Бир нерсе окуп калдым азыр, Президент Садыр Жапаровдун кеңешчиси (же жардамчысыбы, билбейм), Мурат Укушев жазган экен, өзү Кыргызстандын “эмгек сиңирген юристи” экен

Дароо, демократия темасын көп жылдар бою окуган киши катары айта кетейин (кээде, “эмгек сиңирген юристтер” демократияны анчейин биле бербегендей), макала эң эле уялаарлык, псевдо-интеллектуалдык, жалганы аралашкан, катасы толтура, пропагандалык мазмуну “илимий” тилге оролгон, бир карасаң поэзия, бир карасаң фарс – кыскасы, “биздин мамлекет башчыга кеңеш берген, ишенген мээлердин бири ушул болсо, анда” деп башты кашылап калчу макала экен.

Демократия жөнүндө бир чоң бүркүм сөз айтыптыр, анысын кыскарсак, 2-3 пункт айткысы келиптир:

– Дүйнөдөдө демократиянын 3 модели бар экен (туура эмес, айта кетейин, өзү эле ойлоп тааптыр) – классикалык (грек), европалык, жана азиялык. Кыргызстан азиялык демократияга бурулушу керек экен.

– Батыш/Европа демократиясы чирип, өзүнөн өзү жок болуп баратыптыр, анын эң эле чоң ооруусу – ЛГБТ экен (окуп жатып, Укушев өзү ошол маселеден башканы билбей калган окшойт дедим)

– Азиялык демократия модели дегенде эле, эч ким билбеген жаңылык ачкансып, Сингапурдун лидери Ли Кван Юну цитаталарын кечке келтирип мактаптыр.

– Эми, Кыргызстан Сингапур сыяктуу Азия өлкөлөрүнө кайрылып, чыныгы жарамдуу демократия курушу керек экен. А дегени, жарандык коом уюмдарын жокко чыгарыш керек экен (мамлекет жарандык коомдун ролун өзү ойнойт экен), жеке жарандар жалпы коомго баш ийиш керек экен (а жалпы коом ким экенин, эмне ойдо экенин, албетте, мамлекет Укушев сыяктуу рупорлор аркылуу чечет ко), биринчи орунда тартип, баш ийүү туруп, эркиндик, тандоо сыяктоо нерселер четте туруп турушу керек экен… Ли Кван Ю Сингапурда демократияны авторитардык ыкмалар менен куруптур, баса.

Эми, президент өзү кызыкса, же мамлекеттик катчы өзүнүн ишинин алкагында кызыкса, мындай килейген, мамлекет үчүн ары маанилүү, ары зарыл, ары интеллектуалдык жагынан кызыктуу да, табышмактуу да болгон бул темада, Мурат Укушев сыяктуу жомокчулар, өзү жакшы көргөн Геббельске теңелип, саясий бир ботко бышырып сала электе, ачык-айкын диалог курсак сонун болмок.

Азырынча айта кетейин: демократиянын 3 эмес, керек болсо 30 модели да бар, керек болсо ар бир мамлекеттин демократиялык башкаруусу уникалдуу; эч ким, эч кайсы коом ЛГБТ болуп кете элек, болбойт дагы, Укушев андан эч кам санабаса болот. Сингапурдай болуу бизге – кыргызга – жакпайт да, жарашпайт да, ишке ашпайт да, ал тууралуу кыялданбай эле койгон оң. Бирок мамлекеттик башкарууда, экономика башкарууда Сингапурдан да, Германиядан да, АКШдан да ала турган өрнөктөр толтура.

Демократия чындыгында татаал, анын азыркы акыбалы да оңой эмес. Бирок Кыргызстанда өзүбүзгө жакчу демократия курууга укугубуз да бар, жолубуз да ачык. Чала-чарпык угуп алып эле “жаркыраган Сингапурдун” жолуна бассак жыргайбыз деп адашпайлы. АКШдай да болбойбуз, коркпогула. Бирок демократиянын бардык моделдерин бириктирген, баарына орток, ар бир жаранга жагымдуу принциптер бар. Ошолорду тактап алып, бизде алар кантип ишке ашуусу мүмкүн экенин талкуулоо зарыл.

Эмилбек Жороев