдө жарандык жана саясий эркиндиктердин төмөдөөсү байкалган. Дүйнөнүн 35 мамлекети гана «толук эркин» деген деңгээлге жете алган.

Кыргызстан былтыркысындай Борбор Азиядагы жалгыз «жарым-жартылай эркин» өлкө деп аталган. Тажикстан 11, Казакстан 22, Өзбекстан 7, Түркмөнстан 4 упай менен эркин эмес мамлекеттердин катарында орун алышкан.

Изилдөөдө белгиленгендей, Евразияда бийлик жыл бою реформаларга бут тосуу аракетинде болгон.

Армениядагы жана Кыргызстандагы кемчиликтер менен иштеп келген шайлоо системасы демократиялык эрежелерди тынымсыз бузуу менен коштолгон. Бийликтеги партиялар эки өлкөдө тең оппозицияга басым көрсөтүү, шайлоого келген элди коркутуу жана бийликти сактап калуу максатында административдук ресуртсу колдонуу менен алектенген.

Толук эркин деп 100 упайга жеткен Финляндия, Норвегия жана Швеция айтылган. Канада 99, Австралия, Люксембург, Жаңы Зеландия жана Уругвай 98 упай алышкан.

Эң акыркы орундарды Сирия, Түштүк Судан, Эритрея, Түндүк Корея, Түркмөнстан жана Экваториалдык Гвинея ээлеген.

Жарандык жана саясий эркиндиктер эң тез төмөндөгөн өлкө Түркия болду. Быйыл бул өлкө рейтингде 6 упай төмөндөп, биринчи жолу «жарым-жартылай эркин» категориясынан «эркин эмес» өлкөлөрдүн арасына кирди. Түркия акыркы 10 жылда 34 балл төмөндөгөн.

Кактус медиа, Саресеп