Саясат

​Евробиримдик менен Орусиянын ортосунда чайналган Чыгыш Европа. Улутчул мекенчилдик чечимби?

12 января 2018 г. 11:55 470

Евробиримдикке эмне болду? Эмне үчүн анын курамына 13 жыл мурун кирген Венгрия менен Польша батыштык баалуулуктардан баш тартып улутчулдукка тайып бара жатат?

Январдын башында Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Баварияга келип Германиянын Христиан-социалдык биримдик (CSU - Christlich-Soziale Union) партиясы менен жолукту. Ал жерде мусулман өлкөлөрүнүн качкындары венгрлер үчүн «мусулман баскынчы» деген дайыма айтып жүргөн сөзүн кайталады. Андан кийин немистердин Bild басылмасына берген маегинде Европа үгүттөп келген көп маданияттуулукту (мультикультурализм) «иллюзия» деп атады.

«Биз муну каалабайбыз. Бизге муну таңуулаганды да сүйбөйбүз», - деп баса белгилеген венгр премьер. Ал Будапешттин качкындарга жасаган мамилесин «кооптуу логика» деп атаган Германиянын Социал-демократиялык партиясынын төрагасы Мартин Шульцту да сындап, Венгриянын ички иштерине кийлигишүүгө жол берилбесин айтты. «Биз жогорураак урматка татыктуубуз деп ойлойбуз», - деген Орбан. Венгр өкмөтүнүн башчысынын бул сөздөрү Европада саясий ажырым бар экенин жана Евробиримдиктин кээ бир мүчөлөрү оңчул саясатка (улутчулдук) оогонун дагы бир жолу тастыктады.

Евробиримдикте чыгыш жана батыш баалуулуктардын тиреши

25 жыл мурун Европалык биримдик (ЕБ) Чыгыш Европа мамлекеттеринин кыялы болчу. Азыр болсо бир нече жыл мурун кирген өлкөлөр менен ЕБдин ортосунда үлкөн көйгөйөр турат. Польша менен Венгрия Евробиримдик каржы булагы катары гана сонун деп эсептешет. Брюсселдеги борборго баш ийгилери келбейт. Батыш Европанын көп маданияттуулугун (мультикультурализм) коркунуч санашат. Варшава менен Будапештте үй-бүлө, христиан дини, мекенчилдик деген эскирбеген баалуулуктарга кайтууга чакырышат.

Чехия менен Словакияда да ушул жагдай. Чыгыш Европанын көп мамлекеттеринде Батыш Европанын ачык коомуна каршы келген кыймыл башталды. Анын пайдубалында ачык чек ара жана глобалдашуу доорунда улуттук аң-сезимдин үстөмдүгү тууралуу идея орун алган. Виктор Орбан татаалдашкан дүйнөнү коркунуч деп, анын бир өңчөй болушун венгр коомуна жаңы баалуулук катары сунгусу келет.

Польшанын мурунку премьер-министри, азыр «Мыйзам жана адилеттүүлүк» партиясынын лидери Ярослав Качински да ушул көз карашта. Экөө тең автократиялык башкарууну тандап алышкан жана коомдун батыштык үлгүдө өнүгүүсүн кооптуу деп эсептешээрин жашырышпайт. Өзү башкарып жаткан Венгрияны Орбан «либералдык эмес мамлекет» деп атайт, Качиньский болсо малекетти өзү каалаган нукка бурганын «жакшы жашаандар» деген. Бул өлкөлөрдө европалык баалуулуктар барган сайын өз маанисин жоготуп бараткандай.

Социализмден кийинки неолиберализм

Бул жараяндар Чыгыш Европанын көп мамлекеттери оңчул саясатка ооп бара жатканын ашкерелеп турат. Бул кыйшаюу экономикалык гана себептерге байланыштуу эмес. Кризистен жабыркаган экономика жана жумушсуздуктун жогорулугу улутчулдукка алып келет деген божомолду Чехия үлгүсү четке каккан. Бул өлкөдө экономика бир жылда 5 пайызга өскөн жана жумушсуздук Евробиримдик мамлекеттеринин арасында эң төмөн – 3%да. Бирок бул бакубаттуулук жаңы премьер-министр Анрде Бабиштин убагында өлкө саясатынын оң тарапка ооп кетүүсүнөн сактай албады.

Польша да буга окшогон багытка түшкөн. 1990-жылы орто жашаган поляктын кирешеси ошондой эле турмушу бар немистикинен 12 эсе төмөн болчу. 2016-жылы үч эсеге чейин жогорулаган. Бирок Польшада улутчулдук дүркүрөп өстү. The New York Times таамай жазгандай оңчул популизм Чыгыш Европада жай тапты.

