Орусия

​Путинди жеңет деп дүйнөнү кыялданткан талапкер эми чыкты

9 января 2018 г. 10:08 3126

Орусиянын президенттигине жаңы эле аттанган бул кандидат элди кыялга салды. Анын Владимир Путинди тайманбай сындаганы интернеттеги YouTube каналында шумдук популярдуу болду. Артында болсо учурдагы Кремлдин башчысы менен анын олигарх досторунан тажаган күчтүү саясий машина жана миллиондогон тарапкери бар. Аналитиктердин басымдуу бөлүгү 18-мартта Путин шайланган күнү да бул талапкер жок эле дегенде экинчи келгенге толук мүмкүнчүлүгү бар дешет.

Аа жок, ал Алексей Навальный эмес

Ал Павел Грудинин. Декабрда коммунисттик партия күтүлбөгөн жерден аны Геннадий Зюгановдун ордуна президенттик шайлоого катышууга сүрөп чыкты. Партиянын 73 жаштагы лидери буга чейин төрт ирет ажолук жарышка катышкан.

57 жаштагы Грудинин мурун мамлекетке таандык Подмосковьедеги совхозду өнүккөн бизнеске айланткан. Айтымында бул анын Орусияга кайра алып келгиси келген социализм үлгүсү.

Декабрда президенттик шайлоого катышууга тыюу салынган 41 жаштагы коррупцияга каршы аттанган Навальныйга окшоп, Грудинин да Путиндин 18 жылдык башкаруусунан тажаган орусиялыктарга кайрылат. Интернеттеги популярдуу «Грудинин чындыкты балп эттирди! Госдума талкан сугунуп алгандай унчукпайт» сыяктуу видеороликтерде Грудинин «небак түрмөдө отурушу керек болгон кишилерге» көз каранды болгон Путинди айдан-ачык шылдыңдайт. Орус элитасы оффшорлорго которуп кеткен миллиарддаган долларларды кайтарып келем деп убадалаган.

Анткени менен Навальныйдай эле, ал да Орто Азиядан келген эмгек мигранттарына каршы чыгып, орус улутчулдарынын көңүлүн алууда. Экөө тең орусиялыктар батыштыктарга караганда начар жашап жатканына нааразы.

«Мен далай жолу орустан жеңилген элдерге караганда орус эли жакшыраак жашашы керек деп эсептейм», - деди Грудинин «Воскресный вечер с Владимиров Соловьевым» аттуу популярдуу программада.

Мындан сырткары, Грудинин 1991-жылы Советтер Союзунун тараганына нааразы болгон жарандардын да көңүлүнө жол табууда. Акыркы сурамжылоодо орусиялыктардын 55 пайызы бул маселеде арманда калганы билинген. Грудинин мындайларга Навальный да, Путин да көргөзө албаган, өзү айткандай, «Москванын капитализм чөлүндөгү социалистик оазиси» болгон «Ленин атындагы совхозду» суна алат.

«Ленин совхозу» Москванын күн-түн дебей иштеген эң мыкты супермаркеттерин кымбат жана сапаттуу товарлар менен камсыздайт. Быйылкы кирешеси 20 млн рубль болуп, жумушчуларынын орточо айлыгы 1370 доллар деп сүйүнчүлөдү Грудинин Соловьев менен сүйлөшүп отуруп. Бул өлкө боюнча көрсөткүчтөн эки эсе көп. Мындан сырткары иштегендерге медициналык жардам, турак жай жана балдары үчүн билим берүү акысыз.

Декабрда «Единая Россия» партиясынын мүчөлөрүнө кайрылган Путин паракорлукту токтотуп, бизнес үчүн жаңы шык берип, саламаттык сактоо жана билим берүүгө каражат бөлөөрүн убадалаган.

«Жаңы убадаларды берүү президент үчүн кооптуу. Эмгиче турмушту оңдоп бүтө албай жатса, анда ал 18 жыл бою эмне кылган? – деп жазган орусиялык журналист Андрей Петров. – Жакшы жашоону убадалоо жана бийликти сындоо сыяктуу негизги маселеде Грудининдин жообу даяр».

