Ислам дүйнөсү

ИСЛАМ ДИНИНИН ДҮЙНӨЛҮК ДИН БОЛУШУ

15 января 2018 г. 12:47 742

Ислам дининин дүйнөлүк дин болуу маанисин кантип түшүнсөк болот?

Дүйнөлүк деген сөз илгеркилердин сөзү менен айтканда “ааламшумул” деген сөз. Ооба, ислам дини – дүйнөлүк дин. Андагы ыйык кабарлар коомго, урууга, элге бөлбөй, өтмүш, учур, келечек деп убакытка ажыратпай, Азия, Европа, Арабстан ж. б. деп аймактар менен чектебей баарына тегиз сунушталат. Ошондуктан, ал бардык адамзатка бирдей тиешелүү. Муну бардык пайгамбарлардын “Оо, элим, оо коомум...” деген сөздөрү Пайгамбарыбыз Мухаммедге (саллаллаху алейхи ва саллам) келгенде “Оо адамзат” деген сөзгө айланганынан да көрүүгө болот. Айрыкча, муну тастыктаган канчалаган аят-хадистерди да көрсөтүүгө болот. “Биз сени ааламга мээрим катары жөнөттүк” (Анбия, 17/107) деген аят; “Бардык пайгамбарлар өз коомуна жөнөтүлдү. Мен болсо буткүл адамзатка жөнөтүлдүм” деген хадис ошол чалкыган деңизден бир тамчы гана.

Ошону менен бирге ислам дини өзүнүн дүйнөлүк болгонун көрсөтүүдө “Мен дүйнөлүк деңгээлдеги системамын...” деген сыяктуу идея менен пайда болгон эмес. Балким мындай идея менен эмес, көбүрөөк ортого таштаган материалдык жана руханий иш-аракеттери менен дүйнөлүк дин болгонун тастыктаган. Башкача айтканда, ислам дини жарандык, үй-бүлөлүк жана коомдук жашообуз үчүн ушундай таң калыштуу керемет кубатты, маалыматтарды сунуштаган дейсиң, адамзаттын табиятына жуурулушкан, төп келген бул маалыматтар анын дүйнөлүк болгонунун далили болгон.

Ислам дини мына ушундай максатты көздөп, оболу адамды бардык негативдүү, позитивдүү жактары менен бир бүтүндүктө карайт. Сезимдерди, арзууларды, шахватты, кек сактоону, жаман көрүүнү, ачууланууну жана сүйүүнү, айтор бардык тарабы менен... Анан албетте, ал алып келген маалыматтар баары бирдей кабыл алган табигый баалуулуктарга эч бир убак карама-каршы келген эмес. Ушул өңүттөн алып караганда киши белгилүү чөйрөдөн издеген бардык нерсесин кандайдыр бир карама-каршылыкка туш болбой туруп, исламдан таба алат. Маселен, адам улуу инсан болгусу келеби, брахманизм, мистизм, будизмден бир нерсе күтпөй, исламга кайрылуусу толук жетиштүү. Үй-бүлө түзүмүндө, бала тарбиясында, тууган-туушкандар менен мамилесинде кандайдыр бир көйгөйлөрү болсо, исламдагы эрежелерге баш ийүүсү жетиштүү. Экономикалык абалы кандайдыр бир туңгуюкка туш болсо, Куран, Сүннөт жана буларды өтө терең талдаган улуу аалымдардын чечимдери бардык дартка даба болгондой эле, бул дартка да даба болот...

Ооба, ислам бардык дартка даба. Аллага таандык акыйкаттар, жалгыз жаратуучулук, жалгыз улуулук, жалгыз ибадат кылынуучу Затка ишенүүдөн тартып, үй-бүлөлүк карым-катнашыбыз, коомдук байланышыбызга чейин дээрлик бардыгына даба. Ошону менен бирге башка нерсеге муктаждык туудурбастан...