Польшалык саясат таануучу Пётр Бураш мындай саясий-коомдук өнүгүүнү 1990-жылдан бери Чыгыш Европа коомчулугу өзгөрүүнүн бардык баскычынан өтпөгөнү менен түшүндүрөт. Мисалы социал-демократиялык доор болгон эмес. Коммунисттик идеялар менен талкаланган коомдо неолибералдуулук илгерилей албай калган. Социалдык мамлекет жок болчу. Кесиптик бирикмелер алсыз эле. Бул өлкөлөрдүн калкы дароо капитализмдин катуу формасына капташты. Мунун баары коомдук аң-сезимде кемсинүү комплекси сыяктуу психиалык жаракаттарга алып келди. Поляк жазуучусу Земовит Щеректин пикиринде, Польша калкынын көбү өзүн Батышта жашагандардын «поляк – бул кедейирээк, бир аз артта калган жана натыйжалуулугу төмөн киши» деген көзү менен карайт.

Поляктардын аутизмге жакындыгы

Акыркы апталарда Польшанын жаңы өкмөт башчысы Матеуш Моравецкий сыртты кыдырып жүрөт. Бирок ал Брюсселдин ордуна Будапештке барды. Мындан ачык-айкын саясий өңүттү байкайсың. Польша үчүн Венгрия Евробиримдиктен маанилүү. Андан кийин жаңы премьер Словенияга өттү. Евробиримдикке далысын салууга эч ким аны мажбурлаган жок. А бирок ал ушинтип жатат. Варшава европалык үй-бүлөөдө чоочунсунуп, жакындан бери четтеп калды.

Польша калкынын көбү Евробиримдик биздин намысыбызды тебеледи деген ойдо дейт жазуучу айым Инга Ивасева: «Алар Батыштан чектөө, көйгөй жана бузукулук гана келет дешет». Тең укуктуулук, азчылыктардын акысы, көп маданияттуулук поляк коомуна сиңе алган жок.

«Мыйзам менен адилеттүүлүк» оңчул популисттик партиясынын башкаруусу алдындагы поляктар өзү менен гана алек. Польша өзүнүн жүз жылдыгын белгилеп жаткан 2018-жылы мындай аутизм даана байкалып калды. Варшавада азыр бардыгы улутчулдук менен өлчөнөт. Брюссель менен Берлинден келген акыл үйрөтүүнүн кереги жок. Сот адилетүүлүгү «Мыйзам менен адилеттүүлүк» боюнча калкка баш ийүүсү керек. Польшанын мындай оңчул саясатка оогонунун аркасында тарыхта дайыма курбандыкка чалынып келгени тууралуу сезими жатат. Ага мекенчилдик жана улутчулдук менен жооп кайтаруу керек.

Венгрияда алсыз улуттук сезим

Венгрияда да ушул сыяктуу көрүнүш. Премьер-министр Орбан сот жана башкаруу органдарына өзүнүн идеясын колдогондорду жайгаштырганы жайгаштырган. «Венгрия 90-жылдардагы саясий өзгөрүүлөрдөн кийин демократиялык мамлекеттик түзүм, базар экономикасы, конституциялык укуктар, көп маданияттуулук сыяктуу батыштык стандарттарга дал келет деген ой ката чыкты», - дейт Будапешттеги Борбор Европалык университеттин ректору Майкл Игнатьев.

Жорж Соростун колдоосу менен негизделген дүйнөлүк аброю бар бул университет Орбан үчүн тоскоолдук гана. «Бул университетте венгрлер анча ишене бербеген келечектин эл аралык элитасы окуп жатат, - деп жазган Der Spiegel декабрда. – Сорос – каржы капитализмин эстеткен символикалык адам. Ал оңчул популисттердин ою боюнча салттарга коркунуч алып келет».

Маданияттагы тирешүү да венгр коомунун аң-сезимин жаралаган. Венгрия 1920-жылы Габсбургдардын империясынан кутулуп, өзүнчө мамлекет болгон. Ошондуктан венгрлер өзүнүн ким экенин жаңы эле аныктап баштаган жаш улут. Орбандын «баштапкы баалуулуктарга» кайтуу идеясы венгрдин көбүнө биримдик жана коопсуздук сезимин берүүдө. Бул «мигрант, түшүнүксүз жаштар жана Брюсселдин чиновниктери» жок дүйнө деп жазган Der Spiegel.

Евробиримдиктин чыгыш чектеринде бүгүн болуп жаткан окуяларды европалык интеллектуалдар 25 жыл мурун байкашы кыйын болчу. Анда социалдык кепилдиктер берилсе да, берилбесе да, болушунча тезирээк батыш стандарттары менен базар экономикасына өтүү маселеси турган.

Бирок 90-жылдары эле немис социологу Ральф Дарендорф буга каршы чыккан. Ал демократиялык коом түзүүгө кеминде 60 жыл керек деген. Азыр Польша менен Венгрия Дарендорфтун сөздөрүн тастыктап, бейпилдикке жетиш үчүн Евробиримдиктин далай жол жүрүшү керек экенин далилдеп койду.

Deutsche Welle - Европа