Орусия

​Борбор Азия транзити. Темир жолдордун бир заматта көбөйгөнү эмнеге алып барат

16 января 2018 г. 12:28 1276

Борбор Азияда темир жол инфраструктурасын жакшы билгендердин күнү тууду. Буга чейинки маршруттун көбү түштүктөн түндүктү карай төшөлүп, регионду Орусияга байлап турган. Анткени геополитикалык таасирдин борбору ошол жакта болчу. Бирок азыр баары башкача. Бир нече долбоор боюнча темир даңгыр жолдору чыгыштан батышты карай созулмакчы. Жергиликтүү өкмөттөр аймагынын кыска жолдору да өлкөсүн туңгуюктан чыгараарын сезип баштады

Бирок эксперттердин айтымында бул позитивдүү демилгелер бюрократия жана тескөө жетишсиздигинен улам ишке ашпай калышы мүмкүн. Бардык долбоорго жеткендей каражат да тартыш болуп калышы мүмкүн.

Кытайдын учурдагы саясий жана экономикалык күчү бул долбоорлорду тартып кетчү кара өгүз шекилденип, аларды «Бир кырчоо, бир жол» демилгесине байлады. Бул демилгенин алкагында Евразия аймагы боюнча деңиз жана кургактагы инфраструктуралар курулмакчы.

Акыркы алты жылда Казакстан темир жол тармагына 3 млрд доллардан ашык каражат жумшап, Европа менен Кытайды байланыштырган негизги түйүнгө айланууну көздөөдө. Өткөн жылы жазында «Чыгыш илеби» деген поезд 20 күнгө жетпей кытайлык Иу портунан Лондондун чыгыш тарабындагы депого жетип барды. Ал жерге кытайдын товарларын түшүрүп, 88 вагондон турган поезд Кытай эл республикасына машина жана медициналык жабдуулар, виски жана бөбөк боткосу менен кайтып келди.

Бул поезд Казакстанда Орусиядагыдай эле жол жүрүп, Борбор Азиянын Транссибирдик транзиттик маршруту менен атаандаша алаарын көрсөтүп койду. Казакстандын кытайлар менен чектешкен Хоргос шаарынан Каспий деңизинде жайгашкан Актау портуна барчу маршрут товардык вагондорду Каспий жана Кавказ аркылуу Европага киргизип жеберүүгө шарт түзөт. Башкача айтканда Орусияны айланта кетирсе болот.

Хоргос-Актау сыяктуу темир жол бутактары буга чейинки «боштуктарды толтурат» деп эсептейт кесиптик Railway Gazette International гезитинин редактору Эндрю Грантхам.

Континенттер аралык демилгелер көңүлдү катуу бурганы менен регионго локалдуу долбоорлор көбүрөөк таасир этиши мүмкүн.

Борбор Азияда темир жол байланышын өнүктүрөм дегендер үчүн Өзбекстанда президентикке Шавкат Мирзиёевдин келгени жакшы жаңылык болду. Ал 2016-жылы капыстан каза тапкан Ислам Каримовдун ордуна шайланган.

Каримов да темир жол салууга каршы эмес болчу, бирок аны кошуналар менен мамиле үзүү үчүн колдомок. Каримовдун режимин мүнөздөп турган акыркы долбоор 2 млрд долларды жуткан Ангрен-Пап темир жолу болгон. Бул жол буга чейин ошол эле маршрут боюнча кыска темир жолу бар экенине карабай салынган. Бирок ал араздашып жаткан Тажикстан аркылуу өтчү.

Мирзиёев мындай өзгөчөлөнүү саясатынан баш тартып, регионалдык кызматташууну Өзбекстандын экономикалык жана тышкы саясатынын негизине айлантты.

Декабрь айында Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков Өзбекстанга келгенде, ал эки мамлекетти байланыштырчу жана Кытай менен бириктирчү небак долбоорлонгон темир жолду салуунун зарылдыгын Мирзиёев менен бирге айтты.

Royal United Services Institute британ институтунун илимий кызматкери Раффаэлло Пантуччи Өзбекстандын кеңири ачылганын «Регионалдык кызматташууну жакшыртуу үчүн Кытайга өтө жаккан негизги фактор» деп эсептейт.

«Ташкент учурда өтө активдешти. Бул бир гана Кыргызстан аркылуу Кытайга чыккан темир жолго тиешелүү эмес. Анын саясаты Афганистанды да камтыйт», - дейт Пантуччи.

