Борбор Азия

2018-жылы Германияда күн жана шамал энергиясы 1-орунга чыгат

10 января 2018 г. 21:54 631

Германия атомдук энергетика менен көмүр өндүрүшүн токтотууга даяр. Электр кубатын шамалдан, биомассадан жана күндөн алуу кай бир жерде көйгөй жаратканы менен, өтө тез өнүгүп баратат

2018-жыл немис электр энергетикасы жаатында жакшы жышаан менен башталды. 1-январь күнү бүтүндөй мамлекеттин электр кубатын биринчи жолу 95 пайыз кайра толукталуучу электр булактар (ТЭБ) камсыздады. Бул ийгилик ошол күндөгү катуу шамаалдын, кай бир жерлерде жаркырап тийип берген күндүн жана майрамдан кийинки электр колдонуунун азая түшкөнүнөн да болду окшойт.

Немис электрсистемасында эми ТЭБ үстөмдүк кылат

83 миллиондук мамлекеттин дээрлик толугу менен «жашыл электрге» өтүүсү албетте болгону бир канча саатка эле созулуп, кайра эле адаттагыдай абалына өттү. Германияны бүгүнкү күнү толукталуучу электр булактары (ТЭБ) 33,1 пайыз камсыздайт. Башкача айтканда, 2017-жылы Германия федеративдүү республикасынын (Bundesrepublik Deutschland – BRD) электр кубатынын үчтөн бири шамалдан, биомассадан, күндөн жана суудан алынган. Мунун өзү деле жаңы рекорд (2016-жылы 29 пайызды болчу).

«Биз электрсистеминде толукталуучу булактар үстөмдүк кылган абалга жеттик», - дейт Берлиндик аналитикалык борбору Agora Energiewendeнин аткаруучу директору Патрик Грайхен жаңы жылдык рекорд тууралуу айтып жатып. Кубат жана суу менен камсыздоо боюнча федералдык бириккен мекемелердин (BDEW) генералдык директору Штефан Капферер өткөн жылдын жыйынтыгын чыгарып жатып «Толукталуучу булактар айдан ачык жеңүүчүлөрдөн болду», - деп баса белгиледи. бул булактардын үлүшү 33 пайыз деп эсептейт ал.

BDEWдин берген маалыматы боюнча, ТЭБ электр кубатын өндүрүү Германияда 2017-жылы эле 15 пайыздан жогору өскөн (E.on энергокомпаниясы болсо 20 пайызга өстү деп бышыктайт). Ошол эле маалда электрди таш көмүрдөн жана күрөң көмүрдөн өндүрүү азайып, көмүр генерациясынын үлүшү 37 пайызга чейин азайды.

Эгер толукталуучу энергектика өндүрүмүн ушул эле ыргак менен өстүрүп кете берсе дейт Штефан Капферер, анда 2018-жылы ТЭБ көмүрдү басып өтүп, мамлекеттин негизги электр булагына айланат. Көмүрдөн электр кубатын өндүрүү тармагын өзүнчө ала турган болсок, анда ТЭБ биринчи орунга чыкты десек да болот. Мындай бөлүштүрүүнүн өзгөчө мааниси бар. Себеби, таш көмүрдү Германияга сырттан (арасында Орусия да бар) ташып келишет (2018-жылы немистердин акыркы эки шахтасы жабылат), а күрөң көмүр өз аймагындагы ачык кендерден эле алынат.

Атомдук энергетика акырындап ордун бошотууда

Кайсы жагынан алсаң да толукталуучу энергетика Германия 2022-жылы толугу менен баш тарта турган атомдук энергетиканы эчак эле басып өткөн. АЭСтердин үлүшү бир жылда 13 пайыздан 11,6 пайызга түштү. Мюнстерде 2017-жылдын декабрында өткөн толукталуучу энергия булактары боюнча Эларалык экономикалык форумдун эсеби боюнча, бир гана шамал генераторлору (кургактагы жана деңиздеги) бардык немис АЭСтеринен (7,2 млрд киловатт саат) эки эсе көп электр (14,6 млрд кВт/с.) өндүргөн.

Мындай укмуштуу жыйынтыкты быйылкы өзгөчө жылуу кыш менен коштолгон катуу шамалдар камсыздады. Андан сырткары күздөгү бат-бат соккон бороондун себебинен да сентябрь, октябрь айлары шамал энергетикасы өтө «түшүмдүү» болду.

Ал эми 2017-жылдын май, июль, август айларында, айрыкча түштүк Германияда, чайыттай ачык күндөр көп болгондуктан, бул айларда өлкө боюнча 1,6 миллион күн батарейкасы орнотулуп, электр кубаты шамал энергетикасынан да көп өндүрүлдү дейт E.on энергетикалык компаниясы.

