Батыш

Жакырлык жугуштуу. Же акча менен баарын чечүүгө болобу?

12 января 2018 г. 21:07 992

Бардык адам атпайдын үңкүр да болсо үйү болуш керек деген ой кечээ эле пайда боло калган эмес. Тээ байыркы афиналыктар да жакырлардын турак-жай маселесин кыйынчылыктарга карабай чечип келген. Бирок, бул маселеде андан бери адамзат анча деле оңуп кетпегенин моюнга да алыш керек. Кечээ XX кылымда гана элдин жырылган суудай көбөйүп кетүүсүнүн натыйжасында ар бир түтүндө үй болуш керек деген маселе козголуп, Конституцияда бекитилди. Анткени менен бул максат бир канча машакатты баштан өткөрүүгө алып келди

Жакырлар үчүн мамлекеттик үйлөрдү жапырт куруучулардын алгачкыларынын бири АКШ болду. Аларда турак-жай жардамы XIX кылымда эле башталганы менен, чындап иш жүзүнө ашырууга Улуу депрессиядан кийин гана киришишкен. Президент Рузвельт «Жаңы багыт» программасында коомдук турак-жай маселесине өзгөчө көңүл буруп, 30-жылдардын биринчи жарымында жүздөгөн чарчы метр жердеги үйлөрдү эптеп эле төлөдү деген аты бар акча менен жакырларга ижарага берген.

Анткени менен Рузвельттин үйлөрү мактоого татырлык иш болгонун моюнга албасак да болбос. Себеби алар үч-төрт бөлмөлүү, артында чакан бакчасы, короосу, ичинде ысык суу, ваннасы бар бир батирлүү коттедждер болчу. Ижара акысы болсо болбогон эле тыйын. Бул үйдө жашагысы келген каалоочу үй-бүлөсү менен итке минген жакырлыкта жашаганын гана далилдеши керек эле. Майда клерктер менен жакшыраак маяна алган жумушчулар болсо жөн эле кан какшап кала беришчү. Себеби алар мындай жеңилдик үчүн аябай бай саналып кала турган. Натыйжада жумушчу менен шахтерлор бир эле раковинасы бар тарпы чыккан үйгө эки эсе көп ижара акы төлөсө, жумушсуздар болбогон тыйын менен ваннаны баржактата толтуруп алып ырахаттанып жатчу.

Ошентип АКШда кыйлага чейин социалдык жардам үчүн салынган үйлөр ишкерлер салган үйдөн кыйла сапаттуу, ыңгайлуу болуп турду. Бирок, албетте, бардык жакырларды коттедж менен камсыздай алышкан жок. Ошондуктан 40-жылдардын аягында, 50-жылдардын башында мамлекет коттедж менен таунхаус кургандан баш тартты. Анын ордуна коомдук жайлар үчүн чоң-чоң комплекстер салына баштады. Бардык инфраструктурасы бар, жол, оорукана, мектеп, дүкөндөр менен камсыздалган кабат-кабат үйлөргө эң жакыр аймактардын тургундары көчүрүлүп келди.

Мына ушул дүңгүрөгөн долбоордун бири Миссури штатындагы Сент-Луис шаарында жайгашкан «Прюит-Игоу» комплекси эле. Комплекс 1954-жылы жаңы тургундары үчүн салтанаттуу түрдө эшигин ачкан. Ошентип туш тарабы жашыл аянттар менен курчаган 33 даана 11 кабаттуу үйдөгү анча чоң эмес, бирок бардык шарты бар, ыңгайлуу, болгон кем-карчы толукталган үйгө жашоочулар жамырап кирип келишти.

