Борбор Азия

Мунай дөөсү, кытайлык Apple жана Uberдин атаандашы. 2018де эң көп күтүлгөн IPOлор

8 января 2018 г. 15:42 1122

Быйыл кайсы компаниялар биржага чыга алат жана алар инвесторлорду эмнеси менен кызыктырат

Былтыркы жыл биржа аянттарында жогору атырылган көтөрүлүүлөр менен эсте калды. Мисалы Американын фонддук индекстери, мунайдын баасы жана биткоин жигердүү жогорулады. Инвесторлордун коркунучу болгон VIX тарыхтагы эң төмөнкү чегине жетти. А S&P 500 индикатору биринин артынан бири тарыхый рекорддорун уруп чыкты.

Жыл аягында АКШ салык боюнча реформа өткөрүп, корпоративдик салыкты 35%дан 21%га түшүрдү. Бүгүнкү күнү бул президент Трамптын эч чоң жеңиши, Американын экономикасын өстүрүүдөгү көзүр тузу болуп турат.

Мындан сырткары, жер май өндүргөн мамлекеттер казылган байлыктарды чектөө боюнча ОПЕК+ форматындагы келишимдерин узартуу боюнча макулдашты. Бул келишимдин негизги максаты кара алтындын баррелинин баасын 60$дан ашырбоо.

Биржадагы дөөлөр

Мына ушул жүрүш менен сауд ханзаадасы Мохаммед бин Салман мунай базарынын абалын колдонуп, мунай кору жана өндүрүү боюнча дүйнөдө биринчи орунда турган Aramco компаниясын IPOго чыгаргысы келет. Эгер бул дөө компания 5% акциясын эле биржага жайгаштырса, анда ал тарыхтагы эң чоң IPO болот жана $100 млрдга чейин инвестиция тарта алат. Бүгүнкү күнгө чейинки рекорд 2014-жылы IPOго $25 миллиарддык акция жайгаштырган кытайлык интернет-ритейлер Alibabaга таандык.

Айтуулар боюнча, $2 трлнго бааланган Aramco компаниясы 2018-жылдын аягында эң кымбат Apple компаниясынын макамын тартып алат. Бир гана белгисиз болуп турган жери, азыр ал кайсы биржалык аймакка акциясын жайгаштыраары тактала элек. Саудиялыктар Нью-Йорктун, Лондондун жана башка дүйнөлүк каржы борборлорун караштырууда.

Президент Трамп Сауд Арабиянын падышасы менен көзмө-көз сүйлөшкөндө Нью-Йорктун фонддук биржасына (NYSE) жайгаштырууну сунуштаган. Анткени менен IPOну башка өлкөнүн аянтында жүргүзүү өтө чоң айкындыкты талап кылат жана бул дүйнөдөгү акыркы абсолюттук монархиянын өкүлү үчүн өтө оор талап.

Себеби, чү дегенде эле көз карандысыз аудит өткөрүлүп, падышанын үй-бүлөсүнө таандык киреше ачыкка чыгышы керек. Кыскасы, ири жер май экономикасын башкарган бийликтин убактысы өтө аз. Себеби, бул өз ордун баса турган энергия булактарына өтө баштаган кездеги мунайдын эң акыркы кымбаттоосу болушу мүмкүн. Эгер Сауд Арабия колундагы мөрттү койо бербей колдонуп калса, анда ал өтө кеңири кулач жайган экономикалык реформа жасап алышы мүмкүн.

Кытай экспансиясы

2018-жылы чоң бурулуш жасай турган дагы бир компания – бул Кытайдын смартфон өндүрүүчүсү Xiaomi. Капитализациясы $50дөн $100 млрдга чейин бааланган бул компания Кытай жергесинде эмитен эле Appleды төртүнчү орунга калтырды. Бул ит жээр, бит жээрлердин оюнчусу өзүнүн колоссалдык өсүүсүн колдонушу күтүлүүдө. Себеби, сатуудагы бир жылдык өсүштүн 56,6 пайызды түзүүсү жалпы базарга чыгуу үчүн эң сонун аргумент. Жаңы IPhone Xтин көкөлөгөн баасы жеткиликтүү наркта турган Xiaomi смартфондорунун күч алышына салым кошууда. Айрыкча, Индия сындуу ыкчам өнүгүп келаткан өлкөлөрдө Xiaomi укмуштай тездик менен элге таралып жатат. Натыйжада, бир жылда эле компаниянын дүйнөлүк базардагы үлүшү эки эсе көтөрүлүп, 7,5%дык өсүш рекордун багындырды.

Xiaomi бир гана смартфон өндүрүү жана сатуу менен эле чектелбей, интернет аркылуу сатыла турган буюм тайымдарды, мисалы, «зирек» аба тазалагычтарды, чайнектерди, күрүчбаскычтарды жана дагы ушул сыяктуу үй тирилигине керектелчү нерселерди күрүлдөтө чыгара башташы мүмкүн.

Биржадагы жарыш

Мобилдик жана интернет тиркеме аркылуу жүргүнчү ташыган Lyft компаниясы да 2018-жылы башкалардан озуп базарга чыга турган өтө жигердүү оюнчулардан. Анан калса анын негизги атаандашы Uber да ич ара чыр-чатагынын кермек даамын жутуп отурган кез. Lyft мындай сонун учурду колдон чыгарбаш үчүн биржага биринчи болуп жайгашып алышы күтүлүүдө.

Мындан сырткары, Uberдин жаңы башчысы Дара Хосровшахи компания IPOго жакынкы 18-36 айда гана чыгууну мерчемдеп жатканын августта айткан. Демек, ridesharing индустриясына инвестиция тартуу боюнча күрөшкө 2018-жылы Uber катышпайт.

Анан калса, акыркы айлампада Alphabet Inстин кошумча структурасы болгон Capital G инвестициялык фондунан $1,5 млрд алуусу Lyftтин $11 млрдга баалануусуна шарт түздү. Азырынча көптөгөн инвесторлор ridesharingге кирешесиздигинен улам шектүү карап турганы менен, компаниянын өзү чыгашаны азайта турган айдоочусуз унааларды ишке киргизүүнү ойлонуштурууда.

Кайсы бир маалыматтар боюнча, Lyft IPOго даярданыш үчүн бир канча консультант да алып койгон. Демек, sharing-economyнин биринчи өкүлүнүн 2018-жылы биржага чыгуу божомолу кыйла жогору жана ал ушул индустрианын потенциалын даана көргөзүп бермей болду.

Жыйынтык катары белгилей кетсек, жогоруда айтылган компаниялардын биржада жайгашуусу 2017-жылкы IPOдогу эң чоң компания Snapга салыштырмалуу инвесторлор үчүн аябай кирешелүү болчудай. Демек, алгачкы акцияларды жайгаштыруу жаатынан караганда, үстүбүздөгү жыл акыркы 10 жылдыктагы эң позитивдүү мезгил болушу мүмкүн.

Вадим Меркулов, Forbes Contributor