Ак таңдай акын Амантай Кутманалиев “кыргыздын Алай-Ламасы” деп тамаша-чыны аралаш баа берген жазуучу Кубат Жусубалиевдин “эй, ичинде өлүп кала турган китептер болот” деп айтканы бар. Жаңылышпасам окурман жалаң ошол китептин мазмуну менен жашап, жалаң ошону ойлоп кала турган учурларды кеп кылса керек. Эгерде китептин көлөмүнөн кичирейтип, конкреттүү чыгармалардын масштабында карай турган болсок, менимче окурман ичинен чыга албай, ичинде жашап кала турган ырлар да бар. Алардын бири – Калчоро Көкүловдун “Шарт ушул, бири билбей, бири билип…” деп башталган, аты жок ыры. Ыр беш эле куплеттен турат, андыктан аны талдоодон мурун толук келтирели:

Шарт ушул – бири билбей, бири билип,

Шашылып бири чыкса, бири кирип.

Бул турмуш чамгарагын атып турду,

Бул дүйнө жүрүп турду чимирилип.

Бирибиз алыс кетип атагыбыз.

Бирибиз азга жетпей капалуубуз.

Ашууну болжоп атсак да бирөөбүз,

Агарды бирибиздин сакалыбыз.

Бирибиз арамдыкка жоро болуп,

Бирибиз арсар ишке жолободук.

Бул жашоо бир жаңырып, бир эскирди,

Бир ушул дүйнө турду тоголонуп.

Аргымак атты миндик азанатып,

Аш бердик, той чакырдык казан асып.

Бирибиз арыш керсек оомат тилеп,

Бирибиз аксап турдук жаза басып.

Бирибиз, жолдо калдык тебеленип,

Бирибиз жондо калдык көмөлөнүп.

Бир гана аалам турду ала салып,

Бир гана дүйнө турду тегеренип…

Көрүнүп тургандай, бул ыр дүйнөнүн кыймылы менен башталып, дүйнөнүн кыймылы менен уланып, дүйнөнүн кыймылы менен бүтөт.

Болгону ырдын башындагы адамдар “бири билбей, бири билип, бири чыгып, бири кирип” жүргөн жалпы адамзат катары абстракттуу, чоочун. Алар – дегеле ушул дүйнөнүн кубулуштары, азырынча кимиси ким экенин билбейбиз. Дүйнө да ошол кирип-чыгып жаткан адамдардын жашоосунун бир эсе мыйзамы, бир эсе фону катары кызмат кылат. Дүйнөнүн өзүнө карата мамиле да бейтарап:

Шарт ушул бири билбей, бири билип,

Шашылып бири чыкса, бири кирип.

Бул турмуш чамгарагын атып турду,

Бул дүйнө жүрүп турду чимирилип.

Экинчи куплет авторго чоочун эмес, анын өз тегерегиндеги, ага тиешеси бар адамдарга көңүл бура баштайт. “Биз” деген сөздүн ичинде баары бар. Адамдар – жөн эле дүйнөгө аралашкан, дүйнөнүн ичиндеги капкайдагы немелер эмес, лирикалык каарман өзү кошулган муун, автордун өзүнө алда канча жакын, боор эти менен тең кишилер. Бул саптарда негизинен “биздеги” адамдардын ар кандай абалы биринчи орунга чыгат. Куплетте дүйнөнүн көрүнүшү да, мүнөздөмөсү да жок, ал жалаң адамдар жөнүндө:

Бирибиз алыс кетип атагыбыз.

Бирибиз азга жетпей капалуубуз.

Ашууну болжоп атсак да бирөөбүз,

Агарды бирибиздин сакалыбыз.

“Дүйнө” ырдын ортосунда – үчүнчү куплетте экинчи ирет кездешет. Ал дагы эле тегеренип, айланып, өз мыйзамын жүргүзүп жатат, бирок бул жолу ал – “бир жаңырып, бир эскирген” адам өмүрүнүн сыртындагы реалдуулук. Жакшы-жаманы аралашкан адамдардын башынан өтүп жаткан өмүр – күнүмдүк, дүйнө – түбөлүк.

Бирибиз арамдыкка жоро болуп,

Бирибиз арсар ишке жолободук.

Бул жашоо бир жаңырып, бир эскирди,

Бир ушул дүйнө турду тоголонуп.

Байкап көрсөк бул саптарда дүйнө менен адамдын ортосундагы айырма да, байланыш да толук апогейине жете элек. Бири арамдыкка жоро болгон, бири арсар ишке жолобогон кишилер адам катары калыптанып бүткөн, жашоо бир сыйра эскирип да, жаңырып да бүтүүгө жетишкен. Аларды өзгөртүүгө кеч. Бирок бул ойлор азырынча баралына келип, болуп-толуп калган адамдар тууралуу айтылып жатат.

Автор дүйнөнү кеп кылбастан, кайрадан жалаң адамдардын абалына, жасап жетишкен иштерине, алардын күчөп бараткан айырмасына көңүл бурушун төртүнчү куплетте болушунча күчөтөт:

Аргымак атты миндик азанатып,

Аш бердик, той чакырдык казан асып.

