Ара жолдогу мамлекет

2017-жылдагы 10 илимий секирик

16 января 2018 г. 13:23 350

Нобел сыйлыгына татыган LIGO детектору менен дагы кошумча 70 телескоптун бирге иштөөсүнүн натыйжасында биринчи жолу эки нейтрондук жылдыздын ээрип жабышканы байкалган. Science басылмасынын пикиринде, бул 2017-жылдын эң маанилүү илимий ачылыштарынан.

Эң чоң 10 ачылышка бизге мурдатан белгилүү болбогондор, өтө катаал ооруларды айыктыра турган жаңы каражаттар, генди оңдоонун жаңы ыкмалары жана биздин түрдүн кыйла байыркы экенин салыштыруу сыяктуу нерселер кошулду.

1. Нейтрондук жылдыздардын кагылышуусу

LIGO детектору астрономияда таптакыр башка доор башталганын дагы бир жолу көргөздү. Үстүбүздөгү жылдын 17-августунда ал тарыхта болбогон белгини каттаган. Бул белги галактикада бизден 130 миллион жарык жыл аралыкта эрип жабышып аткан эки нейтрондук жылдыздан келип атыптыр.

LIGO детектору былтыркы жылы да чоң ачылыштардын катарында биринчи орунду камсыздаган. А бул жылы болсо физика боюнча Нобель сыйлыгы аны менен иштеген Райнер Вайс (Rainer Weiss), Барри Бэриш (Barry Barish) жана Кип Торнго (Kip Thorne) берилди.

Бирок 17-августтагы окуя LIGOнун дагы бир жолу биринчиликке татыктуу экенин көргөздү. Буга чейин ал кара тешиктердин төрт кагылышуусунан пайда болгон гравитациялык толкундарды байкаган. Бул жолу болсо астрономдор кадимки телескоптор деле байкай ала турган эки жарык жылдыздын кагылышуусун биринчи жолу байкаары менен бардык жер бетиндеги кесиптештерине жылдыздар арасында кызыктуу нерсе болууда дегендей маалымат жиберишкен.

LIGO менен гравитация толкундарын өлчөгөн Virgo детектору жана дагы башка 70 телескоп эки нейтрондук жылдыздын өлүм алдындагы бийин көрүп, кагылышуунун натыйжасында туш тарапка чачыраган жарык толкундарына, алтындарга, платиндерге жана башка оор элементтерге күбө болушту.

Нейтрондук жылдыздар абдан тыгыз келет. Чоңдугу 10 километр диаметриндеги атом ядросундай болгону менен, салмагы Күндөн бир жарым эсе оор. Азыр астрономдор кагылышуу маалында пайда болгон элементтер аркылуу биринчи жолу теорияларын текшерүү мүмкүнчүлүгүн алышты.

LIGO менен Virgo өлчөгөн гравитациялык толкундар чыныгы оор салмактуу асман заттарынан турган мейкиндиктеги анча чоң эмес чыбырчык эле. Аларды өлчөө мүмкүндүгү кудум симфониялык оркестр тууралуу тартылган үнү жок тасмага үн кошуп жибергендей таптакыр жаңы маалыматка жол ачат. 17-августта LIGO менен Virgo берген үн алгачкы жолу башка обсерваториялардан алынган көрүнүшкө кошулду жана биз аалам концертинин кичинекей бөлүгүн уга алдык.

2. Киши кептенген маймыл тукумундагы жаңы түр

Быйыл бизге жаңы «тууган» кошулду. Ал Суматранын түндүгүн мекендеген, мурда бар экени белгисиз орангутан. Буга чейин киши кептенген маймылдардын алты түрү бар деп келишкен. Алар шимпанзе, карлик шимпанзеси, горилланын эки түрү, Борнеодогу калимантандык орангутан (Pongo pygmaeus) жана Суматралык суматран орангутаны (Pongo abelii) болчу. Тапануль орангутаны (Pongo tapanuliensis) деп аталган бул жаңы түр Тоба көлүнүн берки жээгинде, суматрандык орангутандардан болгону 100 чакырым аралыкта жашайт жана алардан генетикалык жактан да, кылык-жоругу жактан да айрымаланат. Ушул маалыматтарга караганда, ал үч түрдөгүлөрдүн эң байыркысы. Табиятта алардын болгону 800дөй өкүлү калып, плотина куруу иштеринен улам таптакыр жоголуп кетүү коркунучунда турат.