Долбоорду келечекте көптү үмүттөндүргөн япон тектүү жаш америкалык архитектор Ямасаки Минору чийген. Ал Ле Корбюзьенин принциптерин, т.а., заманбаптуулук, функционалдуулук жана ыңгайлуулук эрежелерин негиз тутуп иштеген. Бардык үйлөрдүн биринчи кабаты ошол үйдөгү жашоочулардын орток колдончу жери катары эсептелип, жертөлөлөр, велосипед койчу кампалар, кир жуучу жайлар жана дагы ушул сыяктуу максатта бөлүнгөн. Ар бир кабаттагы узун, кенен галереялар болсо, түзүүчүнүн ою боюнча тургундар маектешип отура турган аянт катары эсептелген болчу. Майрамдык кечелерди өткөрүп, жаан-чачындуу күндөрү балдар ойногонго, же төрт дубалдын ичинде камалып отура бергенден тажаганда ары-бери басып серүүндөгөнгө да жарамак. Мындан бир аз эле мурда Миссуриде сегрегация (актар менен каралардын бөлөк-бөлөк жашоосун камсыздаган мыйзам) принцибинен баш тартышкандыктан, бул комплекстер бир гана жакшы турмушту чагылдырбай, көп улуттуулуктун, сабырдуулуктун жана бир туугандыктын да үлгүсү болмок. Бул комплексти Экинчи дүйнөлүк согуштун маалындагы кара учкуч Оливер Прюит менен конгресстеги Миссури штатынын өкүлү ак Уильям Игоунун урматына «Прюит-Игоу» деп аташты.

Комплексти курууга жалпы жонунан 36 млн доллар кеткен. Бул ошол маалдын эсеби менен алганда өтө чоң акча болчу (салыштыргыңыз келсе эч шектенбей туруп жыйырмага көбөйтө бериңиз).

Кыскасы, 1954-жылы миңдеген үй-бүлө Сент-Луистин жакыр мааллелеринен чыгып, жаркыраган батирлерге жайгашышты. Батир акысы күлкү келтирерлик. Албетте, бул долбоордон эч кандай киреше да күтүшкөн жок. Ошондуктан жашоочулар болгону коммуналдык кызматтарга гана төлөштү. Ошону да укмуштай жеңилдиктер менен.

Бирок айтылуу Бальзактын «Жакырлык жугуштуу», - деген сөзү тегин жерден айтылбаган тура. Долбоордун кеңпейил аткаруучулары болсо анын кебине маани бербей коюшкан. Солчул идеядагылар (социалисттер, коммунисттер ж.б.) ошол кездин сабаттууларынын ичинде үстөмдүк кылгандыктан, жакыр турмуштагылар капиталисттик дүйнөдө айоосуз эзилип калат дегенди айныгыс чындыктай көрүшчү.

Ачты тойгуз, жылаңачты кийинт, үйү жокко үй бер - мына ар бир адамгерчиликтүү кишинин милдети ушулар дечү алар! Анткени менен XX кылымдын экинчи жарымындагы улуу социалдык кайра куруунун натыйжасы бул укмуштай сонун эрежелерди деле жакшылап ойлонуп туруп ишке ашыруу керектигин көргөздү.

Ошентип «Прюит-Игоу» комплекси төмөнкү катмарга - жалгыз бой энелерге, кыйынчылыкта калган картаң айымдарга, жакыр турмуштагы студенттерге - эшигин ачкан соң, акырындап өтө кызыктуу нерселер маалым боло баштады.

-Көрсө, жумушу жок, аракеч, жалгыз бой энелер кээде коомчулукка такыр кереги тийбей турган балдарды тарбиялап койот экен;

-Кыйынчылыкта калган картаң айым небере-жээндеринин колунда карандай чай ичип отурганга да, же үй-жайы жоктор үчүн салынган жатаканаларда жашаганга да макул болгону менен, кайсы бир жалгыз бой эненин шалман баласы өлгөн мышыгы менен бетке урган жерде жашай албайт экен;

-Жакыр үй-бүлөдөн чыккан студент кызга лифтте зордукталуу жакпагандай эле, студент жигитке жолдон чыккандарга ким кыйын экенин далилдейм деп тишинен айрылгандан көрө, сабак окуган жакшы экен.

Кыскасы, арадан көп өтпөй «Прюит-Игоудагы» бардык актар комплексти таштап көчүп кетишти. Натыйжада ал жерди 99,8 пайыз каралар басып калды.

Ал тургай кичине калем кармаган, өз алдынча турмуш курам деп аракеттенген каралар да көпкө калгысы келген жок. Өз тектештерин колдоо түшүнүгү эшик алдындагы алгачкы эки мушташтан кийин эле түп орду менен жок болду.