Бирибиз арыш керсек оомат тилеп,

Бирибиз аксап турдук жаза басып.

Ал эми ырдын аягындагы адамдардын абалы – дегеле адам баласынын бир эсе типтүү, бир эсе аянычтуу финалы. Жолдо тебеленип калгандары да, жондо көмөлөнүп калгандары да жалаң эле өлүмдү билдирбейт. Өлүү-тирүүсүнө карабай алардын тагдырын туюндурат. “Биздеги” кишилердин көбү кетип, азы калган армандуу жагдай дүйнөнү өзгөртө албайт, ал баягы эле өз ишин аткарууда:

Бирибиз, жолдо калдык тебеленип,

Бирибиз жондо калдык көмөлөнүп.

Бир гана аалам турду ала салып,

Бир гана дүйнө турду тегеренип…

Болгону дүйнөгө, ырдын башындагы эле айтылган анын объективдүүлүгүнө, бейтараптыгына, болмушуна карата мамиле да АДАМДЫК чен-өлчөмдөрдүн элегинен өтүп, бышып жетилип, аягына чыгып, дүйнө баягы эле дүйнө болсо да бул жолу ага бир эсе өкүнүчтүү, бир эсе айласыз контраст катары кызмат кылат.

Автор бул ырында Дүйнө менен Адамдын мамилесин композициялык жактан төмөнкүдөй ширелиштирген:

1. Дүйнө – Абстракттуу Адамдар.

2. “Биз” деген категорияга кирген адамдар. Дүйнө жок.

3. Дүйнө – “Биздеги” Адамдар.

4. “Биз” деген категорияга кирген адамдар. Дүйнө жок.

5. “Биз” деген категорияга кирген адамдар жана кайрадан Дүйнө.

Бул композиция эмнени көрсөтүп турат? Ырда айтылган адамдардын башынан өткөн нерселердин баары – кулк-мүнөзү, жеткен-жетпеген тилектери, тагдыры – ырдын салааларында. Шырдактын көк (1, 3, 5 – Дүйнө жана Адам) жана кызыл (2, 4 – жалаң Адам) өңдөрүндөй болгон бул категориялар абдан гармониялуу айкалышып келип, аягында Төп Төгөрөк (Инь-Яң) белгисиндей уюп калган. Бир карасак дүйнө адамдарды кучагына алып, ичинде эритип жиберген болот. Бир карасак дүйнө адам баласын ар тарабынан курчап, өз мыйзамынан чыгарбай турат. Дагы бир өңүттөн карасак дүйнөнүн жаргылчагы айланып-айланып отуруп бүтүн адамдарды жутуп алып, алардын сыныктарын, эзиндилерин, таанылгыс өзгөргөн өнүмдөрүн сыртка бүркүп баратканын көрөбүз.

Жалпысынан бул ырда баары жөнөкөй. Адамдардын жашоосу да, дүйнөнүн кыймыл-аракети да турмушта кандай болсо ошондой. Ал тургай өтө эле жупуну да сезилиши мүмкүн. Анда айрым окурмандар “ичинде өлүп калгыдай” же тескерисинче, башкалары “ичинде жашап калгыдай” бул ырдын касиети эмнеде?

Менимче, биринчиден буга Калчоро Көкүловдун өзүнүн дүйнөгө карата ойлорунун жыйындысы таасир эткен. Мындан 20-30 жыл илгерки жолугушуулардын биринде “мен ушу алым жетсе-жетпесе деле дүйнө менен кармаша берем, балдар” деп айтканы бар. Анысы чын экенин тээ “Аптаптуу айыл” жыйнагынан тартып (“дүйнө сен, дүйнө экенсиң”) кийинки жазган ырларына (“Дүйнө күн”) чейинки жолуна сереп салсак даана байкайбыз.

Экинчиден дүйнөнүн өзүндөй эле дүйнө тууралуу ой толгоолор да байыркы. Айрыкча кыргызда илгертен эң көп ырдалган темалар – “Аккан Суу” жана “Дүнүйө”. Болгондо да экөө эки башка нерсе эмес, чындап келсе бир тема. Анткени Аккан Суу – кыргыз таанымында ошол эле Дүнүйөнүн жашоо формасы. Ырда диаметралдык карама-каршылыктагы көрүнүштөр да кыргыз кыртышынан өсүп чыккан. Акындын дээрлик ар бир ырында мындай диалектика баштан-аяк кездешкендиктен, айрымдарын катар коюп окуу – аларды окшош сыяктуу сездириши да мүмкүн. Кайталанган ыкмалар кездешпейт деп кепилдик да бере албайбыз. Андыктан Калчоро Көкүловдун ырларын дүңүнөн жутпастан, ар бирин бирден ичине үңүлүп окуганда гана алар күчүнө кирип, окурман журту чындап рахат алаарын айткыбыз бар.