Негизинен ислам дини өтө кыска убакыттын ичинде Арабстанда пайда болгонуна карабай, Бухарага, Синдабадга, Кытайга, жер шарынын бардык булуң бурчуна, Индияга, Африкага, Византияга чейин таралышы, кай жерде болбосун жакшы кабыл алынышы да бир гана анын кабарларынын дүйнөлүк болгондугу менен түшүндүрүлөт. Ойлонуп көргүлөчү, ишенимди өзөк кылган жүздөгөн теория жайылган бул жерлерге ислам күч менен эмес, жол көрсөткүчтөрдүн үнү, деми менен жеткен. Тарыхта адамзат тагдырына атом бомбадай таасир эткен түрк эли ислам менен акылына келсе, нирванага байланган, ажалынан мурун өлүп кабырына кирүүгө умтулган элдер дагы ислам менен чыныгы кайра жаралууну сезишкен.

Демек, бири-биринен таптакыр башкача болгон бул эки мүнөз, ислам аркылуу орток пайда менен биригишкен. Муну исламдын дүйнөлүк эрежелеринин арасынан издөө керек.

Анын бул өзгөчөлүгүн байкаган Батыш дүйнөсү андан нары өнүгүүсүнө тоскоол болуу үчүн канчалаган кылымдардан бери бүт аракетин кылууда. Мына азыр дагы иштеп жаткан сыяктуу... Негизинен бир кездерде Европа орто кылым караңгылыгын жашап жатканда, ислам Азияда ронесансын жашап жаткан. Бир улуу ойчулубуз белгилегендей, эгер чиркөө өз ишенимине көшөрүп, исламга каршы маанайына байланган немедей жабышып калбаганда дүйнө бүгүнкү караңгылыкты башынан өткөрбөйт болчу. Бирок алар бутпарастык мезгилиндеги түшүнүктөрүнө көмүлүп, дагы эле ошол түркөйлүгүнөн чыгалбай келишет.

Ооба, исламдын дүйнөлүк дин болгонун анын адамзатка алып келген эреже-мыйзамдарынан издеш керек. Ал аялга, эркекке, балага эмнени убадалап жатат? Экономикалык, коомдук чайпалууларга каршы кандай системага алып келген? Адамзаттык көйгөйлөргө кандай чечүүчү чараларды тапкан? Коомдо таралган адепсиздиктерге каршы эмне дейт? Мамлекеттер ортосундагы тең салмактуулук үчүн кандай сунуштарды берүүдө?.. Ооба, силер мунун баарын иликтеп көрсөңөр анын системалардын үстүндөгү дүйнөлүк-ааламшумул мааниге ээ экенин көрөсүңөр жана бардык дартка дарман болооруна күбө болосуңар. Анан “Ислам чындыгында дүйнөлүк дин турбайбы” дейсиңер.

Кези келгенде баса белгилебей өтүүгө болбой турган дагы бир жагдай бар. Исламдын дүйнөлүк дин болгонун бир гана Куранды негиз кылып айтуу жаңылыш болоор. Менин оюмча, анын дүйнөлүк экенин Куран аяттары менен биргеликте Сүннөттөн, улуу халифалардын чечимдеринен жана улуу аалымдардын көз караштарынан издөө жана биргеликте колго алуу зарыл.

Жыйынтыктап айтканда, биз жаралган күндөн бери бардык нерсеге ислам жетиштүү болооруна ишенип келебиз. Ооба, Куран жана Сүннөттүн жетиштүүлүгүнөн алдыбызда канчалаган “измдер” менен айтылган көз караштарга карабай, эч кандай шек-күмөнгө дуушар болбодук. Тескерисинче булардын эч бири исламга тең келе албай тургандыгына ишенип келдик. Атүгүл, канчалаган жылдардан бери коммунизмдин рамкасында камалган кишилер дагы бир күнү бул тараптын адамы болооруна ишендик. Алла Таала бизге ислам динин жайылтуу, өкүлдүк кылуу мүмкүнчүлүктөрүн берсе эле болгону...

Эч нерседен күмөнүбүз жок. Анткени биз исламдын атуулдук, экономикалык, коомдук, үй-бүлөлүк, аскердик ж. б. жашообузга тиешелүү бардык тармакка алып келген динамикалар, сунуштаган кабарлар дүйнөлүк мааниде болгонун билебиз, кабыл алабыз жана ишенебиз. 14 кылымдан берки душмандардын кордугуна, досторунун кайрымсыздыгына карабастан, исламдын таптаза негиздери менен сакталып калышы мунун ачык-айкын далили эмеспи?

Сейитбек Идирисов, Саресептин диний баяндамачысы