Орусия

​Кытайдын Борбор Азия аркылуу Франция менен биригүү шарттары

10 января 2018 г. 21:55 656

Кытай жигердүү иштете баштаган жаңы «Жибек Жолу» долбоору тууралуу француз президенти Эммануэль Макрон: «Бул жолдор ортодогу өлкөлөрдү көз-каранды кылчу жаңы үстөмчүлүккө алып барбашы керек», - деди

8-10-декабрдагы Кытай зыяратында Эммануэль Макрон өкмөтүн болушунча кыскартып, жаңы беш жылдык мөөнөткө аттанган Си Цзинпин менен жолукту. Ал ири өлкөсүн жети жакын жолдошунан турган Туруктуу комитетке таянып башкарат. Жакынкы 20 жылда чечүүсү керек болгон оор көйгөйлөрдүн алдында бели кыйшайбаган Си Цзинпин мактоого татыктуу. Ал маселенин баарын позититивдүү өңүттө карап чыгып, аларды атактуу Жибек-Жолун улаган «Бир кырчоо – бир жол» аталган долбоорго бириктирген.

Кытай менен АКШнын тирешинен колуна көзүрлөр тийген Эммануэль Макрондун эки өлкөнүн алакаларын стратегиялык, экономикалык жана технологиялык жактан жандантууга жакшы мүмкүнчүлүгү бар.

АКШ менен Кытайдын алакасы

2017-жылдын 18-декабрында сунган улуттук стратегиясында Трамп Кытай менен Орусияны «америкалык баалуулук жана кызыкчылыктарга терс дүйнө» калыптагысы келген «ревизионист (адатка каршы) дөөлөттөр» жана «душмандашкан атаандаштар» деп атаган. «Кытай менен Орусия Американын бийлигине, таасирине жана кызыкчылыктарына каршы чакырык таштап, анын коопсуздугу менен бакубаттуулугун алсыраткысы келет», - деп жазылган документте.

Трамп «Американы кайра улуу кылабыз» деген убадасын колдогон орто шартта жашаган жарандар тарабынан шайланган. Бул атуулдар турмушу илгерилебей калганын улуттук өндүрүштүн арзан жумушчуга качырып Кытайга, Канадага жана Мексикага көчүп кеткени менен байланыштырган. Трамп экономикалык мекенчилдикти колдоп, бийликке келээр замат Канаданын жана Мексиканын АКШ менен түзгөн соода келишимдерин өзгөртүүгө мажбурлаган. АКШ дүйнө абасын кирдетүү боюнча экинчи орунда турганына карабай, Трамп 2017-жылдын 1-июнунда 2015-жылы дээрлик бардык өлкө кол койгон климат боюнча Париждик келишимден чыгабыз деп жар салды. 2017-жылы 10-ноябрда Азия-Тынч океандык экономикалык келишимден чыгаарын дагы бир жолу тастыктап, анын ордуна эки тараптык кызматташууга өтөөрүн айткан. Акыры 1-декабрда АКШ Кытайга базар экономикасы бар мамлекет макамынын берилишине каршы экенин Дүйнөлүк соода уюмуна билдирген. Бул кадам аркылуу өлкөсүнө кирип жаткан кытайлык товарларга жогорку бажы тарифтерин сактап калгысы келген.

Технологиялык тармакка келсек, 14-августа Дональд Трамп бир нече америкалык технологиялардын сыртка берилүүсү, Кытайда интеллектуалдык менчиктин сакталуусу тууралуу тергөө баштаткан.

Мындай ар тараптуу басмырлоо кыжырлантканына карабай, кытай жетекчилиги Трамп менен оюнун улантууда. Өткөн жылдын 8-9-ноябрындагы АКШ президентинин Кытайга алгачкы келишинде эки тарап 253,4 млрд долларлык макулдашууга кол койгон.

Теңсиздик жана жашоо сапаты

Кытай калкы дүйнөнүн эң жыш жайгашкан өлкөсү. Анын экономикасы акыркы 25 жылда тарыхта болуп көрбөгөндөй ыкчамдыкта өстү. Дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча өлкөнүн Ички дүң өндүрүмү (ИДӨ) 1990-жылы ар кишиге 1000 доллар болсо, 2016-жылы 15000 долларга жеткен. Бул мөөнөттө 700 млн кытай жакырлыктан кутулду. 1980-2012-жылдар арасында күнүнө 1,25 долларга жашаган кытайлыктар 85 пайыздан 11 пайызга азайды.

Бирок бул өсүш ири шаарлардын абасынын эбегейсиз кирдөөсүнө алып келди. Экономикалык өсүш бай менен кедейдин, чыгыштагы мухит жээгиндеги эл менен батыштагы континенталдык аймактардын, шаар менен айылдын ортосундагы эселеген теңсиздик менен да коштолду.

Кытай жетекчилиги мындай көйгөй менен теңсиздик экономикалык өсүүнү жайлатып, аны туруксуз кылаарын аңдады. Ошондуктан Си Цзинпин бул абалды оңдоого шымаланып киришти.

