Батыш

Казакстанда «Этиятсыздыктан зордуктоо» боюнча бир катар мыйзам сунушталды

9 января 2018 г. 13:57 412

Казакстан мусулмандар биримдиги (КМБ) менен Борбордук Азиядагы адам укугу боюнча мусулмандык комитетине (БА АУМК) экс-депутаттын адвокаттары кайрылды деп билдирет Тimeskz.kz аталган коомдук бирикменин пресс-катчысынын шилтемесине таянып. Бул депутат Чыгыш-Казакстандык 19 жашар Елена Иванованы зордуктап койгону үчүн айыпталып жаткан.

Адвокаттар парламентке «Аффект абалындагы зордуктоо», «Этиятсыздыктан зордуктоо», «Атайылабай зордуктоо», «Айласыздыктан зордуктоо», «Кылмышка азгыруу», «Арам ниет менен азгыруу» деген мыйзамдарды сунуштоону каалайт. Алар бул кайрылуусун мурунку эл өкүлүн актоого толук мүмкүн болуп турганына карабай, азыркы мыйзамдардын кем түзүлгөнүнөн улам актай албай жатышканы үчүн келгенин айтышкан. Мисалы, алар экс-депутат кызды байкабай… зордуктап алганына бекем ишенет.

Анткени, кыйраткансып так ошол күнү жабыр тарткан кыздын сырткы келбети эл өкүлүнүн аялына аябай окшош болуп калган. Анан калса окуя анча жарыктандырылбаган жерде болгондуктан, тигил жакшы айрымалай алган эмес. Тек гана каалоосу ушунчалык күч болуп тургандыктан, негедир шеригинин кимдигин тактаганга үлгүрбөй калган. Анысы аз келгенсип бечара эркектин тубаса астигматизми бар болчу жана көзү да жакшы көрчү эмес.

Андан сырткары адвокаттар жабыр тартуучу жактан да кылмышка азгыруу аракети болгон деп эсептешет. Тагыраак айтканда, арам ниет менен делебесин козгоо аракети болгон. Анткени ошол күнү кыз атайылап эле аябай чапталышкан кийим кийип, дүүлүктүрүүчү жыттарды оң-тетири буруксутуп, ачык-айкын эле туруп берген. Натыйжада, кадимкидей эле эркектик инстинкти бар экс-депутат ушул окуяны кылган.

Айтмакчы, эл өкүлү ошол эле маалда жакшы ниетте да болгон. Себеби ал адамзаттын тукум улоо милдетин эсинде тутуп, колу бошобогонунан улам ыңгайсыз абалда турганына карабай Чыгыш-Казакстандын демографиялык абалына кам көрүү аракетин кылган.

Мына ушул айтылган жагдайларды эске алуу менен, адвокаттар КМБ менен БА АУМКга кайрылып, жаңы мыйзамдарды кабыл алдыруу жаатында колдоо көрсөтүүнү суранышкан.