Ислам дүйнөсү

Жол тандабас жакшыбы, же сөз тандабаспы? Рухэшке кат.

10 января 2018 г. 11:52 1152

Олжобай аке, салам алейкум. Бул жазуумду сайтыңызга жарыялайсызбы, жарыялабайсызбы, билбейм. Сайтыңыздын редакциялык саясатында каршы пикирлерге да орун бар деп ойлойм. Сөз жок, дин темасында чучукка жеткире сындап келесиз. Негизинен, туура кыласыз. Кыргыз мусулман коомчулугу өзүн күзгүдөн карап, “самокритика” кылып турушуна опол тоодой эмгегиңиз бар. Аныңызга рахмат. Ошентсе да, диний насаатчы Абдышүкүр Нарматов жөнүндөгү “Абдышүкүр ажыга Алланын бергениби, арабдардын бергениби?” деген акыркы материал боюнча өз пикиримди жазууну чечтим. Калыс пикирби, же жан тартма пикирби, ал жагына окурман баа берээр. Кандай дейсиз?

Рухэш сайтыңыз кыргыз интеллигенциясына жакшы платформа болуп келүүдө. Улут өнүгүшү үчүн, деги эле адам өнүгүшү үчүн сынчыл (критикалык) көз караш сөзсүз керек. Адаттан тыш ойлоно алган кишилер коомду алдыга сүрөйт. Сайтыңыз адабий-интеллектуалдык чыгармалардын очогу болуп жаткандыктан, адабият сөзү адеп сөзүнөн келээрин эске алып, ошого жараша материалдарды чыгарсаңыз болмок. Олжобай аке, өзүңүздү сындаганы турам. Сиз да өзүңүздүн денгээлиңизге жараша ар кандай ойлонууга акыңыз бар. Бирок, сары прессанын деңгээлине түшпөй, демократиялык принциптердин негизинде иш алып барсаңыз болмок. Кээ бир материалдарыңыз плинтустан да ылдый түшүп кетти деп ойлоносузбу? Билем, чымчып, какшыктап сүйлөгөнгө да, жазганга да маш мүнөзүңүз бар. Макалаларга провакативдүү аталыштарды койосуз. (Алардын арасында менин да макалаларым бар:).

Тилекке каршы, диний ишмерлердин адамдык беделине шек келгенчелик опузалап келесиз. Абдышүкүр Нарматов кыргыз коомчулугунда аттын кашкасындай орду бар диний ишмер экени талашсыз. Ал Кыргызстан Аалымдар Кеңешинин төрагасы. Жакында кайрадан Кыргызстан Ислам Университетинин ректору болгону да белгилүү.

“Аалымга сөз айтаарда абайласаң боло, Абдышүкүр ажыдан кыйынсыңбы? Андан динди көп билесиңби? Анын мал-мүлкү менен сенин ишиң канча?” деген сыяктуу реакцияларды окуп жатасыз. Былтыркы дин боюнча талашта сиздин башыңызды бирөөлөр 3000 долларга баалап жибергени да белгилүү. Айткандарыңыздын жүйөөлүү жайлары бар. Элдин диний сезими менен ойноп, бизнес кылгандар да жок эмес. Молдолук кирешелүү кесип экени 2000-жылдардын башында тартылган “Айыл өкмөт” фильминдеги сахнадан улам эсте калыптыр. Андагы айыл өкмөт күйөөсүнө аялынын “Жок дегенде молдо болсоң болмок. Үйгө нан таап келип турмаксың” дегениндей абал азыр өсүп-өнүгүп жаткан учур. Молдолор үйлөнүү-үлпөт тойлордо нике кыйып, өлүм-житимде төрдөн орун алып Куран окуйт. Ал үчүн чөнтөгүнө өзүбүз акча салабыз. Дин тармагы сонун бизнес экени ажылыктын айланасындагы ызы-чуулардан деле белгилүү.
Абийирди өзүнө бербеген соң, диний тармакта иштегендердин арасында өзүн көбүрөөк ойлогондор жок эмес.

Абдышүкүр Нарматов мамлекеттик кызматкер эмес. Ошондуктан сиз экөөбүз мамлекетке төлөгөн салыктан Нарматов айлык албагандыктан анын мал-мүлкү менен канчалык ишибиз болушу керек? Демократиялык принциптер иштеген өлкөдө мамлекеттик казынаны уурдаган, бирөөнүн эркиндигине кол салган, адамдын укугун тепселеп, бирөөнүн жеке турмушуна башын салган, мыйзамды бузганды айыптап, сындабасак туура болмокпу? Мамлекетке, же кимдир бирөөгө зыянын тийгизбегенден кийин, сөз эркиндиги деп эле өзүңүз сындап келген мурдагы сөз тандабай сүйлөгөн бирөөгө окшоп башканын беделине шек келтире берген канчалык туура деп ойлойсуз? Сураксыз, сотсуз бирөөлөрдү опузалаган канчалык туура? Кандайдыр бир кылмышы катталса бир жөн. Эгер демократия, мыйзам үстөмдүгүнө ишенсеңиз, анда бирөөнүн акысын жебеген киши менен ишибиз канча? Менин, же сиздин төлөгөн салыгыңызды уурдадыбы? Эгерде кымтып койсо анда ушинтип сурасаңыз болмок.

Мухаммед (САВ) пайгамбарыбыз ошончо мүмкүнчүлүгүнө карабай жупуну жашаганы, халифалары да бай болгонуна карабай жупуну турмуш өткөргөнү молдолордун сөздөрүндө көп айтылат. Балким, сиз чыгарган материалдагы килейген жол тандабасты Абдышүкүр Нарматовго бирөөлөр белек кылгандыр, же өзүнүн маңдай тери менен тапкан акчасына алгандыр. Абдышүкүр Нарматовдун Орусияда дыйканчылык жаатындагы бизнеси бар экенин айтылат. Тапкан пайдасынан жетим-жесирге, студенттерге жардам бергенин угуп, билип эле жүрөбүз. 2-3 жыл мурун машинасынын ачкычын да ошол максатта карматканына өзүм күбөмүн. Эми сиз белгилеген үйлөрдүн бирөөсү студенттер үчүн жатакана, дагы бирөөсү жөн гана кошунасынын үйү экенин сурап билдим. А балким адал эмгеги менен тапканынан мамлекетке жер салыгын, мүлк салыгын, кошумча нарк салыгын төлөп жатканы жөнүндө диний ишмер өзү да жооп берип калаар.

Ооба, мусулманчылыкта наркы дүйнө үчүн эле эмес, бул дүйнө үчүн да жашаса болоорун билебиз. Ар кандай көз караштагы адамдар жашаган светтик-демократиялык коомубузда мусулман кишинин да кандай кийинип, кандай машина миниши өзүнүн гана биле турган иши. Бирок, кыргызда “Эл эмне дейт?” деген феномен бар. Ооба, Абдышүкүр Нарматов жөнөкөй адам эмес экени айтпаса да белгилүү. Саясатчылар айткан сөзүнө, турган турпатына этияттап жүрүшү керек болгондой эле, коомдук ишмер Абдышүкүр Нарматов да өзү жөнүндө шек-күмөндөрдү көбөйтпөй, өзүн жупунураак алып жүрүш керекпи деп ойлоп кетесиң. Мамлекет башчысын деле коркпой сындаган кыргыз эли, бир коомдук ишмерди сындай берет. Кантсе да бирөөлөргө зыяны тийбегенден кийин коомдо өзүн кантип алып жүрүү өзүнүн гана биле турган иши экенин да унутпасак...

(Бул макала Рухэшке да жарыяланды)