Комплекске жакын аймактагы эки мектептин тыңыраак мугалимдери болсо бир заматта которулуп жок болушту. Чынында көз көрүнөө эле уят-сыйыттын баарын жасап отурган окуучулар менен Гамлеттин чыгармаларын талкуулап, теңдеме чыгаруу мүмкүн эмес болчу.

Ошентип, азыркы жашоодо көпчүлүк жакырлар жалпы коомдун эзүүсүнө кабылган курмандыктар деле эместиги, болгону алар жалкоо жана жөнөкөй турмуштук эрежелер менен адамгерчиликтин чегин билбегендер экени белгилүү болду. Эгер өздөрүнөн ийгиликтүү кишилердин арасында жашап калса, каалап-каалабаса да чөйрөнүн жашоо ыргагына түшүп, мойнунан байлаган иттей сүйрөлсө да кайсы бир пайдалуу ишке илээшип, жаман да болсо мыйзамды сактаганга аракет кылмак. Бул жердеги эң чоң ката, жалаң ошол бири-бирине окшогондорду чогултуп койгондо болгон. Натыйжада, комплекс заматта өз алдынча маргиналдуу республикага айланды. Жеке мүлк түшүнүгү жапайы уруулардан да төмөн түшүп, өз эмгеги менен нан тапкысы келгендерге макоолук, а бирөөгө зордук көргөзүү эрдик саналып калды.

Комплекс ишке киргенден кийин бешинчи жылы 15 пайыз гана жашоочу оңдоп-түзөө, таштанды чыгаруу, электр жана суу менен камсыздоого деп эсептелген мажбурланган минималдык ижара акыны төлөдү. А дагы беш жылдан кийин ижара төлөгөндөрдөрдүн саны болгону 2 пайызды түзүп калды.

Ошентип социалдык бакубаттык аралчасы АКШдагы эң коркунучтуу геттого айланды. «Прюит-Игоуда» чоңойгон 57 жаштагы Люси Стоунхолдер минтип эскерет: «Галереялар мушташчу жайга айланды. Ал жерде качан болбосун өспүрүмдөрдүн бандалары чокмороктошуп жүрчү. Жарыктандыруу деген такыр жок калган. Лампалар тагылаары менен бир канча мүнөт өтпөй талкаланчу. Себеби топ жиндилерге караңгыда иш кылуу ыңгайлуу эмеспи. Лифттер иштеп турган кезде ичине киргизип алып топ-тобу менен ар кимди зордукташчу. Бир аз абайлабай жүргөн кыз-келин кабылса эле бүттү, жүк ташуучу лифтке сүйрөп кирип кетишет. Анан кутурган немелер лифтти эки кабаттын ортосуна токтотуп алып, тобу менен ишин кылышат. Кээде зордукталып аткан аялдардын боздогон үнү бир канча саатка чейин уланчу. Полиция күндүз гана келчү, түнкү чакырыктардан алар да баш тартаар эле. Себеби андайда өздөрүн да сактай алышчу эмес. Кээде эле кайсы бир үйүрдү тобу менен кармаарда атайын бөлүктөр келип, бүтүндөй бир үйдү курчоого алышчу. Күндүз да кичине эшик алдында, же көчөдө жүрүүгө мүмкүн эле, күн баткандан кийин элдин баары бир балээге кабылбайын деп эшигин бекем жаап алып, бекинип отурчу».

Комплекстин дагы бир «бактылуу» жашоочусу Руби Рассел болсо «Прюит-Игоу» уламыштары» аттуу кинодо минтип эскерет: «Жалпыга таандык бардык жайлар согуш талаасына айланган. Таң эртелеп ал жерде балдар мушташчу. Күндүз боз балдардын, а иңир киргенден тартып криминалдык топтордун чатагы башталчу. Кандай киши болбосун, криминалга байланышпаган болсо эле, «Прюит-Игоудон» кутулуунун кенедей мөртү келээри менен качып жок болчу. Имараттар «жакшы» жана «жаман» деп бөлүнчү. Биздики «жакшылардан» эле. Кай бир кабаттарыбызда керек болсо бүтүн терезелер да бар болчу. Коридорлордо тоодой үйүлгөн таштанды жатчу эмес. «Жаман» үйлөргө караганда атышуулар кыйла азыраак кайталанчу. Анткени менен биздин «жакшы» делген үйдө деле киши өлтүрүү аз болду деп айтуу туура эмес болмок».

