Жорум

​Орус сенаторлорунан Борбор Азияга шапалак

10 января 2018 г. 12:49 512

Орусия парламентинин жогорку палатасы (Совет Федераций - Совфед) Евразиялык экономикалык биримдикке кирген Борбор Азиялык өнөктөштөрүнүн моюнуна шапалак ургандай эле болду

Москвада өтө эле жогорку саясий деңгээлде Орусиянын Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунан чыгуусу тууралуу чакырыктар ташталды. Мындай ойду Евробиримдикке кирген өлкөлөрдөн чочко этин Орусияга импорттоо боюнча талаптарга нааразы болгон орус сенаторлору айтып чыккан.

8-январда жогорку палатанын экономикалык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Сергей Калашников: «Евробиримдиктин доосу канааттандырылса, биз Бүткүл дүйнөлүк соода уюму (WTO) менен катышыбызды кыскартканга мажбур болобуз, балким толук токтотобуз», - деген.

Сенатчы Джаббаров маселени териштирген эмес

Совфеддин эл аралык иштер боюнча комитетинин экинчи кишиси Владимир Джаббаров «WTOдон чыгууга чейинки» чечкиндүү кадамдарга чакырган. Евробиримдиктин доосун «өзүм билемдик» деп баалаган сенатор: «Эгер иш мындай кете берсе, анда WTOдо калуу жана бул уюмга катышуу бизге эмне берүүдө деген маселени коюш керек», - деген Джаббаров.

Мейли, сенатор Джаббаров маселени түшүнүп-түшүнбөй туруп, «чочко ишин» санкциялык саясатка аралаштырып алды дейли.

Россельхознадзор Евробиримдик киргизген тармактык санкцияларга жооп катары 2014-жылдын январында, азык-түлүк эмбаргосун коёрдон алты ай мурун, кара тумоону шылтоолоп ЕБдин бардык 28 мамлекетине чочко этин импорттоого тыюу салган.

Брюсселде мындай жапырт тыюу салууну өлчөмсүз жана укуксуз деп таап, WTOго арызданышкан. Ал жерде чын эле бул уюмдун эрежелери бузулду деп табышкан. Орусия бул чечимди аппеляцияга берген. Арбитраж соту орустардын арызын карап чыгып мурунку чечимди күчүндө калтырган. Натыйжада Россельхознадзор 2017-жылдын 6-декабрында тыюуну жокко чыгарып, өзүнүн туура эмес ишке барганын моюндаган. Эми Евробиримдик Орусиянын бул мыйзамсыз аракетинен улам тарткан 1,4 млрд евро чыгымын төлөп берүү талабын коюуда.

Армения, Беларус, Казакстан жана Кыргызстан жөнүндө ойлогон да жок

Демек «өзүм билемдик» деш өтө эле апырткандык болот. Бирок бул жорум ал жөнүндө деле эмес. Сенаторлор WTOдон чыгуу тууралуу даңкылдаган убакта Орусия кулагынын сыртынан кетирген бир жагдай бар. Бирок орус сенаторлорунун мындай жоругу бардык мүчөсүнүн атынан иш кылган Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун кулагынын кужурун алды.

Орусия менен бирге Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) мүчө болгон Армения, Казакстан жана Кыргызстандын WTOдон чыгуу ниети жок турса, ныксыраган орусиялык сенаторлор өз мамлекетин кантип чыгарып кеткени жатышат? Жакындан бери бул дүйнөлүк уюмга кирүү аракетин күчөткөн Беларуска эмне деп жооп беришет?

ЕАЭБдеги өнөктөштөрүнө жогорудан карагандык

Калашников менен Джаббаров мырзалар Орусиянын эң жакын өнөктөштөрүнүн экономикалык кызыкчылыктарына чакырыгыбыз каршы келбейби деп бир саам ойлонду бекен? Алар, мисалы, кыргыз же армян кесиптештери менен бул өлкөлөргө жана жалпы эле ЕАЭБге Орусиянын WTOдон чыгуу сыяктуу олуттуу кадамы залакасын тийгизбейби деп бир ооз кеңештиби?

Муну менен катардагы сенаторлор эмес, Совфеддин экономикалык жана тышкы иштер боюнча эки профилдүү комитетинин жетекчилери ЕАЭБдеги өнөктөштөрүнө эбегейсиз үстүртөн карагандыгын ашкерелешти. Бул мамиле орус саясий элитасынын бул интеграциялык долбоорго кандай мамиледе экенин кашкайта көргөздү.

Орус чиновниктери Орусия евразиялык аймакта калдайган экономикалык биримдикке мүчө болгондуктан өз алдынча чечим чыгара албасы тууралуу жомокту топурагы жеңил батыш ишкерлери менен орус телесинин ишенчээк көрөрмандарына айтканды жактырышат. Чындап келгенде импердик текеберлик саясий Москванын сөөгүнөн өтүп чучугуна чейин сиңип кеткен. Ошондуктан мурунку союздук республикаларга арабага чиркелген өгүздөй мамиле кылынат. Алар керек болгон учурда «улук агасынын» каалаган аталасын жеп коё беришет.

Ушундан улам Калашников жана Джаббаров деген орус сенаторлору Астана, Бишкек, Ереван жана Минсктин желкесине маал-маалы менен урулуп турган шапалактын бирин сала өтүштү. Ал жакта «тең укуктуулук жана өз ара сыйлашуу» мамилесинин кезектеги сабагын жакшы эстеп калышаар.

Орусиянын Минэкономразвитиясы 8-январда WTOдон чыгуу маселесин каралган жок деп айтып кутулду.