Борбор Азия

​КЫРГЫЗСТАНДА ЖАКШЫ АКЧА ТАБУУ. INSTAGRAMM: Ортомчу менен стартаптын ордосу

13 января 2018 г. 22:17 1170

Социалдык тармактар ар бир кишинин жашоосу менен тыгыз байланышта экени жашыруун эмес. Көпчүлүк алар аркылуу таанышып, баарлашып, үй-бүлө куруп тим болбой, эми соодалашканга да өтүштү

Инстаграмм башка социалдык түйүндөрдөй көңүл ачуу, же таанышуу тармагы эмес, акча табууга жана бизнес жасоого ылайык түйүн экенин Кыргызстандыктар да түшүнө баштады.

Инста дүйнөсүнө сүңгүп кирип отурсаң, ал кадимки эле соода-сатык жүгүргөн чоң базардай элестейт. Кадимкидей кардар, кадимкидей товар, кадимкидей сатуучу. Бирок анын базарга караганда бир топ артыкчылыгы бар. Мисалы сатуучу ижарага акча төлөбөйт, салык төкпөйт жана бизнести виртуалдык башкаргандыктан, убактысын бир жерде отуруп өткөрбөйт. Ушундан улам инста дүкөнүндө баа базарга караганда бир топ арзан экенин байкоого болот. Ал эми кардар болсо үйүнөн чыкпай туруп эле табитине жараша каалаган товарын тапшырык кылып алат.

МАКСАТ АКЧА ТАБУУ ЭЛЕ ЭМЕС

Мындай соода менен алектенген Гүлдана косметика каражаттарын саткан инста дүкөндүн ээси. Гүлдананын бул чөйрөдө жүргөнүнө 3 жылдын жүзү болду. Ал болгону 23тө. Элдин виртуалдык жашоого сүңгүп бара жатканын байкаган кыз интернеттеги соода дайыма актуалдуу болооруна көзү жеткен.

"Мен анда БГУнун филология факультетинин 3-курсунда окучумун. 18 жашымдан баштап эмнеге шыктуу экенимди издей баштадым. Анткени ЖОЖго өткөндөн кийин өзүмдү филолог катары такыр элестете албай койдум. Бирок баягы эле “кыргызчылык” да, ата-энемди уяткарбайын деп жүрө бердим. Акыры окууга көөнүм тартпай жатканын баары байкашты окшойт. "Окууңду таштап, өзүңө жаккан иш менен алектен", дешти".

Мындан 3 жыл мурун Инстаграмм азыркыдай популярдуу эмес эле. Гүлдана алгач сайт ачкан, инстада анын баракчасы жок болчу. Кийин өз баракчасын ачкандан тарта анын дүкөнүнүн рейтинги көтөрүлүп, соодасы да жакшы жүрө баштаган.

"Байкасаңыз, инстаграмм браузерге караганда абдан ыңгайлуу, айрыкча товар издегенге. Эл азыр жалкоо да, убактысын, нервин короткусу келбейт. Мисалы, интернет браузер аркылуу товар издөө бир аз түйшүктүү, кирип-чыгып отуруп тажаганда издегиң келбей кетет. Инстаграммга катталганыма 1 жыл болду. Бул убактын ичинде 38000 катталуучу чогулттум. Албетте күнү-түнү тынбай иштедим. Баракчамды башка катталуучусу көп блогерлер аркылуу жарнама кылдым. Андан тышкары ар кандай конкурстарды өткөрүп турам. Баракча бул менин баламдай, балага туура тарбия бергендей эле, баракчага да туура нук берүү зарыл. Бул да өзүнчө бир чеберчиликти талап кылат. Эң эле негизгиси - сиз алектенген тармак өзүңүзгө жакканы. Сиз андан ырахат алышыңыз керек. Ал эми жөн гана акча табуу максатын көздөп турсаңыз, сиздин иш алыска узабайт",- дейт Гүлдана.

ЖАРНАМА ӨЗҮН 7 ЭСЕЛЕП АКТАЙТ

Инстаграммдын Кыргызстандагы өкүлүнүн расмий маалыматына ылайык, өлкөдө 15-64 жаш курагындагы 500 миңге чукул колдонуучу бар. Өзгөчө акыркы жылдары алардын саны 3 эсеге көбөйгөн. Акырындап бул түйүн бүт Кыргызстанга кеңири тарап бара жатканын өкүлчүлүк маалымдайт. Албетте, алардын арасында сиздин товарды керектөөчүлөр да жок эмес. Бирок алар сизди билишпейт. Андыктан сиз баракчаңызды таанытууңуз зарыл.

Катталуучулар түздөн-түз сиздин кардарыңыз болгондуктан, алгач алардын санын өстүрүш керек. Эгер сизге 10000 колдонуучу катталса, анда ишиңиз даңгыр жолго түштү деп билиңиз. Бирок "кеп санда эмес, сапатта", дегендей алардын баары чыныгы колдонуучулар болушу керек. Анан да сиздин товарга муктаж болгону жакшы.

