Батыш

​Шаардагы түтүн. Тургундар «кара асман» менен кантип алышты

8 января 2018 г. 17:26 1136

2017-жылы шаардыктар таза асман үчүн жыл бою күрөшсө да декабрь аяктап бара жатканда Красноярскты эң коюу кара «булут» басты

Орусияда Экология жылы деп жарыяланган 2017-жылы красноярсктыктар эң аз дегенде 45 сутка «кара асмандын» алдында жашашты. Түтүн баскан абага мындай атты шаардын тургандары менен Жалпыга маалымдоо каражаттары койгон. Атка минерлер болсо аны жагымсыз метеорологиялык абал (ЖМА) деп тергеп келишет. Бул күндөрү шаардык бийлик терезелерди ачпоону, көчөдө жүрүү мөөнөтүн кыскартууну, колдон келсе шаардан чыгып кетүүнү сунуштайт. Кээде мындай күндөр узап кете берет. Мисалы былтыркы февраль айында Красноярскты 11 күн удаасы менен «кара асман» баскан.

Смартфондогу тиркеме аркылуу абаны көзөмөлдөө

«Жашыл кайгуул» уюмунун экологдору былтыркы жылы Красноярскка «экологиялык апаат аймагы» деген баа беришкен. Абанын кирдегенинен шаарда залалдуу шишик жана дем алуу органдарынын оорулары артуу коркунучу күч. Ошондуктан зыяндуу түтүн маселеси шаардыктардын тынчын ала баштаган. Алар 18-мартта «Таза асман үчүн» деген нааразылык митингине чыгышкан. Ага катышкан эки миңге жакын кишинин арасында дизайнер Игорь Шпехт да бар болчу. Акция krasnoyarsk.nebo аттуу долбоорун баштоого түрткү берген.

Долбоор боюнча шаардын ар кайсы жеринде орнотулган аба сапатын өлчөгөн электрондук билдиргичтерден түшкөн маалымат смартфондогу атайын тиркемеге онлайн жүктөлүп турат. «Эң маанилүүсү, алар дем алып жаткан аба ден-соолугуна зыян экенин тургундарга убагында эскертип турат», - дейт Шпехт. Дизайнер жергиликтүү Минэкологиянын мониторинг системасы абанын кирдеши тууралуу тез жана жетиштүү кабар бере албайт деп нааразы.

Krasnoyarsk.nebo долбоору май айынан баштап ишке кирген. Ноябрь айында берилген маалыматтар расмийден айырмаланганы үчүн анын негиздөөчүсү жаратылышты коргоо прокуратурасына чакырылган. 8-декабрда сотко чакыруу келип, электрондук билдиргичтерден түшкөн маалыматты таратууга лицензиясы жок деген кине коюлган. Коомчулук нааразы болуп баштаганда сот материалдарды кайра караштырууга жиберген. «Биз бириксек туура маалымат алуу укугубузду коргоп, прокуратуранын жана башкалардын опузасынан кутулабыз», - дейт бул тууралуу Шпехт.

Митингчилердин талаптары

18-марттагы нааразылык көз карандысыз мониторинг жүргүзүү укугунан сырткары, жергиликтүү жана федералдык бийликке он талап коюуга мүмкүндүк берген. Талаптын көбү шаардын эки «булгагычы» Олег Дерипасканын «Русал» алюминий заводу (КрАЗ) менен Андрей Мельниченконун Сибирдик компаниясынын үч ТЭЦине коюлган. Бул эки миллиардчыга тиешелүү ишканалар Красноярсктын зыяндуу газынын 103,6 тоннасын (52%) чыгарат.

Калк эң оболу көмүр менен иштеген ТЭЦтин баарын 2022-жылга чейин газга өткөрүү талабын койгон. Газдаштыруу Краснояркстын бүтпөгөн арманы. 2007-жылы эле шаардык өкмөт «Газпром» менен тиешелүү келишимге кол койгон, бирок иш жылган эмес. Декабрдын орто ченинде газ концерни аймактык өкмөттүн бекитүүсүнө газдаштыруу мерчемин сунган. Ал боюнча Кемеров менен Томск облустарындагы газ кендери менен шаарды газдаштыруунун үч варианты каралган.

