Батыш

ПАЙГАМБАРЫБЫЗГА 30-МУУНДАН БАЙЛАНГАН КАРЫ НАРЫНДА САБАК БЕРЕТ

9 января 2018 г. 16:04 238

Кыргызстан боюнча Куран окуу жарышында 3 жолу биринчи орунду алган, дүйнөлүк жарышта Ливия мамлекетине барып, 4-орунду ээлеп келген Искандаров Насрулло 1990-жылы Чүй облусунун Сокулук районунун Жаңы-Жер айылында жарык дүйнөгө келген. 6 жашынан баштап өзү жашаган Жаңы-Жер айылындагы айтылуу Фазыл карынын медресесинде Куран окуганды үйрөнүп баштаган. 12 жашында Куранды толук жаттап бүткөн. Жаңы-Жер медресесинин мүдүрү Фазыл карынын сиңирген эмгегин Искандаров Насрулло опол тоодой баалап: «Куран Алланын сөзү. Куранды үйрөнгөнгө жана Аны башкаларга үйрөткөнгө мүмкүнчүлүк берген Жаратканыма миңдеген шүгүрлөр болсун. Менин бул чыйырымдын башында албетте, устазым Фазыл кары турат. 6 жашыман баштап Куран жаттатып, эбегейсиз эмгек жумшады. Куранды ошол устаздын колунан жаттап бүтүрдүм. Устазыма сый-урматым чексиз. Аллахым да ал кишиден ыраазы болсун», – деп тилек кылат.


Кийин Курани-Каримди толук жаттап бүтүргөн соң Аламүдүн районунун Арашан айылындагы «Абдулла бин Аббас» атындагы Куран жаттатуу борборунда окуп, жаттаган Куранын дагы да бекемдеген. Ал жакты 2 жыл окуп бүтүрүп, колуна күбөлүгүн алган соң Кара-Балта шаарындагы «Куран Нуру» ислам институтунда билимин жогорулатуу үчүн 4 жыл окуп, 2012-жылы институтту аяктап, диплом алган. 2013-жылдары Нарын медресесинде студенттерге Куран үйрөтүп эмгектенген. Нарын шаарына кантип келип, Куран сабагынан мугалим болуп калганын Насрулло устаз мындай деп эскерет:

“Куран жарышына тандоо жүрүп жаткан. Куранды жакшы окугандарды тандап отурган Муфтияттын өкүлү Замир Ракиев Нарын казылыгынан Муфтияка жаңы жумушка келген учуру эле. Менин Куран окуганымды жактырган окшойт, акыры дүйнөлүк Куран жарышына мени тандап алды дагы, “Келечекте эмне кылайын деген оюң бар?” – деп, максатымды сурады. “Билимимди дагы тереңдетсемби” деген оюмду айттым. Ошондо Замир кары: “Нарында бир да Курандан жеткиликтүү сабак бере алчу кары жок, барып Куран үйрөтсөң жакшы болмок. Баары эле жылуусуна, ыңгайлуулугуна карап Бишкекте иштегиси келет. Ал эми Нарын сыяктуу суук жерлерге, диний билим муктаж болгон аймактарга ким барат? Ал жерлердин эли, жаштары Куран үйрөнбөй, Куран акыйкаттарын түшүнбөй кала берсинби?» деди.

Бул сөздөр жүрөгүмө октой сайылып, намыстана түштүм. Себеби менде дагы билимимди Бишкектен эле тереңдетсемби деген ойлор бар болчу. Намысымдын саясында жүрөгүм менен кеңешсем «Бишкек менен Нарындын эмне айырмасы бар? Кай жакта ыйманга кызмат көбүрөөк талап болсо, ошол жакка бар. Бишкекте ансыз деле Куран мугалимдери көп» деп шыбырагансыйт. Ошентип, “Эмнеге Нарынга барып Куран үйрөтүүгө болбосун? Ал жактагы окуучуларга Куранды биз үйрөтпөгөндө ким үйрөтөт эле?» деген ойлор мээмди чырмап алды. Акыры “Ал жак дагы өз мекенибиз, өзүбүздүн элибиз жашаган аймак. Алган илимимдин акысын берейин” дедим дагы, Нарынга барууга бел байладым. Нарында бир жылга чукул сабак берип жүрүп, Алла Таала буюруп, Египет Араб Республикасына окууга жөнөп калдым.”

Ошентип, Искандаров Насрулло Египет Араб Республикасынын борбору Каир шаарындагы миң жылдык тарыхы бар, тагыраак айтканда 988-жылы түзүлгөн Аль-Азхар Ислам университетинин алдындагы шарият сабактарынан билим берүүчү жана университтетке даярдоочу институтта (махад) 4 жыл (2014-2017-жылдары) билим алган. Ошону менен катар эле Куран жаттатуу жана ижаза берүү борборлорунан билим алып, Куран окуунун 5 кыраатын үйрөнгөн. Тактап айтканда, Куран жалпы 10 кыраат менен окулса, Насрулло кары 5 кыраатта окуй алат. Ал Куран жаттатуу жана окутуу борборундагы Куран илими боюнча айтылуу адис, «Аль муншид» деген ысым менен таанымал Абу Абдулло Мухаммад бин Мухаммад бин Ахмаддан билим алган. Абу Абдулло Мухаммад Мухаммед (с.а.в.) Пайгамбарыбызга 29-болуп байланган жана ушул чынжырдай уланган мугалимдерден Куран окууга уруксааты бар (ижаза) Куран мугалими. Мындайча айтканда бул Пайгамбарыбыз Куранды сахабаларга, сахабалар белгилүү табииндерге, алар дагы башкаларга үйрөтүп, эң мыкты, толук эрежелери менен окугандарга уруксат берип отуруп, ортодон эч үзүлбөй 29-чынжырга – 29-кишиге – өттү деген маанини берет. Ошол Пайгамбарыбыз башында турган 29 мугалимден бери үзүлбөй уланып келе жаткан Куран кыраатын Искандаров Насрулло 29-мугалим Абу Абдулло Мухаммад устаздан үйрөнүп, өзү 30-уруксаты бар мугалим болгон.

Искандаров Насрулло 2017-жылы Египеттен институтту бүтүрүп келип, учурда Нарын медресесинин Куран жаттоо бөлүмүндө 20 студентке Куран жаттатып, жаттаган Куранын бекемдетип, билим берүүдө. Чүйдүн жылуу абасында чоңойгон жигит Нарындын суук шарттарына моюн бербей, эмгек каржап жаткан учуру.

«Мага Нарындын суугу сезилген деле жок. Демөөрчү агалар медресени толугу менен жаңы салып, бардык шарттарды түзүп берген, Алла алардан ыраазы болсун. Эң негизгиси Нарындын кышы суук болгону менен элинин көңүлү, мамилеси жылуу. Баарынан дагы, биз окутуп жаткан жигиттер эртең элибизге кайрымдуу чыгып, мамлекетибиздин өнүгүүсүнө руханий багыттан салым кошуп, ата-бабаларыбыздын жолун жолдоп, кыргыздын менталитетине төп келген түшүнүк менен элибизге кызмат кылса – ошондо биз максатыбызга жеткен болобуз», – дейт Насрулло устаз көптөн үмүттөнүп.

Нарын казыятынын басма сөз кызматы