Деңиз шамал-парктары дээрлик жыл бою иштей алат

Мына ошентип Германиянын күн энергетикасы менен шамал энергетикасы бири-бирин өтө ийгиликтүү толуктап келет. Бир жагынан карасаң алар жыл мезгили менен күндүн убактарынан аябай көз каранды сыяктуу. Бирок, Фраунгофера атындагы шамал энергетикасы институтунун (IWES) изилдөөсү боюнча, деңизге орнотулган шамал станциялары башкаларга салыштырмалуу көңүл бурарлык даражада туруктуу иштеген.

Эксперттер Түндүк жана Балтика деңиздериндеги немис шамал станциялары бир жылда 363 күн, т.а., дээрлик жыл бою, туруктуулук менен электр кубатын өндүргөнүн белгилешкен. Ушундан улам иликтөөнүн авторлору «Куксхафенстик чакырык» деп аталган талапты колдошкон.

Бул 2017-жылдын сентябрында кабыл алынган документте жээктеги аймактардын федералдык башкаруучулары, өндүрүшчүлөр биримдиги жана профсоюздар BRDнын өкмөтүнө кайрылып, 2030-жылга чейин мамлекеттин аймагындагы сууларга 15 гигаватт кубатындагы эмес, жок эле дегенде 20 гигаваттык шамал генераторлорун орнотууга уруксат берүүнү, а 2035-жылга чейин ылдыйкы чекти 30 гигаваттка чейин өстүрүп жүрүп отурууну суранышкан. Салыштыруу үчүн айтканда, азыркы учурда иштеп турган жети немис атом электр станциянын ар биринин кубаты болжол менен 1,3-1,5 гигаватты түзөт.

Энергетиктер жаңы өкмөттү чыдамсыздык менен күтүүдө

Анткени менен, мындай масштабдуу мерчемге экологдор деңиз экосистемасына коркунуч туулаарын айтып тынчсызданса, деңиз жакалай жайгашкан жашоочулар жээк пейзажы бузулаарын жана натыйжада туристтик тармакка зыян келээрин айтып каршылык билдиришүүдө. Ошол эле маалда жел бараларын кургакка орнотууда деле жергиликтүү элдин каршылыгына учураган маалдар кездешет. Алар шамал генераторлору менен турак жайлардын аралыгындагы эң ылдыйкы чекти көбөйтүүнү талап кылса, табиятты коргоочу уюмдар токойлордун кыркылуусу сыяктуу маселелер боюнча нааразылык билдиришет.

Бирок бул тез арада саясий жана мыйзамдуу чечим талап кылган, аймактык жана федералдык деңгээлде чечилчү маселе. Ошондуктан BRDда жаңы өкмөт түзүлүүсүн эң чыдамсыздык менен күткөндөрдүн бири так ушул энергетиктер. Өкмөт «энергетикадагы бурулуш» (Energiewende) саясатына жаңы дем берип, чогулган каталарды чечиши керек.

Мисалы учурдагы эң курч маселелердин бири - Германиянын энергетикалык компаниялары көпчүлүк убакта, айрыкча шамалдуу мезгилдерде, «жашыл» энергия өздөрү камсыздай турган тармактагы талап кылынган кубаттан да көп өндүрүлүп кеткендиктен, өндүрүлгөн электрди чет өлкөлөргө жиберүүгө мажбур болгону аз келгенсип, ошолор алып койгону үчүн да акы төлөшөт. Демек бул боюнча учурдагы мыйзамды алмаштырбаса болбой турганы даана эле көрүнүп турат. Ошол эле маалда энергияны сактоо системасынын ар кандай жолдорун иштеп чыгууну мамлекеттик деңгээлде күчөтүү лаазым.

Жаңы өкмөттүн алдында глобалдык климатты өзгөртүүгө каршы туруу алкагында көмүр энергетикасын кыскартуунун масштабын жана ылдамдыгын тактоо маселеси да турат. Күзүндө, өкмөттү түзүүнүн мурунку аракетинде, 14 эскирген жана табиятка көбүрөөк зыян келтирген ири көмүр электрстанцияларын жабуу маселеси каралган.

Теоретикалык жактан мындай чаралар немис электр энергетикасындагы табигый газдын абалын дагы бекемдейт. Бирок, иш жүзүндө көмүрдүн ордун табигый газ эмес, ТЭБ ээлегени турат. 2017-жылы электр кубатын өндүрүү жаатындагы газ электр станциялары Германияда BDEWдин билдирүүсү боюнча, байкалбай турганчалык гана өсүп, болгону 12,5 пайыздан 13,1 пайызга көтөрүлгөн.

Андрей Гурков, Deutsche Welle.