Бирок красноярсктыктар үчүн сүйүнүүгө али эрте. Анткени «Газпром межрегионгаз» ишканасы «Газ колдонуу объектилери газ түтүктөрүнөн алыс болгондуктан, мамлекеттик көмөк болмоюн инвесторго пайдасыз» деп үч вариантты тең четке каккан. Красноярск крайынын өнөр-жай министрлиги болсо буга ак да, көк да дебеди.

Жарандык активисттер мындан сырткары ТЭЦ жана КрАЗдын тегерегиндеги абанын сапатын текшерип, баарына ачык олайн-көзөмөлдү орнотууга басым кылышууда. Экологиялык талаптарды бузгандыгы үчүн айып-пулдун көлөмүн компаниялардын жалпы каражатына жана табиятка тийгизген зыянына жараша көтөрүүнү сунушташкан. Учурда зыяндуу түтүндү арттырганы үчүн ишкана 100 миң рубльга чейин гана айып төлөп кутулат. Кийинки талап боюнча «Русал» заводу 2022-жылга чейин абаны кирдетүүнү эки эсе кыскартышы керек.

Экокыймылдын күчү

Марттагы митингден кийин шаар тургундары «кара асман» маселесин күзгө чейин унутуп калышкан дейт уюштуруу комитетинин мүчөсү Андрей Эрлих. Ал арада аны жана башка активисттерди экология көйгөйлөрүн талкуулоо үчүн өкмөткө чакырып турушкан. Айтылган жерлерге барып жүрүп «баары тек гана сөз жана чала-чарпыт чаралар» менен жыйынтыкталаары сезиле баштады дейт Эрлих. Мисалы аймактык бийлик менен ири өндүрүүчүлөр шаан-шөкөт менен коштолгон Экологиялык хартияга кол коюшкан. Анын аркасы менен эки министрликтин аты өзгөргөн.

Бийликтин акыркы айлардагы экологиялык аракеттерин Игорь Шпехт «тешик бүтөп артистенүү» деп атайт. Кышка жуук ууланган аба менен бирге ЖМА күндөрү кайтып келди, «элдер кайра митинг каалап кирди» дейт Константин Эрлих. «Күн сайын бирдеме кылыш керек го деген жүздөн ашык каттар келип баштады».

Ошентип 9-декабрда красноярсктыктар мурун кабыл алынган талаптарды колдоп кайра «Таза асман үчүн» митингине чыгышты. Андрей Эрлихтин ою боюнча таза аба талабы шаарда эмдиги жылы күч алат. «Жазында күн жылып калганда биз шаардын ортосунда митинг өткөрүү талабын коёбуз», - дейт ал.

Экология жылы аяктаганда иш башталды

2010-жылы Красноярсктын тургандары бийлигине экологиялык басым жасаган. Анда өкмөт шаардан анча узак эмес жерге темир ээритүүчү завод курууга кол койгон. Бирок бул долбоор 2013-жылы чоң митингдер жана ачык каттардан улам жабылган.

Азыр болсо красноярсктыктардын талабына шаар бийлиги кош көңүл карап турат. Мисалы 21-декабрдагы пресс-конференциясында Красноярск крайынын губернаторунун милдетин аткаруучу Александр Усс газ регионго 2023-жылы келет деген. Бул жылы Усс губернатордук жарышка түшөт, ошондуктан анын сөздөрү кийин аткарылбай калчу шайлоо алдындагы убадага окшоп турат.

Бирок шаарлыктар «резолюциясынын талаптары кандай аткарылып жатканын көзөмөлдөйт» дейт Андрей Эрлих. «Бул маселени шаарлыктар аба тазарганда гана унутат. Экология жылы аяктаганы менен иш уланууда», - дейт «Таза асман үчүн» митингин уюштуруу комитетинин мүчөсү.

Азырынча акыркы декабрь айы krasnoyarsk.nebo көзөмөлдөп турган убактан берки эң начар ай болду. «Бул айда бизди беш күн калың кара түтүн каптап турду», - деп жазылган долбоордун Instagram баракчасында.

Орусия, Deutsche Welle