3. Атом деңгээлиндеги жашоо тууралуу тасма

Нобел комитети аркылуу сыйлыкка татыктуу деп табылган Scienceдеги он ачылыш кыйла эле таң калычтуу. Негизи, комитеттин тандоо иши өтө көп убакыт алат. Бирок, бул жылы ондун ичине физика боюнча Нобел сыйлыгына көрсөтүлгөн окуялар гана эмес, химия боюнча сыйлыктын ээлери негизин түптөгөн криоэлектрондук микроскоп да кирди. Мына ушул технологиянын жардамы менен окумуштуулар үжүрөлөрдүн (клетка) молекулаларын атомуна чейин изилдөө мүмкүндүгүн алып, керек болсо молекулалардын кандай кыймылда болуп, бири-бири менен кандай байланышарына чейин тасма тартып жиберишти.

4. Биологдор макала бөлүшүүдө

Жарышта физиктерден кийин эле жарыяланбаган илимий макала бөлүшүүнүн жолун табышкан биологдор келатышат. Илимий басылмаларга жазылуу кымбат болгону аз келгенсип, жыйынтыктар ага жарыялангыча бир далай убакыт алат. Физика, математика жана астрономия боюнча 1991-жылдан бери arXiv аттуу маалымат казынасы иштеп келет. Ал жерден ким болбосун жасалган иштердин жыйынтыгын көрүп, өзүнүн конструктивдүү сын-пикирин автор илимий басылмаларга бере электе эле айта алат. Быйылкы жылы биологдордун ушуга окшогон эле bioRxiv аттуу маалымат казынасы ишке кирди.

5. Генди оңдоо

Ар кандай оору-сыркоолордон улам кишиде 60 миңдей генетикалык кемтиктер болоору белгилүү. Мунун дээрлик 35 миңи A, C, G жана T генетикалык код блогундагы бир эле түзүмдүн бир эле жолку катасы аркылуу жүзөгө ашканы менен түшүндүрүлөт. 2015-жылы Science рейтингинде биринчи орунду алган генетикалык кайчы Crispr, эми генди кесип, башкаларга кошпой койот. Андан да жаманы, ал генетикалык коддогу бир «тамганын» да ордун алмаштыра алат. Гарвард университетинин окумуштуулары химиялык жол менен каталуу Сны Тга, каталуу Gны Ага алмаштырып койо турган аспап жасашты. Броуд институтунун окумуштуулары да ошондой эле ишти ДНК-РНК молекулалары аркылуу ишке ашырышты.

6. Ракты кайда жашынганына карабай айыктыруу

Май айында АКШда рактын дарысы пембролизумабга («Кейтруда» деген ат менен сатыкка чыккан) макулдук берилди. Бул анча деле укмуштуу ийгилик сезилбеши мүмкүн. Медикаментти өнөкөт меланомго каршы колдонууга уруксат берилген. Бирок азыр аны рактын бардык түрүнө каршы колдонууга болот. Рактын 12 түрү менен ооруган 86 оор кесел пембролизумаб менен дарыланып, жарымынан көбүнүн шишиги кичирейген. Мына ушул маалыматтар деле ракка каршы күрөштүн жаңы стратегиясын түптөөгө жардам бере алат.

7. 2,7 миллион жыл мурунку Жердин атмосферасы

Антарктиканын музунда илгерки замандын абасын камтыган көбүктөр бар. Окумуштуулар 2,7 миллион жыл мурунку музду тешүү мүмкүнчүлүгүн алышты. Бул мурунку рекорддон 1,7 миллион жыл эски. Аталган муз муз доору менен жылуу мезгилинин ортосундагы мезгилге таандык болуп, алгачкы анализдер ал кездеги көмүр кычкыл газынын атмосферадагы көлөмү азыркыдан кыйла төмөн болгонун көрсөттү. Эми окумуштуулар парник газы болжол менен азыркыдай эле көлөмдө болгон 5 миллион жылдык музду көзөп көрүүнү болжошууда.

