Орусия

Чатак жана жарашуу. Борбор Азия биригүүгө канчалык даяр

12 января 2018 г. 21:06 1106

Жылдагыдай эле 2017-жылы Борбор Азияда көп нерсе болду. Эки негизги позитив: Кыргызстанда мерчемдүү болсо да бийлик экинчи жолу тынч алмашып, шайлоо аркылуу өлкөнүн бешинчи президенти Сооронбай Жээнбеков келди. Экинчиси, Афганистандан мына кирет делген согушчандар келген жок

Андан башкасы дегенде, балким Өзбекстанда өзгөрүүлөр жанданганы жана Кыргызстан менен Казакстандын капыстан тиреше калганы болбосо, баары өз нугунда кетип жатат.

Өзбекстан

Жаңы президент Шавкат Мирзиёев өлкөсүн келечектеги коомдук жана экономикалык туңгуюктан чыгарып кетиш үчүн реформаны ыкчамдаткан сыяктуу. Бирок реформага жарамдуу кадрлардын тартыштыгы, Каримовдон кийинки жолдун айкын эместиги, жергиликтүү аткаминерлерге тапшырмалар мөндүрдөй жааганы, регионалдык кландардын колдоп-колдобошу али маселе бойдон турат.

Каримовдун чейрек кылымдык башкаруусу экономика менен саясаттан сырткары өзбектердин мүнөзүндө да терең из калтырды. Ал муктаждыктары менен иши жок мамлекеттин алдында карапайым жарандын алсыздык сезими. Буга мисал катары үй-бүлөсүн багам деп Өзбекстандан чыгып кеткен жарандарын өткөн президенттин эч бир ишке жарабаган жалкоо катары сыпаттаганын эстесек эле жетиштүү болот. Мындай өзбек жарандары миллиондоп саналат...

Мирзиёевдин таптакыр башкача экени да таң калдырды. Бирок раистердин кызыл кекиртек үчүн сыртка кеткен калкына мамилеси дароо жылып кетээрин элестетүү кыйын. Кандай болбосун Ташкент ишке жарактуу элинин төрттөн бири сыртта жүргөнүн моюндаганы эле чоң жылыш.

Каримов доорунун өткөн кылымынан бери абактарда жаткан туткундарды бошотуу ички саясаттын жаңылануусунун жышааны болду. Былтыр айрым журналистер менен укук коргоочулардын кайра абакка солонуусу жаңы жышаанга көлөккө түшүрдү. Өзбек укук коргоо органдарынын коомдук жашоонун бардык тарабын көзөмөлдөөнү уланта берүү аракеттери бийликтин жогору жагындагы тирешүүлөрдү ашкерелеп турат. Мирзиёевдин Улуттук коопсуздук кызматынын ыйгарым укуктарын кыскартып, аны тескеген жаңы мыйзам керек дегени жөн жерден чыккан сөз эмес.

Сырт жак үчүн Өзбекстандын президентинин жаңы приоритеттери маанилүү. Алардын көбү 2017-жылы ишке аша баштады. Ташкент Борбор Азияда тыгыз жана ишеничтүү кызматташууну бекемдөө максатын койду. Аймактын мамлекетинин баары менен чектешкендиктен Өзбекстан Борбор Азиянын инфраструктуралык жана ресурстук долбоорлорун бириктирип турат.

Эгер Мирзиёев Борбор Азиядагы жагдайды оң тарапка өзгөртө алса, анда евразиялык континетте жаңы лидер чыкты десе болот. Мындан сырткары биз Өзбекстанды капыстан өзгөргөн абалга карабай, бийлик транзити жакшы өткөн үлгү катары көрсөтө алабыз.

Кыргыз Республикасы

Макаланын башында айтылган дагы бир бийлик алмашуу Кыргызстанда өттү. Убактылуу президент Роза Отунбаевадан бийлик Алмазбек Атамбаевге өткөнүн эске албаганда, бул өлкөдө биринчи жолу бийлик тынчтык жолу менен өзгөрдү. Бул Борбор Азияда болуп көрбөгөн көрүнүш. Президенттери өлгөндө бийлик алмашкан Түркмөнстан менен Өзбекстан да, СССР кулагандан кийин келген башчылар эмдигиче бийликте отурган Казакстан менен Тажикстан да муну менен мактана алышпайт.

