Жорум

​Биздин президент...

9 января 2018 г. 9:22 1497

Бүгүн эки аял келиптир, кыргыздар. Жумуш боюнча. Аңгыча эле саясат тууралуу сүйлөй башташты. Мен эмес. Алар. Мен унчуккан жокмун. Угуп гана турдум.

Отуруп алып Путинди аябай жакшы көрүшөөрүн божурап атышты.

Унчукпадым.

Угуп аттым.

Болгону көз айнегимди мурдумдун учуна түшүрүп коюп үстүнөн карап турдум. Көз салып отурам. Тигилер болсо кандай сонун президент деп суктанып атышты.

Эл үчүн кандай көп иштерди жасаганын айтышты.

Мен болсо укчукпай уга бердим.

Бир маалда эле алар мен жакка бурулуп суроолуу карап калышты. «Ии буга сиз кандай дейсиз? Эмнеге унчукпайсыз? Бир нерсе дебейсизби» дегендей...

-А мага биздин президент жагат, - дедим мен.

Аялдар айтаарга кеп таппай, көздөрүн алайтып отуруп калышты...

Мен болсо бир аз мурда толтуруп аткан жадыбалыма үңүлүп, иштей баштадым.

Менимче алар Путин биздин президент эмес экенин да билишпейт окшойт. Аларга унутулуп бараткан бир нерсени эстетип койгондой болдум. А балким алар менден кандайдыр бир башка планеталык шек-шооратты байкап калыштыбы?

Кыскасы, ошол бойдон саясат туурауу кеп козголгон жок.

Шаблондорду сыйрып ыргытканды билем дааа :-)