Так ошол «Прюит-Игоунун» мезгилинде Сент-Луис АКШдагы эң коркунучтуу шаар наамы боюнча үчүнчү орунда турду (азыр деле ошондой). 60-жылдардын орто ченинде бул комплекс зомби-апокалипсис кинолорун тартканга өтө ылайыктуу көрүнүшкө келген. Үйдүн боорлорунда бүтүн терезе көрүнчү эмес. Имараттардын айланасында таштанды тоодой үйүлүп жатчу. Тазалоочулар эчак эле бул жакты тейлөөдөн баш тарткан. Башынан аягына чейин богооз, келжирек сөздөр жазылган коридор панарлар менен күңүрт жарыктандырылып турчу. Сент-Луистеги 75 пайыз баңги зат ушул жерден өткөндүктөн, тепкич аянттарынын көбүндө коркунучтуу нирванасына сүңгүп кеткен кишилер томолонуп жатаар эле. Арасында жаны чыгып кеткендери бар десең да калп болбойт. Өтө коркунучтуу жай болгондуктан сойкулар турчу эмес. Жергиликтүү кыздар жакшыраак аймактарга барып иштеп келишчү (комплекстеги ар бир үчүнчү аял сойкулук кылмышы менен айыпталса, ар бир экинчи эркектин кылмыштуулук тарыхы бар эле). Ушунчалык сасык жыт чыгып турчу. Айрыкча кайсы бир имаратта канализация толуп калып, үй баштан аяк ыпластыкка чулганып калган кезде сасык жыт эселеп артчу.

1970-жылы «Прюит-Игоу» турак-жай комплекси расмий түрдө коркунучтуу аймак катары кабыл алынды. Ооба, ал жерде эч кандай суу каптоо, өрт, же катуу бороон болгон эмес. Ал жер андан да коркунучтуу болчу. Шаардык администрациянын комплекстерди реконструкциялоо, жашоочуларын куткаруу багытындагы бир да долбоору ишке ашкан жок. Коммуникация көз алдыда иштен чыгып, жергиликтүүлөрдүн шартына ылайык жаңылоо, оңдоо иштери кыйроого учурады. Натыйжада бийликте бир гана ыңгайлуу жол калды.

Жашоочуларды башка социалдык турак-жайларга, салабаттуу райондорго бирден-экиден курулган үйлөргө чачырата башташты. Жашоочулар көчүрүлгөн соң полиция менен куралдуу күчтөр бошогон имаратты бир сыйра текшерип, баңгилер менен селсаяктардан тазалашкан соң, имаратты айланта тосуп туруп жардырып ташташат.

Эки жылдан кийин «Прюит-Игоу» курулуш таштандылары менен аңгектерге толгон чөп баскан талаага айланды. А Сент-Луис болсо эми «Прюит-Игоунун балдарынын” маселесин чечүүгө киришти. Алар ондогон бандалар менен шаар ичиндеги жапайы аралда бала кезинен «тарбияланган» баш кесерлер болчу.

Мына, так ушул турак-жай комплексинен чыккан көйгөйлөрдөн улам ак жүрөк филантроптор бир гана акча жана башка ушул сыяктуу каражаттар менен маданияттуу турмуштан алыстап калган элдин жашоосун оңдоп жиберүүгө болбой турганын билишти. Андайда керек болсо жалпы мажбурланган билим берүү да ылаажы боло алган жок. Бир гана башка маданиятты алып жүрүүчүлөр менен тынымсыз байланыш наадандык рухун талкалаары жана ал дагы бир канча муунга чейин улана турган өтө жай процесс экени белгилүү болду.

«Койяанискаци» тасмасынан үзүндү («Прюит-Игоу» Сент-Луис, Миссури)