Борбор Азия

Германияга чет өлкөлүк жумушчулар өтө керек

15 января 2018 г. 13:51 1789

Германияга чет өлкөлүк жумушчулар өтө керек

Германияда экономикалык өсүш жумушсуздукту эң төмөнкү рекорддук чегине түшүрүп, адистешкен кадр жетишпей баштады. Эмгек мигранттары жок көйгөй чечилчүдөй эмес

2017-жылдын жыйынтыгы боюнча, Германияда жумушсуздук көрсөткүчү төмөнкү (рекорддук) чегине түштү жана 2018-жылы немис эмгек базарында талап күч бойдон калат дешет эксперттер. Бул квалификациялуу адистердин жетишсиздиги, айрыкча кай бир тармактар менен аймактарда дагы эле тартыш бойдон кала берет жана фирмалар чет элдик кесипкөйлөрдү Евробиримдикке кирбеген мамлекеттерден да чакырышат дегенди билдирет.

ИДӨнүн ылдамдыгына жараша рекорддук көрсөткүчтөр

Нюрнбергдеги эмгек боюнча Федералдык агенттиктин (ВА) 3-январдагы билдирүүсү боюнча, декабрда Германия федеративдүү республикасында (ГФР) 2,385 миллион жумушсуздук катталып, 2016-жылдын декабрына салыштырмалуу 183 миңге азайганы байкалган жана алар жалпы эмгекке жарамдуу калктын 5,3 пайызын гана түзгөн. Ошол эле маалда ВА жалпы 2017-жыл боюнча да орточо көрсөткүчтү жарыялаган. Анда жумушсуздук 2,533 миллионго (5,7 пайыз) чейин түшүп, 1990-жылы эки Германия бириккен күндөн берки эң төмөнкү чекке түшкөн.

Бир аз мурда, 2-январда, Висбадендеги федералдык статистикалык мекеме (Destatis) 2017-жылдын орточо жумуштуулугун чыгарып, анда да рекорддук сан көрсөтүлгөн. Өткөн жылдагы ГФР аймагы боюнча 44,3 миллион киши жумуш менен камсыздалган. Бул 2016-жылдын орто эсебине салыштырмалуу 1,5 пайызга, же 638 миң кишиге көп. Германияда жумуштуулуктун мынчалык секириги он жылдан бери катталган эмес.

Мунун баары канча жылдан берки көтөрүлүп келаткан немис экономикасынын жана 2017-жылдын экинчи жарымындагы өсүштүн ыкчам ылдамдыгынын натыйжасы. Бул өсүштү жаңы өкмөттү түзүүдөгү кыйынчылыктар да токтото алган эмес. Алдыңкы экономикалык институттар 2018-жылы Германиянын ИДӨсүнүн өсүшү мындан да ылдамдап, жумуш орундары дагы да артат деп божомолдойт. Божомолдор боюнча, жумуш менен камсыз болгондор жакынкы бир-бир жарым жылда 45 миллион кишиден ашат.

Эмгек базары толугу менен жумуштуулукка жетти

Ошол эле маалда эксперттер Германияда жумушсуздук дагы эле кыскарып кете берет деп эсептебейт. Анткени, өнүккөн базар экономикасында 5 пайызга чукул көрсөткүч толугу менен жумуштуулук катары саналат. Чынында эле коомдо кай бир себептерден улам жумуш менен камсыздоо дээрлик мүмкүн болбогон кишилер кездешет. Мунун эң башкы себеби алардын кандайдыр бир адистигинин жоктугунда.

Мына азыр эле 2,385 миллион жумушсуздук катталган немис эмгек базарында 761 миң жумуш орду (2017-жылдын декабрындагы маалымат) ачык турат. Жана бул бош орундар экономиканын өнүгүүсүн жайлатууда. Анткени өткөн жылдын аягында орто бизнестин федералдык бирикмеси (BVMW) жарыялаган иликтөө боюнча, сурамжыланган ишканалардын 40 пайызы керектүү адистердин жоктугунан тапшырыктарды кабыл ала албай калышканын айткан. А 89 пайызы болсо зарыл кызматкерди жумушка алууда кыйынчылыкка кабылып атканын билдирген.