Декабрда Мирзиёев афган президенти Ашраф Ганини да кабыл алган. Сүйлөшүү учурунда Мазари-Шариф шаарынан өзбек чек арасына кирип, Шиберген жана Маймана шаарлары аркылуу кайра Афганистандын батыш тарабындагы Гератка барган темир жолун салып бүтүү келишими түзүлгөн.

Бул темир жол Афганистанды Борбор Азияга жакындатат, Өзбекстан болсо Афганистан жана Иран аркылуу Перс булуңуна чыга алат.

Тышкы дүйнөгө чоочундашып кеткен Түркмөнстан да темир жол байланыштарын куруу шарына кире баштады. Анткени ал аркылуу табигий газдын арзандыгынан улам жабыркаган экономикасына жан кире баштайт.

2016-жылдын аягында түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен афган кесиптеши Гани жолуккан соң жар салынган “Ляпис Лазули” темир жолу Афганистандан Европага чыгуу мүмкүндүгүн берет. Түркмөнстан үчүн да утуш болоору айдан ачык.

Өткөн жылдын ноябрында түркмөн соода министри Доран Оразмырадов 2017-жылы Афганистан менен соода-сатык 20 пайызга жогорулаганын билдирген. Түркмөнстан Афганистанга көбүнчөсүн мунай жана айыл-чарба товарларын экспорттогон.

2014-жылдын аягында президент Бердымухамедов, Ирандын президенти Хасан Роухани жана Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Каспий деңизин бойлоп жайгашкан үч мамлекетти бириктирген темир жолун ачышкан. Бул долбоор да борборазиялык мамлекеттерге дүйнөлүк океанга чыгуу мүмкүндүгүн берди.

Бирок бул сыяктуу көп долбоорлор кыйынчылыкка кабылышы мүмкүн.

Мурунку советтик Борбор Азия өлкөлөрүнүн темир жолдорунун кеңдиги 1,520 миллиметр. Бул Европа менен Кытайдагы стандарттарга караганда бир топ эле башкача. Ошондуктан борборазиялык мамлекеттердин чек арасынан жүктөрдү эки жолу башка вагондорго которууга туура келет. Бул болсо убакытты алат.

Railway Gazette Internationalдын редактору Грантхамдын айтымында мындай техникалык тоскоолдор эч нерсе эмес. Региондогу бюрократиялык тоскоолдорду чыныгы маселе десе болот.

«Чек араларды өтүп жатканда бюрократиялык кагаз иштери өтө чоң көйгөй», - дейт ал. – Мындан сырткары бул өлкөлөрдө коррупция маселеси курч. Бир жүк жиберген киши пара талап кылбашы үчүн чек арачылардын маянасын эки эсе көбөйтүүдөн башка чара табылбаганын айткан».

Жаңы транзит маршруттары аракеттердин жакшы тескелүүсүн талап кылат. Бул үчүн Варшавада жайгашкан Темир жол кызматташтык уюму сыяктуу ассоциациялар түзүлгөн. Ал жүк ташуу боюнча укуктук жана техникалык стандарттарын иштеп чыгып, аларды көзөмөлдөө менен алектенет. Беш мамлекет тең бул уюмга мүчө болгону менен, декабрда өткөн акыркы конференциясына Казакстан гана өкүл жиберген.

Мындан сырткары каржылоо да чоң көйгөй. Региондун мамлекеттеринин экономикасы байланып калган чийки заттар арзандап кеткенде, өкмөттөрү бул регионалдык инфраструктуралык долбоорлорду каржылай албай калган. Бул тармакта Пекин жоомарттык көрсөтүп жатканы менен, мындай май-талкан түбөлүккө созулат деп эсептеп албаш керек.

Пантуччинин айтымында Кытай Борбор Азияга ашыкча каражат салбайт, анткени Пекин бүтүндөй Евразия боюнча кеңири маршруттарды жеке өзү же өнөктөштөрү менен бирге каржылап жатат.

«Ташылчу товарларга жараша жогоруда айтылган темир жолдордун бир нечесинен Кытай балким экономикалык пайда көрбөйт. Бирок мындай долбоорлордон пайда кийинчерээк түшө баштайт», - дейт ал.

Крис Риклтон, EurasiaNet, АКШ