Ислам дүйнөсү

«Алтын глобус» премиясын тапшыруудагы Опра Уинфринин сөзү

12 января 2018 г. 11:06 235

Опра Уинфри буга чейинки жетишкен ийгиликтери үчүн «Алтын Глобус» премиясын тапшыруу салтанатында Сесила ДеМилла атындагы бийик даражалуу сыйлыгын алып жатып жеке эскерүүлөрдөн башталып, аягы күрөшкө чакыруу менен аяктаган өтө таасирлүү сөзүн сүйлөдү

Уинфрини актриса Риз Уизерспуун сахнага чакырды. Сыйлык ээси бул сөзүндө кара аялдардын арасынан биринчи болуп ушундай чоң сыйлыкка татып отурганын баса белгиледи. Ал бышып жетилген көйгөй үчүн бүгүн актрисалар да үнүн чыгарып отурганы аябай чоң үмүт берет деди.

Эмесе анын сөзүнө көңүлүңөрдү бурсак:

Рахмат! Рахмат баарыңарга. Жакшы, жакшы, рахмат, Риз. 1964-жылы мен кичинекей кыз болучумун. Апам Милоукинин үйүндө жерге отуруп алып телевизордон Киноакадемиянын 36-сыйлык тапшыруу салтанатында Энн Бэнкрофт эң жакшы эркектин ролу үчүн «Оскар» сыйлыгын тапшырып атканын көргөм. Ал колундагы конвертти ачты да, «Жеңүүчү – Сидни Пуатье» деп тарыхта кала турган сөзүн айтты.

Сахнага мен ошого чейин көрбөгөн кычыраган мырза чыга келди. Тагынган галстугу аппак, өзү болсо албетте, капкара. Мен ага чейин кара өңдүү кишини мынча даңазалашканын көргөн эмесмин. Кийин ошол салтанатты арзан таарда отуруп алып көргөн, апасы болсо кимдир бирөөнүн үйүн жыйнап жүрүп жедеп чарчап-чаалыгып келген кичинекей кыз үчүн бул окуя канчалык таасир бергенин көп жерде кеп кылып жүрдүм. Сиднинин сөздөрүн «Талаа гүлдөрүндөгү» сөздөр менен гана кубаттайм: «Омийн, омийн, омийн, омийн». 1982-жылы Сидни да так ушул жерде, так ушул «Алтын Глобус» сыйлыгын тапшыруу аземинде Сесила ДеМилла сыйлыгын алды. Азыр мен да сезип турам, ушул маалда кайсы бир жерде мага окшогон кичинекей кыздар тарыхта биринчи жолу кара өңдүү аял так ошол сыйлыкты алганын көрүп отурат.

Бардык кичинекей кыздар менен, мага дем берип, артыман түрткүлөп, колдоп жүрүп ушул жерге жетүүмө жардам беришкен укмуштай сонун эркектер жана укмуштай сонун аялдар менен ушундай салтанаттуу кечени бөлүшүп отуруу – мен үчүн өтө чоң сыймык жана жетишкендик. «Эй.Эм. Чикаго» (A.M. Chicago) программасына катышуу мүмкүнчүлүгүн берген Деннис Суонсонго. Ошол шоудан мени байкап калып, «Лола талаасындагы гүлдөр» киносуна бап келе турган София экенимди Стивен Спилбергге айткан Куинси Джонско. Досчулуктун туу чокусу болгон Гейлге (Кинг, Уинфринин кесиптеши жана курбусу). Артыман тоодой тирек болгон Стедманга (Грэм, Опранын жарандык никедеги күйөөсү) жана башка көптөгөн жакындарга ыраазымын. Голливуддун чет элдик пресса ассоциациясына да ыраазычылык билдиргим келет. Анткени азыр пресса бизди акмалап турганын баарыбыз жакшы билебиз.

Бирок, ошол эле маалда прессанын абсолюттук чындыкты орнотууга ачкөздөнө жутунган арзуусу биздин да акыйкатсыздыкка, жемкордукка, зулумдар менен мазлумдарга, жашырылгандар менен калпка көз жумуубузга жол бербей келет. Мен айрыкча азыркы прессаны башка мезгилдерге караганда аябай баалайм деп айткым келет. Бир нерсени даана билем, чындыкты айтуу – бул биздин колубуздагы эң күчтүү курал. Айрыкча мен өздөрүнүн башынан эмнелер өткөнүн ачык айтууга күч таба алган бардык аялдар менен сыймыктанам жана аларды туу тутам. Ушул залда отурган баарыбызды ушул сүйлөп аткан сөздөрүбүз үчүн урматташат, бүгүн биз өзүбүз тарыхка айландык. Бул тарых бир гана көңүл ачуу тармагына тиешелүү эмес. Ал бардык маданиятка, жер шарынын бардык булуң-бурчуна, бардык расасына, динине, саясий системасына жана жумушуна тиешелүү.

