Жорум

Ар бир регионго 100 гектардан эң жакшы системалуу мөмө-бактарын отургузуп берейин

13 января 2018 г. 12:49 5243

Кадырман президент мырза!

Акаев доорунан бери айтылып келе жаткан "азык-түлүк коопсуздугу" деген эски куру сөздөрдөн, айыл өндүрүшүнүн тагдырын Орусия менен Казакстандын куйругуна байлап койгон Бажы биримдиги, Евразиялык биримдик деген жаңы саясий жомоктордон эл тажады - натыйжа нөл же терс!
Кочкордо, эл алдында Сиздин да ушул сөздөрду колдонгонуңузга караганда, Сизде да элет турмушунун сапатын жогорулатууга карата кандайдыр бир калыптанган көз карашыңыз жок экен, же болсо да биз ал жөнүндө эч нерсе укпадык! Биз кыргызбыз - бетке айткандын заары жок.
Каргыш тийген Айыл чарба министрлигиндеги сабатсыз жетекчилерди, бекерпоздорду багыш үчүн жылына бюджеттен 1,5 млрд сом акча бөлүнөт экен. Мындай министрликти биротоло жоюп, кызматчыларына мыйзамда көрсөтүлгөн үч айлык маяналарын төлөп берип, салык төлөөчүлөрдүн мойнунан ушул оор жүктү алып койсоңуз чоң соопко калаар элеңиз!
Министрликте, өкмөттө, Сиздин аппаратта мазмунсуз дүжүр кагаздарды чиймелегенден башкага акылы жетпеген эски сабатсыз совоктор, же жаш, бирок жалаң орусча сүйлөгөндөн, галстук таккандан башканы билбеген большевиктердин флеш-моб, сабатсыз, ач көз балдары олтурушат!
Айыл-чарба тармагын алга жетелей билген иш билги кишилердин колуна качан бересиздер?
Программа жөнөкөй эле - Кыргызды бүтүндөй, кирешелүү, мөмөлүү бактар өлкөсүнө айландырса боло турган реалдуу иш!
Колунда рентабелдүү айылдык өндүрүшү бар жашта
рдын Сиз сунуштаган ипотекалык кредиттерге да муктаждыгы болбой калат! Айылдык жаштарыбызды сүткорлордун колуна салып берип, карызга жашоо философиясына үгүттөөдөн баш тартканыбыз оң!

Мамлекеттик каржыламайды жалаң айыл өндүрүшүн өөрчүтүүгө жумшаганыбыз максатка ылайык болоор эле - ошол эле 1,5 млрд сомду!
Сөзүм, пикирим, сунуштарым куру болбосун - ар бир региондон 100 гектар жерге эң акыркы илимий-технологиялык жетишкендиктерге таянып мезгил талаптарына төп келе турган, тамчылатып сугармай системасы менен заманбап мөмөлүү бактарды тиктирип берейин.
Ысык-Көлдөн Тепке айыл өкмөтүнүн тургундарына 100 гектар алма бак, Баткенден Бүргөндү айыл өкмөтүнүн тургундарына 100 гектар бадам, Таластын Бакай-Атасынан 100 гектар жерге гайноолу (кара өрүк), Чүйдөн Кеминде 100 гектар жаңгак. Калган региондордон да айыл өкмөттөрүнүн аттарын атаймын.
Элге иш жүзүндө үлгү көрсөтөлү! Анан калганын эл өзү өздөштүрүп алат. Чаар-ала сумкаларды сүйрөп, көтөрүп жүрүп элибиз орто жана чакан бизнести өздөштүрүп алды го?!
Демилге көтөрүү жагынан Сиз менен менин укуктарыбыз тең!
Жашоо арабасын да тең тарталы! Кайтарымы менен боло турган каржы маселесин Сиз чечип бериңиз, кара жумушту, бүт жоопгерчиликти мен мойнума алайын.
Бактар сапаты, көркү, наркы, кирешеси боюнча элди ээрчитип, жетелеп кете турган даражада болушуна жеке өзүм кепилдик берейин!
Чечкиндүү кадамдарга барбасаңыз бовойт!
Мына 27 жылдан бери айылдыктар эмне кылышаарын билбей, турган жерибизде айлабыз кетип турук!
Эл башыга татыктуу ийгиликтер каалаймын Сизге!
Сый-урмат билдире кетүүгө уруксат бериңиз!

Манас Саматов инженер, фермер.