Бирок Кыргызстандагы бийлик транзити толук аяктады деп айтуу кыйын. Макамдан кеткен сыяктуу болгон Алмазбек Атамбаев 2018-жылы бийликке кайтып келүү кадамдарына бараарын коркпой туруп болжолдой берсе болот.

Алмазбек Атамбаевдин кыргыз-казак мамилесине чоң кедергисин тийгизген, коңшу президент Нурсултан Назарбаев менен анын жакындары тууралуу айткан орой сөздөрү 2017-жылдын терс натыйжасы болду. Назарбаевдин чыкырыгына дароо жооп берген Сооронбай Жээнбековдун жаңы жылдын алдындагы зыяратынан кийин кризистин оту басаңдаса да, маселе толугу менен чечилди деш али эрте. Бишкек Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) кирүү алдындагы алган милдеттерин орундатуусу шарт.

Бул кризис эки мүчөсүнүн ортосундагы араздашууну ЕАЭБдин структуралары жөндөп кете албаганын көргөздү. Евразэстин аткаруу органы болгон Евразиялык экономикалык комиссия бул жагдайды тескей алган жок. ЕАЭБдин өлкө башчыларынын жогорку кеңешмеси Кыргызстандын бийлигинин алмашуусун күтүп, маселени эки тараптуу мамилелерге таштап салды. Кыскасы ЕАЭБдин борборазиялык тарабы былтыр аз жерден жок болуп кете жаздады.

Астана менен Бишкектин тирешүүсү кээ бир кыргыз элитасы сыймыктанган демократиясынын эки жүздүүлүгүн да ашкерелеп салды. Бийликтин өзүм билемдиги, мыйзамды тебелегени, административдик ресурсту колдонгону, оппозициялык прессаны жапырт куугунтуктаганы, кадр маселесинде кландык кызыкчылыктарды ачык колдонгону кыргыз демократиясынын чыныгы жүзүн көрсөттү.

Казакстан

Казакстанга келсек, расмий үгүткө көп иш түшүп, түбөлүк элбасынын жана жетекчиликтин ийгиликтери менен жетишкендиктери даңазаланды. ЭКСПО-2017, Сирияга тиешелүү бир нече сүйлөшүү, БУУдагы мүчөлүктүн биринчи жылы Назарбаевди Нобел сыйлыгына талапкер жана Казакстанды олуттуу регионалдык дөөлөт катары калкына сунду.

Ички саясатта жетишкендиктер анча жакшы эмес. Бул жылы индус миллиардери Лакшми Митталга тиешелүү «Арселлор Миталл Темиртау» жеке ишканасынын шахтерлорунун нааразылыгы менен эсте калды.

Бир нече күн мурун Казакстандын улуттук фондуна тиешелүү 22 млрд доллар молдаван бизнесмени Анатолий Статинин арызынан улам тоңдурулгандыгы билинди. Андан мурун Амстердамдагы сот ошол эле фонддун 5 млрд долларын камакка алган.

Казакстандын латин арибине өтүү чечими коомдук маанайды чыңалтты. Бул чечим аркылуу билим берүү менен кесиптик аракетте англис тилдүү стандарттарга өтүп, Казакстанды дүйнөнүн 50 күчүү экономикасына киргизүү аракети күч.

Бирок ички жана тышкы саясий күндеминин чордонунда Казакстандагы бийлик алмашуу турат. 2016-жылы Ислам Каримовдун капыстан каза болуп калганы бул маселени ого бетер ырбатты. 2017-жылы элбасыдан баары келечек бийлик жана аны алып келүү жолу тууралуу пикир күттү. Аксакал улам бир нерсенин башын айтып казак элитасында чыңалууну арттырып барат.

Өзбектердин жаңы бийлиги мурунку ажосунун мурастарын кантип жокко чыгарып жатканын Назарбаев жакшы карап турат десек жаңылбайбыз. Балким ушундай жагдай өз мамлекетинде кайталанбашына кандайдыр бир кепилдик күтүп жаткандыр.

Өзбек президентинин ыкчам демилгелери арткан сайын казак бийлигинде жагдай чыңалгандан чыңалып бара жатат. Анткени Өзбекстан картаң лидери башкарган Казакстандан озуп, региондун локомотивине айланганы калды.