Бул кыйынчылык жакынкы айларда дагы көбөйөт. Федералдык эмгек агенттигинин жетекчиси Детлеф Шеленин (Detlef Scheele) 3-январда берген пресс-конференциясында немис фирмалары быйыл 600 миң жумуш ордун түзөт деп айтылган. Бул орундардын бир бөлүгү каттоодо турган жумушсуздар менен толтурулат. Албетте алар керектүү окутуу менен үйрөтүүдөн ийгиликтүү өтө алышса. Жаңы жумуш орундарынын дагы бир бөлүгүн жаштар – окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү толуктайт. Ошол эле маалда акыркы жылдары Германиядагы жумуштуулуктун өсүшүн балдарын чоңойтуп коюп эмгектенүүгө чыккан жумушсуз аялдар камсыздаган.

«Үчүнчү өлкөлөрдөн жумушчуларды тартмайын маселе чечилбейт»

Бирок, болгон ылдамдыгы менен өсүп бараткан экономиканы Германиянын бүгүнкү ички эмгек ресурсу керектүү кадрлар менен камсыз кыла албашы айкын. Эксперттер бир добуштан немис эмгек базарын сырттан келген адистешкен жумушчу мигранттар толуктап турушу керек дейт.

Буга чейин көптөгөн жылдар бою ГФР тандап келген эң жөнөкөй жол - Евро биримдикке кирген өлкөлөрдөн жумушчу тартуу эле. Себеби аларга эч кандай өзгөчө уруксат күбөлүгү керектелчү эмес. Алар немистердей эле укуктарга ээ болчу. Анткени менен акыркы убактарда окумуштуулар ЕБнын потенциалы кыйла бөксөрдү деп эскертип келишет. Анан калса, евро аймактагы мамлекеттер карыз кризисин аттап өтүп, экономикалык өсүү жолуна түшүшкөндүктөн, Германияны карай кеткен агымды кайра өз өлкөсүн карай тартуусу күч алды.

Ушундан улам Федералдык эмгек агенттигинин башчысы Детлеф Шеле өткөн жылдын аягында «Ачык эле айтып койоюн, үчүнчү өлкөлөрдөн жумушчу тартмайын жакынкы жылдарды өткөрүш кыйын» деди. Үчүнчү өлкөлөр дегени, Евро Биримдикке кирбеген мамлекеттер. Мисалы, Индия, Орусия, Украина, Кыргызстан ж.б.

Бул өлкөнүн жогорку, же орто билимдүү адистери азыр деле Германияда жашап, иштей алат. Иммиграция тууралуу мыйзам кабыл алынуусу менен өлкөгө эмгек мигранттарын тартуу (качкын катары эмес) кыйла жеңилдеп, чет элдик жумушчуларга коюлган шарттар менен талаптар мурдагыдан да айкын жана түшүнүктүү болмокчу. Мындай мыйзамды өкмөткө бизнесмендер да, окумуштуулар да, эмгек агенттиктери да, бир катар партиялар да жылдырууда. Бирок, ал качан жана кандай абалда кабыл алынат азырынча белгисиз. Анткени мыйзам долбоорун иштеп чыгып, добушка койо турган өкмөттү Германияда алиге чейин парламент беките элек.

А сыртта болсо адистешкен кадрлардын жетишсиздиги барган сайын артууда. Федералдык эмгек агенттигинин 3-январда прессага берген маалыматында, 2017-жылы транспорт, логистика, металл иштетүү, машина-автомобиль курулушу, энергетика, электротехника, курулуш жана саламаттыкты сактоо (оорулар менен кары-картаңдарды кароо да ушунун ичинде) тармактарындагы адистер талап кылынган деп билдирген.

Кельндеги немис экономика институтунун 22-декабрда жарыялаган иликтөөсүнүн жыйынтыгы боюнча, адистешкен кадрлардын жетишсиздиги Германиянын борбору Берлинде эмес, өлкөнүн түштүк-батышындагы өндүрүшү өнүккөн Баден-Вюртембергде, Тюрингияда жана Рейнланд-Пфальцеде, айрыкча айыл аймактарында көбүрөөк курчуган.

Андрей Гурков, Deutsche Welle