Ырга кубат киргизип турган үчүнчү жагдай – ар бир муундун башынан өткөн нерселердин уникалдуулугу жана универсалдуулугу. Акындын бул ырын окуп отуруп, ал өз муунун эмес, биздин муунду жазгандай таасир калтырат. Балким ар бир муун өзүн табат. Мына биз эр ортонунан ашып калдык. Бирибиз чындап эле тебеленип жолдо калдык, бирибиз көмөлөнүп жондо калдык. Чын эле бул дүйнө БИЗ ҮЧҮН бир жаңырып, бир эскирди. Бирок бул дүйнө башынан эле ушундай болуптур да? Биздин агаларыбыз, айрым учурда аталарыбыз менен тең кишилер, албетте, өз өзгөчөлүгү менен, ушул айтылгандардын баарын башынан өткөргөн экен да? Демек, муундардын муңу дегенибиз – бул адам баласы жашап турганда кайталана бере турган, бирок ошол эле учурда бири-бирине окшобогон, ар бири өзүнө кымбат нерсе окшобойбу?

Бул чындыкты кайрадан психологиялык таасирин күчөтүү менен жаңыдан ачып бере билүү – поэзия үчүн абдан чоң табылга. Анткени мисалы Расул Гамзатовдун “Турналары” – жалаң советтик жоокерлер үчүн арналып жазылса да, анын масштабынан нары чыгып, дегеле жоокер аттуунун элесине арналган, кимдин болбосун талуу жерин козгогон, универсалдуу чыгарма. “Манас” эпосундагы, жалаң эле кайталангыс жеке адамдын эмес, бүтүндөй элдин тагдыры таразага коюлган, арбактар менен тирүүлөр аралашып сүрөп кеткен Каныкейдин Тайторуну чабышы сыяктуу жанды бүтүн дүрт козгогон эпизоддорду айтпай ак коелу…

Акырында айтарым “Жасап жазбай, жашап жазган оң” деген кеп айтылып жүрөт. Жеке баамымда, жашап (чындап сезип, өз башынан өткөрүп, ичинен кайнап) жазуу зарыл, бирок ал да жетишсиз. Жашаганың башканын жашоосун кошо козгобосо, жүрөгүнөн түнөк таппаса өз ичиңден күлгөнүң да, өксүп ыйлаганың да бекер. Ал сенин жашооң бойдон гана калат. Жазганың сенин гана жүрөгүңдү козгоп тим болбой, окурмандын да жүрөгүнө таамай тийип, тик сайылып, кайра суурулуп, бирок ошондон кийин да оңой менен кетпей турган из, керек болсо так калтырышы зарыл. Ушунун баарын бир эле учурда жөнөкөй да, терең да тилге салып, кыйнап турган ойлорду кыйналбай-этпей шыдыр көрсөтө билиш үчүн өтө чоң чеберчилик талап кылынат. Ал эми чеберчилик деген эмне?

“Кыркаяк кайсы буту биринчи шилтенерин сурап калышса ал байкуш ойлоно берип ташка айланып катып калыптыр” деген уламыш бар. Бул бардык нерсени акылга салып, органикалуу, ажырагыс нерселерди талдай берүү кээде зыян алып келерин, аны кайталангыс касиетинен, жандуу жашоосунан ажыратып коерун туюндурган жыйынтыктардын бири. Чынында эле, мисалы мушташ өнөрүндө өздөштүргөн ыкмаларың эрегиште өзүнөн өзү ишке жарап турбаса демек жетиле элексиң. Кырдаал өзгөргөн сайын “кайсы учурда кайсы колумду же бутумду каякка шилтесем” деп ойлонуп турсаң сөзсүз таяк жейсиң, ойлонбостон дароо аракет кылышың керек. Жалаң эр өнөрү эле эмес, бий болобу, күрөш болобу, дегеле адамдын денесине (демек тирүү нерсеге) байланышкан көндүмдөрдүн баары ошондой. Ал тургай Дүйнөнүн өзү ушундай – ал күтпөйт. Аракетиң өз убагында жана туура чыкпаса утуласың.

Менимче конкреттүү ушул бир ырдын мисалында Калчоро Көкүловдун ар тараптан жетилген жандуу чеберчилиги Дүйнөнү ар бир Адамга, анын ичинде мага, сага, ага кошо жууруп туруп көтөрүп чапкан. Же түшүнгөн кишиге ошол тегеренме Дүйнөнүн жаргылчагына салып туруп ар бирибиздин артка кылчайгандагы өмүрүбүздү жанчып чыккан. Конкреттүү бир окурман катары жеке мага бул ыр көңүлүмдүн түпкүрүнө калтырган из өмүр өткүчөктү кетчүдөй эмес. Тескерисинче, жаш өйдөлөгөн сайын, “биз” дегендердин арасындагы адамдардын улам бири жолдо тебеленип, жондо көмөлөнгөн сайын ал изди колум менен сыйпалап, тегеректеги дүйнөнү карайм.

Дүйнө болсо эч нерсе болбогондой миң кулпуруп, миң өзгөрүп, дагы эле тегеренип, дагы эле тоголонуп, дагы эле ала салып, өз сапарын улантууда.

Жыргалбек Касаболот