Кытай көмүртек менен аба кирдетүүдө биринчи орунда турганына карабай, толукталуучу энергетика (шамалдан, күндөн кубат өндүрүү) боюнча да биринчиликке чыкты. Ошентип 2015-жылы 1398 ТВт өндүрүп, АКШ (568 ТВт), Бразилия жана Канаданы караандатпай калды. Мындан сырткары Кытай казып алынчу энергоресурска көз-карандылыктан болушунча тезирээк кутулууну каалайт. Дал ушул маселеде Эммануэль Макрон кытай лидери менен кызматташууга бара алат.

Бай-кедей теңсиздигин жоюу үчүн Си Цзинпин карапайым элге байкалган майда чиновниктердин арам кекиртектигинен кутулууга бел байлаган. Ал «таза партия менен таза өкмөт – партия жана мамлекет үчүн өлүм-калым маселеси» деп кайталап келет.

«Бир кырчоо – бир жол» да кийинки эки теңсиздик менен күрөшүүдө ишке жарап бермекчи. Ал Борбор Азия жана Европага чыгуу аркылуу батыш региондорду өнүктүрүп, элдин айылдардан көчүүсүн жайлатат.

АКШ менен тирешип турган кезде мындай үчилтиктүү ишти аткаруу үчүн Кытай энергетика жана азык-түлүктө көз-карандысыз болушу керек. Бийлик аларды көп жана ишенимдүү тармактан импорттоону көздөйт.

Энергия жана айыл чарба өндүрүмүнө көз-карандылык

2015-жылы Кытай өзүнө керектүү мунайдын 60 пайызын, газдын 30 жана көмүрдүн 5,5%ын импорттогон.

Кытайда дүйнө элинин 20 пайызы жашаганы менен айыл-чарба жеринин 10 пайызы гана бар. Ошондуктан ал дүйнөдө эң көп азык-түлүк импорттогон мамлекет. Элинин турмушу жакшыргандан бери эт көбүрөөк желе баштагандыктан, азык-түлүк кооптуулугу арткан.

Кытай дүйнөнүн 40-65 пайыз төө бурчагын колдонот. Виртуалдуу караганда импорт Кытайдын айыл-чарбага ылайыктуу жерин 50 пайызга арттырган болот. Кытай өз жеринин түшүмдүүлүгүн арттыруу менен бирге сатып алуу жана ижаралоо аркылуу башка өлкөлөрдүн 60 млн гектар жерин иштетет.

Филиппин, Индонезия, Лаос жана Африкада өндүргөн азык-түлүгүнүн 80 пайызын Кытай деңиз аркылуу ташып келет. Бирок мухит жолдору кооптуу болуп баратат.

Кургак маршруттар болсо байыркы «Жибек Жолун» кайра басып өтөт. Ал 1974-жылы чопо аскерлер табылган Цин династиясынын күмбөзү жайгашкан Сиандан башталат. Атактуу шаарда француз президенти Эммануэль Макрон: «Бул жолдор ортодогу өлкөлөрдү көз-каранды кылчу жаңы үстөмчүлүккө алып барбашы керек», - деди. Бул жол Кыргыз Республикасы менен өзбектердин Самарканд жана Бухарасы аркылуу түркмөндөрдүн Мерв шаарына келет. Андан нары экиге айрылып, Түркия менен Европага жана Иран менен Орто Чыгышка барат.

Акыркы маршрут ошол эле Сиандан аттанган темир жана авто жолдор менен Синьцзян, Казакстан, Орусия жана Польша аркылуу Европанын түндүгүнө жетет. 2016-жылдын 18-январында Кытайдан чыккан биринчи товарлар темир жол аркылуу 12000 чакырым жол басып, эки жолу унаа алмаштырып отуруп 18 күндө Лондондун четки шаары Баркингге жеткен.

Бул эбегейсиз долбоор Борбор Азия, Орто Чыгыш, Орусия жана Европага ачылып, Кытайдын батыш тарабын жапырт өнүктүрүүгө багытталган. Кытайлардын эсеби боюнча ИДӨнүн 1 пайызы ушул максатка жумшалса, анда бул региондун экономикасын жок дегенде 1,5 пайызга жогорулатат. Бул долбоорду каржылоо үчүн кытайлар ага кирген бардык мамлекеттердин банктары менен иштешүүнү көздөп жатат.

Технологиялык маселелер

Мындан сырткары Макрон Кытай тарапты француз технологиялары менен кызыктырууда. Анткени Америка тарап жабылгандан бери Кытай батыш технологияларына суусап турат.

Франция менен Кытайдын алдында ашкере исламчылык көйгөйү да бар. Кытайдын түндүк-батыш жана батышында уйгур, казак, кыргыз, тажик жана дунгандан турган 65-100 млн сунний мусулман жашайт. 2013-жылдан бери көбүнчө уйгурлар катышкан террордук чабуулдар болуп келет. Кытайдын атайын кызматтары Сирияга кеткен жихадчыларга Түркия жардам бериши мүмкүн деп айткан. Андан сырткары Жибек Жолу өткөн Бирма, Пакистан жана Өзбекстан да ашкере исламчылардын ири топтору менен күрөшүп келет.

Президент Макрон дүйнө саясатына активдүү катышкан лидер менен геосаясат кушу Францияга конгон учурда жолугууда.

Жан-Бернар Пинатель, Le Figaro, Франция