Батыш

Польшада бачабаздардын маалыматы коомго жарыяланды

10 января 2018 г. 14:44 1057

Польша Минюстунун сайтына бачабаздардын аты-жөнүн, жашаган дарегин, сүрөтү менен жайгаштырышты. Психиатрлар бул көрүнүш кылмышкерлердин кайра элге аралашып кетүүсүнө кедергисин тийгизет деп чочулашууда

Январь айынын башында Польшанын адилет министрлигинин расмий сайтына бачабаздар менен зомбулукка баргандардын тизмеси жарыяланды. Бул кылыгын мекеменин жетекчиси Збигнев Зёбро «Балдарыбызды коргоо укугу кылмышкерлердин купуялуулугунан жогору турат», - деп түшүндүрдү. Анын ою боюнча, бул «чоң прогресс».

Реестрге 15 жашка чейинки балдарга бачабаздык жана зулумдук кылган 768 кылмышкердин аты-жөнү, жашаган дареги, сүрөтү, туулган күнүнө чейин киргизилген. Миньюсттун айтуусунда мындай жарыялоонун кадимкидей пайдасы бар. Мисалы, аты-жөнүңдү, же жашаган дарегиңди сайттын издөө тилкесине киргизүү менен үй-бүлөң жана бала-чакаң канчалык коркунучтуу аймакта жашап атканын байкай аласың.

Катаал чечим польшалыктардын колдоосуна татыды

Жеке маалыматтарды таратканы үчүн Польшада минюстту эч ким деле айыптаган жок көрүнөт. Арадан бир канча күн өткөнүнө карабай бул маселе боюнча өлкөдө эч кандай кеп болбоду. Жарыяланган тизме көрүнүктүү коомдук ишмерлердин деле, оппозициянын деле сынына кабылган жок. «Польшанын эли чын жүрөктөн бачабаздыкты жектейт», - деп түшүндүрдү психиатр жана сексолог Збигнев Лев-Старович.

Коомдук сурамжылоолор көптөгөн поляктар бачабаздарды хирургиялык жол менен бычууга, өмүр бою эркинен ажыратууга, ал тургай өлүм жазасына тартууга да макул экенин көрсөткөн. Керек болсо Польша мамлекетине дайындалып, адам укугу боюнча адатта жигердүү иштеген Адам Боднар да Миньюсттун кылыгы боюнча ачык сын айткан жок. Айтуусу боюнча ал башында токтотууга аракет кылган, бирок мекеме анын өтүнүчүн орундаткан эмес.

Коомго кошуунун ордуна элге жагуу

«Бул реестрди эч ким ачык сынга алгысы келбей турат», - дейт Лев-Старович. Эл аралык иликтөөлөр боюнча, жыныстык жаатта кылмыш кылгандарды жазанын катаалдыгы чочутпайт да, айыктырбайт да деп кошумчалайт ал. «Бачабаздардын тизмесин элге жарыялоо алардын айыгуусуна коркунуч жаратып, өзгөрүү каалоосунан ажыратат», - дейт эксперт. Муну менен кылмышкерге бачабаз наамы биротоло илинип, коомго аралаштырууга болбой турган эң оор сокку урулат. Бийликтин бул жаңылыгынан кийин кылмышкерди дарылоо мүмкүнчүлүгү укмуштай азаят дейт Збигнев Лев-Старович.

Бир канча жыл мурун польшалык католик чиркөөсүнүн балдарга кылган жыныстык зомбулугу тууралуу чуулгандуу китеп жазган нидерланддык журналист Экке Офербек Миньюсттун жетекчисинин кылыгын «арзыбаган популизм» деп баалады. «Бул реестрдин жүзөгө ашуусу Польшада кайра тарбиялоо системасынын толук эместигин, бачабаздарга чара көрө албаганын көрсөтөт», - дейт Офербек. Нидерланддык муну «линч сотуна чакыруунун» (линч соту – эч кандай соттук териштирүү болбой туруп, караламан калктын шектүү кишини өлүм жазасына тартуусу) кыйыр түрү катары эсептейт.

Тизмеде кечилдер да барбы?

Тизмеге мыйзамдуу айыпталган католик кечилдеринин да кирип-кирбегени белгисиз. Польшанын минюстунун билдиргени боюнча, реестр октябрда эле даярдалып, ага кире турган айыпкелерге сот аркылуу каршылыгын билдирүү мүмкүнчүлүгү берилген. «Анткени менен сотко өтө эле аз кайрылуу болгон» дейт Збигнев Зёбронун пресс-катчысы Ян Кантак.

Кантак реестрде соттолгон чиркөө кызматкерлери деле бар болуш керек дегени менен, тизмеге көз жүгүрткөнүндө бирөөнү да таба албаганын айтат. Польша динаятындагы бачабаздык маселесин мурдатан билген DWнын жеке булагы да жыныстык кылмыштар менен айыпталган белгилүү кечилдердин атын таба алган эмес. Ал муну бул өлкөдөгү бачабаз кечилдер көбүнчө жеңил-желпи жазалар менен гана кутулуп кеткени менен байланыштырат. Анткени менен тизмеде бачабаздык боюнча көп жылга кесилген динаятчылар деле көрүнбөйт.

Миньюст жетекчилигинин пресс-катчысы «Реестрге үй-бүлөлүк абалына жана кесибине карабай жыныстык жаатта оор кылмыш кылган жана мыйзамдуу түрдө бачабаз айыбы тагылган бардык кишилер киргизилди» деп бекемдейт. Болжолдуу маалыматтар боюнча, Польшада бачабаздык боюнча соттолгон ондогон дин өкүлдөрү бар. Польша католиктик жаңылык агенттигинин (KAI) башкы редактору Марчин Пржечишевский бир жыл мурун эле «баары тең юридикалык жактан аягына чыкпаса да» буга окшогон көрүнүштүн болжол менен эки жүздөйү ишке ашканын айткан.

Экинчи тизме баарына ачык эмес

768 фамилиядан турган реестрден сырткары дагы бир кеңейтилген вариант бар. Анда жыныстык кылмыштын жеңилирээк түрү менен айыпталган 2600 кишинин аты-жөнү катталган. Бул тизме жалпыга жеткиликтүү болбогону менен, аны укук коргоо органдары, мектеп, бала бакча, балдар үчүн ачылган жайкы лагердин жетекчиликтери карай алышат. Бул мекемелер аталган кишилерди жумушка киргизип албоосу үчүн берилген тизмеге көз салып турушу керек. «Бул реестр өтө маанилүү», - дейт Лев-Старович.

Байкоочулар мындай ыкманын арты менен Збигнев Зёбро коомчулукту жыныстык кылмыш тармагында күчүнө кире турган мыйзамга даярдап жатат деген ойдо. Миньюст болсо бул аракетин АКШнын тажрыйбасынан алганын айтып келет. Анткени менен бул тармактагы Евро биримдиктин стандарттары Польшага каршы болушу мүмкүн.

Deutsche Welle, Европа