Жана мен бүгүн канча жыл бою мыкаачылыктарга, зордук-зомбулука чыдап келген бардык аялдарга ыраазычылык билдиргим келет. Анткени алар, арасында апам да бар, көптөгөн ыгым-чыгымдарды төлөөгө, балдарын тойгузууга жана кыялдарын ишке ашырууга мажбур болчу. Ал аялдардын аттарын биз эч качан биле албайбыз. Алар – үй кожойкелери, же айылдык эмгекчилер. Алар заводдордо, же ресторандарда иштешет, илим-билим берүү менен, инженердик, же медициналык иштер менен шугулданышат. Алар дүйнөдөгү жогорку технологиялардын, саясаттын жана бизнестин бир бөлүгү. Алар биздин олимптик спортсмендер жана аскер кызматкерлери.

Жана дагы бирөө бар. Ал Риси Тейлор. Мен билген жана менимче силер да билишиңер керек болгон ысым. 1944-жылы жаш жубай жана жаш эне Риси Тейлор Алабама штатындагы Аббевил шаарында чиркөөдөн чыгып үйүнө бараткан. Жолдон аны алты куралдуу ак киши уурдап кетип, зордуктап туруп, көзүн таңып жол боюна таштап кетишкен. Алар аны кимдир бирөөгө ооз ача турган болсоң өлтүрөбүз деп коркутушкан. Бирок бул окуяны түстүү элди өнүктүрүү боюнча улуттук ассоциация билип калган. Ассоциациянын жаш кызматкери Роза Паркс Тейлордун иши боюнча иликтөөнүн башында туруп, аягында адилеттикке жеткен. Бирок, Жим Кроунун убагында адилеттүү мыйзамдар орной элек болчу. Рисини уурдап барып мыкаачылык кылган кишилер жазасын алган эмес. Он күн мурун ошол Риси Тейлор 98 жашка бир аз жетпей каза болду. Ал, баарыбыздай эле көптөгөн жылдар бою күчтүү жана мыкаачы эркектерге кор болгон коомдо жашады. Өтө көп убакка чейин аялдарды эч ким уккан жок. Кокус алар эркектердин бийлиги тууралуу чындыкты айтууга батынышса да, эч ким аларга ишенген эмес. Бирок, бүгүн андай эркектердин күнү соңуна жетти. Алардын күнү бүттү.

Мен Риси Тейлор өзүнүн чындыгы, мурунку жылдары запкы жеген жана азыр да жеп аткан башка көптөгөн аялдардын чындыгындай эле жеңишке жеткенин билип өлдү деп ишенем. Бул чындык 11 жылдан кийин (Тейлордун ишинен кийин) Монтгомеридеги автобуста баратып орун бошотуудан баш тарткан Роза Паркстын жүрөгүндө болгон. Жана бул чындык ар бир «мен да» деген аялдын жүрөгүндө бар. Жана угууга макул болгон ар бир эркектин жүрөгүндө да. Бардык эмгек жолумда, телеберүүлөрдө да, кинолордо да, аялдар менен эркектердин кылык-жоругу тууралуу айтууга аракет кылып келдим. Уят болууну кандай кабыл алаарыбызды, кандай сүйөөрүбүздү, жинденээрибизди, ийгиликсиздикке кантип чыдаарыбызды, кантип багынаарыбызды, кантип өжөрлөнөөрүбүздү, кыйынчылыкты кантип жеңээрибизди айтууга аракет кылдым. Интервьюларды алдым, укмуштай коркунучтуу учурларды башынан өткөргөн кишилер тууралуу айттым, бирок алардын баарын жалпылаган бир сапат бар болчу. Ал – керек болсо эң коркунучтуу, эң азаптуу күнү да ишенимин сактай билүү сапаты эле.

Мен азыр мени көрүп отурган бардык кичинекей кыздарга жаңы күндөр көк жээкке келип калды деп айткым келет. Эч кимге «мен да» деп айттырбай турган келекчекке жеткирүү үчүн күжүрмөн күрөшүп келген кай бир феноменалдуу эркектердин жана көпчүлүгү ушул залда отургандардан чыккан кереметтүү аялдардын эмгеги менен акыры ал күн да келет. Рахмат.

Жованни Руссонелло (Giovanni Russonello), www.inosmi.ru