Катталуучулардын санын көбөйтүүнүн бир нече жолу бар. Арасынан оңой жана кеңири колдонулуп келген ыкмаларды карап көрөлү:

- Түздөн-түз түйүн аркылуу.(расмий инстаграммдагы жарнама мөөнөткө жана курчаган аудиторияга жараша бааланат. Сиздин товар колдонуучунун лентасынан пайда болуп турат);

- Баракчаны башка жылдыз баракчалар аркылуу жарнамалоо;

- Колдонуучунун жеке баракчасына кирип, ага катталуу, сүрөттөрүнө "сонун" басуу;

- Же түздөн-түз жеке байланышка өтүп, товар сунуштоо;

- Пиар жана кайра пиар;

- Колдонуучулар арасында конкурс уюштуруу. (конкурс сиздин жарыяңызды өз баракчасына бөлүшүү, “сонунду” басуу жана пикир калтыруу менен коштолот; Анткени сонун менен пикир көп топтогон билдирүү башка колдонуучулар көрүүсүнө да жол ачат);

- Билдирүүнүн астына хештег коюу, ал аркылуу колдонуучу сизди оңой таба алат;

- Белгилүү инста жылдыздардын билдирүүсүнө элдин көңүл чордонун буруу максатында оригиналдуу пикир калтыруу.

Бул тармакта дасыккандардын изилдөөсүнө караганда, дал ушул түйүндөгү жарнамага кеткен акча кезегинде 7 эселеп кайтат.

Бирок жогорудагы ыкмаларды колдонуудан мурда, баракча кызыктарга бай, жарыялар окуганга оңой, ал эми сүрөттөр көзгө жагымдуу болуп турса, дайыма актуалдуу болорун эске алганыңыз дурус.

Чынында катталуучу чогултуу оңой иш эместей. Бу да күнү-түнү тынбаган күжүрмөн эмгекти талап кылат. Анан да бир аз эриктирме. Бирок заман талабына ылайык, акысын төлөсөң мындай иш менен расмий алектенчүлөр да пайда болду. Алардын бири 11–класстын окуучусу Жолчубеков Азамат. Ал өзүн “раскрутчик” деп атап, кылган ишин кесип деп эсептейт.

"Ата энем “Ушул да ишпи? Бир олуттуу нерсе менен алектенсең боло?” деп кабатырланат. Аларга сабакты калтырбай, дайым 5 алып турсам жагам. Бирок азыр заман талабы башка да. Менин бештерим, кызыл күбөлүгүм кийин жашоомо керектелбей калышы мүмкүн. Мен сыяктуулар көп, биздин арабызда да атаандаштык бар. Бирок мен дайыма сапатка көңүл бурам. Алгач кардар менен кандай товар сатаарын, кайсы жерде жайгашаарын тактап, ошого жараша катталуучу топтойм. Жумасына 2000 катталуучуга чейин чогултам. Ал эми айына 8-9 миңге чейин жетем. 9 миң катталуучу топтосом, кызматым 7 миң сом болот. Бир эле убакта 3-4 кардар менен иштеше берем".

“Мен эмне сатаарымды билем, бирок аны кайдан алам?” деген суроо көпчүлүктүн көйгөйү. Баары жөнөкөй. Кудай берген Дордойдо сизден башкасынын баары бар. Дүң баада аласыз да, чекене баада сатасыз. Ооба, сиз ортомчусуз. Ортомчу болсоңуз эмне болуптур? Сиз көрсөткөн кызматыңыз, кардарды тейлеп, маалымат бергениңиз үчүн өз үлүшүңүздү алышыңыз керек. Бирок баары сиз ойлогондой оп-оңой болбойт. Убакыт керек, чыдамкайлык керек, өжөрлүк керек.

БАШТООЧУГА 5 КЕҢЕШ

- Баракча бизнес баракча болсо да, кызыктуу жана кооз болушу шарт;

- Лентаны мааниси жок маалымат, сүрөттөр менен булгабаңыз;

- Жарыялар аз да, көп да болбошу керек. Аз болсо эриктирме, көп болсо тажатма болосуз;

- Күнүнө 4-6 сүрөт жүктөсөңүз жетиштүү, сүрөттөр сапаттуу болушу керек;

- Катталуучулар менен тыгыз иштөөгө аракет жасаңыз. Пикирлерге жооп берип, дайым сылык мамиледе болуңуз;

Инстаграмм бир эле алып-саткан ортомчуларга эмес, жаңы долбоор баштаган стартаперлерге да абдан ыңгайлуу тармак. Жакында эле социалдык дүйнөдө дасторконго коюлуучу даамдарды бир себетке чогулткан “Даяр дасторкон” аттуу жаңы нерсе чыкты. Аты эле айтып тургандай, бир кутучадан тасмалга коюлуучу баардык даамдарды табууга болот. Ачылганына болгону 1 ай болду. Бирок суроо-талап жок эмес. Түзүүчүлөрдүн айтымында пиар иштерин бир эле социалдык түйүндөр аркылуу жүргүзгөн. Айрыкча инстаграммга берилген жарнама долбоорго бир топ ийгиликтерди алып келген.

Түздөн-түз инстаграм аркылуу берилген жарнаманын баасы:

Мөөнөт: 7 күн, аудитория: 6900 колдонуучудан 17000 ге чейин – 3000 сом;

Мөөнөт: 7 күн, аудитория: 11000-29000 – 5000 сом;

Мөөнөт: 7 күн, аудитория:17000-41000 – 7500сом;

Кыстырма: Кыргызстандагы таанымал инста жылдыздардын жарнама акысы 100 доллардан 400 долларга чейин жетет. Анан да көпчүлүк жылдыздар кызмат акысын ачык айтуудан баш тартышат. Ал эми жөн эле баасына кызыгып ынтызарланган “варвараларга” көпчүлүк учурда жооп бербейт.

Бермет Жапарова, Саресептин баяндамачысы