Эгер Грудинин жөнүндө биринчи жолу угуп жатсаңыз, анда өзүңүздү жемелебеңиз. Орусиядан сырткаркы ЖМКлар Орусиядагы шайлоого келгенде Навальный менен гана чектелген. Анткени ал Кремлди жекеме-жекеге чакыргандан баштап батыш аналитиктеринин көңүлүн толук өзүнө буруп алган. Батыш журналистикасы Путиндин «негизги атаандашы», же «орусиялык оппозициянын лидери» деген наамды Навальныйга адашып ыйгарып алган. Мен өзүм да ошенткеним үчүн муну жакшы билем.

Бирок Навальный өзүнүн штабынан башка эч кандай бирдиктүү оппозицияны жетектеген жок. Албетте, штабын эң оор кырдаалда иштете алды. Бирок өлкө боюнча бийликтин арам кекиртектигине каршы нааразылыкты уюштурганы анын саясий популярдуулугун арттырбаганын сурамжылоолор көрсөттү.

Навальный 2017-жыл бою шайлоо алдындагы компанияны активдүү жүргүзгөнү үчүн көңүл чордонунда турду. Башка талапкерлер болсо Путин талапкерлигин койгонго чейин күтүп отурушту. Шарттуу соттолгону үчүн Боршайком атаандаштыкка киргизбей койгону жана Навальныйдын шайлоону бойкот кылам дегени ЖМКлардын бүйүрүн кызытты.

Ал арада Навальный үчүн жабык болгон, бирок орусиялыктардын көбү маалымат алган мамлекеттик телеканалдарга Грудинин байма-бай чыга баштады. Путин былк этпей утуп алат деген сурамжылоолорго совхоздун жетекчисинин аты азырынча кире элек. Ал өз позициясын канчалык жигердүү көрсөткөн сайын популярдуулугу арта берет.

Ал канчалык узай алат?

Путиндин доорунда калыптанып калган саясий системада эки «системдик оппозиция» бар. Коммунисттер жана дагы бир «түбөлүк кандидат» Владимир Жириновский жетектеген ашкере улутчул Орусиянын либерал-демократиялык партиясы

Үстүртөн караганда бул эки партия Путин менен анын «Единая Россия» партиясына атаандаш. Бирок алардын лидерлери Кремлдин чечимдерине кээде эле каршы чыгат.

Аны менен шайлоодо атаандашса да, Путиндин отставкага кетчү убагы келди деп Жириновскийдин, же Зюгановдун айтканы эсимде жок.

Ошондуктан Путинге эрөөлгө чыккандай көрүнгөн Грудинин пайда болгондо, ал олуттуу аттандашпы жана Кремль ага канчалык эркиндик берээр экен деген суроолор дароо пайда болду.

Орусиялык аналитиктердин пикири боюнча, Грудинин деле улутчул Владимир Жириновский менен батышчыл Ксения Собчак сыяктуу болочок шайлоого элдин катышуусун арттыруу үчүн аламанга киргизилген Кремлдин долбоору.

«Коммунисттик партия мамлекеттин саясий системасына орнотулган өкмөткө жакын партия. Ошондуктан анын кадамын бийлик күткөн эмес деп ойлоп албаш керек», - деп жазган фейсбугундагы баракчасына саясий аналитик Евгений Минченко.

Белгилүү журналист Андрей Перцев: «Бул системада талапкер өзүнүн 15% коммунисттик электоратын жана андан сырткары дагы бир нече пайыз добуш алат... Бирок бул сценарий талапкер системдүү жана жасалма эрежелер менен ойногондо гана ишке ашат», - деп жазган.

«Бул либералдардын бир бөлүгү үчүн Грудинин – жигердүү бизнесмен, СССРди унута албагандар үчүн кызыл директор дегендик. Эки тарап үчүн тең оппозициячыл саясатчы. Ошондуктан күтүлгөндөн бир аз көбүрөөк добуш алышы мүмкүн», - деп кошумчалаган Перцев.

Шайлоо атаандаштыгы тигиндей же мындай кетет деп эч ким айта албайт. Бирок чет өлкөлүктөр үчүн Орусиянын шайлоо компаниясына көңүл бурууга Навальныйдан сырткары дагы бир себеп пайда болду.

Дэвид Филипов, The Washington Post, АКШ