Кытай/Индия

Н. Кадырбековдун "Ээсине кайткан роза" китеби тууралуу

7 января 2018 г. 15:18 1142

Мен бул китепти аябай башкача күткөмүн. Китепте күнүмдүк турмуштан алынган аңгемелер, жаңы очерктер, кыргыздын асыл ой, сөз берметтери жайнайт. Анан да мен түшүнбөгөн сөздөр да кездешет. Мисалы, өтүл, абат ж.б. кыргыздын нукура фразеологизм сөздөрү жана ата-бабалардан калган накыл сөздөр. Жашоонун ар кандай чөйрөсүндөгү кырдаалдарда кандай мамиле жасоо керек, же болбосо тоскоолдук, кыйынчылык, же барчылык, беймаралчылыкта кантип адам болуп калуу керек дегенге үлгү мисалдар...

«Ээсине кайткан роза» деп аталып калышынын себеби, анда ушундай аталыштагы, үй-бүлөлүк маселеге арналган аңгеме бар. Анда үй-бүлөөлүү жигит бала кезинде сүйгөн кызына гүл алып баратып, кандайдыр бир себептер менен ал гүлү ошол кызга эмес, өзүнүн өмүрлүк түгөйүнүн колуна тиет.

Андан сырткары, мекенди сүйүү, ынтымак, ырыскы маселелери козголгон аңгемелер камтылган. Мисалы, «Жалбырак» деген чыгармада мекен тууралуу, Ош шаары, Сулайман-Тоо, Ак-Буура дарыясы тууралуу жазылган. Башкы каарман алыста окуп жүрүп апасы менен телефон аркылуу байланышканда Ак-Буурага жакыныраак баруусун өтүнүп, суунун шоокумун уккусу келет.

Дагы бир аңгемеси болсо, «Бир суроо» деп аталат. Мындагы негизги ой кайсы бир аалымдын «Кандай жашасаң ошондой өлөсүң» деген сөзүнөн улам жазылган.

Айтмакчы, китептин кириш сөзүн жазган Назаркул Ишекеев агай мага окуу жайда сабак берип калганына аябай кубанам. Өзгөчө жөнөкөй, үлгүлүү инсан.

Китептеги учкул ойлор

Кишиге "Муну кылба!", же «Тигини кыл!" деген буйрук жакпайт. Адам напсиси ошондой, өктөм мамилени кабыл албайт. Тий десең тийбеген, тийбе десең тийген эрин сыяктуубуз биз. Бирөөсү - ыйманга чак, бирөөсү - напсиге бап.

«Өзүн алдоо - ааламдын баарын алдоого жол ачат. Адам өз айыбынын, керек болсо кылмышынын жеңилбес адвокаты.

Бир кишини куткарган - бардык адамзатты куткаргандай сооп. Абийирсиз кыз абийирдүү кыздын бетин тырмайт. Убакыт - мүмкүнчүлүк. Жагымдуу иш менен пайдалуу ишти айкалыштыр.

Апаларга: "Бассаң калган издериң ыйык мага".

Ыйман - бул бактылуулуктун кепилдиги.

Адам көңүлүн оорутуу - ааламды кыйраткандай.

Инсанда атом бомбасынан да кубаттуураак күч бар. Ал - мээрим.

Самындап бети-колду жуусаң болот. Жүрөктү жууй албайсың самын менен. Ким чындыкты айтса - жеңиш ошонуку! Жүрөк - дененин падышасы, рухтун мекени. Жүрөк ааламды ичине батыра алган чексиздик.

Бойдок Эриканын жообу: "Кудай өзүбүз жактан эле Бай Эр эмес, Адам Эр буйрусун)))".

Капилеттен сөз тапкан, өзгөчө жаңычылдыгы менен бизди таң калтырып, бизге ушул сыяктуу пайдалуу башка китептерин да арнаган автор Н. Кадырбеков агайга ыраазычылык!!

Айнагүл Кудайбердиева