Батыш

​«Бактылуу» айбандын эти кымбат болсо мейли

15 января 2018 г. 16:30 715

Немистердин жарымы «бактылуу» айбандын эти үчүн бир жарым эсе көп акча берүүгө даяр. Германияда тамак-аш керектөөчүлөрдүн арасындагы кезектеги сурамжылоонун натыйжалары чыкты

Мисалы эттин килосу дүкөндө 10 евродон сатылат дейли. Ал эми өмүрүн Германиянын мыйзамдары талап кылган шарттардан жакшыраак өткөргөн уй, кой, же тооктун этин сатып алуучулар канча төлөмөкчү?

Немис керектөөчүлөрүнүн жарымынан көбү (52%) андай малдын этине 2-5 евро көбүрөөк төлөгөнгө даяр. Чейрекке (23%) жакыны 5тен 10 еврого чейин ашыкча берүүгө, 6 пайызы болсо андан да кымбат алганга даяр. Бул маалыматтар «Германия кандай болсо ошондой» аттуу Германия федеративдүү республикасынын (ГФР) Азык-түлүк жана айыл-чарба министрлигинин буйрутмасы менен Forsa социологиялык институту жүргүзгөн кезектеги изилдөөдө билинген.

Немистердин тамак-аш тандоосу

Айбандардын жакшы шартта кармалуусу менен агрардык тармактын айлана чөйрөнү коргоосу немистер үчүн тамак-аштын сапаты менен элетте иштегендердин жакшы маяна алуусунан жогору экени билинген.

Үчтөн экиси (66%) жаныбарлардын бакыбаттуулугун мал-чарбачылык үчүн эң маанилүү критерий деп аташкан. Алардан өндүрүлгөн азык-түлүктүн сапаты сурамжылоого катышкандардын 62 пайызы үчүн негизги талап. Ошол эле убакта алардын көбү түрдүү даамданткыч жана сактагыч кошулмалардан да мурун азыктын даамдуулугу, өз мекенинен келгендиги, кубаттуулугу, таңгагында абройлуу белги жана мөөрлөрдүн болушуна көңүл бурат.

59 пайыз немис фермерлик чарба жана агроөндүрүүчү ишканаларда маянанын жакшы болгону маанилүү деген. Багуу шарты малга ылайыктуу болсо 90 пайыздан ашык киши анын эти үчүн көбүрөөк төлөөгө макул.

Мынчалык кол ачыктык немис супермаркеттериндеги бааларды карай келгенде катардагы эле кеп сыяктуу сезилип калат. Айрыкча айлыктары жакшы болгондуктан Германиянын тургундары тамак-ашка бюджетинин 10%ын гана жумшайт. Төмөндө Lidl же Aldi деген арзан дүкөндөрдөн баасы анча жогору эмес адаттагы немис супермаркеттеринин бири Edekaдагы азыктардын наркына көз чаптырып көрөлү:

Уйдун сулп эти 350 сом, ананастын эки кили 85 сом, күрүчтүн жарым кили жана шоколаддын 100 граммы, апельсин ширини менен сүттүн бир литри, бир кил ун, мандарин жана алмурут, эки литр Coca-Cola же Fanta да ошо эле баада. Мөмө кошулган 200 граммдык йогурт 29 сом.

Немистер тамак-ашты кайдан алышат?

Тамак-ашка ашыкча коротом деп ооз көптүргөнү менен немистер турмушта зыкымыраак. Алардын 67%ы азык-түлүктү Edeka сыяктуу супермаркеттерден же андан да арзан Penny, Lidl же Aldi чакан дүкөндөр желесинен алышат.

Атайын, бирок кымбатраак биоазыктарды саткан биодүкөндөрдөн 11% немис керектөөчү соода кылат. 9%ы ошол аймактагы фермерлер өз өндүрүмүн сатыкка койгон базарларга барышат. Алардын чарбасындагы чакан дүкөндөрдөн 7% немис азык-түлүк алат.

“Сапаты жогору азык сатып алам дегендер дүкөнгө келгенде азайып кетет”, - дейт Немис дыйкан чарба биримдигинин катчысы Бернхард Крюскен.

Немистер эмне жешет?

Изилдөөлөр жүрүп жаткан үч жылдан бери немистердин табити өзгөргөн эмес. Үчтөн бир жараны эт же андан жасалган азыктарды күндө жешет. 72%ы жер-жемиш жемейин бир күн да тура албайт. Үчтөн экиси сыр, йогурт жана башка сүт азыктарын керектейт. Ичимдиктерден кадимки суу биринчи орунда, аны Германиянын 90% тургуну күндө ичет. Кофе менен чайды 85%, Coca-Cola же ушул сыяктуу таттуу ичимдикти 24%ы шимирет.

Жумушта кантип тамактанышат?

Министрлер жана андан төмөнкү макамдагы аткаминерлердин бир тобу (43%) аптада бир күндөн кем эмес жолу үйдөн сырткары ашкана же кафеде тамактанышат, убактысы тар болсо жолдо кетип бара жатып шам-шум эткенге бир нерсе ала коюшат.

Сурамжыланган кишинин 74%ы айына жок дегенде бир жолу ресторанга барат, ага немистин 5% гана эч качан барбайт. Иштегендердин жарымынан көбү (56%) үйдөн ала келген азык менен түштөнөт. 19%ы ири немис ишкана жана фирмаларда гана бар ашканадан тамактанат. 13% германиялык жаран жакын жердеги павильондон бир нерсе алып түштөнөт. Түштөнүүгө кеткен каражат өткөн жылдагы 6 евродон, быйыл 7,90 еврого (670 сом) чыккан. Бирок бул объективдүү маалымат эмес. Анткени 4% немис күн сайын ресторандан түштөнөт. Ал жерде 7,90 еврого көзүң да, өзүң да тойбойсуң да.

Deutsche Welle, Германия