Тажикстан

Бул өлкө 2017-жылы экономикалык жана каржы кризисине карай жорголоп кете берди. Жетмек, бирок Орусиядагы мигранттар которгон акча менен жайлап турат. Рахмон азыр байма-бай каттап калган Кытай да жардам берди. Жаңы резиденциясына грант да алганга жетишти. Кытайдан алган карыз Ички дүң өндүрүмдүн 40 пайызына жетти. Аны кантип төлөйбүз деп Душанбеде эч ким ойлонгон жок. Албетте же жер, же кен менен төлөйт.

Перс булуңундагы бай араб мамлекеттери да жардам берип келет. Иран менен алакалар туңгуюкка кептелген бойдон турат.

Ошентип Тажикстан сырттан кирген инвестиция жана айлантууга капиталы жоктугунан накталай акчадан кыйналып турат. Былтыр жүздөгөн чакан жана орто ишкана жабылды. Андыктан салык базасы куушурулуп, бийликтеги Үй-бүлөнүн кызматындагы банктардын башкасы жабылып баштаган.

Бардык атаандаштарын «тазалап» салган Рахмондун бийлигине эч кандай коркунуч жок. Айрыкча Москва убадалаган 120 миллион долларлык курал-жарак келсе, ого бетер бекемдейт. Кудай жалгап коңшу өлкөдө бийлик алмашып, Өзбекстан менен көйгөйлөр чечилген.

Бул жагдайда тажикстан ЕАЭБге кирем деп ойлоп да койбойт. Тажик бийлиги Кыргызстан менен Армениянын бул уюмга кирүү тажрыйбасын «кылдат карап турабыз» деп кутулууда. Кыргызстан менен Казакстандын 2017-жылдагы чекилешкени «тажрыйбаны» катуу арттырды окшойт.

Түркмөнстан

Түркмөнстандагы абалды орус премьери Медведевдин крымдыктарга айткан «акча жок, бирок чыдагыла» сөзүнө батырсак болот.

Жылда газдан түшкөн акча менен чытырап турган түркмөн казынасы соолуй түштү. Ачылышы эле 120 млн доллар жуткан Уруш өнөрү боюнча Азиада-2017ге кеткен 10 млрд да бюджетке сокку урду.

Учурда түркмөн газын Кытай эле сатып алууда. Бирок андан түшкөн акчанын көбү Пекинден алган карыздарды жапканга кетип жатат. Түркмөн жетекчилигинин газды Иран, Европа жана Орусияга сатуу аракеттери болсо таш каап келет.

Ушундан улам калкка бир берилип, бир берилбей келген бекер электр кубаты, газ жана туздан баш тартылды. Бирок 2017-жылы президенттик шайлоодо «жаркыраган» жеңишке жеткен Гурбангулы Бердимухамедов келечекке түз карайт. Анын уулу Сардар атасынын макамына тез жылып келе жатат. Аркадаг (колдоочу) атыккан Бердымухамедов Түркмөнстанда 2006 жана Өзбекстанда 2016-жылы капыстан бийлик алмашып кеткенден жакшы сабак алганы көрүнүп турат.

2017-жылы көптөн бери күтүлгөн Владимир Путин Түркмөнстанга зыяратка келди. Москвадан алынган кепилдиктер менен Аркадаг бийлигин дагы бир ирет кубаттап алды. Орустар болсо ТАПИ (Түркмөнстан-Афганистан-Пакистан-Индия) газ түтүгүн салууга катышмай болду. Анын үстүнө түркмөндөрдүн өлкөсүнө бир да чет өлкөлүк аскердик база жайгаштырбайбыз дегени Москва үчүн дагы бир бонус саналды.

Орусия жана Өзбекстандын жардамы менен өлкөсүнүн афгандар тараптагы чек арасын бирге коруганы Ашхабаддын 2017-жылдагы негизги жетишкендиги болду.

Москва, Кабул жана Вашингтондун өз кызыкчылыктарын көздөп дүрбөткөнү менен Ашхабаддын чектешкен өрөөндөргө бекер газ бергени да түркмөн-афган чек арасынын коопсуздугун арттырып, былтыр эч кандай маселе чыккан жок.

Аркадий Дубнов, fergananews.com