Борбор Азия

​Орусиянын Сирияда согушуусунун чыныгы себептери

13 января 2018 г. 18:00 1526

Сириялыктардын жарандык согушу Орусия үчүн куралдуу күчтөрүн өнүктүрүп, дүйнө базарына заманбап курал сунуу көргөзмөсүнө айланды

Орусиянын Сириядагы геостратегиялык максаттарын макаланын ортосунан оогондо жазайын. Сирия согуш театры орустардын машыгуу, техникасын сыноо жана согуштук тактикасын жакшыртуу лагерине айланды

Техника, көргөзмө жана тажрыйба

Бул сөзүм жаман угулганы менен чынында аскердин эффективдүүлүгү үчүн тынчтыктан жаман эч нерсе жок. Албетте анын кеңири жерге тарап, созулуп кетүүсү да армия үчүн оор. Анткени болгон каражаты менен ресурстарын соруп түгөтөт. Ошол эле убакта Экинчи дүйнөлүк согуш авиациядан баштап, тынчтык атомуна чейинки көп тармактардын дүркүрөп өнүгүүсүнө түрткү берген.

Мыкаачылыктай угулса да, аскерлер үчүн өз өлкөсүнүн сыртында, реалдуу шарттарда машыгууга жарап берген чакан согуш майданынан өтөөрү жок экенин айта кетүү керек.

Орусиянын Сириядагы аскерлери үч айда бирден алмашат. Демек аскердик эффективдүүлүккө жетүү негизги максат эмес. Анткени офицерлер бул мөөнөт аяктап бара жатканда гана чыныгы абалды аңдай башташат. Бирок ошентсе да, үч айлык мөөнөттөн кийин алмаштыруу ыкмасы максималдуу сандагы аскердин согуштук тажрыйба алуусуна жана алардын жөндөмүн жетекчиликке баалаганга мүмкүндүк берет. Машыгуу убагында сонун көрүнгөн офицер чыныгы инсандык сапаттарды сынаган согуш абалына жарабай калышы мүмкүн.

Кандай болбосун, мунун баары курмандык талап кылат. Орусия сириялык компанияда 43 аскерин жоготконун моюндады. Согушта өлгөндөрдүн ичинде эки генерал да бар. Мындан сырткары жеке согуштук компанияларга жалдангандардан жүздүн тегерегинде адам мерт болгону кабарланууда. Обочо каралган жеке согуштук компаниялар коммерциялык объекттерди кайтаруу, мунай кербендерин коштоо, сириялык аскерлерди машыктыруу сыяктуу аскерлер аткара албаган иштер менен алек.

Курал жаракка келген болсок, Орусия флотунун Жер ортолук, же Каспий деңизинен чыккан канаттуу ракеталар менен сириялык чөлдөгү жол тандабасты жок кылганы - коёнду замбирек менен атуу деген эле кеп. Демек бул жерде жаңы куралды сыноо негизги максат. Анткени мындай ракеталардын эң кымбат түрлөрү чумкуп бара жаткан кездеги суу алдында жүргөн кемеден да атылган. Мындай «ысырапкордук» стратегиялык бомбалоочу учактарга да тиешелүү. Алар Орусиядан көтөрүлүп, Ирандын аймагынан ракета атканда, анысы Ирактын түндүгүнөн учуп өтүп Сириядагы балким бош имараттарга тийип, жардырып жатты.

Мындай аракеттер курал сыноодон сырткары, башка мамлекеттерге, алардын ичинде НАТОго кирген өлкөлөргө Орусиянын таң калтырган аскердик мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүп жатат. Ачык айтканда, орустардын Хмеймим базасында иштеп жаткан электрондук согуш жарактарынын деңгээли батыштыктарды айраң-таң калтырган. Алар албетте бул курал жихадчыларга эмес, аларга каршы колдонулса кандай болот деген ойго батканын айтпаса да түшүнүктүү. Сириялыктардын согушунда жердеги аскерлерди асмандан тик учак жана дрондор менен коштоодо да орустар алда канча алдыга жылышкан.

2016-2017-жылкы «Адмирал Кузнецов» учак ташыган кемесине коном деген эки учактын кулашы гана олуттуу жоготуу болду. Ошондуктан орустар учактарды толугу менен кургакка отургузуу чечимин кабыл алган.

Орус куралынын келечеги

Орус армиясын жаңылоо аяктады деп айтуу кыйын. Каражаттын тартыштыгы мунун негизги себеби. Москва 2018-жылы куралдык күчтөрүнө 70 миллиард доллар бөлмөкчү, Вашингтон андан он эсе көп каражат жумшайт. Кандай болбосун сириялык араздашуу тактиканы өзгөртүү жана техниканы жакшыртуу аркылуу орустардын аскердик мүмкүнчүлүгүн арттырып барат. Бул согушта колдонулган техника «согуш абалында сыналган» деген макам алат.

Мунун баары баа менен сапаты айкалышкан курал алуучу мамлекеттерге орусиялык куралдын сатышын арттырууга шарт түзөт. 65 мамлекетте 40 000 курал долбоорун изилдеген Ай-эйч-эс борборунун маалыматы боюнча 2017-жылдын ортосуна чейин Орусия башка мамлекеттер менен 7,2 млрд долларга келишим түзгөн. Ал 26,9 млрд долларлык соодага бел байлаган АКШдан гана артта. Үчүнчү орунга 5,2 млрд $ менен Франция чыккан. Моква 2017-жылда 15 млрд долларга курал сатууну мерчемдеген.

Геостратегиялык максаттар

Албетте, бир да мамлекет согушка машыгуу үчүн гана кирбейт. Сөзсүз саясий себеп болот.

Жакынкы 50 жылда Чыгыш орто деңиз аймагында орун алуу Орусиянын Сириядагы негизги максаты экени белгилүү. Анысы менен орустар «жылуу деңизге чыгуу» деген эски кыялына жеткен болот. Ошондуктан Тартустагы порт чоң аскердик жана соода кемелери киргендей жаңылануусу шарт. Хмеймимдеги аба базасы жогорудагы максатты көздөйт. Келечекте Орусия Египет менен Ливияда база ачып, сириялык базаларын кубаттамакчы. Аны Ливиянын Тобрук шаарындагы терең суу менен жээктешкен порт өтө кызыктырат.

Ален Родье, Atlantico, Франция