8. Homo sapiensтер биз ойлогондон да картаң

Быйыл биздин түрдүн жаралуу жери жана убагы тууралуу болжолдор өзгөрдү. Буга чейин Homo sapiensке таандык деп эсептелип келген эң байыркы ташка айланган келбет Эфиопияда табылып, 200 миң жыл болду деп келсе, эми андан да мурунку бабаларыбыз болжол менен 300 миң жыл мурда, азыркы Марокконун аймагында болгон окшойт деген божомол чыкты. Мындай ойго Марракешадан жүз чакырымдай батышта жайгашкан Жебел-Ирхуд үңкүрүнөн табылган баш сөөк менен аспаптар себеп болду. Тоо кенчилер ал баш сөөктү 1961-жылы эле тапканы менен, антрополог Жан-Жак Юблен (Jean-Jacques Hublin) жаңы казуу иштерин жүргүзгөнгө чейин аны мурункулардан жашыраак деп эсептеп, палеолит доорундагы африкалык эле болсо керек дешкен.

9. Ген терапиясындагы ачылыш

Жүлүн атрофиясы – өтө жаман илдет. Мунун оор түрүнө кабылган балдар эки жашка жетпей көз жумат. Булчуңдардын иштөө жөндөмү акырындап алсыздайт жана аягында бала дем ала албай калат. Бирок буга да азыр үмүт пайда болду. Гендик терапиянын жогорку үлүшүн алган 12 баланын 11и тамактанып, отуруп, сүйлөшүүгө жарап калды. Экөө болсо баса баштады.

Анткени менен бул гендик терапиядагы жалгыз ачылыш эмес. Мисалы, бир балага жаңы тери капталып, иммундук үжүрөлөрүн оптималдаштыра турган кандагы ракты дарылоонун эки вариантына жол табылды.

10. Нейтриного кичинекей детектор

Нейтрино — бул электрондон миллион эсе жеңил отурган ушунчалык тырмактай заряды жок нерсе. Ал бүтүндөй Жерди эч кандай тоскоолдуксуз тепчип өтө алат. Ошондуктан аны изилдөө өтө кыйын. Буга чейин аны изилдеш үчүн Япон шахтасындагы 50 миң тонналуу атайын тазаланган суусу бар килейген темир резервуар «Супер-Камиоканде» (Super-Kamiokande), же бир нече чакырымга созулган антарктикалык муздан алынган «муз кубу» (IceCube) сындуу өтө чоң детекторлор керектелчү. Быйыл болсо окумуштуулар нейтринону детектордун өтө ыңгайлуу жана 14 киллограмдан бир аз оорураак жаңы түрү аркылуу көрө алышты.

Жылдын илимдеги акмакчылыгы

Дональд Трамп президенттик бийликке келгенге чейин эле көптөгөн окумуштуулар анын илимге жасай турган мамилесинен катуу чочулап келишкен. Чынында эле бул негизсиз болгон жок. Трамп бийлигинин биринчи эле жылында АКШ аба ырайы боюнча Париждик келишимден чыгуусу керек деген чечим кабыл алып, илимге душманча мамиле кылгандарды жетекчиликке коюп, (мисалы айлана-чөйрөнү коргоо департаментинин жетекчиси) илимге бөлүнгөн каражатты кыскартты. Андан сырткары, ал өзүнө илим-билим боюнча эч кандай кеңешчи алган жок. Бирок, ушунун баары буга чейин такыр болбогон ишке себеп болуп, дүйнөлүк окумуштуулардын баарын илимди коргоо Маршына чыгарды.

Дагы кошумча фиасколор – жок болуп бараткан деңиз чочкосун (азуулуу киттердин түрү) сактоо аракетин токтотуу жана илим чөйрөсүндөгү сексуалдык басмырлоо маалыматы болду.

Мария Гунтер (Maria Gunther), Амина Манзур (Amina Manzoor)